КРнын Эл артисти Нурак Абдырахманов: Атилланын түпкү-теги кыргыз болгон дешет…

Үч кыл комуз-өтө татаал, ар тараптуу, музыкалык тилге өтө бай, көп кырдуу аспап. Дүйнөлүк элде комуздай сыйкыр авазды тартуулаган аспап жокко эсе. Мындай аспаптарды ойноодо аткаруучудан өтө күчтүү туюм сезимталдык-курч угуу талап кылынат. Комуз күүсүн чертүүнүн да чеберчилиги бар. Ушундай күүлөрдүн эгедери комузчу Нурак Абдырахмановду кепке тарттык. 

– Чыгармачылыктын чыйыр жолуна кандайча кабылып калдыңыз?
Атам Абдырахмандынн таасири менен 5 жашымда колума комуз кармап, жөнөкөй күүлөрдү чертип, Соң-Көлдүн “бала комузчусу” аталгам. Атам айтып калчу эле: “Күү деген нерсе адам баласынын өмүрүндөгү таасир бере турган сөз менен түшүндүрө алгыс касиетти бар чоң нерсе. Күүнү залкар комузчулар 60ка таяп калганда чыгарчу. Бул Алла таалам тарабынан берилген касиетке өзгөчө көңүл бурушуң шарт”- дечү.

– Күү чыгарууда кандай кыйынчылыкка дуушар болосуз?
– 1973-жылдары алгач “Кулунчак” аттуу күү жараткам. Ал күүнү шакирттерим “Шаттык” ансамбли “Тогуз кайрык”, “Сайра комуз” телеберүүсүнө катышып ойноп кетишкен. Жарым жылдын аралыгында апам, атам жана бир тууганымдан айрылгам. Орду толгус чоң жоготууга учурап, кан жутуп отурганымда бир кайрыктар кулагыма угула берди. Бирок ошол күүнү жарым-жартылай чыгарып толук бүтө албай койгонумда угуп отурган Муса Баетовдун шакирти Жумакадыр Айтбаев: “Бул “Ата Мурасы” деген күү турбайбы. Атаңдын арбагы айттырып жатыптыр, күүнү аягына чейин чыгарбасаң болбос”-деди. Андан соң Соң-Көлдүн жээгинде кыялданып отуруп, туулган айлым Соң-Көл жайлоосуна арнап “Соң-Көл ыргактары” аттуу күү чыгардым. Күүнү чоочун адам чыгаргандай, мен аны аткаргандай сезимге туш болом. Балким кыйынчылыктарга тушалбай, оңой-олтоң чыгарганымдан уламдыр.

– Атагы чыккан көпчүлүк инсандар тарых жолунда из калтырып, мемуар жазып калтырышкан. Сиз өз өмүр жолуңузду күүгө салганыңыз тууралуу айта кетсеңиз?
– Ооба, айтылуу Мукай Элебаевдин “Узак жол” чыгармасы сыяктуу менин да өмүрүм күүгө айланган. “Өмүр көчү” күүсүндө менин тагдырым чагылдырылган. Бул күүнү укканда терең философияга чөмүлүп , жалпы адамзаттык абалды түшүндүрүп тургансыйт.

– Кадимки “Атиллага” арнап күү чыгарыптырсыз?
– “Атилла” күүсүн чыгараардан мурун Ватиканга барып, тарых музейинде Атилланын сүрөтүн көрүп алып элестетип күү чыгарсам дегем. Музейдин кызматчылары Атилланын сүрөтүн мага көрсөтпөй коюшту. Үчүнчү жолу барганда Тарых музейинин директору Жумалы Момункуловдун демилгеси менен Атилланын сүрөтүн көрүп, бул тарыхта аты калган инсанга өзгөчө күү чыгарыш керек деп билек түрүнө кириштим. Ч. Айтматовдун досу немец академиги Фридрих Швецтин айтканы бар. Көрсө, Атилла гун падышасы, түпкү теги кыргыз болгон экен. “Кайың барбы кыргыз балта чаппаган, ойдуң барбы кыргыз сөөгү жатпаган” бекеринен айтылбаган чыгар. Индиядагы Агахан фонду ушул күүнү баалап, дүйнөлүк журналга компакт диски менен чыгарыптыр. 2011-жылы Самарканд шаарында ЮНЕСКО тарабынан өткөрүлгөн Шарк Тароналари деп аталган эл аралык конкурста “Салттуу музыканын бийик үлгүсүн сактагандыгы жана чеберчилиги үчүн” ЮНЕСКОнун маданий секторунун директору Норико Айкаша мырза тарабынан эң жогорку наамга ээ болгом.

– Өнөр адамы ар тараптуу болот дешет?
– Комузчулук өнөрдүн бир тармагы болгон тактеке ойнотууну да унутта калтырбай алып жүрөм. 1987-жылдан тартып, дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде ар кандай фестивалдарга чакырылып, кыргыздын күү, ыр, темир комуз, Манас, тактеке сыяктуу өнөрлөрдү тартуулап кыргыз салттык музыкасын өчүрбөй, муундан-муунга калтырууга бүт күчүмдү жумшап келем.

– Сиздин күүлөрүңүздү дүйнө эли угушат экен. Бул сиз үчүн сыймыктыр?
– 1992-жылы КРнын Эмгек сиңирген артисти ардактуу наамын алгам. 1995-жылы Японияда, 1997-жылы Франциянын мамлекеттик “Осого” радиосу, 2000-жылы Чехияда чыгарган компакт дисктери(СD)дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө уктурулуп келет.

– Устат-шакирт демекчи шакирттериңиз тууралуу билсек?
– Элге аты таанылып калган Рахат Көчөрбаев менин шакиртим. Бирин-экин күүлөрү бар. Рахаттын чоң атасы Касымкул мага демилге берип комузчу болгонума өбөлгө түздү. Менин устатым десем да жаңылышпайм. Камбаркан, Насыйкат, Ибарат күүлөрүн чертип өзү күү чыгарууга зор салымы бар. Мындан сырткары Б. Шатенов, Н. Карабаева жана башкалар.

– Кыргыздын дагы бир үрп-адаты жакыны жарыкчылык менен кош айтышканда комуздун күүсү менен угузушчу экен. Качантан бери бул адат калыптанган?
– Комузчу Кыдыр аке Бөгөчү уулу өлгөндө атаандаштары отурган экен. Ошол атаандаштарына уулунун өлгөнүнө байланыштуу күү черте баштаганда алар дароо күүнү түшүнүп, “Чалдын күүсү бузулуп баратат, тургула атка мингиле”, – деп кайра сапар тартышкан экен.

– Азыркы жаштарыбыз комуз күүсүнө кызыктарбы?
– Философиялык күүлөрдү түшүнүү үчүн, кеменгер акыл керек деп ойлойм. Азыркы жаштарыбыз жеңил-желпи эстрадага берилип, тебеленди акыл менен жашап келишет. Комуздун күүлөрүн баалоо үчүн акылы тунук болушу шарт. Биздин чоң трагедиябыз жаштарыбыздын интернетке ашепке берилүүсүндө.

– Атайын күүнү изилдей турган искусство изилдөөчүлөр барбы?
– Балбай Алагушевдин атасы Алагуш чоң комузчу болгон. Ошонун шарданы менен комуздун күүлөрүн изилдемиш болуп жүрөт. Комуз күүсүн ажарын ачкан изилдөөчүлөрдү жолуктурбай келем. Жогору жактагылар кыргыз элитасы дейбизби, айтор, көңүл бөлгүсү жок. Эч кандай колдоо деле жок. Бирөөнүн мурдун жалпайта койгон мушкерге өкмөттүн стипендиясын, үй берип жатышат.

Комуз дүйнөсүнө бет алуу
Нурак Абдырахмановдун өздүк комуз үйрөтүү ыкмасы

Комуз үйрөнүүдөгү татаалдыктар
Байыртан эле турмуштук зарылчылыктан улам жазуу-сызуу өнөрчүлүгү келип чыккан. Ошон үчүн өз кезегинде нота жазуу өнөрчүлүгү пайда болгон. Бүгүнкү күнү нота жазуу өнөрчүлүгүн жалпы адамзат өздөштүргөн толук баалуу каражат катары түшүнөбүз. Албетте, дүйнө элдеринин дээрлик бардыгынын кылдуу музыкалык аспаптары бир гана күүлөнүштө болуп, ар бир үн которулбай өз ордунда турган үчүн азыркы ноталык жазуулар аркылуу үйрөнүү ыңгайлуу. Ал эми кыргыз комузу аткарыла турган музыкалык чыгарманын өзгөчөлүктөрүнө карата 18(он сегиз) ирет которулуп күүлөнөт. Демек, керектүү үндөрдүн кайсыл чекиттен таап, кайсыл манжа менен басуу керектиги 18 жолу которулуп үйрөнүүгө туура келет. Башкача айтканда, комузду толук кандуу үйрөнүү үчүн 18 түрлүү музыкалык аспап үйрөнгөнчөлүк талап кылынат. Бул өзгөчөлүктү комуз чертүүнүн же үйрөнүүнүн ыңгайсыздыгынан эмес, бабаларыбыз комуз аспабын бөлөктөргө салыштырмалуу 18 эсе бийик деңгээлге көтөрө билгендигинде деп баарлашыбыз керек. Себеби, ар бир которулуп күүлөнгөн сайын комуз дүйнөсү ошончолук көркөмдүгү артып, ар бир жолу жаңы музыкалык боёктор менен байып турат. Андан сырткары, үн бийиктиктерине ылайыктап которуп күүлөө үчүн муктаждыктар бар. Мисалы бүгүнкү комуз үйрөнүү үчүн түзүлгөн окуу куралдары (китептер) негизинен “Ля” нотасына тууралап жазылган. Себеби негизи нотаны “ля” добушуна тууралап жазганда гана кайсыл мерчемде (позицияда) кайсыл ноталар бар экени жана ал ноталарды кайсыл манжалар менен басып ойноо керектигин ажырымдоого болот. Эгерде ырчынын үн бийиктигине же аткарыла турган чыгарманын маанайында карата негизги үн “ля” нотасына өзгөрүп, которулуп жазылса, анда мерчедеги (позициядагы) бардык ноталар алмашып калат. Ал алмашылган ноталарды керектүү манжалар менен издеп таап басыш үчүн жаңы көнүгүүлөрдү жасап, көптөгөн убарачылыкты өтүш керек. Европалык нотада жарым тондуктардан түзүлгөн 12 түрлүү үн бийиктиги чагылдырылган. Демек 18 түрлүү которуп күүлөгөндөн сырткары 12 түрлүү үн бийиктигиндеги тоскоолдуктарды кошкондо европалык нота жазмалары менен үйрөнүш үчүн комузга 30 түрлүү тоскоолдук келип чыгат. Андан сырткары оң колдун жана сол колдун манжалары аткарган көптөгөн ыкмалар, комуз кылдарынын ар кандай үн алышуусун европалык нотага чагылдыруу мүмкүн эмес. Ага кошумча дүйнө элдеринде учурабаган “Кол ойнотуу” деген өгөчөлүгүбүз бар. Албетте, көптөгөн татаалдыктарды жөнөкөйлөтүп, комуз үйрөнүүчүлөргө жеңил болсун үчүн жаңы ыкмадагы нота жазуу зарылдыгы келип чыкты. 1974-жылы Ак-Талаа райондук балдар музыкалык мектебинен башталган иш тажрыйбамдын жыйынтыгын жалпы комуз үйрөнүүчүлөргө тартуулап, Кыргыз рухунун эң бир маанилүү кенчи болгон комуз дүйнөсүнө жаштарыбызды чакырмакчымын.

(Уландысы кийинки санда)

Динара Асылбекова, «Обон» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 15.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.