Балдардын адабиятка муктаждыгы

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият, маалымат жана диний саясат боюнча комитети 18-августта “Кыргызстанда балдар адабиятын колдоо” деген темада “тегерек стол” өткөрдү. “Тегерек столго” Жогорку Кеңеш депутаттары, КР Өкмөт Аппаратынын жооптуу кызматкерлери, Жазуучулар союзунун, коомдук уюмдардын жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү катышты.

Жогорку Кеңеште көп маселелер көтөрүлдү
ЖК комитетинин төрайымы жана “тегерек столдун” алып баруучусу Жылдыз Жолдошева бүгүнкү жолугушуунун мааниси өлкө экономикалык, руханий оор абалда турган кезде, маданияттын деңгээли төмөн түшүп кеткен чакта, балдар китептери мамлекеттин эсебинен чыкпай калган учурда бул маселеге чет элдик уюмдардын, элчилердин көңүлүн буруу керек экендигин айтты.

Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы Чолпонбек Абыкеев 20 жыл бою материалдык байлыкты биринчи орунга коюп, руханий байлыкты артка сүрүп таштадык, бул маселе 20 жыл кеч коюлуп жатат деп, 6 жыл мурда балдар үчүн “Бөбөк” деген басма ачуу маселеси көтөрүлгөндүгүнө карабай, бул маселе чечилбей жаткандыгына токтолду.

Балдар жазуучусу Сулайман Рысбаевдин пикиринде СССР кезинде “Мектеп” басмасынан жыл сайын 70тен китеп массалык нуска менен чыгып турган, ал эми кийинки 20 жылда баары биригип, ошончо китеп чыккан жок, алар да авторлордун эсебинин, нускасы өтө аз. Өкмөт алмашкан сайын алардын айтканы, чыгарган чечимдери калып келе жатат, мисалы, Балдар адабияты боюнча Кыргыз Өкмөтүнүн сыйлыгы ошондой болду.

Балдар китептеринин аянычтуу абалы тууралуу, алардын басылышын колго алуу маселеси боюнча депутаттар К.Осмоналиев, Р.Акназарова, Билим жана илим министринин орун басары Г.Сооронкулов, Улуттук китепкананын директору Ж.Бакашова ж.б. күйөрмандар чыгып сүйлөштү.

Бул тармакта китеп чыгаргандарга жеңилдиктерди берүү, атайын мамлекеттик программа кабыл алуу, балдар китептерин баскан басмаларды салыктан куткаруу, быйыл күздө, болжолу ноябрь айында, балдар китептеринин фестивалын өткөрүү, дүйнөлүк балдар жазуучуларынын классикалык чыгармаларын таржымалдоо маселесин колдоо тууралуу кеп жүрдү.

Балдар адабияты деген эмне?
Адамзат жаралгандан тартып эле адабият пайда болсо, ошол адабияттын балдарга арналгандары сөзсүз эл турмушунун энчисине өткөн. Улуулар балдарды санакка үйрөткөн, уктаткан, ойготкон, алаксыткан, эркелеткен, ойноткон, жумшаган ж.б. аракеттерди жасаган, ошолордун баарында чыгармачылык, анын ичинде сөзгө негизделген чыгармачылык катышкан, демек, сөз өнөрү балдарды үйрөтүүгө, таанытууга жана тарбия берүүгө кызмат кылган.

Байыртадан эле кыргыздар балдарына жаңылмачтарды, оюн ырларын, табышмактарды, бешик ырларын, жомокторду, санаттарды, макалдарды айтып келишкен. Манасчылардын, дастанчылардын, төкмөлөрдүн жанында шынаарлашып, алардын чыгармаларын угуп, эң биринчи балдар турушкан, эл балдарды бөлүп коюп, же аларды катыштырбай оозеки сөз өнөрүн бөлөкчө айткан же уккан эмес, тескерисинче, ырчылар келген жерлерге сөзсүз балдарды ээрчите келишип, аларды элдин алдына отургузуп коюшкан. Мындайда кээде жомокчулар, төкмөлөр балдар жакшы түшүнсүн үчүн атайын аларга ылайыктап, көркөм аңдоосунда мурда айтып жүргөн тексттерин аудиторияга масташтырып, адаптациялап айтып берүүгө аракет кылышкан. Оозеки адабияттагы көп жанрлар, мисалы, жомоктор, баатырдык дастандар, санат-насыят ырлары, табышмактар, макал-ылакаптар балдарга да, чоңдорго да бирдей айтыла берген, ар бир угуучу өз даярдыгына, көкүрөк-көөдөнүнүн тазалыгына, жакшы-жаманды ылгай билишине, сөз өнөрүн түшүнө алышына ылайык ар кандай деңгээлде кабылдай берген.

Жазма адабияттын пайда болушу, китеп басуу өнөрү көркөм тексттерди атайын ылгоонун, окурмандардын курагына ылайыкташтыруунун мүмкүнчүлүгүн дагы да жогорулатты. Андыктан да “балдар адабияты” деп бөлүп алынган адабияттын бир тармагы пайда болду. Ырасында балдар адабиятынын жалпы адабияттан бөлүнүп калчу чеги жок, а түгүл көп көркөм чыгармалар балдар үчүн да, чоңдор үчүн да жарай берет.

Жалпы адабиятта кандай тектер, түрлөр, жанрлар болсо, кандай тематикалык проблемалар көтөрүлсө, балдар адабиятына дале ошондойлор мүнөздүү. Шарттуу түрдө айтылган “чоңдор адабияты” балдардын курак өзгөчөлүктөрүнө ылайыкталбайт, аларда балдардын түшүнүгү, көз карашы, дүйнө таанымы, тил билүү мүмкүнчүлүгү эске алынбайт, ал эми адабияттын балдарга арналган бөлүгүндө дал ошол нерселерге өзгөчө көңүл бурулуу менен жазылат. Мисалы, Т.Касымбеков “Сынган кылыч” романын балдарга ылайыктап жазган эмес, себеби аны, айталык, бөбөктөр түшүнө албайт, окуп чыгуу да мүмкүн эмес, андагы тарыхый баталияларды, бири-бири менен татаал байланышта жана ажырымда турган образдарды, чиеленишкен сюжеттик жана композициялык курамды аңдап көрүүгө, диалектилик жана тарыхый сөздөрдү, архаизмдерди кабыл алууга жаш балдардын акыл-сезими өсүп жеткен эмес.

Балдар адабиятын жаратуу деген жалаң балдарды каарман кылып чыгарма жазуу деген эмес
Андай чыгармаларда чоң адамдар башкы каармандар болуп, окуялар чоң адамдардын айлана-тегерегинде жүрүшү да мүмкүн, мисалы, Англия жазуучулары Даниэль Дефонун (1669-1731) “Робинзон Крузо” жана Жонатан Свифтин (1667-1745) “Гулливердин саякаттары” деген китептери балдар турмушун чагылдырбайт жана атайын балдарга ылайыкталып иштелген деген да туура эмес, ошентсе да бул чыгармалар үч кылымдан бери балдардын сүйүп окуган китептеринен болуп келе жатат. Анын себеби – окуяларынын кызыктуулугу, сюжеттик сызыктын жөнөкөйлүгү, каармандардын иш-аракеттеринин ачык-дааналыгы, кыскасы, балдардын түшүнүүсүнө ылайыктуулугу.

Орус элинде тарыхта аты калган эң алгачкы кол жазма китебин уюштурган Дмитрий Герасимов 1491-жылы эле балдар колжазма китептерин эне сүтү менен салыштырган, байыркы Руста колжазма китептерде адамдардагы сабаттуулукту, китепти Күн менен салыштырган жерлер бар, “Күндүн жарыгы да бүркөө кезде жок болуп кетээри”, ал эми “китептин жарыгын эч нерсе менен жок кылууга мүмкүн эместиги” айтылат. Ошол эле элдин биринчи китепти басып чыгарган кишиси Иван Федоров сабаттуулукту “дилдин балы” деп, айтканын иш менен бекемдөө үчүн балдарга арналган китеп басып чыгарууну колго алгандыгы белгилүү.

Европада 17-18-кылымдарда агартуу иштерине аябай маани берилип, ошол багытта көркөм адабият да кызмат кылары алдыңкы интеллигенция тарабынан аңдап түшүнүлүп, жазуучулар атайын балдар үчүн деп чыгармаларды жаза башташкан, билим берүү тармактары пайда болуп, аларда иштегендер балдар үчүн керектүү, тарбиялык мааниси жогору турган чыгармаларда жазып берүүгө акын-жазуучуларга буйуртмаларды бере баштаган. Францияда Шарль Перро (1628-1703) балдарга деп эл ичинде айтылып жүргөн жомокторду кайра иштеп чыккан, иштеп чыккандыгы – балдардын кабыл алуусуна масташтырган. Анын “Кызыл Шапкечен”, “Өтүкчөн мышык” деген жомокторун азырга чейин балдар жата калып окуп келет. Мындай жомокторду иштеп чыгуу жана жаңы жомок жазуу чыгармачылык процесстери кийин Германияда ага-ини (бир туугандар) Якоб (1785-1863) жана Вильгельм (1786-1895) Гримм жана даниялык улуу жомокчу Ганс Христиан Андерсен (1805-1875) тарабынан жогорку деңгээлде көрүнгөн. Гриммдердин “Түлкү менен каздары”, Андерсендин “Кар ханышасы”, “Дюймовочканы” адамзат маданиятындагы эмне деген бай мурастар экендиги азыр айтпаса да баарына белгилүү. Бул адамдар эмне үчүн элдик жомокторго кайрылды? Себеби элдик жомоктордо элдин идеалы, жамандык-жакшылык тууралуу түшүнүктөрү, кызыктуу сюжеттер жана эң аягында балдарды кубандырган бактылуу бүтүм бар эле.

Тарыхтан карап көрсөк, кайсыл уруу, улут, эл өздөрүн маданияттуубуз десе, дүйнөгө таанылгысы келсе, балдар үчүн чыгармаларды жазып, балдар үчүн китептерди чыгарган. Орус маданиятынын “алтын доору” эсептелген 19-кылымда акыл-ойдун багытын дүйнөлүк прогресстин алдыңкы багытына баштап кете алган жана ошого аракеттенген эстетик-адабиятчылар, революционер демократтар В.Г.Белинский (1811-1848), Н.Г.Чернышевский (1828-1889), Н.А.Добролюбов (1836-1861) балдар адабиятынын өнүгүшүнө өзгөчө кызмат кылышты, балдар чыгармалары кандай болушу керектигин, балдар эмнеге кызыгарын талдашты, көп чыгармаларга анализ берди, практикалык жардамдарын көрсөттү, акын Н.А.Некрасов (1828-1877) баш болгон бир катар таланттар жогорудагы теоретиктердин ойлорун чыгармалары аркылуу бекемдеди.

В.Г.Белинский балдар китептери тарбия үчүн жазыларын, тарбия болсо улуу иш экендигин, ал инсандын тагдырын аныктарын белгилеген, демек балдар адабиятынын башкы жана биринчи максаты – балдарды тарбиялоо. Ал эми тарбиянын түрү көп, алардын ичинен сөз өнөрү катары көркөм адабияттын функциясы – ыймандык (этикалык) тарбияга жана эстетикалык тарбияга өзгөчө басым жасоо. Ошон үчүн балдар жазуучуларын педагог болушу керек дешет. Ушул эле орус сынчысы балдар китептеринин спецификалуу тематикасы болбостугун айтып, алар менен ар кандай олуттуу жана маанилүү темаларды сүйлөшүүгө мүмкүндүгүн, жөн гана ошол сүйлөшүүнүн балдар дүйнөсүнө жакын жана жеткиликтүү формасын издеп табуу зарылдыгын белгилейт.

Педагог К.Д.Ушинский балдар китептеринин тили боюнча теориялык баалуу ой пикирлерин айтып, балдарды эне тилинде окутууга өзгөчө маани берген, “Детский мир” (1860) жана “Родное слово” (1984) деген китептерине көптөгөн элдик жана менчик жомокторду, ырларды, макал-ылакап, табышмактарды киргизген, “…элдик тил жоголгон кезде андан ары эл да жок болот” деп таамай айткан.

1913-жылы Орусиянын Петербург жана Москва эки шаарында гана 20 наамдагы балдар журналы чыгып турган, анан ошонун төртөө жума сайын басылган. Ушул журналдарды окуп, билим, тарбия алган балдар 20-кылымдын башындагы орус революциясын жасап, орус ою менен кылымды жана жалпы планетаны титиреткен зыялылар чыкты.

Орус жана совет адабиятында мектептерде балдар менен иштеп, балалыкты жазган жазуучулар өтө жогору бааланчу, мисалы, мугалимдер Л.Кассиль, М.Прилежаева, Л.Пантелеев, В.Крапивин. Ошол эле кезде педагогиканын, мектептин маселелерин көтөрүп жүргөн жазуучулар А.Алексин, С.Вангели, Г.Виеру, В.Витка, И.Зиедонис, А.Лиханов, В.Санги, С.Соловейчик жана булардын ичинен Ч.Айтматовдун мугалимдер тууралуу сөздөрүн, публицистикаларын кошууга болот.

Бизде, кыргыздарда, болсо мындай агартуучу жазуучулар аз болду, мисалы, 30-жылдарда К.Тыныстанов, К.Жантөшев, М.Абдыкеримов, У.Абдукаимов, 60-80-жылдарда Ж.Мавлянов, Ш.Садыбакасов, К.Жусупов, С.Байгазиев. Педагогика жана психологиясыз балдар жазуучусу да, балдар адабияты да жок. Өз балалыгын эстеп алып ыр жазуу – балдар адабиятын жаратуу эмес. Балдар үчүн жазылган чыгармалар балдарды окууга, окуганын түшүнүүгө, түшүнгөнүн эстөөгө, эстегенин кайра айтып берүүгө үйрөтөт, көнүктүрөт.

Абдыкерим Муратов, “Zaman-Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 26.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.