Түгөлбай Казаков: “Мага имидждин кереги не?”

Кыргызды кыргыз кылып турган мыктылардын жука катмары бар. Ошол катмардын бир бүктөмү кадимки Түгөлбай Казаков. “Кантип жашайбыз?” деп, башыбызды койгулап, орус-батышка салпактап чуркап кетип атпайбызбы, гений издеп. Колдо бар алтын баштардын баркына жетпей. Түгөлбай агабыздын 60 жаш маараке-курагы менен куттуктап жатып, агынан жарылган маегин жарыяладык…

– Журналисттер респонденттин бүтүндөй жан дүйнөсүн аңтаргысы келет эмеспи, бул сизге жагымдуу элеби?
-Журналистиканын табияты ошол. А тургай батышта жеке турмушуна, уктаган бөлмөсүнө чейин кирип кеткен учурлар бар. Мунун чеги болушу керек. Журналистика өзү баарына кызыккан кесип. Эмнени айтуу керек, эмнени айтпоо керек респонденттин өзүнөн. Ошондуктан жагат же жакпайт дебей журналистиканын табиятын түшүнүшүбүз керек.

– “Өнөр өлтүрбөйт”-дейбиз, ушунун чындыгын өлчөп көрдүңүзбү?
– Бул руханий өңүттө айтылган кеп. Кай инсандын өнөрдөн олжологон табылгасы артында калгандыктан, унутулбай эскериле бергендиктен айтылган кеп. Ал эми кээде өнөр, адамдын денесин көп учурда ажалдан мурун өлтүрүп деле коет. Мисалы, Сүймөнкул Чокморов “Жетинчи ок” менен “Жалаң эркектер” деген тасмага тартылбаса бөйрөгүнөн ажырабайт эле. Бул сыяктуу өнөрдөн гипертоник болгондор, жүрөгү ооругандар бар. Биз кыргыздар материалдык дүйнөгө умтулбай, мүдөөбүз руханий болгон үчүн ушу жагына көп басым жасайбыз.

– Сизге ким бирөө устат болгондур. Өзүңүз шакирт таптадыңызбы?
– Колуман жетелеп, аспап карматып, “обон чыгар” деген устатым болгон жок. Ошентсе да алгачкы устатым катары Искусство институтунда окуп жүргөндө баян деген аспаптан сабак берген Алаев деген агайды айтар элем. Ал киши тапшырма берип, кайра угуп, баа коюп жүргөн жок. Ал чыгармачыл көрөнгөм бар экенин билиптир. Дүйнөлүк музыка менен тааныштырып, мыкты чыгармалар менен таасирленүү керек деп абдан туура жана акылдуу кеңештерин берген. Атай, Муса сымал улуу агаларыбыздын, кийинки Мамбетбаев, Түркмөнөв, Айталиевдин таасири, анан Абдыкадыров, Тагаев, Рыскулбеков, Жумалиев, Атабаев сыяктуу чоң обончулардын чыгармалары да биз үчүн устат да болду, көкүрөгүбүздөгү көркөм табитибизди калыптандыра турган мыкты үлгү да болду. Шакирт күткөн жагына келгенде, устат болом деген ой эч качан болгон эмес. Жаш обончулар кеңеш сураса акылымда болгонун айтып жүрдүм, бирок бирөөнү колдон жетелеп, алып жүргөн жокмун. Антүүдөн өзүм да корком. Бир топ эле жөндөмдүү музыканттар болот. Бирок алардын жаратман духу канчалык экенин билиш кыйын.

– Жаш обончуларды окутуп жатып жан дүйнөңүз кыйналбайбы. Анткени чыгармачыл адамдын “мени” күчтүүрөөк болот эмеспи?
– Күчтүү таланттын корко турган эч нерсеси болбойт. Ал өзүнүн жолун өзү чапкан. Анын жолу менен эч ким кете албайт. Башкалар анын жолун тепсей да албайт. Ич күйдүлүк өнөрдө анча-мынча шыгы бар, бирок “Өнөрдө абдан бийик болсом”-дегендерден чыгат.

– Сахнаны жалаң сабатсыз, сапатсыздар ээлеп алды деп келебиз. Ошол жагын калыпка салуу боюнча баш оорутасызбы. Сиздин пикирде канткенде чыныгы таланттарды иргеп, “жылдыз” кыла алабыз?
– Кыргыз “Уядан эмне көрсө, учканда ошону алат”-дейт. Биз теледен же радиодон кандай чыгармаларды берсек, ошону уккан жаш муундун көркөм табити калыптанат. Бул бир күндүн иши эмес. Чыныгы искусствого келгенде эки муунду жоготуп алдык го деп ойлойм. Искусство деген саясат эмес. Саясатчылар жаңылса ал өзүнүн шору. Андан башка адамдын жан дүйнөсүнө чоң зыян келбейт. Ал эми искусстводо сапатсыз, сабатсыз нерселерди биз “культ” кылып эфирден кайра-кайра таңуулай бере турган болсок, анда, кийинки муундун көркөм табити дал ошондой калыптанат. 60-жылдары биз обончулукка жаңы кошулабыз деп жүргөндө радио-теледен жаңырган ырлар кандай сонун эле! Мына, ошолор бүгүнкү күндө кыргыз обондорунун алтын казынасы болуп турат. Кийинки муун ошолорго таасирленип мыкты обондорду жараткан. Жаңы муундун алдында кандай музыкалык фон турса, кийинкиси ошого жараша тарбияланат. Ал эми табити бузулуп калгандарга кандай чара көрсөң дагы оңдой албайсың. Эки муунду жоготуп алдык дегеним ошол. Эми үч же төрт муун жоголсо, 46-жылы Аллен Даллес деген ЦРУнун агенти иштеп чыккан программаны толук аткарган болобуз.

– Ал эмне болгон программа эле?
– Ал программада биздин көркөм дөөлөттөрдү жасалма дөөлөттөргө айырбаштоо биринчи максат болгон. Азыр руханий дүйнөбүздү сактап кала турган 5-10 жылдык гана убактыбыз калды. Эгер ушу боюнча жүрүп отурсак, кыргыздын колоритин сактаган өнөр адамы чыгат деп айтуу кыйын… Ал эми чек мындай болот, чыгармачыл адамды ойлонтуу үчүн талап катуу болушу керек. Биздин учурда чыгарган обондорубуз жакшыбы, жаманбы Маданият министрлигинин алдындагы атайын комиссия кабыл алчу. Ага чейин эфир же концерт ойго да келчүү эмес. Биз ошондой көркөм кеңеш түзөлү, халтурага чек коелу деп бир нече жыл мурун демилге көтөргөнбүз. Ошондо азыркы сахнаны тебелеп жүргөндөр президент Бакиевге чейин жетип, түзүлүп жаткан көркөм кеңешти токтоттуруп салышкан.

– Кимдер экенин атай кетпейсизби?
– Аларды айтпасаң да белгилүү. Батышка акылын алдыргандар. Алардын аркасында турган чоң күч бар. Себеби, руханий дөөлөтү жоголгон элди башкаруу оңой болот. Ал эми руханий жактан бийик элди башкаруу, алардын байлыгына ээ болуу өтө кыйын. Биздин жерге көз арткан батыштын ойчулдарынын программасынын биринчи максаты – биздин элдин руханий байлыгын жоготуу. Массалык маданиятты бизге таңуулаганы ошондон. Азыр Америкага кимди көп чакырат? Эстраданы. Фольклорду неге чакырбайт? Себеби, фольклор алардын максаты эмес. Фольклор сакталып калса, кыргыз сакталып калат. Массалык маданият – кайсы улуттун болбосун улуттук маданиятын талкалап, бей улуттук арзан маданиятты түзө турган нерсе. Биз батыш таңуулаган жасалма дөөлөттөргө каршы турбасак болбойт.

– Сизди маданияттын чыныгы кызматкери, мыкты обончу деп тааныйбыз. Чыгармачыл айдыңда өзүңүздүн кемчилигиңизди айтыңызчы?
– Ыкшоолугум өмүр бою коштоп келатат. Баарыбыз Салижан Жигитов менен Дооронбек Садырбаевдей эмгекчил болсок, көп нерсени жаратмакпыз. Пенде катары учурунда уккан жакшы сөздөргө эреркеп кетип, ошол кемчиликтерге көз жуумп койдум окшойт.

– Улуу муун жаш муунга ачык сын айта албай кылчактап келатпайбы, жанагы “табит талкалагычтардын” бирөөсүн сындап бериңизчи? 
– Сындан мурун турмуштун бир мыйзамына токтолоюнчу. Картайгандар – жаштарга дайыма келесоо көрүнсө, жаштар – картайгандарга бузулуп бара жаткандай көрүнө берет экен. Ал эми, мен сындай тургандар көп. Бирөөсүн сындасам, калганы таарынып калышы мүмкүн. Андыктан жалпы кемчиликтерин айтайынчы. Азыркы эстрададагы кыргыз балдар-кыздар, кыргыз мектепте окуп бүтсө да эмнегедир эле “ы” тамгасын айта албайт. “Ы” тамганы “и” кылып ырдашат. Муну мода катары көрүшөт. Жаш обончуларынын айрымынан бөлөгүндө музыкалык көрөңгө нөл. Батыштын ыргактарын бурмалап алып “композитор” болуп атат. Кандай мээ менен “чыгармачыл талант” экенин түк түшүнбөйм. Батыш биздин эстрадабызды түкүрүктөй көрбөйт. Батышты опера жаатында Болот Миңжылкиев гана таңгалдырган. Ошондуктан обон деген кыргыз үчүн жазылышы керек. А кыргыздын колоритин сактоо ар кимдин эле колунан келе бербейт. Тантыраган обонду эфирге алып чыгуу уят.

– Айтсаңыз, жаңы обон кандай жаралышы керек?
– Канткенде мурда жаралган обондордон башкача, өздүк формада чыга алат. Обончуда же билим болушу керек же ал Боогачы, Атай баштаган көп композиторлорду билиши керек. Элдик ырларды билбегендер кыргызча обон чыгара албайт. Жакшы үндүү балдар бар. Бирок, аларга ылайык жакшы ырлар жок.

– Саясатпы, маданиятпы, социалдык көйгөй болобу ачык сын пикир айтып келесиз. Бул сапатыңыз имиджиңиз үчүнбү?
– Мага имидждин кереги не? Болгон адамдык мүнөзүм. Бала күнүмөн ушундай калыптангам. Тескери жасалып аткан ишти көрсөм, оюмду түз айтам.

– Таза таланттар тегин эмес да, кандайдыр сыр, аян алып чыгарма жараттыңыз беле?
– Генетикага байланыштуу нерсе да. Кызым төрөлөрдө, уулдуу болорумда аян алгам. Түшүмдө ким бирөө келип, “Жаңы обон ойночу” десе, мен токтолбой жаңы обонду ойноп жатып ойгонуп кеткем. Кайрыктар кулагымда жаңырып тургандыктан нота кагазына түшүрүп калгам. Ал “Сүйүү жазым” аттуу ырым эле. Өнөр адамын Теңирдин берген белеги, аманаты деп кабыл алып аяр мамиле жасоо керек. Өткөндө Замирбек Үсөнбаев тууралуу макала жаздым. Жайсаңдан берки келаткан кыргыздын залкар ырчыларынын эң акыркысы ушул Замирбек деп мисалдадым. Миллиондун бири ким экенин таануу шарт. Кудай сүйгөн калкпыз, манасчы менен төкмөнү аздектешибиз кажет. Анык аянчылар ошолор.

– Бакыттын ачкычын таптыңызбы?
– Ким бирөөгө бакыт – миллиндогон акча экен. Ким бирөөгө бийлик болуп көрүнөт экен. Теңир мага кандай жолду ыраа көрсө, ошондон чыкпай жашоо менин бакытымдыр.

– Жеңилүү ызасын тарткансызбы? 
– Тарттым. Бирок бул пайдалуу нерсе. Өз кемчилигиңди оңдоого өтө керек. Адамдын көзүн май баса түшөт го, ошондо эсиңе келтирип коет. Маселен, Улуу Жеңиштин 30 жылдыгына арналган конкурска “Эстелик” деген ырым менен катышып калдым. Реалдуу караганда алдыңкы орунга ылайык болгон менен сыйлыкка илинбеди. Өмүрүмдө ушундай ыза болгон эмесмин. Конкурс соңундагы концертке “катышпайм” дедим. Десем, министр Күлүйпа Кондучалова эжебиз: “Сен эмне, сыйлык алганы келдиң беле?!” деди. Ошондон тарта ушул күнгө чейин мен атак-даңк, сыйлык дегендерге кош көңүл карап калгам. Учурунда таамай айтылган сөз эң жакшы да, мен ушу кишиге абдан ыраазымын…

– Кесиптештериңиздин бут тосуусуна кабылдыңыз беле, кабылсаңыз канттиңиз эле?
– Мени 80-жылы “Ленин Комсомолу” сыйлыгына көрсөтүп жатканда, чогуу жүргөн эле эки обончу үстүмөн тоголок арыз жазган күн болгон. Өз колдору менен “4-5 аял алган, үй-бүлөсүн таштап кеткен, алкаш…ж.б.” сыяктуу мазмундагы арыз жазышыптыр. Комиссия түзүлүп иликтеп, катуу текшерүүгө алып атып анан беришкен сыйлыгын. Ал эки “тоголок арызчылар” дүйнө салып кетишти. Аларга ичиркенгенимди билдирбей, баштапкы мамиледе болдум.

(Уландысы келерки санда)

Маектешкен Жаңылай АЛИЕВА, «Кереге» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 16.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.