Исрадин Аманбаев, обончу: “Адам бир эле күндө таанымал боло алат”

Бир кезде өзүнүн өзгөчө обондору менен жарк этип чыгып элге таанымал болгон обончу, композитор КР эмгек сиңирген артисти Исрадин АМАНБАЕВ көптөн бери көрүнбөй кеткен эле. Ош шаарындагы музыкалык окуу жайда иштеп жүрүп, жарым жылдан бери Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайда директорлук кызматта иштеп аткан экен. Исрадин мырзанын басып өткөн чыгармачылык жолун эске салдык.

– Акыркы кезде сиздин жаңы ырларыңыздын жаңырганын укпай калдык?
– Коом өзгөрүлүп башка нукка өттү. Мурда биз ырдап жүрсөк, азыр жаштар чыга баштады. Бир мезгилде кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты болуп маданиятта да тополоң башталбадыбы. Ырларды, обондорду биринен бири уурдап, өзбектердин, арабдардын, Европанын аралашкан ырлары пайда болду. Бирок акыркы үч-төрт жылдан бери жеңил-желпи ырлар өзүнөн өзү жок болуп, кыргыздын нукура элдик, мурунку обондору жаңырып чыга баштады. Биз сөзсүз ушундай мезгилден өтүшүбүз керек эле. Ошондой мезгилде мен сырттан карап, байкап турдум. Бирок жеке чыгармачылыгымды таштаган жокмун. Музыка, искусствонун чордонунда эмгектенип жүрөндүктөн анын азабын, жыргалы менен кууралын тең бөлүшүп жүрдүм.1985-жылдары менде абдан эргүү болуп, жаштыктын кайнап турган мезгили болгон. Ошондо “Кайдасың сен, Нестан Дарежан”, “Ай жарык”, “Ай, гитара”, “Мөл булак”, “Жетиген”, “Соң-Көл баяны” деген ырларым катары менен чыгып, эл оозуна тез алынган. Андан кийин деле жылына жаңы обондорду чыгарып турдум. Элге жакшы сиңип калган элүүгө чукул эски ырларымды кайрадан иштеп, жаңыча ритмдерди кошуп, мурдагы кемчиликтерин жоюп, түп нускасында “Алтын фондго” тапшырдым. Эл абдан жакшы кабыл алды.

– Сиздин жашооңуздагы, чыгармачылыгыңыздагы өткөөл мезгил кайсы учурга туш келет?
– Жашоодо баары бирдей болбойт. Бирде оор, бирде жеңил, бирде күлсөң, бирде кайгырасың дегендей. Биздин ойчулдар айткандай, бул жашоо Кудайдын берген белеги. Жашоодогу ошол кайгың да, кубанычың да, бардыгы сен үчүн кымбат нерсе болуш керек. Башыңан өткөн кыйынчылыкты да жакшы көрүп кабыл алыш керек. Эми менин башыман деле кыйынчылыктар өткөн. Бирок аларды өтө оор деп айталбайм. Союз тарап биздин замандын өткөөл мезгилинде балдарыбыз менен батирлеп жүрдүк. Ошол учур татаал мезгил болсо керек.

– Кайсы жылдары үйлүү болдуңуз, үйдү мамлекеттен алдыңызбы?
– Мамлекеттен алган жокмун. 1995-жылы үйлүү болдум. Ошондо кыргыз телевидениесинде “Шерине” деген көрсөтүүнүн алып баруучусу Бөкөнбай Боркеев чыгармачыл адамдарга шерине уюштуруп, облустарга кат жазып, алар жардам беришип, өзүм концерт коюп, жолдоштор көмөктөшүп, үйлүү болуп калдык. Ал эми ырларым хитке айланып атагым чыгып турганда ырдаганга эле ыраазы болуп, акчага кызыкчу эмесмин. Ошол кезде мен батирде жашачумун. Азыркыдай материалдык байлыкты ойлочу эмеспиз.

– Ошол кезде артыңыздан далай кыздар чуркаса керек, келинчегиңизди кантип таап алдыңыз?
– Мектепти аяктагандан кийин Ош мамлекеттик институтунун музыкалык факультетин бүтүргөм. Ошол кезде менин “Төкчү жамгыр”, “Келбейлиби бир басып”, “Тийишебиз кыздарга” деген студенттик кездеги ырларымды ырдачубуз. Ал ырларым студенттер арасында популярдуу эле. Мени студенттер менен жолугушуу кечесине көп чакырышчу. Ошондо физика-математика факультетине жолугушуу кечесине барганда келинчегим менен таанышып калгам. Ал мурда менин ырларымды радиодон угуп, жолугушууларда көрүп жүргөн экен. Бирок анда Кыргызстанга таанымал боло элек болчумун.
Негизи адамдын жолу ачылса бир эле күндө популярдуу, таанымал болуп калат экен. Менин элге таанымал боло баштаган мезгилим 1985-жылга туура келет. Институтту аяктап, Кара-Кулжа районунун Ак-Кыя орто мектебинде иштеп калдым. Ошол жерде Эрмек Мамытов деген айылдык мугалим ыр жазат экен. Экөөбүз чогулуп “Өттү күндөр” деген ырды жаздык. Андан кийин “Нестан Дарежанды” чыгардык. Ар бир жигиттин өзүнүн Нестан Дарежаны бар, ошондой мааниде жазылышы керек деп идеясын айтсам, ал сөзүн жазып берди. Ошол кезде Ошто обончулардын сынагы болуп, мен “Кайдасың сен, Нестан Дарежан” деген ырым менен бардым. Сахнада чыгып аткан ырчыларды радиого жазып атышкан. Мен ырымды ушунчалык берилүү менен ырдадым. Эл абдан жакшы кабыл алып туруп кол чабышты. Ошол сынакта бирден эле ыр ырдалмак. Мен кетип калсам, беш мүнөттөн кийин артыман алып баруучу келип, сени эл кайра чакырып атат деди. Көрсө, эл беш мүнөткө чейин токтобой кол чаап чакырып туруп алышыптыр. Эл абдан суранганынан эки жолу ырдагам. Эртеси күнү ошол ырымды радиодон беришип, бир эле күндө Кыргызстанга тарап, популярдуу болуп кетти. Ошондон улам адам таанымал болуш үчүн жолу ачылса бир эле күндүк иш экен деп ойлоп калдым. Андан кийин Бишкекке концерттерге чакыруулар көбөйдү. Бирок мен мектепте эле иштеп жүрдүм. Бир күнү Ошко Асанкан Жумакматов менин он ырымды оркестр менен даярдап келишиптир. Бул кандай бала болду экен, көрөлүчү деп атайын чакыртып жибериптир. Керим Турапов жаңы чыгып аткан, ал “Ай гитараны”, Шеркул Дүйшөналиев “Нестан Дарежанды”, Дарика Жалгасынова “Соң Көл баянын”, “Төкчү жамгырды” ырдап атыптыр. Алар менен кошулуп гастролго чыгып аккордеон менен ырдап жүрө бердим. Ошондо Жумакматов сенин обондоруң профессионал композиторлордун романстарына жакын экен, композиторлук бөлүмгө барып окубасаң болбойт деген сунушун айтты. Ошондон кийин Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырып, Алтынбек Жаныбеков деген чоң композитордун классында сегиз жыл окудум.

– Анда кичинеңиздеги атактуу обончу болом деген бала кыялыңыз тез эле ишке ашкан турбайбы?
– Кичинемде музыкант болом деп таптакыр ойлочу эмесмин. Биздин айыл абдан кереметтүү, сууга бай, бейиштей таза, таланттууларга бай жер. Азыр атам сексен төрттө, айылдын комузчусу. Биздин Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүнүн Көңдүк айылында ошол кезде ар бир үй-бүлөдөн бирден комузчу чыкчу. Алты жашымда комуз чертип, ошол кездеги майрамдарда эң кичинекей комузчубуз ушул деп, мени комуз черттиргени эсимде. Алты жашымда мектепке барып, зирек окудум. Ошол кезде биздин мектепте музыка болбогон сабак деп жаман көрүшчү. Атайын музыка мугалими жок болгондуктан баркы жок эле. Башка сабактардан мыкты окугандыктан, музыкант болом деп таптакыр ойлогон эмесмин. Адабиятты жакшы көрүп ыр жазчумун, ошондон улам акын-жазуучу болом деп кыялданып койчумун. Кыргыз тилден берген мугалим ошентип айтчу. Математикадан берген мугалим сен биздин ордубузга математик болушуң керек дечү. Ал эми химиядан берген улгайып калган агай мен картайып калдым, сен барып окуп, химиядан мугалим болуп келбесең болбойт дечү. Тагдырдын тамашасын карабайсыңбы, 8-класста окуп жүргөндө баян үйрөнүп алдым. Ошол мезгилде мугалимдердин райондук кароо конкурсу болуп, даярдаган эч ким жок мен жардамдаша баштадым. Бир күнү үйгө кетип баратканда бир мелодия кулагыма жаңырды. Үйгө барып бир нота билбей туруп кадимкидей эле обон чыгарып алдым. Үйгө келсем обонго текст жок, 5-6-класстын китебинен А.Токомбаевдин “Кайда барат?” деген ырына обон чыгардым. Сынакта жаңы ырдын премьерасы деген номинация бар экен, ошол ырды бир эжейге үйрөтүп, анан кароо конкурска катыштык. Ошол ыр менен жеңүүчү болуп, Алайкуу өрөөнүнө тез эле тарап кетти. Исрадин обон чыгарыптыр деп аябай макташканы мага ого бетер дем берди. Анан дагы обон чыгарайын деп талаада мал кайтарып жүрүп, Алыкул Осмоновдун “Берчи мага, музыка” деген ырына обон чыгардым. Жайында колхоздун чөбүн тартып жүргөн маалда башкарма Үсөн аке чакырганынан үйүнө барсам, Рыспай Абдыкадыров, Давлет жеңе менен кызы Сюита, дагы бир комузчу кымыз ичкени келишиптир. Башкарма бизде ырдаган бала бар деп мени чакыртыптыр. Аларга ырдап берсем, Рыспай ага “сен Ошко барып музыкалык окуу жайга тапшыр, сен келечекте мендей обончу болосуң” деп айтты. Мен эч кимге айтпай мектепти аяктагандан кийин Ошко барып музыкалык факультетке тапшырып, окууга өткөндөн кийин айылга келип, мугалимдериме жолуккандан уялып жүрдүм.

– Чыгармачыл адамдардын саясатка аралашканына кандай карайсыз? Өзүңүздөн саясатчыны көрө аласызбы?
– Эгер мүмкүнчүлүк болуп калса саясатка деле аралашуум ыктымал. Анүчүн ага кызыгып артынан чуркаш керек. Саясатка аралашып жүргөн кесиптештериме көз карашым түз. Себеби музыкант же ырчы болсо саясатчы боло албайт деп ойлошот. Чыгармачыл адамдарга жараткан андай мүмкүнчүлүктү аз берет. Жүздөн бири же экиси чыгышы мүмкүн.

– Мектеп партасынан баштап эле чыгармачыл адамдарга аралашып калыптырсыз, ошол учурда сизге бут тосуулар болду беле?
– Чыгармачыл чөйрөдө көралбастык болот. Бирок мага ачык көралбастык кылып бут тоскондор болгон жок. Себеби адам өзүнө ишениш керек. Өзүңдүн чыгармачылыгың, мүнөзүң күчтүү, бардыгын билип турсаң алдыңан эч ким чыгалбайт. Качып жоголушат. Чыгармачылыгың начар болсо, ошону барктай албасаң бирөөлөр үстөмдүк кыла беришет.

– Сизден кийин чыккан обончулардын кимисинин чыгармачылыгын баалайсыз?
– Бизден кийин Болот Токтобаев, Бек Борбиев, Акбаралы Таспаев, Майрамбек Осмонов менен обончу деген термин токтоду го. Кийинкилерге обончу дебей башкача термин табыш керек. Себеби, обончу деген бул кыргыздарга гана тиешелүү термин. Кийинкилер ырчы, аткаруучу болуп кетет го дейм. Жаш ырчылардан Ильяз Абдыразаков, Мирбек Атабеков, Замир Арыкбаев, кыздардан Каныкей жаңыча жол менен чыгып атышканы жагат.

– Былтыр түштүктөгү кандуу окуяга күбө болсоңуз керек, ошол жөнүндө айтсаңыз?
– Биздин үйүбүз өзбектердин махалясынын ортосунда болчу. Кыскасы, абдан жаман болду. Кыргыз-өзбек эли кылымдардан бери чогуу жашап келишкен. Буларды эч ким бөлүп, ажыратып, душман кылалбайт. Буларды ою жамандар чабыштырышты. Муну башкалар биз тынчыттык, биз бастык деп айтып атышат. Андай болгон жок. Эл өзүн өзү сакташты, өзү басылды. Бир тууган эл бирин бири түшүнүштү. Антпесе мындан да жаман болмок.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, «Жаңы Агым» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 18.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.