Абдыкерим Сыдыковго эмне үчүн эки өкүм чыккан?

Архив кагаздарынын арасында Абдыкерим Сыдыковдун “эл душманы” катары караланган кылмыш иши 5630-дело менен катталган. Ошо боз бейиттей томсоргон кагаз папканын арасында кыргыздын теңдешсиз чыгаан кулуну, а бирок анын ишмердиги менен идеясын алигиче кыргыз тааный элек уулу А.Сыдыковдун өз колу менен, өз күнү бүтүп баратканын өзү сезип жазган каты бар. Ал кат 1933-жылдын 19-октябрында өз колу менен, өзөгүн өрткө тосуп, өмүрүн өлүмгө кошуп, окуган адамдын оюна бүлүк түшүрүп, сарыубайым санаага салган, замана-зарын куурутуп, жүлүнүнө канжар сайып, жүрөгүн сууруп жиберер мазмунда жазылган. Анын көлөмү үч гана бет. Бул түшүнүксүз жаза-сурактын жан чыдагыс азап-кыйноосунан улам муңга батып, муун-жүүнүнөн ыйлап, карегинен кан агызып, бу боору таш тагдырдын айтканы азыр келсе экен деп, түрмө кыйноосунан өлүмдү артык санап, Теңирин тааныбаган тергөөчүлөрдөн жансоога сурап жалбарып жазган каты эле.

Абдыкерим Сыдыковдун каты  “Менин мурдагы көрсөтмөлөрүмө толуктоо” деп аталат. Ошону толук келтирели.

“Мен алты айдан бери (160 күн) камерада жалгыз отурам. Мени революциялык законго ылайык тиешелүү жоопко тартуу керек эле. Бирок, менин ишим эмнегедир аягына чыкпай келет.

Балким буга чейинки көрсөтмөлөрүм жетишсиз болуп келгендир, ошондуктан мен мурдагыларга мына буларды кошумчалайм: адегенде “чындыкты” моюнга алсам жеңилдик болот го деген ой менен биздин контрреволюциялык уюмдун максатын жана багыттарын ачып бергем.

Камакка отургандан мурда мен жөнүндө ар кандай сөздөр айтылып, жаманатты болгом. Анткени, айрым адамдар чындыкка такыр туура келбеген ушактарды жеткириши мүмкүн. Чынын айтайын, мен 1925-жылы “отузчулардын” негизги катарында ВКП(б)нын  обкомуна,  анын Кудайкулов, Бабаханов өңдүү мүчө­лөрүнө караманча каршы чыккам. Бул аракетим үчүн бир нече айкын көз караштагы адамдар менен бирге пар-тиядан чыгарылгам. Ошондон кийин мени Ташкенге чакырышкан. Биздин аракетте чындык бар болчу. Анткени, ошол иш боюнча Кудайкулов менен Бабаханов да партиядан чыгарылып, алардын үстүнөн коомдук тергөө болгон. Мунун бардыгы БККнын Орто Азия бюросунун өкүлү жол. Манжарага белгилүү. 1933-жылдын жазында Кудайкуловдун Фрунзеге келиши менен ал өзүнүн Көкүмбай Чинин өңдүү жакшы санаалаштары аркылуу өч алуу максатында мен жөнүндө ар кандай ушактарды таркатышы мүмкүн.

Мени Ташкенге чакырып кеткенден кийин ВКП(б)нын Орто Азия бюросуна берген сөзүм боюнча 1925-1932-жылдары Кыргызстан менен байланышпай кал-гам. Ошондуктан мен ал жакта контр­революциялык уюм түзүп же андай уюмдун мүчөсү боло алмак эмесмин. Кээде Фрунзеге барып калганымда жол. Абдрахманов менен Исакеевдин эскертүүсү боюнча бай-манаптык элементтерден алыс жүрдүм, республиканын ички иштерине кийлигишкеним жок. Эгер мен Фрунзеге келген учурда балким контрреволюциячыл бай-манаптар жанданышы мүмкүн эле. Бирок Абдрахманов Ташкенге барганда бул маселелер туурасында ага ачык эле эскерткен элем. Ал ошондо мага: “Андай көрүнүштөрдү Совет бийлиги мен аркылуу чечкиндүү түр­дө четке кагат”, – деп жооп берген. Мен анын бул жообу менен чектелип калбай, обкомго кайрылгам. Обкомдон Кыргызстанга кызматка кел деген телеграмма алган соң гана кайтып келгем. Эгерде мен өтө шектүү болсом мени Фрунзеге жол. Абдрахманов чакырат беле. Келерим менен бул жакта Кудайкулов да пайда болгон. Бирок кайра эле жок болуп кеткен. Балким Абдрахманов мени чакырып, бай-манаптардын алдында өз кадырын көтөрүүгө, аларды кайра жандандырууга, бир нерсе болсо мага шылтоого, ошол аркылуу Совет бийлигине жагы-нууга аракет кылгандыр. Мунун бардыгын мен өзүмдү акташ үчүн жазганым жок. Жогоруда жазгандарымдан мен төмөндөгүлөрдү өзгөчө бөлүп көрсөтөм:

1. Мен мурдагы көрсөтмөлөрүмдө айткандай башка контрреволюциячыл уюмдарга мүчө болгон эмесмин.

2. Душмандарымдын менден өч алуу аракеттерине кылдаттык менен көңүл бурууну өтүнөм.

3. Кыргызстанга мен Абдрахмановдун чакыруусу менен келгем.

4. 160 күндөн бери камерада жалгыз камалгандыгыма байланыштуу менин деломду кароону тездетип, мага берилүүчү жазаны адилет аныкташыңарды өтүнөм.

19.Х. 1933-ж.”

Ал учурда “эл душманы” катары камакка алынгандардын дээрлик бардыгы өздөрүн күнөөлүү эмеспиз дешкен, бирок НКВД тарабынан ойлонуп табылган айыптоолор, ар кандай контрреволюциялык уюмдар чындык болуп жүрбөсүн, андайларга аралашпасам да иштеген ишим аркылуу алар менен максатташ болуп калгамбы деп чочулашкан. Контрреволюциялык күчтөр бар, алар азырынча табылбай жатат, ошондуктан алардын иш-аракеттерин бизден көрүп жатышат. Балким алар биздин каршылаштардыр деп ойлошкон. Буга Социал-Туран партиясы да түздөн-түз себеп болгон. Ушундай табышмактуу жагдайлардан улам камакка алынгандардын бүт бардыгы өздөрүн күнөөлүүмүн деп айыптоону моюндарына алышкан да, жабык сот болгон кезде тер­гөөдөгү көрсөтмөлөрүнүн көпчүлүгүн танышкан, кыйнагандыктан, уруп-сабагандан улам кол койгонбуз дешкен. Мындай тагдыр кыйноосуна А.Сыдыков да туш болгон. Анын делосунда аргасыздан, зордук менен кол койдурулган көптөгөн документ бар. Ошондуктан ал 1933-жылдын 9-майындагы биринчи эле суракта: “Контрреволюциялык ишмердигим үчүн мен өзүмдү күнөөлүү деп эсептейм. Күнөөмдү мойнума алам”, – деген жана өзүн ошол иш-аракетин 5 пункт менен жазып берген. Ошонун 5-пунктунда: “Кыргызстанда контрреволюциялык уюм бар, мен анын катарына кирген адаммын, ага көп адамдар мүчө. Калгандарын толугу менен кийинки тергөөдө айтып берем”, – деп билдирген. Мындай документтерге Абдыкерим Сыдыков менен тергөөчү Левшиндин колдору коюлган. Аталган күнү экинчи сурак болот. Бул биринчисине караганда өтө узакка созулган. Анын протоколу тергөөчүнүн колу менен жазылган. Ошол протоколдун ар бир бетине Абдыкерим Сыдыковдун тергөөдөгү көрсөтмөлөрүн туура деп ырастаган колу бар. Ошондой болсо да, ал кол коюуларда кандайдыр бир шек туудурган жагдайлар бар. Биринчиден, андагы кол коюулар эмне болсо ошол болсун, тагдырымдан көрдүм деген көңүл коштуктан кабар бергенсийт. Экинчиден, ал андагы сөздөргө деле маани бербесе керек, ур-токмок сурактын айынан соттон акыйкат табам деп ойлогон шекилдүү.

Кийинки күнү үчүнчү сурак жүргөн. Анда контрреволюциячыл партиянын мүчөлөрү кимдер болгон, алар кандай иш жүргүзгөндүгүн тергөөчү өзү эле билип, жазып салган. Муну эмне үчүн айтып жатабыз? Чын-чынында Абдыкерим Сыдыков тергөө ишине тике караган, өз тагдыры үчүн санаа чегип, башкаларды күнөөлөп, бирөөлөрдү сатып, коркуш-билишке барбаган, жазадан жалтанбаган адам болгон экен. Тергөөнүн жүрүшүнөн ырайымдуулук көргөн эмес, ошондой эле андан кандайдыр бир жеңилдик болорун, акталуу жолу табыларын да күтпөгөн. Ал бир гана нерсеге – өкүмгө гана кызыккан. Ошону гана күткөн. Эмне үчүн?

Биринчиден, ал өзүнүн баскан жолу, жасаган иши, коомдук жана мамлекеттик ишмердиги ошол учурдагы саясат менен карама-каршы келген учурларын билген, улуттун кызыкчылыгы үчүн тайманбай күрөшкөнүн айкын сезген. Экинчиден, ал сурактын максатын алдын-ала түшүнгөн, өзүн эмне күтүп жатканын ачык сезген. Ошол үчүн ал айрым “эл душманы” сыңар Москвадан ырайым сурап актанган эмес. Буга анын мүнөзү да жол бербеген. Ошол үчүн ал кийинки сурактарында ачыктан-ачык, эч нерседен тайсалдабай эле, дагы бир жолу: “Мурдагы берген көрсөтмөлөрүм боюнча мен өзүмдү күнөөлүү деп санаймын. Бирок элди Совет бийлигине каршы уюштурган, көтөрүлүш даярдаган, Совет бийлигинин 1932- жана 1933-жылдагы саясий-чарбалык иш-чараларын атайын үзгүлтүккө учураткан деген айыпты мойнума албаймын”, – деп ачык айта алган. Ошо А.Сыдыковдун Социал-Туран партиясынын иши боюнча 1933-жылы 23 адам камакка алынган. Ал эми 1937-1938-жылдары алар камакка алынгандардын бештен төрт бөлүгүнөн көбүн түзгөн.

Социал-Туран партиясынын манифестинин авторлорунун бири Турдакун Сопиевдин камакта отуруп, суракта берген маалыматтары боюнча бул партиянын алдында негизги эки милдет турган. Туранчылар уруулаш автоном республикаларын (түрк элдерин) бириктирип, аларды өз алдынча федеративдик мамлекет катары түзүүнү көздөш­көн. Социал-Туран партиясынын ошо эки негизги милдет-принциби тергөө кагаздарында мындайча жазылган.

“1. Улуттук-эркиндик жана

2. Социализм.

1. Улуттун эркиндик принциби:

Келген орустардын тобу биздин элди жана биздин мамлекетти башкарбаш керек. Анткени, алар өз саясатын эл чыккынчылары жана ынтымак бузарлары деп аталган куурчактар аркылуу жүргүзүп жатышат. Биз буга жол бербейбиз. Өлкөнү Турандын эң мыкты уулдары гана башкарыш керек.

2. Социализм принциби:

Биз туранчылар өлкөбүздү социализмдин жолу менен өнүктүрөбүз. Эч бир тапка жол берилбейт. Социал-Туран партиясынын  диктатурасына  гана таянабыз. СТПнын негизги таянычы Турандын  дыйкандары  болмокчу”.

Бул кылмыш иши козголгон Т.Сопиевдин эсинде калгандарын кагазга түшүргөндөгүлөрүнөн.

1934-жылы “Кыргызстандагы улутчул контрреволюциячыл уюм Социал-Туран партиясы жөнүндө” деп аталган кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн тергөө аягына чыккан. № 5630-дело ишинде А.Сыдыковдун күнөөсү аныкталган. Анда Сыдыковдун улутчул контрреволюциялык уюмга жетекчилик кылганы аныкталган. Алар Өзбекстан, Түркмөн­стан, Казакстан, Кыргызстан жана Каракалпакты СССРден бөлүп, өзүнчө буржуазиялык-демократиялык федеративдүү мамлекет түзүүнү максат кылышкан. Кытайдагы Англия консулдугу даярдаган бандалардын жардамы аркылуу бул иш-аракеттерин жүзөгө ашырмак. А.Сыдыковдун кылмышы РСФСРдин Кылмыш Кодексинин 58-114 статья­сына туура келет.

Ал 1-пункт боюнча күнөөсүн моюнга алган, 2-пункт боюнча өзүн күнөөлүү деп санаган эмес.

Бул Ташкенде Левшин тарабынан аныкталып, Орто Азия прокурору, ОГПУнун прокурору О.Вальбер тарабынан 1934-жылдын 20-январында бекитилген.

5630-дело сотко өтүп, Сыдыковду Фрунзенин түрмөсүнө которушкан. Жыйынтык чыкты. 28-февралда ОГПУнун коллегиясы өз ишин баштайт. Натыйжада Социал-Туран партиясынын мүчөлөрүнө жаза аныкталат. А.Шабдановго өлүм жазасы берилет. Өкүм ошол эле күнү аткарылат. А.Сыдыков, Ж.Солто-ноев, С.Курманов, Т.Сопиев, М.Кам-баров, М.Ахмедов, И.Кашымбеков да атууга кетет, а бирок бул өкүм он жылга кесүү жазасы менен алмаштырылат. Калганы жыйырмага жакын адам ар кандай мөө­нөттөгү жаза алышкан.

1937-жылы Абдыкерим Сыдыковдун кылмыш иши кайрадан ачылат. Ю.Абдрахманов, К.Тыныстанов, Б.Исакеев, Т.Айтматов, О.Алиев ж.б. Социал-Туран партиясынын активдүү мүчөлөрү катары камалат. Ошого байланыштуу А.Сыдыков дагы бир жолу суракка алынат. Айласы кеткен “күнөөкөр” 1938-жылдын 10-февралындагы акыркы суракта айтылган жана ага карата коюлган күнөөлөрдүн бардыгын дагы бир жолу мойнуна алган. “Мен тарабынан 1931-жылы бай-манаптардан чыккан улутчулдардын тобу түзүлгөнү чын. Ал топ Синьцзянга өтүү максатын алдына койгон. Бул тобубуздун иши ГПУ тарабынан ачылып, атуу жазасы берилген, өкүм он жылдык концлагерь менен алмаштырылган…

1931-жылы уюшулган бул топтон бөлөк контрреволюциячыл, улутчул башка уюмга мүчө болгон эмесмин. Мурдараак “отузчулардын” ишине катышкам. Топту Түркстан Борбордук Аткаруу Комиссиясынын көрсөтмөсү боюнча түзгөм.

Ошол кезде мен тарабынан улутчул, контрреволюциячыл уюм түзүлгөн, ал Кыргызстанда капитализмди калыбына келтирүү максатын койгон деген күнөөгө макул эмесмин… Мен антисоветтик, улутчул документке кол койгон отуз адамдын уюштуруучусу жана идеялык демилгечиси болгом…

Менин иш-аракетимде мындан башка да көп улутчулдук, контрреволюциячыл иштер болгон. Бүт бардыгын мен уюштургам…”

Бул жазуулардын алдында коюлган кол А.Сыдыковдун кандай абалда кол койгондугун айтып турат. Ар тамгасы титиреп ыйлап турат. Зордук-зомбулук менен, уруп-кыйноо менен койдурулган кол. Ал эми ошол колдун алдында дагы эки адамдын кубаттуу жана ишенимдүү шилтенген колу бар. Алар Кыргыз ССРинин НКВДсынын кызматкерлери Лебедев менен сержант Фаштын колдору.

10-февралда эле күнөө аныкталып, Кыргыз Республикасынын НКВДсынын тройкасынын чечим чыккан. Күнөөсү айтылып, кылмышы аныкталып келип

“Токтом кылат: атылсын, үй-мүлкү конфискациялансын”.

Ушул эле күнү А.Сыдыковду өлүм камерасына отургузушкан. Арадан сегиз күн өткөндө, 18-февраль күнү Абдыкерим Сыдыков атылган. Анын “кылмыш иши”, жасаган “күнөөсү” кыскача мына ушундай болгон.

Самсак СТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу», 22.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.