“Анарбайдын көпүрөсү – Европага байланыштырган көпүрө”

Республикабыздын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, тоолуу аймагыбызда адабият сүйүүчүлөргө жана элибизге таанымал жазуучу Касым Каимовдун 85 жылдык мааракесин белгилемекчи болуп отурат. Улуу инсан катары аздектеген жазуучу Касым Каимовдун аңгемесин алгач орус тилине которгон Анатолий Алексеевич Сальников айтып бергени эске түшөт. Аңгемесинин аты “Анарбайдын көпүрөсү” эле…

Аңгемеде Таластын жогору башында бууракандап аккан сууга салынган кадимки көпүрө тууралуу болсо, башкы каарман ошол көпүрөнү салган, жазуучу тараптан ойдон чыгарылган каарман эмес, турмушта реалдуу жашаган адам болгон. Нукура сүрөттөлгөн, тактап айтканда, документалдуу чыгарма экенин так берилген фактылар аркылуу сезет, бирок автор аңгемесин документалдуу деп белгилеген эмес.

– Эркин жана элпек жазылган бул аңгемени жеңил жана тез котордум, – дейт Анатолий Алексеевич.

Чынында, аңгеме жеңил окулат. Чакан аңгеменин маңызы да түшүнүктүү, маалыматтар так жана кыска берилет да, бул жазуучунун бүтүндөй чыгармачылык ишинде адатка айланган. Документалдуулукка басым жасалып, тема негизги персонаждардын ысымы менен байланыштуу берилгени менен да өзгөчөлөнгөн. Буга мисал “Ат”, “Жайлоодогу кеч” сыяктуу көптөгөн аңгемелерин айтсак болот. Окуянын ток этер жерин баяндоо, көркөм сүрөттөө жазуучунун чоң чеберчилиги да, табылгасы да десек жаңылышпайбыз. Чыгармачылык иштеги алгачкы башатынын бири Европага байланыштырган көпүрө – “Анарбайдын” көпүрөсү англис, француз, немец тилдерине которулуп, жогору бааланганы да бекеринен эмес.

Анарбайдын көпүрөсү жыгачтан салынган. Качан жазгы ташкын башталганда, көпүрө туруштук бере албай, суу кыйратып кетчү. Натыйжада, эки өйүздөгү элдин байланышы үзүлүп, кайрадан жаңы көпүрө куруу зарылдыгы пайда болчу. Чыгарманын башкы каарманы Анарбайдын бүтүндөй өмүр жолу жана ишмердүүлүгү эң алгач ушул көпүрө менен байланышта экенин Касым Каимов чакан аңгеме аркылуу зор чеберчилик менен ачып берген.

Долу дарыяга жогорку сапаттагы көпүрө салуу маселеси чечилип, курулуш иши башталганда, көпүрөнүн курулушу менен таанышып, кеп-кеңеш берүүгө, керек десе шымаланып өзү да көмөк көрсөтүүгө келген Анарбай иштин жүрүшүнө нааразы болду. Себеби “темир ат” минген жигит жээктин тамтыгын чыгарып, улам тереңден казып жаткан эле. “Мээнеттин текке кетерин” ага эскерткени менен, жигит Анарбайдын кеңешине көңүл бурган жок. Ал эми жээкте арматура, бетон плиталары жыйналып турган. Каарман анын эмнеге керектелерин эске алмак эмес, себеби буга чейин көпүрөлөр жалаң жыгачтан салынып келген эле. Ал эми жаңы көпүрөнү салуу совет бийлигинин алгачкы мезгилине туура келген.

Жазуучу ошол доорду кыска жана жогорку деңгээлде баяндап, айыгышкан эки өйүздөгү урууларды ынтымакка келтирүүгө болуштукка (кийин айылдык Кеңештин төрагалыгына) Анарбайдын көргөзүлгөнүн, ал эми элдин биримдиги карым-катнаш аркылуу жолго салынарын, ал үчүн көпүрөнү тез арада калыбына келтирип туруу зарылдыгын жакшы түшүнгөн. Уруулук чабышуулардын токтолуп каларына эч ким ишенген эмес. Ошол себептен Анарбай балта-чотун колуна алып, көпүрөнү өз колу менен курууга киришкен. Анын бул-аракеттерин бай-манаптар: “- Кул деген кул да, көрүп турбайсыңарбы, бул кулдук адатын таштабайт” – деп шылдыңга алышканын таасын ачып берет.

Тилекке жараша, Анарбайдын бул көпүрөсү эки өйүздүн элине көп убакыт кызмат кылды. Эми жаңы заманда курулуп жаткан жаңы көпүрөнүн курулуш ишинин жүрүшүнөн такай кабар алып турган Анарбай бул көпүрөнүн жогорку сапатта болоруна ишенди. Көпүрөнүн түпкү пайдубалынын жээкте терең куюлганын, узун-туурасы жана бийиктиги да эске алынганына ыраазы болгон Анарбай курулушчуларга ыраазылык билдирип, козусун союп, кымызын артынып келип, даам таттырып, көпүрөгө ушул курулушту жетектеген прорабдын атын берүүгө сунуш кылды.

Чыгармада карапайым Анарбайдын айкөлдүгү, эки өйүздүн элинин биримдигинин бекемделишине көргөн камкордугу чыгармада дагы бир ирет көрүндү. Анарбайдын бул сунушу кабыл алынган жок, бирок бул чакан аймакка таанымал көпүрө өзүнүн мурдагы нукура атын өзгөртпөй, “Анарбайдын көпүрөсү” атын сактап калгандыгын баяндоо менен аңгеме аяктайт.

Чыгаан аңгемеси Касым Каимов эки өйүздүн элинин ортосундагы уруулук тирешүүсүнөн куткарган совет бийлиги экендигин, жаңы бийлик жаңы көпүрөнү курган менен анын ордун көрөгөчтүк менен такталган биринчи көпүрө куруучу Анарбайдын ысмын калтырганын, бул аркылуу эч качан адал эмгек элдин эсинен чыкпасын адилеттүүлүк менен белгилесе, “Анарбайдын көпүрөсү” аңгемеси келечектеги залкар жазуучунун Европанын интеллектуалдуу дүйнөсүнө таанытканын айта кетсек артыкбаш болбос.

Кыргыз совет адабиятына жаңы чыгармачыл күч кошулганы тез эле байкалды. Таланттуу жазуучу Касым Каимов коомубуздагы жат көрүнүштөрдү сарказмдык, юмордук тил менен сынга алган “Бөтөлкөнүн түбүндөгү адам”, “Начальниктин каш-кабагы”, “Токол” сыяктуу көптөгөн аңгемелери окурмандардын бүйүрүн кызытса, адабий сынчылар тарабынан орус жазуучусу Антон Павлович Чеховго таасирленип жазылган күчтүү чыгармалар катары бааланган.

Бул пикирге каршы боло албайбыз. Жазуучу жаш кезинде советтик жана орус адабиятынан наар татып, дүйнөлүк классикалык адабияты менен тааныш болгон. Чыгарманын композициянын түзүлүшү, окуяны баяндоодо жана баа берүүдө А.П.Чеховдун чыгармаларынын каармандарына окшош жактары бар, бирок мындан бүтүндөй ыкмалар А.П.Чеховду тууроо деп да айта албайсың. Ар кандай “тууроолордо” каармандардын образдарын ачып берүү мүмкүн эмес, себеби ар бир элдин жана улуттун жеке өзүнө таандык менталитети болот. Бул өзгөчөлүк ачылып берилбесе, чыгарма өзүнүн максатына жетпейт.

Алып көрөлү, “Бөтөлкөдөгү адамда” фольклордук жана курулай тууроочулуктан арылган жазуучу алкоголик Дербиштин образын көркөм чагылдырып гана бербестен, чыгарма көтөргөн маселе арадан 65 жыл өтсө да актуалдуулугун жоготпогондугун, ушул терс көрүнүштөрдө сырткы окшоштук болбосо, каармандар жашаган өзгөчөлүктөрү, орус мужиктери алкоголизмге жашынан вино ичип баштаса, “Бөтөлкөдөгү адам” ичимдикти кийин баштаса да, бөтөлкөнүн түбүнө кандайча түшкөнүн өзү аңдабай калганы ишенимдүү жана бөлөк ыкмада көркөм талдоого алынганында болуп отурат.

Жазуучу Касым Каимовдун чыгармачыл диапазону кеңири жана көп жактуу экенин эскерте кетели. Анын бардык жанрда калем сыноосу ийгиликтүү чыккандыгы менен өзгөчөлөнөт. Журналисттик кесипте Касыкенин жазган публицистикалары жана очерктери илимий-теориялык жактан талдана элек. Анын аңгемелери, повесттери жана киносценарийлери татыктуу баа берилген жок. Ал эми көп түйшүк менен жаралган эпикалык “Атай” романы тарыхый мүнөзгө ээ болуп, классик-обончу, комузчу, Кыргыз филармониясынын артисти, эки коомдук түзүлүштө жашаган Атай Огонбаевдин адамдык тагдырын баяндап, бул чыгарма орус жана казак тилинде которулган эле. Анын залкар талант Атай Огонбаевдин жашоо-турмушун жана чыгармачылык изденүүсүн жогорку деңгээлде көркөм изилдегени жана кыргыз элинин ырчылык касиети табигый мүнөздө болорун чечип беришинин өзү эле чоң эрдик болгонун тарыхый мүнөздө чечмелегендигин айта кетсек болот.

Жазуучу жаш кезинен эле эл менен тыгыз байланышта болгон. Социалдык дүйнөнүн карама-каршылык керт башынан кечирсе да, жазуучу өзүнүн позициясын бекем кармаган. Ал чыгармачылык ишин райондук гезиттин жооптуу катчылыгынан баштап, кийин облустук гезитте котормочулуктан редакторлук кызматка чейин аркалап, алгачкы ырлары республикалык басма сөз каражаттарында жарыяланып келген. Жазуучу ар бир окуяга сынчыл көз карашта болгондуктан, бир канча жыл сатиралык “Чалкан” журналын жетектеп, кийин адабий-көркөм “Ала-Тоо” журналында, “Кыргызстан маданияты” жумалыгында жооптуу кызматтарды аркалаган, “Кыргызфильмдин” башкы редактору, Кыргыз ССРинин Жазуучулар Союзунун катчысы, өмүрүнүн аягында Жазуучулар Союзунда Талас облусундагы кеңешчиси болуп иштеди.

Сыртынан караганда токтоо, жан дүйнөсүндө чыгармачылык таланты тынчтык бербеген, көп ойлонгон жана жазган ар бир чыгармасына сын көз менен карап, качан гана өз купулуна толгондо гана жарыкка чыгарган Касым Каимов карапайым чабандын жашоо-турмушун көркөм иликтеген “Кыш ыргактары”, жалаң өзүнүн романтикасы менен жашап, айылдык турмушту аңдабаган шаардык журналисттин кыял-жоруктарын юмордук маанайда чагылдырган “Жигит баратат”, адамзатты акыл-эстен ажыраткан ичкилик маселесин учурда катуу сынга алган “Ийри жыландар” повесттери да адабий сынчылардын жогорку баасын алса, “Белгилүү эркек” повести көптөгөн карама-каршы пикирлерди жараткан эле. Белгилей кетели, бул повесттеги окуялар аркылуу жазуучу махабаты эч качан жаш куракка карабасын, армандуу сүйүү баяны унутулбай улам жаңыра берерин ачып бергенин айрым адабият сынчылары эске албагандыгын да эми айтууга туура келет.

Өмүрүнүн акырында кичи Мекени Таласта жашап, учкан уясынын касиети мененби, айтор, өзүнүн өлбөс-өчпөс “Акырын күтпө” романын жана “Тутка” чыгармасын мураска калтырды.

Белгилей кетели, кыргыз адабиятында калем сынагандардын айрымдары гана балдар адабиятына кайрылган. Жазуучу Касым Каимов бөбөктөр үчүн “Чыпалак” аңгемеси менен кара мүртөздүктү ар дайым ак көңүлдүүлүк жеңерин чагылдырган. Ошону менен катар, “Бир-бирине окшобогон күндөр” повести аркылуу табиятка аяр мамиле жасоо, айкөлдүк жана адамдык асыл сапаттар кара мүртөздүктү жеңерин, адамдардын бири-бирине жасаган жакшылыгы гана жашоодогу улуулук жана сулуулук болорун чагылдырып, бул чыгармалардын учурда таалим-тарбиялык мааниси зор экендигине токтоло кетели.

Проза жанрында жазуучунун аңгемелеринен тарта романдарына чейин жазуучунун жан дүйнөсүнүн жаңырыгы чагылдырылып, ушул өзгөчөлүктөр анын шакирттери аркылуу улантылып келет. Касым Каимов артына көркөм чыгармаларын гана эмес, адамдык асыл сапаттарды да мураска калтырган десек жаңылышпайбыз, тактап айтканда, анын “Анарбайдын көпүрөсү” аңгемесинен кийинки чыгармаларында адамдардын жүрөгүнө салып кеткен “көпүрөсү” бизди өзүбүздүн кызыктуу дүйнөбүздү кайрадан курууга, өз көпүрөбүздү салууга чакырык таштап отурат. Жазуучунун өлбөс-өчпөстүгү, улуу бакыты мына ушунда демекчибиз.

Түлөн Акматалиев, Кыргыз Республикасынын Журналисттер жана жазуучулар Союзунун мүчөсү,
«Фабула» («Кыргыз гезиттер айылы»), 27.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.