Соболо

Талант
Улуттук маданияттын эзелтен берки тарыхына сереп салсак, ар кылымдын, ар бир муундун рухий жарышында озуп чыккан жеке залкарлары бар. Адабияттын тарыхында да ошондой жорук.

ХХ кылымдын экинчи жарымынан беркини эле алалы, элүүнчү жылдары кыргыз окурманын ашкере кубанткан, туюктан жол таап, чеберчилик менен жаңы ой айткан жазуучу Ч.Айтматовдун “Бетме бет”, “Жамийла” повесттери болду. Ал эми алтымышынчы жылдары кыргыз адабиятына дагы бир талант келди. Буга К.Жусубалиевди жана анын “Тоого жаз кеч келети” менен “Күн автопортретин тартып бүтө элек” повестин атаар элек. Жыйырма бир жашында жазган таланттуу жазуучунун аңгемесин окуган залкарлар Т.Сыдыкбеков, Ч.Айтматов учурунда көрөгөчтүк менен кыргыз адабиятына таланттуу жазуучу келгенин басма сөздө, жолугушууларда жар сала ак дилден сүйүнчүлөшкөн.

Адетте К.Жусубалиев-дин чыгармаларын дит кое окусаң, жаңы ачылыштарды, кунарлуу сөздөрдү, асыл ойду, адам трагедиясын, аземи сулуулукту байкайсың. Жазуучунун өмүрү жана каардуу күндөрдү башынан эрдик менен кечирген тоолуктардын жашоосу, мүнөз-жоруктары көркөм чыгармада бал тил, керемет сөз менен эргип, кызык, чебер жазылган. Мен муну алпейим, момун тоолуктардын бай, татаал турмушунун, бийик рухий дүйнөсүнүн баатырдык симфониясы деп айтаар элем.

Чыгармачылык өмүрүндө турмуштун ачуу-таттуусун жаштайынан башынан кечирген, өнөргө эрте жетилген, сөз кадырын дилгир сезген, рухий дүйнөсү бай, ойчул жазуучу К.Жусубалиев бара-бара нечен мыкты аңгемелерди, повесттерди, романдарды жаратып, Сизифтей мээнеткеч, өзгөчө таланттуу сөз чебери болуп чыга келди.

Чоң эне
Кыргыз балдарынын көпчүлүгү нарктуу, боорукер чоң эненин колунда тарбияланып, анын накыл-насааттарын угуп өсүп-чоңойгону чоң рухий олжо экен.

Кубатбек Жамбы чоң эненин таалим-тарбиясын алды. Айылдыктардын айтымында, согуштун азабын тарткан баласынын кайгысынан эки көздөн айрылган Жамбы кемпир көздүү кишиден зирек, дүйнөгө, тиричиликке, тирүүлүккө, жашоого баамчыл, Умай энедей ажарлуу, нускалуу, сүрдүү, айылда кадыры бар, жалгыз небересинин келечек жашоосуна ыба караган, өйдө сүйөгөн, узакка окууга аттанаарда ак батасын берген, акылчы, даанышман байбиче болгон экен. Кубатбек чоң эненин өмүрүн, жашоодогу эрдигин, айткан осуяттарын жана таризин өмүр бою жазып, айтып бүтпөй келет. Анын чыгармаларында чоң эне менен небере, жаңы менен эски, ыйыктык менен пастык, акылмандык менен түркөйлүк, кубаныч менен муң эриш-аркак тиричилиги шайкеш сүрөттөлөт. Чоң эненин бейнесинде чындык, акылмандык, элдин өмүрү, доор кайгысы, муун тагдыры, ыйык осуят, салт-санжыра, бүтпөгөн баян бар.

Тагдыр
Тагдырбы же пешенесине жазылганбы, айтор К.Жусубалиевдин 2003-жылы басмадан чыккан китеби “Жети сөз жана Конфуций” деп аталган. Жакында көзү өтүп кеткен кыргыздын бир чыгаан, интеллектуалдуу уулу Мелис Эшимканов “Мен Кудайдан жана Кубатбек акеден гана корком” деп жазганчу эле.

Жазуучу К.Жусубалиевдин чыгармалары менен таанышкан адам сөзсүз терең ой, сыр жандырат.

Кубатбек мындай даражага, ыйык жолго оңой эле жеткен жок. Деле жаш кезинен көргөн турмуштук элестер, кубаныч-кайгы сезгич адамга зили чыгармачылык уютку болот экен. Балалык күндөрүн эстебеген, жазбаган жана ага кайрылбаган жазуучу аздыр. Кубатбекке балалыкта көргөндөрү ага сабак, рухий чыйралуу болгон. Ошол үчүн жазуучу дүйнөнү баланын таза көзү менен карайт. Ал чыгармаларын балдардын атынан улууларга чакырык сыяктуу жазат.

Кубатбек студент кезинен дүйнө адабиятын жана акылмандардын кол жазма түрүндө таратылган Заратуштра, Будданын, Христос, Мухамбет пайгамбарлардын, Конфуций, Лаоцзы, Сократ, Ауробиндо, Вивекананданын ж.б. дааналардын накылдарын окуп, өзүн акыл-эске дилгир тарбиялады. Ал өмүрүн, күчүн, пейлин, дилин, рухий дүйнөсүн пенделик жайдарлыкка, бекерпоздукка, жалкоолукка, курсак жыргалына, куру кыял кумарына, ачкөздүккө азгырылбай бир максатка, өз тагдырын өзү түзүп, улуу жолго сала алды. Табият менен шайкеш жашоого, андан кубатты алган кудуретке жетишти. Турмуш менен ички рухий дүйнөсүнүн гармониясын теңдеп, эркин жашады. К.Жусубалиевге Таронун, Библиянын, Курандын, иоганын, суфизмдин, даосчулуктун да, Батыш-Чыгыш акылмандарынын шыбагасы жуккан жана кыргыз бабаларынын накыл, осуят, керээздери таасир эткен акылман ата уулу, турмушунда күрөшчүл, жаңыны жаратуучу. Ал сөз менен сулуулукка, улуу ойго, таза жашоого баарыбызды чакырган соболосу бийик жазуучу.

Олуя
Жакында Кытайдагы боордошубуз, маданият изилдөөчү, аалым Макелек Өмүрбай Кыргыз өлкөсүнө келээри менен шашкан тейден Алайга кетти. Ал кайтып келгенде “Кубатбек олуяга атайы жолуктум” деп сүйүнүп алыптыр. “Кытайдагы кыргыздар жазуучу Жусубалиевдин чыгармасын окуп, анын кабарын угуп, олуя дейбиз, – дейт Макелек, – Силер анын көзүн көрүп жүрүп баалабайсыңар. Кытайда болсо аны небак эле аздектемек. Кубатбек олуя үч айдан бери эч бир жан менен сүйлөшө элек экен. Лев Толстой курандын сүрөсүн которуптур, ошону таап алып сүйүнүп отурган жеринен Кубатбек агага жолуктук”.

Макелек Өмүрбай айылына кетээр кеткиче Кубатбектин кыял-жоруктарын эскерип, акыл-насаатын улам кайталап, анын чыгармаларын жатка айтып, жазуучунун жаңы роман жазып бүткөнүн сүйүнчүлөйт. Кытайдагы кыргыздарга жазуучуга жолукканымды айтып барам деп жобурап, сүрөттөрүн көрсөтүп кудуңдап кетти.

Чынында Макелектин айтканы насил орундуу сөз. Мен ага кошуламын. Аны түшүнсө болот. Тээ Кытай өлкөсүндө атамзамандан атактуу даанышман, акын, сүрөтчү, ойчул, олуя таланттар арбын чыкканы тарыхта маалым. Алардын жашаган доору, өмүрү, осуят сөздөрү кагаз бетине небак түшүп калган, китептери, далай изилдөөлөр басмадан жарык көргөн. Аларды эзелтен эли ардакташат. Бир эле сабаттуу окурман эмес, жамы журт, бийликтегилер, өлкө башчыларына чейин залкар ойчулдардын сөздөрүн жатка айтышат, осуяттарына, кылык-жоруктарына маани берет. Кийинкилерге үлгү, сабак катары көрүшөт. Мектептерде, жогорку окуу жайларында окулат. Кытайда улуу дааналарынын өмүрүн, осуяттарын билбеген кишини сыйлашпайт. Илгертен жогорку кызматтарга тургандар улуулардын тарыхын, акылман осуяттары боюнча сынак беришкен. Кытай эли акылмандардын накылдары менен жашашат.

Ооба, бүгүнкү күнү кыргызда олуя чыкса атаганат жакшы эле эмеспи. Илгерки Кытайда гана эмес атамзамандан кыргыз элинде атагы алыска угулган, баркы бааланган, таланттуу инсандар кыйла эле болгон. Аларды эл дубана, дербиш, календер, сынчы, көсөм, көзү ачык, чечен, акын, даанышман, сопу аке, олуя ж.б. деп аташкан. Ошо атагына жараша алар элден сый-урмат көрүшкөн. Олуя диний мажирөө түшүнүк, баам эмес. Бу атак эптеп жанын багып, өз арбайын соккон пендеге берилген эмес. Кыргызча бежиреп айтканда: жарык дүйнөгө, күндө сүкүт салып Жаратканга сыйынган, ой-санаасын тазарткан, адам тургай кумурскага залалы тийбеген, эч жанга жамандык жасабаган, арам ишке барбаган, азгырыктарга алдырбаган, оозунан чындык менен акылмандыктын кеби чыккан, духу, руху күчтүү, нарк-салт, улуулукту урматтаган, өмүрүн жакшылыкка гана арнаган, ыйык жолго түшө алган адам олуя эмей эмне?.. Муну качандыр бир айтууга тийиш элек, эми кезеги келип туру.

Өмүр жөнүндө икая
Өмүр дегениң жайкы жамгырдай эле билинбей тез өтөт тура. Кубатбек менен адеп жолукканыбызга элүү жылдан ашыптыр. Андан бери канча жол бастык, канча суу кечтик.

Мындан отуз жыл мурда бабаларыбыздын байыркы конуштарына, Алтай, Хакас, Тува аймагына барып, жер-сууга, арбактарга сыйынып, боордоштор менен жүз көрүшүп таанышкан элек. Анда мен 44 жашта, Кубатбек 39да экен.

Энесай дайрасынын түп башатын көрмөккө Туванын түндүгүндөгү Тожу районуна барганыбыз эсимде. Райондун комсомол кызматкерлери бизди сыйлаш үчүн партиянын чоңдоруна кирип жатып, атайы бир бөтөлкө виного уруксат сурап, таап келишиптир. Ал кезде ичкиликке тыюу салынган эле.

Биз үйдө отурганда комсомолдун кызматкерлери жашыбызды сурап калды. Кубатбек жашын айтты. А мен тамашага салып Кубатбекти сынамакка отуз алтыдамын деп койдум. Кубатбек каткырып жиберди, менин калп айтканымды биринчи укту окшойт. Ошондогу Сибирдин балчыгын кечип мейманканага жети түндө кайтканбыз.

Алыскы сапарыбыз бүтүп түн ортосунда Бишкекке келдик. Жүктөрүбүздү жонго көтөрүп жүрүп, кош айтышарда Кубатбек Кеңеш, канчадасың деп капилет сурап калды. А мен отуз алтыдамын десем, Кубатбек баягы каткырыгын салып, үйүнө жол тартты.

Өмүр ушундай: шаттыгы да, кооздугу да, майнабы да, кумары да, азабы да бар белем. А бу тирүүлүктө көбүбүз кыбырап, ыбырсып, кобурап, азгырылып жүрүп эле кыска өмүрдү текке өткөрүп иет экенбиз. Өмүрдү текке кетирбей сары эсеп, кунарлуу, ыракаттуу жашаган К.Жусубалиевдей акылмандар да бар. Таланттуу жазуучу 30-октябрда 70 жашка чыгат. Жакында биртоп калемдеш достору президентке жазуучу К.Жусубалиевге Кыргыз эл жазуучусу деген наамды ыйгаруусун суранып кат жаздык. А жазуучу баягысындай эле наамга, даңкка, материалдык байлыкка, бийликке, деле азгырыктарга бейкапар. Аттиң, ал эл жазуучулукка небак татыктуу эле. Кыргыздар адамдын баркын көзү тирүүсүндө баалай албайт деп жер карап уялып кетесиң.

Акырында Кубатбекке ибарат: ай жүр, аман жүр!

Кеңеш ЖУСУПОВ, КР эл жазуучусу,
“Агым”
(“Кыргыз гезиттер айылы”), 28.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.