«Жаңы Ала-Тоо» журналынын жаңы саны

Журналдын февраль айынын саны окурмандарынын колуна тийди. Ал, Кыргыз эл жазуучусу Эрнис Турсуновдун жаңы гана жазылган “Хан Теңир” романы менен башталат. Чыгармада айтылуу казак илимпозу Ч.Валихановдун кыргыз жерине келиши, ошол доордогу жергебиздеги драмалуу, курч окуялар, адам тагдырлары баяндалат. “Манас” эпосубузду алгач кагазга түшүргөн илимпоздун жергебизге келүүсү тууралуу учкай гана сөз айтылып келсе, бул, биринчи, чоң чыгарма.

Журналда өткөн санда жарыялана баштаган карыя жазуучубуз Ж.Токтоналиевдин “Абийир өлүмдөн бийик” романынын уландысы берилген. Анда Жаңыл мырза мезилиндеги тарыхий окуялар, эл турмушу таасын жана көркөм сүрөттөлгөн.

Айылдык жазуучу А.Калбаевдин “Өлүм алдындагы чечим”, жаш калемдерден С.Максүтованын “Армандуу махабат” аңгемелери проза жанрынын али да жашап, жазылып жаткандыгын ырастайт.

Ал эми поэзиядан быйыл 70 жашка толуп жаткан акыныбыз Б.Асаналиевдин ырлары менен башталып, Э.Ажыканованын жаңы поэтикалык саптары менен уланат.

Журналдын орус-кыргыз тилдеринде жарык көрүп келе жаткандыгы жакшы көрүнүш. Чыгармаларды түп нускасында окуп, которууга не жетсин. Бул санда А.Супрундун Россияга барып иштеп жатышкан кыргыз жарандары, алардын баштан кечирген ойго келгис окуялары туурасында жаңы жазылган “Кодекс для обезьяны” повестине да орун берилгени окурмандарына жакшы жаңылык.

Котормолордон түрк элинин өткөн кылымдын башындагы беш патриот уулунун бири Адил Хикметтин “Беш түрк” документалдуу чыгармасы жалпы эле кыргыз журту үчүн табылгыс жаңылык. Анткени ал адамдар Россия, Афганистан, Кытай мамлекеттеринде өткөн орчундуу окуяларга кабалып, нечен азап-тозокторго кириптер болгон сыңары Кыргызстанга да келип, Үркүнгө катышып, биртоп кыргыз адамдарын ажалдан алып калышкан. В.Ф.Одоевскийдин Бетховен жөнүндө жазганы, С.Зуннунованын которулган ырлары да журнал өткөрүп жаткан конкурстун салмагын арттырбай койбойт.

Манасчы Т.Бакчиевдин “Манастын мекени – Кыргызстан”, кинорежиссер Ш.Апыловдун архивден таап чыккан репрессияга жол ачкан Лоцмановдун докладынын толук тексти, эл баатыры, доктор М.Мамакеевдин эскермелери окурмандарды кайдыгер калтырбасында шек жок. Кыскасы, журнал адаттагыдай эле жаңы чыгармалары, авторлору менен окурман журтун дагы бир таң калтырып, өз вазийпасын толук аткара алган. Журналга жазылып алгандар арманда калышпай, ар бир санын түгөл окуй алышат.

“Кыргызстандын жаңы адабияты”, 10-03-2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.