Туңгуч өкмөт башчы Насирдин Исанов

Көзү тирүү болгондо мамлекеттик ишмер, Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исанов 73 жашка чыкмак. Кыргыз элинин эсинде Насирдин Исанов таза, кесипкөй жана салмактуу жетекчилердин катарында эскерилип келет. Насирдин Исанов 1991-жылы 29-ноябрда автокырсыктан каза болгон. Унаа ичиндеги экс-өкмөт башчынын каза таап, ал эми жанындагылардын жаракат да албаганын жазып да, айтып да келишет. Бул табышмактуу өлүм азыр да чуусу басылбай келе жаткан «Кумтөр» алтын кенине байланыштуу деген пикирлер бар.

n_isanov1Насирдин Исанов 1991-жылы январь айында өкмөт башчылыкка шайланып, тогуз айдан кийин, 29-ноябрда 48 жашында көз жумган Насирдин Исанов 1943-жылы 7-ноябрда Ноокат районунун Көк-Бел айылында туулган. Москвадагы инженердик-курулуш институтун, Алматыдагы жогорку партиялык мектепти бүтүргөн.

Эмгек жолун Москва шаарындагы курулуш башкармалыгында жумушчу болуу менен баштаган. Ош шаарынын курулуш-монтаждоо башкармалыгында мастер, прораб, аймактын башчысы, башкы инженери, тресттин башкы технологу, партиянын Ош обкомунун курулуш бөлүмүнүн инструктору, «Нарынгидрострой» курулуш башкармалыгынын парткомунун катчысы, комсомолдун Ош обкомунун биринчи катчысы, КП БКнын курулуш жана шаардык чарба бөлүмүнүн башчысынын орун басары, башчысы, Кыргыз ССР Курулуш министри, Кыргыз ССР Мамлекеттик курулуш комитетинин төрагасынын биринчи орун басары — Кыргыз ССРинин министри, Эл депутаттарынын Ысык-Көл облустук кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын вице-президенти, 1991-жылдын 22-январынан Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп иштеген. Экономика илимдеринин кандидаты. СССР Инженердик академиясынын академиги. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине эл депутаты болуп шайланган. «Ардак Белгиси», Эмгек Кызыл Туу ордендери жана «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы менен сыйланган. Капиталдык курулуш жана башкаруу системин өркүндөтүү боюнча илимий эмгектердин автору.

Мээрим Бактыбек кызы, «Эркин тоо», 30.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.