Эсил кайран, калемгердин асылы!

Журналист, жазуучу Эсенбай Калдаров тирүү болгондо 60 жылдыгын эскербей, тес­керисинче юбилейин белгилемекпиз. Ишемби күнү борборубуздагы Чүй университетинде Эсекемди жакындан билгендер чогулуп, эскердик. Жубайы Светанын демилгеси менен аталган университеттин президенти, “Кыргыз Республикасынын эл мугалими” Султан Мамбеткалиевдин колдоосунда жарык көргөн маркумдун “Миң бир күн” повестинин экинчи китебинин бет ачаары болуп өттү. Китепке Эсекемдин 50 жылдыгындагы замандаштарынын куттуктоолору жана кийинки эскерүүлөрү топтолгон.

Мындай алып караганда агабыздын 60 жылдык отчетун жубайы берип, аткарып, Эсекем бир “оодарылып” алгандай болду. Арбагы ыраазы болсун! Көзү тирүүсүндө барктабай, көзү өткөн соң мактамай адатка айланып кеткени өкүндүрөт. Эскерүүдө кандай гана сөздөр айтылбады. Арабызда болгондо кучакташып, колун кысып куттуктап, кучагына гүл толуп, бажаңдап, кубанып турмак. Өтө жылдыздуу, мээрман, жигиттин гүлү эле.

Сөз жоокери, чыгаан журналисттин ысымын түбөлүккө калтыруу үчүн Эсенбай Калдаров атындагы фонд түзүлдү. Фонддун ардактуу төрагасы болуп С.Мамбеткалиев шайланды. Негизинен бирге окуган курсташы, коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев баш болгон А.Матисаков, Б.Чотурова, Ж.Саалаев, С.Турдалиевалар иш алпармай болушту. Ар кайсы редакциялардан, жамааттардан да өкүлдөр кирди. Фондго мүчө болуучулар үчүн эшик ачык. Жыйында алгачкы мүчөлүк акылар ташталды. Журналисттер арасында Э.Калдаров атындагы сыйлык уюштурулуп, ал Эсекем кайтыш болгон 22-октябрь күндөрү тапшырылып турмакчы.

Китеп азырынча азыраак нускада басылган. Сатыктан түшкөн каражатка, фонддон кошумчаланып, келечекте эки томдугу жарык көрмөкчү. Ишемби күнкү жолугушууда жаңы ой-пикирлер, сунуштар айтылды. Эсекем жөнүндө жаңы материалдар, табылгалар бар экен. Буюрса Эсенбай агабыз жалгыз эмес экен. Артында калың журту, эскерип алар эли турат.

Асан ЖУНУСОВ

P.S. “Миң бир күн-2” китебин сатып алууну каалагандар болсо төмөнкү телефондорго чалып, Анель айым менен байланышыңыздар: 43-97-30, (0550) 85-57-78

“Эркин Тоо”, 25.10.2011ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.