Кытайлык кыргыздардын манасчылары

Кыргыз элинин улуу дөөлөттөрүнүн бири «Манас» эпосун кытайлык кыргыздар кылымдан кылымга, муундан-муунга айтып келген. Бул тууралуу кытай тарыхый булактарында көп ирээт эскерилет.

«Манас» эпосунун изилдениши Кытай Эл Республикасы негизделгенден кийин жолго коюлуп, аны изилдөө иштери  1953-жылы башталган. Адегенде «Манас» эпосунун айрым бөлүктөрү жыйналган. 1960-жылы борбордук улуттар институтунун тил факультетиндеги кыргыз тили бөлүмүнүн жана студенттери Синьцзяндагы уйгур автоном райондук адабий көркөм өнөр бирдикмесинин изилдөөчүлөрү менен бирдикте «Манас» эпосунун экинчи бөлүгү «Семетейди» жыйнап ирээттеп, айрым бөлүгүн кытайча, уйгурчага которуп «Тяншан» жана «Тарым» журналдарына жарыялашкан 1961-жылы Синьцзян уйгур автоном райондук үгүт бөлүмү, кытай эл оозеки чыгармачылык коому, Синьцзян адабият изилдөө институту, Кызылсуу кыргыз автоном областтык үгүт бөлүмү жана борбордук улуттар институту биргелешип, «Манас» тобун түзүшкөн Алгачкы саамалык катары Жусуп Мамай айткан эпостун көп бөлүгү жазылып алынып, кытайчага которула баштаган. Которулган материалдар «Манас» эпосунун биринчи бөлүмү иретинде эки китеп болуп басылып чыккан. «Манас» тобу Кызылсууда 70 тен ашык манасчы менен жолугушуп, жарым миллион сапка жакын эпостун түрдүү варианттарын жазып алышкан эле. Бирок, мындай демилгелүү иш саамалыктар көпкө созулган жок. 1966-жылы өлкөдө «Маданият көңтөрүшү» башталып, «Манас» эпосун идеологдор тарабынан сынга алынган. Манасчылар жана «Манас» эпосун изилдеген ар кайсы улуттагы илимпоздор саясий куугунтукка дуушар болушкан. Жыйналып алынган эпостун кол жазмалары жана анын кытай тилиндеги котормолору кароосуз калып, айрымдары жоголуп,  өрттөлгөн. Ушундай кырдаалга байланыштуу «Манас» эпосун изилдөө он жылдан ашуун убакытка токтолуп калган

1960-жылдардагы маалыматтарга таянсак XIX кылымдын акырында жана XX кылымдын башында Синьцзян кыргыздарынын ичинде бир топ манасчылар жашап өткөн. Алардын бири Жусуп Акун XIX кылымдын 70-жылдарында Кытайдын Синьцзян Уйгур автономиялуу районундагы Акчий жергесинде туулуп, 1920-жылы каза болгон. Ал «Манас», «Семетей», «Сейтек», «Кененим» бөлүктөрүн 6 ай бою тынымсыз айта алган. 1916-жылы атактуу манасчы Сагынбай Орозбак уулу менен Акчийде 14 күн «Манас» айтышкан деген маалыматтар бар. Анткени Сагынбай Орозбак уулу 1916-жылы үркүндө Кытайда жашап турганы белгилүү.  Жусуп Акун ошондо ак үй ичинде Манастын Коңурбай менен сайышын айтып жатып кызыганда тулгада асылган казандын үстүнөн секирип кеткен экен, – деп белгилейт профессор Ху Чженхуа. Тилекке каршы бул залкар манасчынын варианты кагазга түшүрүлбөй калган

Ыбырайым Саламбай манасчы (1887-1938) эл ичинде Төлөгөн манасчы деген ат менен белгилүү болгон. Ал эпосту «Манас», «Семетей», «Сейтек», «Кененим», «Асылбача, Бекбача», «Сомбилек», «Чигитей» деп сегиз бөлүккө бөлүп айткан. Акчийдеги билимдүү адам Балбай Мамай аны атайы чакырып айттырып, анын варианттарын толугу менен кагаз бетине түшүргөн. Бирок Балбай Мамай Гоминдан түрмөсүнө камалаарда ошол жердеги айыл башчысы кол жазмаларды үйүнөн алып чыгып өрттөтүп жиберген. Ошентип, эң кымбат кол жазмалардын түп нускасы жок кылынган 1960-жылдарда Кызылсууда «Манас» айтуучулардын саны 70тен ашкан. Алардын эң көрүнүктүүлөрү. Эшмат Мамбет Жусуп (1877-1962 жж) Синьцзяндын Алабука деген жеринде жашаган. 1961-жылы андан эпостун «Манас», «Семетей» бөлүмүнөн 17460 ыр сабы жазылып алынган. Азыркы мезгилде анын балдары, кыздары, неберелери да «Манас» айтышат

 Жуңгодогу дагы бир белгилүү манасчылардын бири Осмон Намаз. Ал Синьцзяндын  Актоосунда 1891-жылы туулган. Осмон Намаз негизинен «Семетейди» айткан. 1961-жылы андан 6543 сап жазылып алынган. Атактуу манасчы Сатыбалды Аалы (Текес ооданынан, Көктерек айылынан) эпостун «Бөйөнкан», «Чаянкан», «Чоюнкан», «Көбөйкан», «Түгөйкан» сыяктуу алдыңкы жети атасын айткан

 Манасчы Кабылакун Мааданбек 1898-жылы азыркы Акчий ооданына караштуу Карачий айылы, Акчий кыштоосунда дүйнөгө келген. Жыйырма жаш курагынан баштап атактуу манасчы Жусупакундан «Манас» үйрөнө баштаган. Сапарбайлык манасчы Асей дегенден үйрөнүп, кийин манасчы атыгып, эл жыйылган жерлерде өз өнөрүн көрсөтө жүргөн. 1964-жылы Мати деген адам Кабылакундун оозунан «Манастан» 5963 сап жазып алган

Кабылакун «Манас» эпосундагы негизги кейипкерлердин бири болгон Алмамбеттин Манаска келип кошулушун өзүнчө айткан. Анын манасчылык өнөрү жана вариантынын өзгөчөлүктөрү атайын изилдөөгө муктаж.

Ал эми атактуу манасчылардын бири Осмон Мати 1906-жылы Улуучат ооданына караштуу Кызылой айылы, Майдан кыштоосунда дүйнөгө келген. 1964-жылы анын айтуусунда «Семетейден» 9754 сап жазып алынган. Бирок ким тарабынан кагазга түшүрөлгөнү белгисиз. Анын айткан варианты башка манасчылардын варианттарынан көркөмдүк жана башка өзгөчөлүктөрү менен айырмаланып турат. Осмон Мати эпостун «Семетей» бөлүгүн айткан, семетейчи катары өзү айткан эпостун өз алдынча бүтүндүгүн сактаган

  Манасчы Төрө Жума 1927-жылы азыркы Актоо районунун Булуңкол айылы, Суубашы кыштоосунда жарык дүйнөгө келген. Ал манасчылык өнөрдү Калкожо, Сейит Акун дегендерден үйрөнгөн, негизинен «Манас», «Семетейди» айткан. 1964-жылы Үсөналы анын айтканын кагаз бетине түшүргөн. Төрө Жума манасчы ыр жана кара сөз түрүндө айткан. Бул вариантты «Манас» эпосунун өзгөчөлөнгөн варианты деп айтууга болот. Мындагы өзгөчүлүк эпос окуясынын кара сөз түрүндө баяндалышы, жана анын башка варианттардан чийеленишкен татаал сюжети менен кескин айырмаланышы. Маселен, эпостогу традициялуу сюжет Манастын төрөлүшү, өлүшү, кайра тирилиши сыяктуу баяндар башкача берилет. Төрө Жума вариантынын кара сөз жана ыр саптары менен берилиши эпостун мифтик, сыйкырлуу жомоктук негизинин байыркылыгынан кабар берет

Сатыбалды Ажы 1943-жылы Түндүк Синьцзяндын Текес ооданы, Көктерек айылында дүйнөгө келген. Сатыбалдынын таятасы Ашымбек «Манас» эпосуна кызыккан адам болгон, ал «Манас» жөнүндөгү материалдарды жыйнап сактаган.

1982-жылы Синьцзян эл оозеки адабиятчылар коому Сатыбалдыны Үрүмчүгө чакыртып келген. Алар Намаз Эсеке Көктеректе үн алгы тасмасына түшүрөшкөн  жана ошол нусканы алгач ирет жазып алышкан. Бул бөлүм «Түгөй хан» деп аталып, 18732 саптардан турат. Кийинки кезде Жумабек Сатыбалды айткан «Жамгырчы» бөлүмүнөн 10400 сап жазып алынган. 1986-жылы Сатыбалдыны экинчи жолу Үрүмчүгө чакыртып келип, анын билгенин Толкун Турду жазып алган. Үн алгы тасмасындагы «Чаян хан», «Чобун хан» бөлүгүнөн 17000 сапты Токтобубу Ысак кызы, «Бойон хан» бөлүгүнөн 13780 сапты Толкун Турду кагазга түшүргөн

Сатыбалды 1980-жылдардан кийин журтчулукка белгилүү манасчы катары элибиздеги манасчылардын арасында жүрсө да, азырынча андан жазып алынган материалдар изилдене элек.

Манасчы Шаабай Чолу 1919-жылы Кыргызстандын Алай районунда төрөлгөн. Жыйырма жашка чыккандан кийин туугандарынын талабы менен Кытай тарапка көчүп келип, Улуучат ооданы, Бостон-Терек айылында туруп калган.  Өмүр деген манасчыдан «Манас», «Семетей», «Сейтектин» айрым бөлүктөрүн үйрөнгөн. 1961-жылы Тебе (мунгул) Шаабайдын оозунан «Манастын төрөлүшү» деген бөлүмдөн 1702 сап жазып алган. Ал айткан «Манас», «Семетейден» 600 сапты Алыбек деген адам кагазга түшүргөн.

«Манастын төрөлүшү» деген бул бөлүмдүн өзгөчөлүгүнө караганда Тескейтоо кыргыздарынын арасында «Манас» эпосунун байыркы варианттары тагыраак сакталып келгендигин баамдаса болот. Анын айткан вариантынын жалпы окуялары, Булуңкөлдүк манасчы Төрө Жуманын варианттары менен үндөшүп кетет.

Орозо Кадыр 1934-жылы Артыш шаарына караштуу Тегирменти айылынын Айыктык жайлоосундагы малчынын үй-бүлөсүндө туулган. 1935-жылы атасы Кадыр Шин-шисей тарабынан айдалып кетип дайынсыз жоголгон. Орозо атадан жетим калып, жесир эненин колунда тарбия алып чоңойгон. Энеси Мурзаян укмуштуудай кыраакы, кара жаак чечен аял болуп, аны кичинесинен айылдагы комузчу, молдо, манасчы, жомокчуларга кошуп берип, алардан таалим алдырган. Орозо он эки жашында көчмө диний мектепте үч жыл сабатын жойгон. Тогуз жашында эле комуз черте баштаган. Зирек, шыктуу бала болгон.

Ал «Манас» эпосунун «Семетей» бөлүгүн Каражүлкү Сейит Жаңгарач аттуу кишиден ата салт жолун улап, астына ат миндирип, үстүнө тон жаап үйрөнүп алган. Он тогуз жашынан баштап эл аралап, «Семетейди» айтып таанылган.

1966-жылы Сакен Өмүр  Орозонун айтуусундагы «Семетейди» алгач ирет кагазга түшүргөн. Бул вариант «Манастын ашы», «Семетейди ороого жашыруу», «Каныкей, Чыйырдынын Букарга барышы», «Сарытаздын Семетейге кабар айтышы» сыяктуу сегиз теманы өз ичине камтып 7.7 миң саптан турат.

 Уйгурлардан чыккан манасчы Муса Якуп 1914-жылы Аксуу аймагы Келпин районунда караштуу Кумулук айылында төрөлгөн. Кийин Акчий району Сапарбай айылына барып байга койчу болгон. Кой кайтарып жүргөн мезгилинде Жусупакундан «Манас» үйрөнгөн. 1964-жылы Пазыл Абыке анын айтуусундагы «Алмамбеттин Бэйжинге чыгышы» деген бөлүмдөн 1,2 миң сап жазып алган.

 Муса Якуп уйгур улутунан болгонуна карабай «Манас» эпосун жатка айтууну үйрөнгөн. Ал айткан вариант «Манас» эпосунун түйүндүү бөлүктөрүнүн бири, аны Якуп чоң манасчы Жусупакундан үйрөнгөндүгү чын экендигин далилдейт.

 Жуңгодогу кыргыздардын айрым «Манас» айтуучуларынын өмүрү, чыгармачылыгы кеңири изилденбей, кагаз бетине түшүрүлбөй көмүскөдө калган фактылар бар. Эл арасында белгилүү болуп, ал эми жазма адабиятта аттары аталбай калган манасчылардын саны канча экендиги азырынча бизге белгисиз. Алардын бири Манасчы Мамбеттокту Саяк (атасынын аты Самтыр, саяк уруусунан болгондуктан эл ичинде Саяк аталып калган).

Ал 1884-жылы Акчий районуна караштуу Сомташ айылында дүйнөгө келген. Ал атасынан алты жашында айрылып, энеси Үмүт деген байбиченин колунда чоңойот. Үй-турмушу өтө начар болгондуктан мектеп жүзүн көрбөй сабатсыз калган. Ал 13-14 жаш курагында «Манас» айта баштаган. Анын «Манас» айтуучулук өнөрү тез эле эл арасына тарайт. Карачийден Астан бай Мамбеттоктунун өнөрүн угуп, киши жиберип алдыртат, алгач ирет калың эл астында «Манас» айттырат. Ушул мезгилден тартып анын аты чыга баштайт.

 Манасчы Мамбеттокту жалаң эле «Манас» айтып тим болбостон, балбан катары атак алганы жөнүндө  да маалымат кездешет. 1930-жылдары кутчу элинде чоң аш болот, Бакан сайышууга кутчу уруусунан сайышта 7 киши өлтүргөн бир балбан чыгат. Ошол балбан «чериктен балбан чыксын» деп чакырганда эч ким даап чыга албай тунжурап калышат. Ошондо М. Саяк билерман Кожобергенге келип: «Баарыбыз жер карасак намыс эмеспи» деп бакан сайышка чыгып, жеңилбес балбанды оодара сайган экен.

Мамбеттокту Саяк 16 жаш курагынан тартып 50 жыл «Манас» айткан. Аны Жуңгодогу кыргыздардын баары кадырлап билишкен. Манастын Аккула менен Коңурбайды качырган жерине келгенде ордунан обкоолжуй түшүп, жыгыла турган болгондо кичине балдар бакырып ыйлап, кыз-келиндер үйдөн чыга качуучу экен. Ал эми «жети шердин өлүмүн» айтканда угуп олтургандардын баары ыйлап муңга батышчу дешет. Анткени М. Саяк «Манасты» өз мазмунуна өтө шай келтирип, обон менен коштоп, жандуу аракети менен айкалыштыра айта билген. Ошентип, «Манас» айта баштагандан тартып Саяк Сомташтагы аттуу-баштуулар менен аш-тойлорго бирге барып, калың элдин «Манаска» болгон көксөөсүн кандырып жүргөн экен. Адистер Саяк манасчы айткан «Манастын» варианты С. Орозбаковдун вариантына окшош деген пикирлерин айтышат.

M. Саяк «Манастан» башка «Көр уулу Султан», «Чанжаркан» сыяктуу көптөгөн элдик дастандарды, санжыраларды, уламыштарды, жомокторду айткан. Айрымдарын обонго салып, ыр менен коштогон. Бул асыл мурастар өз убагында кагаз бетине түшүрүлбөй берген. Анын небереси Абдыкерим Абдылда: «Мен жакында «Манас» эпосунун варианттары жана манасчылык» деген эмгек менен таанышып чыктым, таятам Мамбеттокту Саяктын манасчылардын катарында саналбай калгандыгы мени өкүнтөт»- деп, белгилейт. Бирок таланттуу М. Саяктын манасчылык өнөрүнүнүн жемиши болгон эпостун варианттары келечекте эл оозунан жазылып изилденеринен кымындай да шек кылууга болбойт.

«Манас» эпосун жыйноого өмүрүн арнаган Балбай Мамай (1896-1937ж. ж) өз кезинде Какшаалдагы билимдүү адамдардан болгон. Ал өз элине коомдук ишмер, көркөм өнөрпоз жана манасчы катары таанымал. Балбай Мамай өз өмүрүндө көптөгөн кол жазмаларды, тарыхый материалдарды топтогон. Ал жалаң эле изилдөөчү, эл казынасын жыйноочу катары белгилүү болбостон, ошондой эле Үчтурпан, Акчий элинин сабатсыздыгын жоюуга активдүү катышкан, билим берүү ишин жолго коюуга көп эмгек сиңирген «Кыргыз уюшмасын» түптөөгө катышкан жигердүү коомдук ишмер катары да белгилүү. Балбай Мамай өз элинин эркиндиги үчүн күрөшкөн адам болгон. Ошондой иштери үчүн ал 1937-жылы Шын-шысей өкмөтү тарабынан кармалып, Кашкар түрмөсүнө камалат. Балбай Мамайды тирүүлөй көөмп өлтүргөндүгү жөнүндө үч жылдан кийин кербендер кабар берет. Анын калтырып кеткен материалдарын 1938-жылы Үсөнакун Шания өрттөтүп жок кылдырган.

Балбай Жусуптун Мамай иниси азыркыдай залкар манасчы болуп чыгуусуна курчуган өнөрү, топтолгон материалдык казынасы жана жалындуу умтулуусу менен ыңгайлуу, шарт-жагдай себеп болгон. Балбай өз кезинде «Манас» айтуу мааракесине катышкан, өз көзү менен манасчылык өнөр кандай экенин көргөн. Ал Жусубакун Апай, Сагымбай Орозбак, Ыбырайым Акынбектей залкар манасчылар менен аралашып, алар айткан «Манасты» уккан, алардын айткандарын өз колу менен жазып алган. Ошон үчүн манасчылык өнөрдү жакшы таанып, туура баалаган, андагы асыл өрнөктү ийгерип алган. Жусупка «Манас» айтууну үйрөткөндө, өзү өздөштүрүп алган өрнөктөрдөн үлгү алдырган. Балбайдын албан түрдүү эмгеги Жусуп Мамайдын чыныгы таланты аркылуу ачылды, манасчылык өнөр өзүнүн жогорку бийиктигине жетти. Ушундай түптүү «Манастын» чөйрөсүндө жашап өмүр сүргөн улуу агасынын асыл жөрөлгөлүү эмгектери Жусуп Мамайга жандуу таасир тийгизген. Жусуп Мамайдын «Манас» эпосун жана манасчылык өнөрдү бүгүнкүдөй бийиктикке жеткирүүсүнө түрткү болгон.

Жуңгодогу кыргыздардын көрүнүктүү жана белгилүү манасчысы Жусуп Мамай. Атактуу манасчы 1918-жылы Кызылсуу кыргыз автоном областына караштуу Акчий районунда, Карабулак айылында, Меркеч кыштоосунун Атжайлоо деген жеринде төрөлгөн. Анын агасы Балбай өз заманынын көзү ачык билимдүү адамдарынын бири болгон жана өз өмүрүндө «Манас» баштаган кыргыз эпосторун кезере отуруп үйрөнгөн жана аларды жазып алган, жыйнаган. Иниси Жусупка он беш жылга жакын мээнэт кылып жыйнаган «Манас» эпосунун сегиз бөлүмүн ырааттуу түрдө үйрөтө баштаган. Бул Жуңгодогу «Манас» эпосунун негизги варианты. Жусуп Мамайдын варианты башка манасчылардын вариантынан айырмаланып турат. Башка манасчылар «Кененим», «Сейит» бөлүктөрүнөн үзүндүлөрдү гана билишет, алар Жусуп Мамай айткан деңгээлге көтөрүлүшө элек. Жусуп Мамайдын вариантында «Манас» эпосунун биринин бөлүгү төмөнкүдөй окуялардан турат. 1) Кыргыз элинин келип чыгышы. 2) Алоокенин кыргыздарга кол салышы. 3) Манастын бала чагы. 4) Манастын алгачкы эрдиктери. 5)Манастын хан болуп көтөрүлүшү. 6)Көкөтөйдүн ашы, аштын салтанаты. 7) Алманбеттин аңгемеси. 8) Чоң казат. 9) Чоң согуш. 10) Акыркы согуш. Коңурбай менен Манастын акыркы тирешүүсү жана Манас баатырдын дүйнөдөн кайтышы менен окуя жыйынтыкталат.

Экинчи бөлүктө Манас өлгөндөн кийин уулу Семетейдин ата жолун улап, сырткы душман калмактар менен болгон согуштагы эрдиктери айтылат. Чоросу Канчоронун өз элине чыккынчылык кылып, Семетейди өлтүрүп, кыргыз элин кайрадан калмактарга каратып бергени сүрөттөлөт.

Үчүнчү бөлүк «Сейтек». Көлөмү 21 миң ыр сабынан турат. Мында Сейтектин ичтен чыккан чыккынчыларды жазалашы, сырткы душманды кууп чыгуудагы эрдиктери, кыргыз элин кайрадан боштондукка жеткирген баатырдыгы баяндалат. Төртүнчү бөлүк – «Кененим». 32,3 миң ыр сабынан турат. Бул бөлүктө Кененимдин ички жана сырткы чапкынчылардын жолун бууп, зулум баскынчыларды жазалап, кыргыз элине бейпил турмуш куруу үчүн жасаган аракеттери баяндалат. Бешинчи бөлүк «Сейит», 118 миң ыр сабынан турат. Бул бөлүктө Кененимдин уулу Сейиттин жети баштуу желмогуз менен согушканы, аларды жок кылган эрдиктери сүрөттөлөт. Сейит 22 жашында дүйнөдөн кайтат. Аялы Кылжике эгиз уул төрөп аттарын Асылбача, Бекбача коет. Алтынчы бөлүктө Асылбача, Бекбачалардын абалы жөнүндө айтылат. Көлөмү 30 миң ыр сабынан турат. Асылбача эртерээк каза болуп, Бекбача ата-бабасынын жолун жолдоп, калмактардын үстөмдүгүнө каршы күрөштү улантат. Жетинчи бөлүк «Сомбилек» 10000 ыр саптан турат. Ал калмактардын, тангуттардын атактуу баатырларын жеңип, бөтөн эл баскынчыларын кууп чыкканда көрсөткөн эрдиктери сүрөттөлөт. Сегизинчи бөлүк «Чигитей» 20 миң ыр саптан турат. Анын негизин сырткы душмандар – калмактар менен болгон күрөшү баяндалат. Ошентип, Жусуп Мамайдын варианты Кытайда жашаган улуттардын оозеки чыгармачылыгындагы эң көлөмдүү чыгарма болуп эсептет.

Жусуп Мамайдын вариантында С.Орозбаков, С.Каралаев, Ш.Рысмендеев ж.б. айтылып жүргөн «Манас» эпосунун салттык туруктуу өзөк окуялары толугу менен бар экендигин айтууга болот. Жусуп Мамайдын варианты негизги варианттардан айырмаланып да турат. С.Орозбаков менен  С.Каралаевдин вариантында  Манастын дүйнөгө келишинен баштабастан, салт катары Манастын ата-бабасынын чыгыш тарыхына кайрылат.

Жусуп Мамайдын варианты алда канча айырмаланып, кыргыздардын таралышын Енисейден башталат. Кыргыздар Енисейде жашап турган учурда  Кал Мамай деген (кийин хан Мамай атыгып кетет) адам башкарып турган. «Манас» эпосунда  туруктуу айтылып жүргөн хандардан Бөйөн хан, Чаян хан, Карахан жана Орозду хан эскерилет. Калмактардын кыргыздардын арасынан төрө элек баланы издөө, анын төрөлүшү жөнүндөгү сюжеттер Ж.Мамайдын жана С.Каралаевдин вариантында жакындыкты кезиктирүүгө болот. Бирок «Манастын Каныкейге үйлөнүшү», «Көкөтөйдүн ашы», «Алманбеттин окуясы» сыяктуу адаттагы варианттардан кыскача баяндалат.

«Маданият көңтөрүшү» «Манас» эпосун жыйноо жана изилдөө кызуу жүрүп жатканда башталып, ал иштердин токтоп калышына себеп болду. “Манас” айткандыгы үчүн Жусуп Мамай 12 бою жыл куугунтукталган.

1978-жылдары эпосту изилдөө кайрадан колго алынды. Ушул жылдары кыргыз элдик оозеки чыгармаларды толуктап жыйноо, иликтөө кайрадан кызуу улантылды. Мында «Манас» эпосун изилдөөгө, жыйноого жана толуктоого өзгөчө басым жасалган. Бул маанилүү иште элдик мурастарды, «Манас» эпосун жыйнаган, ирээттеген жана которгон Пазыл, Ху Чженхуа, Сакен Өмүр, Лийу Фажун, Шан Шижин сыяктуу окумуштуулардын эмгеги өтө зор.

 1980-жылдары Жусуп Мамайдын айтуусу боюнча «Манастын» 1-бөлүмү–4 китеп, Эшматтын айтуусу боюнча  «Семетей» бир китеп болуп, басмадан чыгып, окурмандардын колуна тийген. Кытай изилдөөчүсү Лан Йиңдин Ж. Мамай менен Эшматтын манасчылык өнөрлөрүн салыштырып келип, бул экөө эки башка ыкмадагы манасчылар экенин далилдеген. Жусуп Мамай менен Эшмат XX кылымдагы залкар манасчылардын өкүлдөрү катары таанымал.

Ж. Мамайдын айтуусунда жазылып алынган «Манас» эпосунун варианттары Синьцзян эл басмасынан ар жылы 10 миң нускада басылып турду. 1984-1995-жылга чейин, анын айткан варианты боюнча «Манастын» сегиз бөлүмү 22 китеп болуп жарык көрдү жана кытай тилинде эки китеби басылып чыкты.

Жусуп Мамай бүгүнкү күндө мамлекеттик адабий-көркөм өнөр жана элдик оозеки чыгармачылык коомунун туруктуу мүчөсү, Синьцзян адабий-көркөм өнөр бирикмесинин төрагасынын орун басары, башкы адис, изилдөөчү. Синьцзян автоном районунун саясий кеңешинин туруктуу мүчөсү.

1990-жылдары Үрүмчүдө айткан «Туңгуч иреттик мамлекеттик «Манас» илимий таануу жыйыны» «Манас» таануучулар үчүн эстен чыккыс күн болду. Ушул күнү кытайлык кыргыздардын элдик оозеки чыгармачылыгын изилдөө боюнча алгачкы мамлекеттик жыйын өткөрүлдү. Жыйында «Манас» таануучулар илимий изилдөөлөрүн талкуулашты.

Жыйынга кытайлык кыргыз изилдөөчүлөрүнөн С. Өмүр, Н. Жаңыбай, И. Абыкан, М. Өмүрбай, Н. Үсөналы, Т. Кылычбек, Ч. Жакып, А. Матили, Ч. Жусуп, Т. Турду, Ч. Асанаалы, Т. Абдылда, А. Максут, А. Жуматурду, Т. Ысак, С. Давыт, Т. Аамат, М. Мамбетакун сыяктуу «Манас» таануучулар катышты.

«Манас» эпосуна 30 жылдык мээнетин сиңирген изилдөөчүлөргө мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды. Жусуп Мамайга «башкы адис изилдөөчү» китепчеси тапшырылды. «Манас» эпосун изилдөө боюнча «ардак сыйлык» алгандар: Тау Йан, Лан Пин, Лийу Шуфу; «биринчи даражалуу сыйлык» алгандар: Ш. Садык, Амантур Байзак, Сакен Өмүр, Сатыбалды Аалы, Лиу Фажун; «экинчи даражалуу сыйлык» алгандар: Эшмат, Осмон Намаз, Үсөйүн Ажы, Пазыл, Шан Шижин, Үсөнаалы, Алымкул, Ху Чженхуа; «үчүнчү даражалуу сыйлык» алгандар: Асанбай Матили, М. Эрги, Оргалча Кыдырбай, Норуз Үсөнаалы, Жумалай Жусуп, Хи Шинмек. Бул «Манас» эпосуна 30 жылдык эмгек сиңирген манастаануучулар үчүн эсте каларлык сый-урмат катары баалаган жана  «Манас» эпосун тереңдеп изилдөөгө өбөлгө болгон.

Белгилүү манас таануучу Лай Йиң 1980-жылдарда «Манас» жөнүндө ондогон илимий макалаларды жазып жарыялады. Ал кытай жергесинде эпос таануу илиминин тереңдешине «Манасты» изилдөөнүн жаңы катмарларын ача баштады.  Бул жылы «Кытай элдик маданият сериясынан» деген наам астында анын «Каармандык эпос Манас» деген эмгеги кытай тилинде басылып чыкты. Аталган китеп кыргыз адабият тарыхында мамлекеттик басмадан кытай тилинде жарык көргөн «Манас” эпосу жөнүндөгү алгачкы илимий эмгек болуп саналат. Лай Йиң мамлекеттик «жетинчи беш жылдык» планга кирген «Манаска жоромол» аттуу көлөмдүү эмгегин жарыялады. 1981 -жылы ички Монгол университетинин басмасынан жарык көргөн бул китеп «Манас» эпосун изилдөөнүн темпин жана деңгээлин алдыга сүрөдү. Аталган китеп жалпы баян Манастын жаралган доору; Манастын таралышы жана өнүгүшү; Манасчылар эпостун мураскерлери жана жаратуучулары; угармандар Манастын жаңы; Манастагы кейипкерлер; Манастын эстетикалык өзгөчөлүктөрү; Манастын баян куралмасы; «Манас» жана кыргыз эл оозеки чыгармачылыгы; «Манас» жана түрк эпостору; «Манас» жана шаман маданияты» деген он бир баптан турган 41 темадагы анализдерди жана баяндамаларды камтыйт. Лай Йиң «Манастын» Ж. Мамай айткан вариантын кара сөз менен кытай тилинде жазып чыкты, өспүрүмдөр үчүн «Улуттук баатыр көсөмү Манас» (1995) деген китеп жазды. Ал чыгарма «Дүйнөдөгү эң чоң эпос сүрөт казынасы» деген серияда чыккан китептердин бири болуп эсептелинет.

1995-жылы Кытайда «Манас» изилдөө коому курулду. Бул коом кыргыз элинин мамлекеттик деңгээлдеги массалык уюму болду. «Манасты» изилдөө иштерин өнүктүрдү жана чет элдик илимпоздор менен илимий байланыштырды жүргүзө баштады. Бүгүнкү күндө Кытай кыргыздарынын улуу маданий мурасы «Манас» эпосун жыйнап, басмадан чыгаруу жана изилдөө өзгөчө маанилүү иштерден. Ушундай иштин натыйжасында кыргыз элинин нече миң жылдардан бери карай жашап келаткан улуттук маданий байлыктарды изилдөөгө алышат. Аталган коомдун баш катчысы Макелек Өмүрбай, орунбасар катчылары Т. Турду, А. Жума Турду.

Кытай тарыхынын жазма булактарында кыргыз элинин «Манас» эпосундагы маалыматтары менен  шайкеш келген жерлери кездешет. «Манас» эпосунда баатырлардын -чыгышта Алтайга, Кангайга, Байкалга, Енисейге, ал түгүл улуу теңиз кылааларына жана Синьцзяндын чыгыш-түндүк өлкөлөрүндөгү Чоң Ингенге, Кичи Ингенге, Чанбейшен тоолорунда жашаган кыргыздар коңшу жерлер аркылуу кидандардын Чоң Бэйжин калаасына баргандыгы айтылса, Сарсуунун жээгинде, Кебез Өтүк, Кен Белбоо килдердин ордосу кичи Бэйжин бардыгы айтылат. Кытайдын «Тарыхый эстелик» «Ханнама» деген китептеринде «женхундун» (кыргыздардын) ата бабалары хунндардын түндүгүн, батыш түндүгүн конуштап жүрүшчү деп жазылат. Үч падышачылык эстеликтеринде «кыргыздардын аймагы чыгышка карай Аншы сүй деп аталчу дарыянын түштүгүндөгү Теңиркут ордосуна чейин 7 миң чакырым, түштүгү алты падышачылык (Жунгодо) чебине чейин 7 миң чакырым, батышы Каңгылы чебине чейин 8 миң чакырым келет деп байыркы Енисей кыргыздарынын географиясында орду таамай көрсөткөндүгү» менен бирдей чыгып олтурат.

Эпосто Манас баатыр Турпандакы кыргыздар менен бирге буудай эгип, мол түшүм алып тулпары Аккуланы буудайга алмашып алганын жана батыштан кыргыз көчүп Енисейге барганын, ал жерде аштыкка кампасы толгонун баяндаса, Тан суласы тарыхында кыргыздар-жеринде арпа, буудай аштыкты көп эгип, арак чыгарууну биле тургандыгы, аркар, кулжа, жейрен, балык кармап, бугу бага тургандыгы жазылат. Тарыхый даректерде мурунку кыргыз коомунун өнүккөнү, мал чарбачылык, дыйканчылык кылып, аштыгы мол болгон, хунндар, кара кидандар (кытай), ойроттор, жунгарлар, кыргыз жерлерине көз артып, баскынчылык чабуулун токтотпой келишкендиги Енисейди, Чүйдү, Таласты аскер күч базасына айландырып, чар тарапка чабуул жасаган деп жазып келишет.

Эпосто баатырдын чапса изи майыбас, сайса учу тайыбас найза, ай балта, ач албарс, ак келтесин Төкөр уста Бөлөкбай жаап, жулкуса жеңи жулунбас, булкуса багелеги түлүнбөс, сайса найза теше албас, чапса балта кесе албас кийимдерди Каныкей, Айчүрөк сыяктуу кыргыз келиндери жасаганы; кыргыз эли жеке эле мал чарбачылык, дыйканчылык менен кесиптенбестен, кол өнөрчүлүк  да өнүккөндүгү баяндалат.

Синьцзян элдик оозеки чыгармачылык коому тарабынан 1961-жылдан 1964-жылга чейин жыйналган жана сакталып жаткан эпостун 48 варианты бар. 1961-жылы Жусуп Мамайдан «Манас», «Семетей», «Сейтек», «Кененим», «Сейит» деген беш бөлүмү жазылып алынган.

Эпостун «Манас», «Семетей», бөлүгү Эшматтан жазып алынган. Эшмат Маты менен Орозо Кадырдан «Семетей» толук жазылган. Калган 18 манасчы «манастын» айрым бөлүктөрүн, 23 манасчы «Семетейдин» айрым бөлүктөрүн, 2 манасчы «Сейтектин» айрым бөлүктөрүн айтып жаздырышкан; «Манастын төрөлүшү» 4 бөлүк, «Манастын балалыгы» 2 бөлүк, «Алманбеттин Манаска келиши» 4 бөлүк, «Жети хандын Манаска элчи жибериши», «Чоң казат», «Алманбеттин чалгынга жөнөшү», «Манастын өлүмү» 9 бөлүк, «Семетейдин балалыгы», «Семетейдин Бэйжинге аттанышы» 3 бөлүк, «Айчүрөктүн ак шумкарды алып качышы» 15 бөлүк, «Толтойдун өлүмү», «Кыяз менен Канчоронун Семетейге кастыгы», «Сейтектин төрөлүшү» жана «Кыяздын өлтүрүлүшү» 7 бөлүмдөн турат. Мындан тышкары Улуучат районуна караштуу айылдардан 18, Акчий районуна караштуу айылдардан 16,  Актоо районуна караштуу Каражүл, Тегирменти айылынан 6, Ташкоргон Тажик автоном районуна караштуу Тагарма айылынан 1 бөлүк вариант жазылып алынган.

Кытайлык кыргыздарда эң көп жазылган вариант «Айчүрөктүн Акшумкарды алып качышы», ал 12 вариант менен айтылат. (Бул вариантты айтуучулар: Түкөш Мамыке, Опаз Жаркынбай, Үсөйүн Абдыжапар, Өмөр, Ысмайыл, Томок Мамбетаалы, Жапар Темир, Таабалды Керим, Жумагул Үсөкө, Бакытбай Токо, Мусакун Мырзамамбет, Айдараалы Таштан). Чынкожо менен Толтойдун Акун хандын шаарына жасаган чабуулу, Айчүрөктүн аккуу болуп учушу, эрлердин сайышы, Чачыкей менен жолугушу, Ак шумкарды алып качышы, Семетейдин жаа күлүк ат алып, чоролорун ээрчитип кушту издеши, Үргөнчтү кечиши, Толтой, Чынкожолор менен салгылашканы сыяктуу салттык окуялар баяндалат.

Синьцзяндагы Памирлик манасчылардын «Манас», «Семетейинин» салттык сюжеттери башка жердеги варианттарга окшош эле айтылат, ыр курулмасы, айтуу ыкмасы жагынан өз алдынча өзгөчөлүккө ээ, айрым варианттары салыштырмалуу өзгөчө болгон. Кызылсуу кыргыз автоном областына караштуу Актоо районундагы Памир тоосун жердеген кыргыздар (айрым учурда булар Тескейтоо кыргыздары деп да аталып жүрөт) арасынан 60-жылдары жазып алынган варианттарда «Манастын төрөлүшү» бөлүгү сюжет жагынан, эпостук жөрөлгө жагынан, ыр түзүлүшү, тил өзгөчөлүгү жагынан архаикалык эпостордун типтүү белгилерине аябай канык болгондугу менен баалуу. Бул аймактагы манасчылар Шаабай Чолу, Төрө Жума, Ысмайылдар өз варианттарын жарымы ыр, жарымы кара сөз түрүндө айтса, Алыппек Калпаке жалпы кара сөз менен айткан. Ошентип, «Манастын» Тескейтоо варианттары көп  агынан башка варианттардан өзгөчөлөнүп, өзүнчө бир манасчылык мектепти түзүп турушат.

Ал эми Ооган Памир кыргыздарынын арасындагы «Манас» эпосунун таралышы, «кыргыз» этнониминин кеңири аймак менен байланыштырып тургандыгын дагы бир жолу тастыктап олтурат. Ооган кыргыздарындагы «Манас» эпосунун үзүндүсүн Франциялык көрүнүктүү түрколог жана этнограф Реми Дор 1973-жылы Ашым Афез деген кишиден жазып алган. Ал манасты Өмүрбай деген аксакалдан үйрөнүптүр. Р. Дор тарабынан жазылып алынган манастын үзүндүсү 616 саптан туруп, негедир алгачкы эпизоддон обочолонуп, бөлүнүп, үзүндү-үзүндү болуп айтылат. «Ашым Афезден ушундай үйрөнгөнбү же анын устаты ушундай болгонбу»- деп белгилейт Реми Дор.

Ооган кыргыздарындагы «Манас» эпосунун варианты бир гана кишиден жазылып алынган. Балким Ооган Памир кыргыздарында да манас айтуучулар бардыр. Изилдөө иши улана берсе келечекте «Манас» эпосунун жаңы варианттары да табылып калаар деген ишенич бар.

Жыйынтыктап айтканда, кытайлык кыргыздардын «Манас» таануусун кыргыз таануу деп түшүнүү керек. Алар эпосту изилдөө жана жыйноо иштерин натыйжалуу улантып жатышат.

Жалпысынан айтканда, Кызылсуулук кыргыздардын «Манасы» жалпы кыргыздын улуу маданий мурасына кошкон үлүшү жана олуттуу салымы. Кытайлык кыргыздардагы «Манас» эпосунун варианттарында кыргыз оозеки чыгармачылыгында кеңири тараган эпикалык сүрөттөмөлөрдү, көркөм поэтикалык каражаттарды, элдик афоризимдерди, макал-лакаптарды, элдик насыят, накыл сөздөрдү учуратабыз. Варианттагы дагы бир өзгөчөлүк-негизги варианттарда кездешүүчү баатырдык эпикалык пафос толугу менен сакталып, Манас баатырдык иш-аракеттерине шайкеш келип турат.

 Гульзада Абдалиева, «Кытайлык кыргыздардын руханий маданияты», Бишкек-2008,
«Ак-Тилек» сайтынан алынды

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.