Кылымдар бою сакталчу тасмалар

Кыргыз киносу 70 жылдык тарых кыйырында улут үчүн көөнөрбөс кызмат өтөдү. Айрыкча, Кыргызфильм киностудиясы. Кыргыз керемети аталган 60тан ашуун көркөм фильм, документалдуу фильмдердин жаратуучуларына кайта-кайта алкыш айтсак жарашат. Кыргыз киносунун 70 жылдык урматына учурдагы батыштын “саксафонуна” карап ыргалган “популярдуу” киночуларды эмес, чыныгы кыргыз киносунун гүлдөп өнүүгүсүнө салым кошкон инсандардын бири Сагындык Макекадыровду маекке тартууну ылайык көрдүк.

– Кинематография кечээ жана бүгүн… бул багытта ой толгооңуз?
– Мен “Кыргызфильм” киностудиясында 1959-жылдан тартып иштей баштадым. Ошол убакта кинематография дүркүрөп иштеп жаткан убак эле. Кинематография тууралуу азыркы жаштарда жетиштүү маалымат жок. Ал грек тилинен которгондо “кыймыл-аракетти тасмага түшүрүү” деген маанини билдирет. Маселе кино тартууда кыймыл-аракетти так кармап, түшүрүп алууда. Бул өзү өтө татаал нерсе. Статика, динамика деген нерсе бар. Эки учурда тең чоң чеберчилик талап кылынат. Айрыкча динамикада. Тасмага түшүрүп жаткан кишини керектүү кыймылдарын жаза кетирбей тартып алуу. Бул өтө оор нерсе. Мисалы Усубалиев тууралуу документалдык тасма тартып калдык дейли, анын бир маанилүү сөзүн же кыймылын жаза кетирсем, ал оператор жетишпей калды деп кайра анысын кайталап бербейт… Кээде бийик тамдын башына чыга калып үстүртөн тартып, кайра ылдый секирип жанынан тартууга жалгыз чуркайсың. Өз коопсуздугубуз тууралуу унутуп калчубуз. Камера, аккумулятору менен чогуу 10 кг га чукул оордукта. Кинону ушундай азап менен тартчубуз. Кинорежиссер, сценарий жазуучулардын жоопкерчилиги андан калышпайт. Бирок, кыйынчылык менен жаралган кинолор, айрыкча “кыргыз керемети” аталгандары бул мээнетибиздин акыбети болду десек жаңылбайм. Биздин доордо тартылган 50 миң метрден ашуун тасма улут үчүн ири байлык болуп кала берет. Айрыкча ак-кара тасмалардын сапаты… Алар миңдеген жылдар бою сакталат. Ал эми совет доору таркап каражаттан кагылган соң Кыргызфильм экономикалык, чыгармачылык, адистик жактан чүнчүп калды. Бүгүн болсо баары электрондошкон вариантка өтүп алды. Кинолор видеотасмага эле түшүрүлүп жатат. Бир ири план менен жана жалпы план менен тартып коюшат.

– Кыргызды дүңгүрөткөн шедевр жараткан тасмалар сиздердин доордо жаралды. 60-жылдардагы бул эргүүгө эмне себеп болгон?
– “Кыргыз керемети” катары таанылган 60 чакты кинотасма улуттун сыймыгы . Буларга документалдык фильмдер – “Это Лощади” (хроника) (Океев), “Манасчы”, “Чабан”, “Кыял” (Апылов), “Бакча”, “Кумдагы сепил”, “Почта”, “Дүйшөндүн көпүрөсү” жана көркөм фильмдер – “Бакайдын Жайыты”, “Караш-караш”, “Ак илбирстин тукуму”, ж.б. Бул кинолор “кыргыз керемети” дегендей эле бар. Мындай караганда жөнөкөй эле жашоо, окуялар. Бирок, ушунчалык таасын ачылган. Кичинекей тасма эбегейсиз тарбиялык мааниге ээ. Ошондой элдин, улуттун нукура жашоосунун негизинде. Маселен “Бакайдын жайыты” – жөнөкөй эле карапайым абышка, ата-бабасынан калган конушу, жайытын ушунчалык астейилдеп, ыйык тутат. Мына, нукура кыргыздын сапаты, мекенине урматы. Ал эми “кыргыз кереметинин” катарын толуктаган документалдык фильмдин каармандарычы… Не бир залкар таланттар, манасчы, комузчулар эч кандай жасалмалоосуз нукура турпаты менен тасмага түшүрүлгөн. Кыргыз маданиятынын нагыз жарчылары. Башка улуттардын суктануусу, кыргыздын сыймыгы. Ал эми бул кереметтүү чыгармалардын 60-жылдарда жаралган себеби, советтик цензура ошол убакта азайтылып, “боштондукка чыккан” соң, бук болуп жүргөн кыргыз чыгармачылары жаңы эргүү менен иштеп киришкен. Башкы себеби ушул болду деп ойлойм.

– Советтик идеология менен УЛУТТУК дөөлөттөр “бир казанда кайнаган эмес”. Бул маселе кыйынчылык жараткандыр?
– Албетте, УЛУТТУК баалуулуктарды даңазалоого тоскоолдуктар болбой койгон жок. Буга, “Кыргыз маданий дөөлөттөрү” (кыргыздын залкар таланттарын, өнөрпоздорун) долбоорун тартып баштаган Шайымбек Апыловко болгон кысымды мисал алсак болот. Айрыкча, советтик идеология менен улут дөөлөттөрү арасында талаш-тартыштар да чыгып кеткен учурлар болду. Мисал катары Кончаловский тарткан “Биринчи мугалим” киносун алсак болот. Бул фильмдин мааниси баарыңыздарга малым болгондой, Совет билимин алган мугалим айылга келип, караңгы, түркөй элдин сабатын ачат эмеспи. Ошол фильмди тартып жатып “массовкада” Кончаловский бир сокур кыргызга чулчуңдата эт чайнатып, ууртунан май агыздырып тарткан кадры бар. Анан, бир аксакалды сууга сийдирген жери бар. Бул фильм тартылып бүткөн соң чоң чуу чыккан. Окумуштуу Абды Салиев жана анын пикирдештери буга нааразы болуп “Кыргыз эч качан топ элдин астында сугалактанып ууртунан май акканча чулчуңдап эт жебейт. Анткени, ал сыпаа, намысты баарынан жогору койгон эл. Анан калса, эч качан, болгондо да аксакал киши сууга сийбейт. Бул кыргыздын менталитетине тура келбейт. Кыргыз сууга сиймек тургай, бейчеки түкүрбөйт” деп чуу салышкан. Бирок, Кончаловский СССРдин гимнин жазган атактуу кишинин баласы болгондуктан, СССРдин идеологиясы күчтүүлүк кылып ошол кадрларды кестирбей коюшкан. “Биз бүт элди айтып жаткан жерибиз жок, эл ичинде ушундай типаждар болот да” деп болбой коюшкан. Ал эми кыргыз тууралуу билбегендер ал чулчуңдап эт чайнаган сокур типаждан, “Кыргыздар ушундай болот тура” деген пикирде каларын уккулары да келген эмес. Айрым жерлерин кыскартымыш болгон менен, ал ирмемдерди албай коюшкан.

– Учурда эч кыйналбай эле видеокамера менен ырчыларды оштоңдотуп ары-бери бастырып, кино тарттык деп төш кагып жатышат. Сиздер кандай шартта иштедиңиздер?
– Жогоруда айткандай биздин кино тартчу жабдыктар башкача болчу. Камерасын өзүнчө, аккумуляторун өзүнчө көтөрүп жүрөбүз. Ал 10 киллого жакын оордукта. Андай салмак менен ары-бери чуркап тартуу өзүнчө машакат. Бирок керектүү кыймылдарды жаземдебей тартып калуу үчүн чуркап жүрүп анын оордугу да эске келбейт. Жадагалса коопсуздук тууралуу унутуп койчубуз. Тасма үчүн чатырдан кулап, жаракат алган учурларым эсепсиз. Эсимде, 1974-жылы Ысык-Көл өрөөнүнө кыштоодогу чабандарды тартып келгиле деп жиберишкен. Ашуунун так чокусуна чыкканда аппак карга чулганган тоо арасында жалама аска көрдүм. Аскага кар жукпайт эмеспи. Ал көрүнүш бөтөнчө эле. Аны тасмага тартып калуу үчүн токтодук. Асканы кай тарабынан тартсам мыкты чыгат деп камера менен шыкаалап баратып бут астымды карабаптырмын. Бутум тайгаланып тоодон ылдый куладым. Кенедей таш бутума тиреле түшүп, мени сактап калды. Тээ төмөндө аркыраган дайра кирип жатат. Кенедей таш болбогондо, мени дайра чамындыдай сапырып, дайным табылбай калмак. Андай кырсыктар көп эле болгон. Бирок, тоодон кулагандай эч качан корккон эмесмин, (күлүп) Шайымбек Апылов мени колдон тартып чыккан соң экөөбүздүн тизебиз көпкө калтыраган. Анан, кыштоодогу малчылардын кыйын жашоосун, чөп жок, карды буту менен тепкилеп чөп издеген байкуш ачка малдарды карга жата калып тартып, биз да кошо сукка тоңуп келгенбиз. Бирок жоопкерчилик деген анда башкача болчу. “Кыргызфильм” тапшырмасын тоңсок да, күйсөк да так тартчубуз.

Маектешкен  Анара ДЫЙКАНОВА, «Кереге (“Кыргыз гезиттер айылы”), 16.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.