Исламбек Каримов: “Атам Бавраим Палван атаандашын таптак көтөрүп, баш ылдый жерге сайчу”

Күрөш боюнча Орто Азия жана Казакстандын 5 жолку, Кыргыз Республикасынын 10 жолку чемпиону Бабараим Каримовдун (Бавраим Палван) ысымына арналган “Лейлек күрөш” боюнча турнир болду. Мелдешти Палвандын жердештери, теңтуштары жана уулу Исламбек Каримов уюштуруп, жогорку деңгээлде өткөздү.

– Исламбек, атаңды тиягы Казакстан, Түркмөнстан, бери жагы Өзбекстан, Тажикстан элдери мыкты балбан катары билип сыйлашчу экен…
– Атабыз балбандын балбаны эле. Өзү олбурлуу, бою эки метр, салмагы 130 килограммдан ашчу. Биздин айыл Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрү менен чектеш болгондуктан, тойлордо үч өлкөнүн тыңчыкма балбандары бир жерде күч сынашчу. Албетте, кезинде, күчкө толуп турганда атамды оңой-олтоң жеңип алам дегендер аябай күч коротсо да, жеңе алчу эмес. Ошондуктан боордош элдердин балбандары арасында өзгөчө сый-урматка ээ болгон. “Мелдешке келатыптыр” дегенди угушканда, майрамдык маанай жаралчу.

– Баш-аягы канча жолу мелдешке чыккан?
– Кыргызстандын биринчилигинде бери дегенде 10дон ашык мелдешке аттанып, анын 10 жолкусунда чемпион болгон. Ал эми Орто Азия жана Казакстан чөлкөмүндө 7 жолу күрөшкө түшүп, жетөөндө тең уткан.

– Бир жолку мелдеште канча балбандын далысын жер жыттатчу?
– Атам оор салмак ченинде күрөшкөндүктөн, а жерде ашып кетсе 50-60дай эле балбан күрөшкө чыгат. Ошондо алты же жети балбанды жыкчу десем жаңылбайм.

– Жакшы өздөштүргөн ыкмасы бар беле?
– Атам айтып калар эле: “Лейлек күрөшүндө” колдун каруусу менен белдин күчү керек болот. Каруусу күчтүүлөр таза күрөш алпарат” деп. Атамдын эң жакшы көргөн ыкмасы – атаандашты таптак көтөрүп, баш ылдый жерге сайчу.

– Айылма-айыл кыдырып кетип калчу беле?
– Ооба. Андайлар көп эле болду. Жыйым-терим бүткөндөн кийин өзүбүздүн айылдагы тойлордон баштап, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Казакстанды түрө кыдырып, 2-3 айда кайра айылга келчү.

– “Лейлек күрөшү” менен “Кыргыз күрөшүнүн” кандай айырмасы бар?
– Анча деле айырма жок. Эрежелери деле окшош. Болгону Лейлек эли “Кыргыз күрөшүн” көп өткөзүп, аны башка да боордош элдерге кенен жайылткандыктан, “Лейлек күрөшү” же болбосо “Ферганские правила” деп атыгып кеткен.

– Биринчи жолу өткөзүп атасың, кыйынчылыктар болдубу?
– Мелдешти эл аралык кылып өткөрүүнү болжогонбуз. Боордош элдердин балбандарына чакырык жиберилген. Өзбекстан, Тажикстандыкы бери көздөй аттанып келатып, чек арадан өталбай калышкан.

– Эмнеге?
– “Азыр Кыргызстанда саясый кырдаал туруктуу эмес. Президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыкпай, эл толкуп турган чагы. Мүмкүн митинг болуп кетиши да ыктымал” деп бери өткөзбөй коюшуптур. Казакстандан да элүү чакты бала ушундай себеп менен келе албай калды.

– Байге куржуну жакшы эледир, биртуугандардан сырткары да кошкондор болуп, жалпы сумма канчага жетти?
– Жарым миллион сомго жетти. Ага-тууган, жек-жаат, классташтар, достор, атамдын тели-теңтуштары, дегеле күрөштүн ышкыбоздору кошумчаларын кошуп, кызуу колдоо кылды. Биринчи орунга чыккандарга 15 миң сом, экинчи орунга 10 миң сом, үчүнчү орун үчүн 5000 сом. Андан сырткары, кызыктыруучу байгелер көп болду. Мисалы, бир балбан көздүн жоосун алган эң мыкты ыкма менен атаандашын жыгып кеткендиги үчүн жеке демөөрчүлөр чыга калып, алаканын ысыта миң сом, 5 миң сом берип атышты.

– Абсолюттук наам үчүн болгон күрөшкө канча койдуң?
– Ага 100 миң сом.

– Канча балбан келди?
– 70 килограмм салмак ченинде 200гө жакын, 90 килограммга чейинки балбандардын саны 150дөн ашты. Эң оор салмак ченинде 50 балбан катталды.

– “Лейлек күрөшү” акыркы жылдары жакшы өнүгүү шартында бараткандай сезилет. Атаңдын жаркын элесине арналган мелдеш мындан кийин жыл сайын өтүп турабы?
– Аны туура байкагансыз. Бишкекте жылына эки чоң турнир өтүп турат. 9-майда Советтер Союзунун баатыры, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Самат Садыковдун турнири. 31-августа Лейлектен чыккан Абдрахман Палвандын турнири. Ушуларды жыйынтыктоо иретинде үчүнчү мелдешти эл аралык, Орто Азия деңгээлинде кылып, атамдын ысымында салтка айлантып, мелдеш өткөрүүнү бел байладык.

Иматкул ажы, Бавраим Палвандын досу: “Өзүнөн чоң тажиктин “өпкөзүн” үзүп…”
– Экөөбүз кичинекейибизде бирге өстүк, чоңойдук. Улуттук ат спортуна да кызыгып улак тартты. Жыйырма жылча “Лейлек күрөшү” менен шугулданды. Кай жерде күрөш болбосун, экөөбүз жетип барат элек. Бавраим эр-жүрөк болгондуктан, кандай гана балбан болбосун, шымалана кирип барып күрөшөт эле. Өзүнөн оор, 150 килограмм келген алптарды так көтөрө чаап, жыгып салчу. Бир нерсе эсиме түшөт. 1965-жылы Тажикстандын Эре-Төбө деген жеринде 10 миңден ашуун эл кылкылдап турат. Атактуу балбаны бардыгын жыгып, эми Бавраим менен күрөшө турган болуп калды. Жергиликтүү эл тажик балбанын сүрөп, “эгер биздин балбандын жыксаң, соо болбойсуң, өлтүрүп салабыз” дешиптир. Ошого карабастан, эч тайманбай күрөшкө чыгып, эки саатча алышып, бирде ал, бирде Бавраим көтөрүп, акыры 160 килограммдык тажикти, таз-за көтөрүп чапкан. Ортодогу калыс колун көтөрүп, “жеңүүчү” дээри менен, кылкылдаган элдин арасынан суурулуп, бирге качып чыкканбыз. Өтө аз жашады. 47 жашында дүйнөдөн кайтты. Беш уулу бар. Алардын баары күрөшө алат. Мына эми минтип Исламбек уулу атасынын атын өчүрбөй мелдеш өткөзүп атат.

Сурат Жылкычиев, «Учур» («Кыргыз гезиттер айылы»), 10.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.