“Агымдын” маданий жаңылыктары

Саалаевден “Аламан”
Жаштайынан курбуларынан тың чыгып, журналист, акын, юрист катары элге таанылган Жедигер Саалаевдин жакында кош канаттай эки китеби жарык көрдү. Буга чейин “Жөрөлгө”, “Башат”, “Аргасыздык ырлары” ыр жыйнактарынын автору бу жолу “Аламан” жана “Аттануу” аталган ырлар, поэмалар жыйнактарын элге тартуулап турат. Андай-мындай дебейли, эр ортону элүүгө келип отчет берип турган автордун чыгармаларын окурман журту өзү окуп, баалап алар.

Боогачы менен Ниязаалы “тирилди”
Эки залкар, Боогачы Жакыпбек уулунун 145 жылдыгына жана Ниязалы Борош уулунун 155 жылдыгына арналган республикалык “Тогуз кайрык” телефестивалы 21-22-августта Чолпон-Атада “Рух ордодо” өттү. Республиканын бардык аймагынан тандалып алынган 62 комузчу менен аккордеончулар ат салышып, жыйынтыгында комуз боюнча гран-прини Закирбек Дүйшөнкул уулу алып, 25 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Биринчи орунга Намазбек Шеркулов менен Назбек Кеңшинбаев илинди. Аккордеон боюнча гран-прини Арзыбек Деркенбаев алса, биринчи орун Үсөн Ашымов менен Асыл Серкебаевге ыйгарылды. Кол өнөрчүлүк боюнча 26 ууз катышып, гран-при Замира Абдыбековага, ал эми биринчи орун Жамбы Карабаева менен Бурул Төлөгөновага ыйгарылды.

Асыкбектин арааны
Белгилүү тарых изилдөөчү, жазуучу, Чыңгызхан жана аксак Темир жөнүндөгү китептердин автору Асыкбек Оморов жакында дагы бир “Алтай – Ала-Тоо: Айкөл Манастын түбөлүк жолу” аттуу жаңы китебин жазып бүттү. Китепте былтыркы Алтай – Ала-Тоо жүрүшү баяндалып, жүздөгөн сүрөттөр менен толук чагылдырылган. Андан сырткары качкын эки президенттин Кыргызстанга жасаган иштери боюнча автордун көз карашы да китепте орун алган. Айтмакчы, жаңы китептин бет ачаары эртең тарых музейинде саат он экиде өтөт. Кызыккандар келип катышса болот.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 26.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.