Акын Алик Акималиев 54 жашында дүйнөдөн кайтты

Мен бүгүн, Алик Акималиев дүйнө салды деген кабарды уктум. Кечээ, 23-ноябрда, кайтыптыр. Ишене албай жатам. Акималиевдин энергиясы эч качан түгөнбөчүдөй сезилчү эле. Дагы көп чыгармаларын жаратчудай көрүндү эле.  Поэзияга өмүрүн байлап койгон, эч кимге окшобогон акын болчу. Кудайдын буйругу экен. Дараметинин жүздөн бирин да ачпай кетти. Жаткан жери жайлуу болсун! Топурагы торко болсун! Сөөгү 25-ноябрда Арча-Бешик жаңы конушундагы өз үйүнөн акыркы сапарга узатылат.

Ал 1957-жылы 19-ноябрда Кетмен-Төбөнүн Акчий-Карасуу айылында туулган. Кыргыз улуттук университетин 1985-жылы аяктаган. Анын биринчи китеби «Бала мышык» ал студент кезинде 1982-жылы чыккан болчу.  1989-жылы «Күнөстүү элет» поэтикалык китептери «Мектеп», «Адабият» басмаларынан жарык көргөн. “Хан базар”, “Манасия” сыяктуу китептердин автору.

Бул жерде Алик Акималиевдин биздин блогдогу айрым ырлары жана интервьюлары.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.