Көкөтай керээзи

Кыргыз элимдин санжыргалуу тарыхынын ардактуу төрүнөн орун алып, жасап кеткен иштери, өтөп кеткен өтөлгөлөрү урпактарга үлгү болуп кала берүүчү Ата башатыбызда ысымдары кылымдарга өчпөгөн нечендеген: акылдын көзү – көсөмдөр, сөздүн кунун баккан алтын жаак, жез таңдай -чечендер, сынчылар, көп заманды алдын ала билги – туйгу-олуялар, октон, оттон жалтанбаган эрлер – шерлер – баатырлар, эрендер, аярлар, жайчылар, Кайып дүйнөдөн кабар алган – манасчылар, төкмө акындар, көйкашка күлүк таптаган саяпкерлер, кыраан куштун тилин билген мүнүшкөрлөр, чебер усталар, күүчүлөр, элдик табыптар – касиеттүү аталар өткөн. Ошолордун ичинен бүгүн “МАНАС” эпосунун 80ден ашык варианттарында аты сакталган ДӨӨЛӨТБЕРГЕН уулу КӨКӨТӨЙ жөнүнөн баян этели. Ал Жайсаң Үмөт уулунун “АЙКӨЛ МАНАС” (Бүбү Мариям Муса кызынын ортомчулугу менен жазылган) дастанында болжол менен 619-жылы Алайда туулгандыгы айтылат. Баалы аттуу аялы менен өмүр бою жашап, балалуу болушпаган. Көкөтөй байлыктын артынан куубаган. Ал кара кылды как жарган калыс, ченде жок боорукер, өзгөчө акылдуу адам болгон. Кыргыздын бир бүтүн Эл болуп, түбөлүк жашап калышы үчүн бүт акыл-күчүн жумшаган. Ошондон улам эл аны – ЖУРТ АТАСЫ деп аташкан. Көп хандуулукту жоюп, жалгыз МАНАСты Хан көтөрүү демилгесин ишке ашырган. Жүздөн аша жашап, болжолу 722-жылы дүйнөдөн кайткан. Сөөгү Алай өрөөнүндөгү кийин Куукалла деп аталган жерге коюлган. (Кызыккандар бул материалды “АЙКӨЛ МАНАС” дастанынын 7-томунан тапса болот. Жакында “Айкөл Манас” 10 томдугу кайрадан басылып чыкты. Каалоочулар 0777 16 50 29 номери менен байланышсаңыздар болот.)

… АЙКӨЛ алган жары Каныш менен 28 жыл бирге жашап, перзент көрбөй, кечең тартып баратканынан апасы Чыйырды үчөөнү санаа басат. “Кыз баланын пири – төркүнү дешчү эле, ата-энеңдин кыйыгына тийген болсок, атайын арзып барып, алардан бата алып, ыйыктарына тайыналы” – деген АЙКӨЛдүн сөзүн туура көрүп, кулпуруп жердин бети көккө оронгон көктөмдө Кыйбага (Хива) сапар алышып, АЙКӨЛ ШЕР андан ары Хорезм жерин кыдырып келатып, кайра кайткан жолунда өзүнө окшош ЖООМАРТ ШЕР Оогандын Ханы менен достошот. Акун Хан ак ниеттүү, пейили кең, ал дагы арманы күч перзент деген, мүдөөсү эки шердин төп келишет, бир нече күндү бирге өткөрүшөт. Мазари-Шерифтеги сырдуу үңкүргө, МАНАСты баралы дейт чогуу бирге. Аяндуу-сырдуу жерде түнү менен, АЛЛАдан перзент тилеп аруу дилден, жалбарып тиленишкен эки ханга, Жараткан аян берет таң алдында. Көшүлгөн көз ирмемдик убакытта, экөө тең түш көрүшөт ошол таңда. Акун Хан аземдүү аппак куунун балапанын кармаганын айтат. АЙКӨЛ ШЕР шагылдуу зоо боорунан темир канат шумкардын балапанын кармап алат. Үлбүрөгөн уяң жүнү, учсам деп жем издеген алсыз балапанга АЙКӨЛ аялуу карайт. Капыстан каптап өткөн кандуу селден, качырып балапанды чочуйт экен… Көргөн түштөрүн бири-бирине айтып, туш келип түштөрүбүз перзент көрсөк, Теңирим экөөбүн тең берсе эркек, улашып биздин жолду акыреттик, уулдар дос болушсун бойго жетип. Бири кыз, бири эркек болсо эгер, бел куда болдук досум, колуңду бер! Кандуу сел мени жутуп, перзент калса, кабарын биле жүргүн туруп антка. Кол үзбөй, эрезеге жетсе эгер, кем тутпай, уул болсо кызыңды бер!.. Ааламды кармап турган ТЕҢИРди аккан достор күбө тартышат…

Таласка жол тартаарда Кыйбанын, Хорезмдин хандыктары арабдардын бийлигинде калгандыгы, АЙКӨЛдүн намысына тийгендиктен, кайын атасына ой бөлүшөт: Арабдар үстөмдүгүн көрсөтпөстөн, үгүтүн тынч жүргүзсүн, же болбосо, аларды эл-жерине кууган оң го? Жергиликтүү элди толук, басынтып көрсөткөндөй ыза-кордук, оюна койсо аларды ушул бойдон, оң таппайт эл-жериңиз аз жылдан соң. Эгерде макул десең, асыл ата, элиме Эр Шуутуну чаптырам да, алдырып аскеримди, жериңерден сүрөйүн арабдарды бийлейм деген. Бурсат бер кечиктирбей, ушул оюм, жериңди суук көздөн бошотоюн? Бул сөзгө кайын атасы жактырбаган жоопту берет: “Касташкан жоом дебей арабды мен, кыз берип, кыз алыштык алар менен. Андыктан араздашуу жөнүндө көп, жарыгым, өтүнөмүн, айтпагын кеп!”

Кайын журттан шагы сынып, сапардан келгенине бир жума болгондо “Көкөтөй өлдү!” – деген суук кабар Таласка жетет. Анын алты ай төшөк тартып, ооруганынан кабары жок АЙКӨЛ ишене бербейт. “Атакем аярлуу жан, анда, демек, аттанаар кези келсе, ачык билмек. Кыйкырса үн жеткидей жерден чабаганчы кабар айтып келмек. Ал эгер капилеттен кеткен болсо, атайлап мага кабар айтпай койсо, кааласа мына ошону калың орчун, кайриет, кабыл алам калктын оюн!”…

…КӨКӨТӨЙ атасынын к е р э э з сөзүн Баалы энесинен эшиткенин Каныкей апанын Жайсаң атага айткан жери: …”Аттигиң, арманым жок жалганда деп, АЛЛАга ашык сүйлөп койсом керек. Акыркы сапарыма аттанаарда, АЙКӨЛүм өзү узатып койсо кана! Карачы кыйчалышты, үлгүрөр деп, караанын АЙКӨЛүмдүн күттүм дегдеп. Ал эми болбой калды, арты мунун, арман ай, уюткусу болоор ч у у н у н!.. Кайтты деп Көкөтөйдү бул жалгандан, кабарлап туш тарапка чуу салбастан, алайлык ага-тууган өздөрү эле, акыркы сапарына узатсын де…” Ошондо сырт тарапта турушушкан, орчундун башын кармап, бийлик кылган, билерман жигиттери Көкчө хандай, баарысы чубап кирип, отурду жай. Керээзин Көкөтөйдүн бир мен эмес, көпчүлүк угушту эле, калп сөз дебес. Көкүткөн Бокмурунду Көкчө, Санжы, Көкөмдүн айткандарын танышабы?…

…Кантмекмин, үлгүрбөдү АЙКӨЛ ШЕРим, кара ашым сен тейлегин Көкчө Бегим. Эсиң аз, эрдигиң бар, серт көөдөнсүң, ээленип, эрдемсинип Эл бөлбөгүн… Көбүңөр көрөбүз деп келген тейде, кетпестен кармалдыңар ансыз деле. Балдарым, аныңарга жетине албай, баратам сапарыма көңүлүм жай. Бир гана өкүнүчүм, баарыңардын башыңды бириктирген МАНАС ХАНдын, кагылып караанына миң мертебе, кайыр сөз айтпай барам, арман дүйнө! Ошондуктан өтүнөөрүм баарыңардан, шайтанга жетелетпей, сөзүмдү уксаң! Эгерде ар бириңер эң ириде, Эл-жерди кымбат көрсөң анда эмесе, ойлонуп керт башыңды карабаңар, Орчунду Журт боюнча сактасаңар!… Ар бириң өз урууңдун көрбөй камын, АЙКӨЛгө бийлик берип, чогул баарың! Болбосо, бир чымчымдан ар урууга, бөлүнсөң жем болосуң алдуу урууга… Байлыкты эсептебейм, ТЕҢИР берген, балдарым, калтырамын баарыңа тең. А бирок, жетеленип ач көздүккө, ага-ини араздаша көрбөгүлө!…ЭГЕМдин көзү түшкөн адам гана, эгедер болот мындай ырыскыга. Андай жан жаралат дейт өтө сараң, болбосо, ченебеген айкөл адам. Эскертип айтар сөзүм, ошондуктан, эсиңе ар бириңер түйө турган. Эсепсиз, сансыз байлык болбой талаш, эгедер болуп, бийлик кылсын МАНАС! Убайын көрбөйсүңөр силер гана, үзүрү тиет соңку урпактарга. Арман ай, айтканымды кылбай силер. Алдырып ач көздүккө ар бириңер, керээзим кечпей сууну калат го деп, кейишке батып турам убайым жеп… Билемин, баарыңарды сыймыктанар, бабадан келе жаткан жоомарттык бар. Эр жүрөк, эрктүүлөр көп, так ажалдан эч качан башын тартпай тик караган. А бирок, КУТ токтотоор АЙКӨЛдүккө, агайын, жалгыз гана ХАН МАНАС ээ! Ал эгер аткарбастан аманатым, АЙКӨЛдү четтетүүнүн көрсөң камын, бүгүнкүң не болуптур, урпактардын билип кой, көтөрөсүң бүт у б а л ы н!… Көзүмдү жумар замат – билем баарын, калат ээ унут болуп, бул айтканым? Үмүтсүз жалгыз гана шайтан дешет, үрөнүн айкөлдүктүн сепким келет! Себилген үрөндөрүм Эл ичине, сакталып, бирин-экин өнүм берсе, кечирген баштарынан канча азап, кайран Эл калар эле атын сактап. Учугун УУЗХАНдын уласа деп, Улуу Күч, бир өзүңдөн турам тилеп!… Айдаркан, Көкчө, Санжы кулак салгын, ар бириң айтканымды эсиңе алгын. Ушул азыр узаар замат араңардан, шашылар чабармандар кабар салган. Өлүүнүн жүзүн нары кылбагыла, өтүнөм, тилимди алып ири алдыда, кабарды Журттун ээси АЙКӨЛ ШЕРге, кармабай тез арада жибергиле!… Арман ай, ар кошкон Журт, өтсө көзүм, арада калып калар айткан сөзүм. Белгисин Көк Теңирдин канчалык мен, бел байлап соороноюн деген менен, Эл-жердин эртеңинен тынбай санаам, эч арга таба албастан узап барам. Талдырып карегимди күткөндөрдүн, таптакыр жолун ачып келтирбедиң? Карааның көздөн учту АЙКӨЛ ШЕРим, канчалык күтсөм дагы үлгүрбөдүң. Төштүгү Элемандын-медер туткан, тирегим, дареги жок, жолу буулган. Бел туткан да бир берен-Кошой балбан, бир кыйла болуп калды, келип кайткан. Кармалбай кайра келмек, бирок тагдыр, карачы, коштошууну буюрбаптыр. Ошентип, эш туткандын бирин дагын, оюмду тең бөлүшүп көрө албадым… Аттигин, бүт баарысын билип турам, азыр мен узаар замат жаман тууган, кылыктуу катынга окшош Санжы ханым, кызыкты эң ириде сен баштайсың. – Аяба өз байлыгын өзүнөн деп, абыдан күйүп турган жандай сүйлөп, бул жерди ээлеш үчүн ээн-эркин, болбурак Бокмурунду көкүтөөрсүң. Кара ашты шылтоо кылып, бар байлыктын, кыйласын аябастан чачтыраарсың. Ага да алымсынбай элдин баарын, акыры келер сенин ээлеп алгың… Аруу дил, АЙКӨЛдүгүн ХАН МАНАСтын, Айдаркан, Көкчө, баарың жактырбайсың. Ач көздүк, арамдыгы болбогон соң, АЙКӨЛдү алыстатуу болот да “оң”. Көкөмдүн тирүүсүндө келбеди деп, көпкө айткан шылтооңорду көрүшөөр эп.

Ошентип, Хан ордого барбай, орошон Журт зыянын тартып калар… Кайталап миң какшаган менен бирок, кастарлаар айтканымды эстүү жан жок… АЙКӨЛүм эрегишпей эссиз Журтка, жалгандан эң акыркы дем тартканча, коргосун Ата Журтун кас душмандан, Көкөңдүн к е р э э з и де акыркы айткан!”

КӨКӨТӨЙ АТА көзү ачыктык кылып айтканындай эле болуптур.(С.А.К.) “Касташкан душман эмес – өздөн чыккан жаттар кастарын тигип, Көкөтөйдүн сан жетпеген байлыгын АЙКӨЛ ээ бербестен алат дешип, акылы жетиле элек, бирок сөөк ээси Бокмурунга жан тартып жаткандай туш тараптан, жагымсыз сөздөрдү айтат эссиз тууган: “Көзүнүн тирүүсүндө басып келип, кадырын сурабады салам берип. Көкөмдүн кандай кызмат өтөгөнүн, көөнүнөн чыгарганын кечирбегин. Калдайган Журт туткасы ооруп жатса, кайнында жатып алды жай-жайлата. Анысы аз келгенсип-Таласына, аптадан ашык болду кайтканына. Ошончо күндөн бери кантип эле, оору деп Көкөтөйдү укпасын ээ! Көзүнүн тирүүсүндө келбеген соң, МАНАСка кабар айтпай койгонуң оң… Алайга жакын Анжыян, Кокон, Букараны жердеген Таажы Бектин туугандарын, жеринен заар тилдүү Санжы ханын, талашкан Кең Таласты жердеймин деп, тапаны Айдаркандын Көкчө көк бет, тукуруп АЙКӨЛ ШЕРге жаш баланы, таарынтып, такыр кабар айттырбады… Кыраан деп көкөлөтүп койсок эле, коебу калайыкты албай теңге? Көрүнөө көкүткөнүн Санжы хандын, көпчүлүк коштогонун баамдадым. Көк селде, тилик этек, чаар чапан, кийишкен сарбаздар жолду небак тосуп алган… (Баалы эне баяндап жатат).

Алдырып ачуусуна адегенде, айгайды салмак болгон АЙКӨЛ ШЕРге, акылман БАКАЙ аба кеп салат: “Былык жыт жыттанууда АЙКӨЛ ШЕРим, билмексен болуп гана, макул дегин. Жеңдирип кур намыска эгерде сен, желпинип жетимчени чабам десең, арылгыс арман калар арт жагыңда, акталгыс кеп болорсуң урпагыңа… Болуптур, кабар айтпай койгондо эле, Бокмурун МАНАС болуп калмак беле? Баары бир-үлгүрө албай калдык эми, арбагы Көкө абаңдын билет дечи. Тилимди алсаң, Баатыр, андан көрө, топурак салбаган соң Көкөтөйгө, айыбын Бокмурунуң мойнуна алса, айттыраар, азалаарбыз Чоң Ашында”- дейт.

…Ошентип, жетим бала, жесир кемпирге ээ кылбай жер жайнаган мал, сан жетпеген алтын зерди жаман туугандар бөлүп кетишип, ал аз келгенсип, ичи бузук Санжы хан Алайдын түздүк өрөөндөрүн өзүнүн тилинен чыкпаган жаатына мүчөлүккө бөлүп бериптир. Ошол себептен, аш өткөрөөр жердин ылайыгы жок болуп, Кошой балбан Каркыраны тандаптыр да. Журт ичине ач көздөр салган жик кетип, “КӨКӨТӨЙдүн ашы – көп чырдын башы” дегендей, Чоң Казаттын келип чыгуусуна негиз болуп, АЙКӨЛ МАНАС түзүп койгон учу-кыйырсыз Каганаттын ыдырашына бирден-бир себеп болмогу. Ошондуктан “Ынтымагы бар элдин таалай-багы ачылат, ынтымагы жок элдин тапканы бекер чачылат”- деген накыл сөз ата-бабаларыбыздан калбаптыр. ЫНТЫМАК бүгүнкү жашообузга да аба менен суудай зарылдыгын унутпайлы, кутмандуу Кыргыз Элим!

Сапарбаева Айканыш Керим кызы, “Фабула” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 26.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.