Кыргыздар элеттик Григорийин тааныбай жатабы?

Биздин билишибизче, 1996-2000-жылдары кыргыздын окумуштуу-академиктери “Ай, Күн календарын жаңылабай туруп, ар кандай адашуулардан оолактай албайбыз” дешип, жаңы Ай, Күн календары жаралып, 2003-жылы “Теңир Ордо” улуттук мурастарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү коомдук фондунун жетекчиси Дастан Сарыгулов тарабынан басмаканадан чыгарылып, ушул күнгө чейин ал ар жыл сайын кыргыз элинин кеңири катмарына тарап келет. 2004-жылы Кыргызпатент бул календарга улуттук календар болсун деген максатта күбөлүк берген.

Бирок редакциябызга бир жылдан бери азыркы календардын мүчүлүштүктөрүн айтып, “календарыбызды астрономиялык-физикалык табигый мыйзамдарга туура келтирсек болбойт беле” деп Жалал-Абад облусунун Көк-Бел айылынын тургуну Анарбек Темиркулов келип жүрөт. Анын айтуусу боюнча азыркы календарда мүчүлүштүктөр өтө эле көп, 17-мартты кайра 1-март кылып астрономиялык-физикалык табигый мыйзамга туура келтириш керек. “Кайсы жагынан далилдебейли күн-түн 21-мартта эмес 17-мартта теңелет экен. Тарыхка кылчайсак, 1-март Юлий Цезардын убагында күн-түндүн теңелүүсү катары жаңы жыл деп майрамдалып келиптир. Кийин Цезарь жаңы жылды эки айга артка жылдырган. Ошентип мезгилдер жаздан башталбай кыш, жаз, жай, күз, кайра кыш менен бүтүп калган. Бул суткалык айырмачылыктарды жараткандыктан, Рим папасы Григорий XIII юлиан календарындагы ыңгайсыздыктарды жоюу максатында 5-октябрды 15-октябрь кылып 10 күн аттап, күн-түндүн теңелүүсүн 21-мартка алып келиптир. Кийин В.И.Лениндин сунушу боюнча РСФСР Совнаркому юлиан жана григориан календарында 13 күн айырмачылык бар деп, 1918-жылдын 1-февралын 14-февралы деп кабыл алган. Ушундай аттап кетүүлөрдүн натыйжасында латын айларынын 23 күнү жылып кеткен. Ошол кезде Совнарком 13 күндү артка кайрыганда латын айлары биринчи күндөрүнөн башталмак. Мунун кесепетинен зодиак айлары да айдын жыйырмасынан башталып калып отурат” дейт беттегенин бербеген элеттик жаран.

Анарбек аганын айтуусуна караганда, календарды туураласак жылдын төрт мезгилинин башталышы, аякташы ордуна келип, күн-түндүн теңелүү күнү такталмак. Экинчиден, зодиак айлары ар бир айга дал келип, жайкы, кышкы чилде так аныкталмак. Апта, айлар аталыштарына жараша ордуна келип, айыл чарба жумуштарын жөнгө салууга зор салым кошулат. Мындан сырткары, бул календардын колдонулушу менен жылдын орточо узактыгынан ашык болгон 28 секунд 1 секундага ылдыйлап, глобалдык жылуулуктан адамзат кичине болсо да арылып, кыргыз тарыхта калат.

Анын бул маселе боюнча “Календарыбызды астрономиялык-физикалык табигый мыйзамга туура келтирсек” аттуу конкреттүү далилдер менен келтирилген көлөмдүү макаласында “Мисалы, сентябрь – латынча september – septem – 7 дегенди, oktober – 8, november – 9, dezember – 10 дегенди билдирет. Азыр декабрь 12-ай болуп жүрөт. Көрдүңүзбү, азыркы айлар маанисине жооп бербейт. Башкача айтканда, айлар эки орун артка жылып кеткен. Бул катачылыктарды эске албай, григориан календарына кыргызча айларды чаптап салдык. Натыйжада чын куран айы биринчи айтылбай, анын ордуна жалган куран айы туруп калды. Мындан улам башка айлар да бир орундан жылышып калды. Эгер кыргызча айлардын тогоолдорун, жаңы күндү, жаз мезгилиндеги үркөрдү, астрономиядагы беш тогоолду жана күн-түндүн теңелүүсүн эске алып, 17-мартты 1-март десек, айлар ордуна келет. Ошондо жалган куран акыркы ай болот. Григориан календарында айлардын аякташы да чаржайыт. Ал эми аптага келсек, жекшемби жума башында турушу керек. А биз аны акыркы кылып койдук. Чечмелейли, жекшемби – як-шам-ба дегенден келип чыккан. Бул жерде “як” бир дегенди билдирет. Акшам – таңкы жарык, ба – байламта. Дүйшөмбү – ду-шам-ба. Ду – эки дегенди билдирет. Шейшембиде се – 3, шаршембиде чор – 4, бейшембиде панч – 5, ишембиде иши – 6, жумада йума – жума дегенди билдирет. Анан кайдан барып дүйшөмбү биринчи күн болсун. Орустардыкын деле карап көрөлү, “среда” “ортосу” дегенди билдирет. А “среданы” карасаң аптанын ортосунда эмес” деп күйүп-бышат. Анарбай аганын календары боюнча жайкы чилде 13-июлдан башталып 21-августта бүтөт. Бул жерде жайкы мезгил 93,6 сутка болгондуктан жайкы чилде 2-3 күн узарышы мүмкүн. Кыш мезгили өзү 89-90 сутка болгондуктан, анын ичинде кыш чилдеси 40 күн. Кыш чилде 12-январдан башталып 21-февралда чыгат. Бирок 21-февралдан 17-мартка чейин кыш күчүндө болот.

Ал “бул айткандарым кыргыз календарынын пайдалуу жактарынын азы гана. Эгер жакшылап түшүнсө мен сунуштап жаткан кыргыз календарынын пайдалуу жактары абдан көп. Кыргыз эли туурамачылыкты, оомачылыкты коюп, касиеттүү Ноорузду жаңы жыл кылып, календарыбызды оңдоп-түзөсөк болот эле. Мен канча жылдан бери кыргызча, латынча, зодиак жана айлар бир системага келтирилген долбоорду сунуштап келатам. Буга өкмөт, ажо, парламент маани берсе өтө чоң утуш болмок” дейт.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 08.07.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.