“Жамийланын” сүрөтчүсү

Айтылуу “Жамийла” кинотасмасындагы Сейиттин сүрөттөрүн тарткан Абдысадыр Турусбеков азыр элетте. Арал айылында көп катары тиричилик өткөргөн карапайым мугалим. Ортодон айыл өкмөтүнүн да кызматын аркалаганга жетишкен. “Жамийла” тасмасы тартылганда ал болгону мектеп окуучусу экен. Алыста калган күндөрүн төмөнкүчө эскерип отурду.

Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда” чыгармасындагы “Кыз кайып “тууралуу уламыштын негизинде тартылган. Сүрөттүн аталышы дагы “Кыз кайып”. Сары-кызгылтым боек менен берилген тоо, талаа-түздөр, сүйүүсүн издеп, кайып болуп кеткен кыздын бүтпөс кусалыгы. Мойнундагы ак шалы оромол ишке ашпаган үмүтү, сүйүүсүнө бу жалган дүйнөдө кошулбай арманда калганы. Үстүндөгү ачык көк – Кыз кайыптын кылымдар бою эл оозунда айтылып түбөлүк уламышка айланганы. Тоо башынан кылайып чыгып келаткан Ай-жашоонун уланышы…

“Түш” уйкуда мемиреген селкини Умай энелер колдоп, жамандыктан калкалап турат. Ак элечек энелердин үстүндөгү оюм-чийимдер кыздын кыялы. Топучан кыздын үкүсү шөкүлө менен тийишип турганы кыздын жакында келин болоорун, кыргыз тукумун улап, Умай энелердин катарына кошулаарын кабарлайт.

-Кыязы, канымда бар окшойт, сүрөткө шыгым эрте ойгонду. Кичинемен эле колума калем кармадым.1967-жылы 8-класста окуп жатканда “Жамийла” фильминдеги Сейиттин сүрөттөрүн тартуу үчүн балдар арасында сынак жарыяланып калды. Ошондо мен “Кызыл жүк” деген сүрөт тарткам. Ага Данияр менен Жамийланын арабага буудайларды салып кетип бараткан элеси түшүрүлгөн эле. Ошол сүрөт жеңүүчү болуп табылып, мени “Мосфильмдин” режиссеру Ирина Поплавская өзү чакырып алып кетти. Айылдык баламын, же орусча билбейм, ошого карабай атактуу актер, сүрөтчүлөр менен үч ай иштештим. Сейиттин ролун аткарган Насирдин Дубашев менен чогуу жүрчүмүн. Алиман Жанкорозова эжебиз экөөбүздү эгиз козудай жетелеп алчу. Тамакка алып барат, кечинде кайра жатаканага алып келет дегендей…

-Ал жерден Сүймөнкул Чокморовдон да таалим-тарбия алсаңыз керек?
-“Жамийла” тартылып жатканда үч улуу адамдан тарбия алдым. Ал кезде кантип сүрөт тартуу керектиги тууралуу түшүнүгүм деле жок эле. Сүймөнкул байке бул жагынан көп нерселерди үйрөттү. “Жамийланын” эки сүрөтчүсү: Анатолий Кузнецов менен Эдвард Зарянскийден да баалуу кеп-кеңештерди алдым.

-Ал сүрөттөрүңүз азыр кайда?
-“Мосфильмге” алып кетишкен. Азыр алардын архивинде сакталуу экен. Мени менен кошо көп эле балдар сүрөт тарткан. Алардын арасында Динара Чочунбаева да бар болчу. Бирок кинодогу сүрөттөрдүн 90%ы меники. Ошол кезде менин фамилиям Исраилов болчу. Москвадан келгендер эркелетип “Самат” деп чакырышчу, ошо бойдон кийин титрге Самат Исраилов деп жазылып калыптыр.

-Андан кийин да тасмаларга сүрөт тарттыңызбы?
-Ирина Поплавская экөөбүз 10-классты бүткөнчө кат жазышып турдук. Ал аркылуу мыкты сүрөтчүлөрдүн эмгектери менен тааныштым. Китеп салып турчу да. “Мектепти бүтсөң, Бүткүл дүйнөлүк кинематографисттер окуу жайынын сүрөт факультетине киргизем” дечү. 10-классты бүтүп жатканда менин маселем боюнча ошол кездеги секретарь Мураталиевге телеграмма жиберди. Өкүнүчтүү жери, тилегибиз орундалган жок. Чакырган күнү мектептегилер “500 кыш куюп, анан кет” дешип 2 күн аттестатымды бербей коюшту. Бүткөндөн кийин борборго келсем, “кечиктиң, ордуңа башка бала кетти” деп коюшкан. Шаабайым сууганын айтпа. Анүстүнө жетим болсом, таянарым жок. Абалымды көрүп боору ооруду окшойт, Маданият тармагын тейлеген Нусупова деген айым Фрунзедеги сүрөт окуу жайына жетелеп келип экзаменсиз киргизип койду. 2-курста окуп жатканымда Ирина Поплавская “Мен Тянь-Шань” кинотасмасына сүрөтчү катары катыш” деп чакырып калды. Чогуу долбоорлорун түзүп, даярданып жаткам. Иш башталарда кашайып сүрөт окуу жайынын директору уруксат бербей туруп алды. Ошо менен кинодогу карьерам бүткөн десем болот. Турмуш мени киного жолотпой, башка нукка тартып кетти.

-Сүймөнкул Чокморов менен кийин дагы жолугуп турдуңузбу?
-Катташып жүрдүк. Андай адам 100 жылда бир жаралат. Кыргыз искусствосу үчүн жанын бергенге даяр эле. Адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү, таланттуу жаштарды колдогону өзүнчө чоң сөз. Жубайы Салима Шаабазова мугалимибиз эле, искусство тарыхынан сабак берчү.

Чоң сүрөтчүлөрдүн кешигин ичкен Абдысадыр Турусбековдун “Жан дүйнө” аттуу көргөзмөсү 2-ноябрда Бишкектеги Арт-галереяда өттү. Ага сүрөтчү 10 жыл аралыгында тартылган 50 сүрөтүн койгону турат. Ар кыл теманы камтыган бул эмгектердин баарына Абдысадыр ага өзүнүн дүйнөгө болгон философиялык ой чабытын түшүргөн. Айрыкча “Сүрөтчү”, “Акыркы кайберен”, “Кыз кайып” картиналары тууралуу сөз болгондо “мээнетимдин акыбети кайтты, буларды эми эл бааласа ошол мага чоң олжо” деп кудуңдап алат.

Тоодой ойду томуктай барак бетине батырыш оңойбу? Бир нече күн тынымсыз иштеп, сүрөт тартууга мойну жар бербей чарчап калган учурда Абдысадыр ага Габриэль Гарсиа Маркестин, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын, Сүйүнбай Эралиевдин, Рамис Рыскуловдун ырларын окуп, Генделдин, Шопендин акылыңды ала салдырган укмуштуу кайрыктарын угуп, жан дүйнөсүн эс алдырат экен.

Мира Сейдикеримова, Талас, «Де-факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 03.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.