Кино үйүндө “Жоготуу”(Утрата) фильминин бет ачаары болот

14-апрелде республиканын кино үйүндө кыска метраждуу режиссер Нурлан Асанбековдун “Жоготуу” фильминин бет ачаары болот. Бул жөнүндө бүгүн “КАБАР” агенттигинин журналистине кинематографчылар союзунун деректиринин орун басары Гүлбара Төлөмүшева билдирди. “Картина турмуштун азыркы чындыгы жөнүндө, коомдун ыдырап жаткан моралдык абалы жөнүндө баяндайт. Сюжет боюнча жаштар согуш ардагерлеринин ордендерин уурдап жана аларды сатып жүрүшкөндүгүн”,- айтты ал. Г.Төлөмүшеванын сөзүнө караганда режиссер картинанын ар бир майда чүйдөсүн кылдат иштеп чыккан, техникалык жана көркөм жагы кынтыксыз аткарылган. Режиссер Нурлан Асанбековдун мурда тартылган картиналарын киносынчылар жогору баалашкан.

Ф.Шаниметова, МТ, «Кабар» МА, 06.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.