Советжан Асанкадыр: “Кыргыз үчүн бул өтө эле уят көрүнүш”

Өз үнү, өзгөчөлүгү менен кыргыз музыка дүйнөсүнүн айдыңында бараандуу орун ээлеген өнөрпоздор тобунун бири – “Айкөл” фольклордук-этнографиялык ансамбли. Ала-Тоо аймагыбыз гана эмес, анын чегинен өтүп далай чет өлкөлөргө таанылган таланттардын дабышы кийинки кездерде басаңдай түшкөндөй. Сезим козгогон ырлардын сээлдеп калышынын себебин билип, күйөрмандардын күдүктөнгөн суроолоруна жооп алуу максатында ансамблдин жетекчиси Советжан Асанкадыр мырзага бир нече суроолор менен кайрылдык. 

– Чыгармачылык жолуңуз качан башталды?
 Менин чыгармачылык жолум 1986-жылдан башталды. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство иститутун бүтүрүп, Каракол шаарындагы музыкалык мектепте мугалим болуп эмгектене баштадым. Мен үчүн студенттер менен иштөө абдан кызыктуу болду, анан өзүмдүн да чыгармачылык деңгээлимди өрчүткөнгө чоң түрткү берди. Иштеп жүрүп, ушул окуу жайдын тарыхында биринчи жолу камералык оркестр ачтым, курамына студенттер жана мугалимдер кирди. Алардын бардыгы камералык аспаптарда ойногон адамдар болчу. Ошол эле жылдары фольклордук-этнографиялык “Айдың-Көл” деген ансамбль түздүм. Бул министрликтин талабы болсо керек, эмнеге дегенде республикалык фольклордук-этнографиялык чоң сынак турган алдыда. Кызуу даярданып, республика боюнча ансамблдердин арасынан экинчи орунду алганбыз. Биз үчүн бул абдан чоң жеңиш болду. Андан кийин 1994-жылы Казакстанга чакыруу келип, “Айдың-Көл” 25-30 киши курамы менен барып катыштык. Азыр талдап көрсөм, ошол кез менин чыгармачыл жактан өсүп, такшала баштаган кезим экен.

– Кыргыз элине белгилүү болгон “Айкөл” ансамбли кандайча түзүлүп калды?
 Музыка менен өзүбүздүн фольклордук жанрды синтездештирүү идеясы мени көп ойлондурчу ошол кезде. Буга абдан көп убакыт керек болду, акыры, 1994-жылы “Айкөл” фольклордук-этнографиялык ансамблин түздүм. Бул идея элге жакшы сиңди деп ойлойм.

– “Айкөлдүн” басып өткөн жолун эстеп, жетишкендиктери туурасында кеп салсаңыз…
 “Айкөл” ансамбли көптөгөн чет мамлекеттерге барып, кыргыздын жүзүн көрсөтүп, музыкабызды, салтыбызды, аспаптарыбызды тааныштырып келдик. Алгачкы түзүлгөн жылы эле Кытайга чакыруу келип, ал кезде 6 киши болчу курамында, ар кайсы аспаптарда ойноп, жандуу үн менен ырдап, кытай эли ушундай бир суктануу менен кабыл алышкан.

1995-жылы Нооруз фестивалына Түркияга бардык, ошол эле жылы экинчи чакырык менен Түркияда өткөн фестивалга катыштык. Ошондо Кыргызстандын Түркиядагы элчиси ыраматылык кинорежиссер, эл артисибиз Төлөмүш Океев агабыз аркылуу көптөгөн шаарларын кыдырып, өзүбүздүн жандуу ырдап, ойногонубуз менен элдин ыраазычылыгына жетип, ал жактагы башка улут элдерине кызыгуу жараттык десем жаңылышпайм. Андан кийин 1997-жылы Кубада өткөн жаштар жана студенттер арасындагы дүйнөлүк сынакка катыштык. Бул сынакта 168 мамлекеттин өкүлдөрү ат салышкан. Ошол жерден биздин патриоттуулук сезимибиз ойгонгон. Себеби, океандын ары жагында, 168 мамлекеттин арасынан өзүбүздүн желегибизди көргөнгө, кыргыздын желегин желбиретип турганыбызга абдан сыймыктанып, толкунданганыбыз бүгүнкүдөй эсимде.

Сынакты ал жактын президенттик оркестри коштоп жатты, алар менен таанышып, “Айкөлдүн” бир баласы аларга кошулуп оркестрде бир аз ойноду. Бул да биз үчүн сыймык болуп эсептелет. Ооз комуз, чопо чоор, кыл кыягыбызды көрүп башка мамлекеттин музыканттары абдан таң калып, жөн гана кармап көргөнүнө ыраазы болуп турушту. Белекке сурагандар да чыкты.

Андан сырткары, Казакстан өңдүү жакынкы коңшу мамлекеттерге бат-баттан барып турдук, майрамдарына, фестивалдарына көп эле катышып жүрдүк.

– Кайсы бир өлкөдө жүрүп, эсиңизде калган окуя болгон чыгаар. . .
 Албетте. Кубадагы сынактан соң барыбызды океандын жээгине чогултуп коштошуу аземи болгон. Ал жакта Африка өлкөсүнөн келген жигиттин бийлегени абдан жаккан. Бир ордунан жылбай, эки саат бою жалгыз бийледи эле. Эми, бүтүндөй денеси, көзү-кашы, тырмагына чейин бийлейт экен да. Бүгүнкүгө чейин анын чеберлигине таң берем. Бул да болсо Алланын берген таланты тура.

– Акыркы жылдары “Айкөл” чыкпай калды, ортоңордо пикир келишпестик да болду окшойт. . .
 Мен айтаар элем, бул мыйзам ченемдүү иш. Кыргызбыз да, анча-мынча төбөбүз көтөрүлүп, чөнтөгүбүз кампая калса чоң чыга баштайбыз. Мага мындай сапат жакпайт. Эгерде биз ушинте берсек эч нерсеге жетишпейбиз. Өзүбүзчө ырдап чыгабыз дешти, макул, бирок эч качан “Айкөлдү” унутпагыла дегем. Азыр саламыбыз түз, кээде жолугуп турабыз.

– “Айкөлдү” кайра жандандыруу максатыңызда барбы?
 Өзүмдүн принцибим боюнча “Айкөлдүн” курамына кириш үчүн ырдай да, жок дегенде үч аспапта ойной да билиш керек. Тилекке каршы, андай музыканттарыбыз бүгүнкү күндө өтө эле аз. Көбү бир ырды аранжировка кылып, студияга барып жаздырышат, компьютер менен оңдотушат, клип тартышат да жылдыз болуп чыга келишет. Бул түбөлүгү жок нерсе. Мен мындай кылгым келбейт. “Айкөл” тобунда 1994-жылдан бери канча жакшы музыканттар тарбияланды. Азыр мен жаш балдарды чыгаргым келип жүрөт, бирок шашылбайм. Нарыдан бери ыр жаздырып, клип тарттырып чыгарганды каалабайм. Даярдап жүргөн балдарымдын кимдер экенин да айтыш эртерээк. Биздин улуттук аспаптарды сөзсүз түрдө кошконго аракет кылам, анткени бул “Айкөлгө” таандык мүнөз, стиль, ошондуктан мен андан тайгым келбейт. Ошол эле мезгилде, азыркы талапка ылайык заманбап колорити да синтездештирип кетүүгө басым жасайм.

– Акыркы убакта чыгармачылыктан алыстап кеттиңиз, учурда эмне менен алексиз?
 Жеке балдар эстетикалык билим берүү борборун ачкам. Мектеп жашына чейинкилерди мектепке даярдоо, анан эстетикалык тарбия деп коёт го, бул жерде комуз, бий, гитара, фортепиано деген бөлүмдөр бар.

– Жакында эле Орусия мамлекети тарабынан сыйланыптырсыз, кут болсун. А биздин бийликтегилер эмгегиңизди баалай алдыбы?
 Рахмат. Чынында эле күтүлбөгөн жерден болду. Россия мамлекетине көп бардык, далай чоң фестивалдарына катыштык. Ошон үчүн болсо керек, 3-августта Россия Федерациясынын “Маданият жана искусство тармагына кошкон салымы үчүн” деген медалы менен сыйландым. Биздин эмгегибизди баалаган Россия элине чоң рахмат.

Мындан беш жыл мурун Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасына татыктуу болгом. Сөздүн ачыгы, азыр баарын акча чечип, ортодон берилип кетип жатат. Элге эмгеги сиңгенден кийин, эл таразалаш керек эле. Башкаларга окшоп жулунуп-жутунбайм. Быйыл кудай буюрса деп турам, ким билет (күлүп).

– Азыркы чыгып жаткан жаш ырчыларга болгон көз карашыңыз?
 Жок деп айтпайм, абдан жакшы ырдаган жаш таланттарыбыз, музыкалык тил менен айтканда нотага так түшүп ырдаган, келечекте көптү үмүттөндүргөн балдарыбыз бар. Жакында эле Ысык-Көлдө өткөн “Кадыр түн” фестивалында биринчи турда комиссиянын мүчөсү болдум. Ал жерден дароо эле Бек деген жигитти байкап, элден чыккан талант экен, биринчи орунду алат болуш керек дедим эле, чынында эле биринчи орунду ээледи. Өзүнүн үнү дагы бархатный голос деп коёт, чындыгында эле 1-орунга татыктуу болчу, калыстар тобу адилет жыйынтык чыгарган экен.

Тилекке каршы, андай таланттарыбыз аз, ырды компьютерден жасап алып жылдыз болгон убактылуу ырчылар өтө эле көбөйүп кетти. Жакшы ырдаган кыз-уландарыбыз музыкалык билим алышса деп ойлойм, ушул музыка дүйнөсүнө келгенден кийин сөзсүз түрдө билими болуш керек. Ал эми жанагы убактылуу “жылдыздар” өздөрү эле бара-бара жок болот.

– Ошол Сиз айтып жаткан “убактылуу жылдыздардын” мааниси жок ырлары элди тажатып жибергендей. Муну кандайдыр бир көзөмөлгө алуу мүмкүнбү?
 Көзөмөлгө алса сөзсүз түрдө болот, мунун өзүнүн концепциясын ойлоп чыгыш керек. Сиз абдан туура айтып жатасыз, болбогон эки сөздү байланыштырып, мааниси жок, кечке кайталанма ырлар толуп кетти. Бул кыргыз үчүн өтө эле уят көрүнүш. Сөз жана обон бирине бири айкалышып туруш керек. Биздин министрлик болобу, же башка атайын бөлүм болобу бул маселеге өтө катуу чара көрүп, бир концепция иштеп чыгып, колго алыш зарыл. Илгери обонду комиссия карап, композиторлор кеңешин берип анан ырдап чыкчу элек. Азыр болсо эптеп жазган ырга, батыштын музыкасын чаптай коюшуп эле чыга келишет. Жүрөктү өйүткөн бул көрүнүштү тизгиндесе жакшы болот эле.

– Алардан айкын бөлүнүп турган нукура талантуу, өзүңүз жактырган ырчылардан атай кетпейсизби?
 Албетте. Мисалы, Омар, Мирбек Атабеков азыр өзүбүздүн элдик ырларыбызга да көп кайрылып жатышат. Мен ыраазымын азыркы заманга жараша көркөмдөп ырдап жатышкандыгына, бул да сүйүнөөрлүк көрүнүш.

– Кызыктуу маегиңизге рахмат.

Гүлжан АБЫЛКАСИЕВА, «Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 23.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.