Султан Раев: “Адам эң оболу өзүн – өзү аңдап билмейин, Кудайдын улуулугун аңдап биле албайт…”

Сүрөт http://literatura.kg сайтынан алынды

Гезитибиздин бүгүнкү мейманы Кыргыз Эл жазуучусу, КМШ мамлекеттик, КРнын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты, жазуучу жана драматург Султан Раев.

– Султан Акимович, бир жолку интервьюңузда: “саясат келет-кетет, ал эми чыгармачылык түбөлүктүү”,- деп айткан элеңиз, бу сапар биз да өз маегибизди саясат менен чыгармачылыктын “орбитасындагы” суроолор менен жүргүзсөк деген ниеттебиз. Түбөлүктүүлүктү кандай түшүнсөк болот?..
– Бир жолу Уолт Уитменден: “Адамзат качан бактылуу жашайт? – дегенде ал: “Жер жүзүнөн акыркы саясатчы жок болгондо”,- деп жооп берген. Албетте, бул жооп өтө эле парадоксалдуу, бирок анын айтылбаган чындыгы бар. Ошол эле учурда, Конфуцийдин: “Бу дүйнөдө баары өзгөрөт, бир гана Улуу Акылмандык менен Улуу Акмакчылык түбөлүктүү”,- деп айтканы бар. Бул адам жашоосундагы эки полярдуу түшүнүк, бири-бири менен түбөлүктүү карама-каршы күрөшүн жүргүзүп келсе да, азырынча бири-бирин жеңе элек. Ушул эки жээги бирикпеген түшүнүктө Адам драмасы ойнолуп келет… Адам драмасы түбөлүктүү, анткени, адамдык жашоо дөөлөтү, анын дүйнө таанымы менен көз карашынан, сүйүүсү менен арманынан, өлүмү менен өмүрүнөн турат… Анткени ошол түбөлүктүүлүктүн башкы каарманы – Адам өзү…

– Шекспир кезегинде “Бүт аалам – театр, а биз адамдар актерлорбуз” деп айтпады беле? Сиз драматург катары ушул сөздүн ­маанисин эмнеден көрөсүз?..
– Шекспир кезегинде бу дүйнөнү ааламдын театры катары, ал эми адамдарды ааламдык театрдын актерлору катары көргөн. Чындыгында бул образдуу айтылган улуу сөз. Бир карганда бизге бул дүйнө театрдай, а биз андагы актердой көрүнөбүз. Ал эми бүгүнкү реалдуулукка алып келсек, ал биздин турмушубуздун пародиясына окшошуп кеткендей таасирди калтырат. Мен театрды сүйөм, бирок турмуштагы театралдуулукту жактырбайм…

Турмуш өзү – маска-шоу эмес да, чындыгын айтканда биздин жашообузда, саясатта, бийликте “театральщина” көбөйүп кеткендей таасир калтырат. Биз адамдык парзыбызды эмес, адамдык ролубузду ойноп жаткандай туюлат мага… Адам өзү бу турмушка өң кубулма адамдын ролун аткарганы келген эмес, ал адамдык жашоодогу Адамдык чыныгы парзын өтөгөнү бу дүйнөгө жаралган.

– Чыңгыз Айтматов өз кезегинде сиздин “Меккеге карай кеткен узак сапар” спектаклиңизди көргөндө: “бул спектаклди бир жолу эмес, бир нече жолу көргөндө түшүнөсүң”,- деп айткан эле… Спектаклдин татаалдыгы эмнеде?
– Спектаклдин татаалдыгы анын чындыгында деп айтаар элем. Пьесадагы жети каарман бу дүйнөдөгү күнөөлөрүбүздү жууйбуз, биз таза бойдон өлгүбүз келет деп алыскы сапарга аттанат. Алардын жол башчысы буларга бир гана нерсени убада кылат, анын убадасы – Ыйык Жерге алып барып күнөөлөрүнөн арылтуу, тазалоо, күнөөсүн жуу… тиги дүйнөгө пакиза бойдон, аруу бойдон баруу… Спектаклдин финалында аларды Ыйык Жерге алып барам деп убада берген жол башчы жарым жолдо өзү өлүп калат. Жол башчысын жоготкон алты каарман жолду да, бараар жерди да билишпейт… Өздөрүн акыркы замандын дарбазасына келип калгандай сезишет. Алар ирмемди токтотуп, өздөрүнүн ким экендигин, кандай адам экендигин билгиси келет… Булар өмүр бою Ыйык Жерге жетсек экен деп тилек кылып келгендер, бирок алардын жолу алыс да, узак да эле, анткени, алар Ыйыктыкты, кудайды өз көкүрөгүнөн, жүрөгүнөн эмес, алыскы Ыйык Жерден издеген… Алар үчүн жүрөктөн жүрөккө, бири-биринин жүрөгүнө бет алып бир кадам таштоо ушунчалык азапка турду… Адам эң оболу өзүн-өзү акылы менен аңдап билмейин, Кудайдын улуулугун аңдап биле албайт, себеби адам көкүрөгүнө, дилине кудай өзүнүн сүйүүсүн, мээримин салган… Биз ошол Кудай ыроологон ыйыктыкты өз жан дүйнөбүздө көрө алдыкпы же сокур көкүрөккө айланып баратабызбы? Пьеса ошол жөнүндө…

– Бул спектаклиңиз эл аралык Чехов театр фестивалынын алкагында Москвадагы Моссовет театрында коюлду. Атактуу “Форбс” журналы сиздин спектаклиңизди “Фестивалдын ачылышы” деп жазып чыкты. Ал эми “Акыркы керээз” пьесаңыз Лондондо Би-Би-Сиде англис тилинде коюлду. Чыгармаларыңыз Россияда, Иранда, Түркияда, Германияда, Казакстанда коюлуп жатат. Кыргызда бир макал бар: “Башка жерде Султан болгондон көрө, өз жериңде ултан бол”,- деген…
– Сурооңузду түшүндүм…Чындыгында эле чыгармаларым чет мамлекеттерде көбүрөөк коюлуп жатат, бизге карганда. Чехов фестивалы – бул театралдык өнөрдүн эң бийик фестивалы, б.а. театр Олимпиадасы деп койсок болот. Бул фестивалга дүйнө театрларынын эң мыктылары, атактуу режиссерлор гана катышат. Улуттук театр өнөрүнүн тарыхында Кыргызстан биринчи жолу Америка, Франция, Испания, Италия, Германия, Канада, Кытай, Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн дүйнөгө атагы таанылган театрларынын катарында катышты. Сиз айткан “Форбс” журналы: “Ушундай атактуулардын катарына кантип кыргыз театры катышып калды?” – деп таң калып да жазып чыкпадыбы. Анткени Борбор Азиядан гана эмес, КМШ өлкөлөрүнөн жалгыз кыргыз театры гана мына ушундай укукка ээ болду. Фестивалга дүйнөлүк театр мэтрлери Деклан Доннеллан, Ромео Кастеллуччи, Филипп Жантинин койгон спектаклдери катышты. Би-Би-Сиде коюлган “Акыркы керээз” пьесам дүйнөлүк жети мыкты драматургдар Джон Бритон, Рори Килэя, Томас Кров, Наталья Повер, Энсон Ли, Питер Моргандын чыгармаларынын катарында, Би-Би-Синин “Жети керемет” рейтингдик антологиясына кирди. Жакында эле англис тилинде чыгып жаткан китебимдин акыркы корректурасын окуп чыктык. Москвадан “Корона” аттуу повесть, аңгеме, драмалардын жыйнагы чыгып жатат. Ал эми “башка жерде султан, өз жеринде ултан” дегенге кошула албайт элем, пьесаларым кудайга шүгүр, улуттук кыргыз, орус драма театрларында, “Учурда”, “Тунгучта” коюлуп жатат. “Дидар” жаштар театрында коюлган “Адам” аттуу пьесам октябрь айында Москвада өтүүчү эксперименталдык театрлардын Эл аралык фестивалына жолдомо алды.

– Кечиресиз, Чехиянын мурдагы президенти, сиздин кесиптешиңиз, драматург Гавел “драматург менен саясатчынын кесиби үндөш” деп айтканы бар эмес беле?
– Туура. Гавелдин ушундай нукта айтканы бар. Себеби ал драматургдар гана пьеса жазып жатып окуянын системалуу өнүгүүсүн сезет, чыгарманын архитектурасын туят деген мааниде айткан. Кара сөз, ыр, музыка же сүрөт жанрын албайлы, алардын ичинен драматургиянын өзгөчө жанрдык айырмачылыгы бар, себеби, пьесада эч кандай адаттан тыш кыймыл, адаттан сырткары деталь болбошу керек, болсо ал сөз түрүндө өзүнүн функционалдуулугун аткаруусу зарыл. Драматургда системалуу ой жүгүртүү принциби бар, ал кайсы бир деңгээлде саясат принциби менен үндөш. Драматруг чыгарманын системалуу өнүгүүсүн кандай көрсө, саясатчы да мамлекеттин өнүгүшүн ошондой көрө билиши керек. Гавел саясатчы менен драматургдун үндөштүгүн ушундан көргөн.

– Султан Акимович, саясат жана маданият дегенде бизге “жумуртка биринчиби же тоокпу” деген бир полемикалуу суроо жадыбызга келет. Сиз бул көз карашка кандай карайсыз?
– Албетте, бул суроо өзүңүз айткандай өтө полемика жараткан жагдай деп айтсак болот. Бул түшүнүктөр мага кээде Моцарт менен Сальерини каңкуулап турган сыяктанат. Менин көз карашымда саясаттын да маданияты, маданияттын да саясаты болот, бирок бул экөөнү ким болбосун көкүрөгүндө жогорку маданияты болбосо жүргүзө албайт. Саясатчы болууга милдеттүү эмеспиз, бирок маданияттуу болууга милдеттүүбүз…Адамзат доорунда дүйнөнү бут алдына чөгөлөткөн эчен императорлор өттү, тирандар жашады, дүйнөнү, дүйнө менен кошо адамдын ааламтаанымын өзгөрткөн генийлер өттү, бирок тарых барагына ошол тирандар менен генийлер гана түбөлүктүү жазылып калды, бирөөнүн ысмы каргыш менен, бирөөнүн ысмы алкыш менен…

Бахпурбек Аленов, «Де Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 19.04.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.