Кан-Дөбө сырлары

Биздин Кыргыз-ТүркМанасуниверситетибиздеги археологиялык казуулар Кыргызстан археологиясына өз салымын 2003-жылдан тартып туруктуу кошуп келе жатат. 2010-2011-жылдын июль айында КыргызТүркМанасуниверситетинин археологиялык экспедициясы өз ишин Канөбө эстелигинде улады.

Кан-Дөбө эстелиги биздин бабаларыбыздын бир бутагы болгон Караханийлер династиясынын бирден-бир көлөмдүү шаарларынын бири болгону археологиялык адабиятта айтылып келген. 1970-жылдардын башында бузулуу коркунучу турган. Себеби, шаар чептери жайгашкан жерде сугат суусун топтоо үчүн дамба куруу башталган. Тилекке каршы, казуунун алдында эле айдоо аянтын кеңейтүү максатында шаардын илгерки чептери бульдозер менен түздөтүлгөн. Ал гана эмес чептин орто чениндеги кан сарайынын үстү дагы эле бульдозер менен түздөтүлүп, жайында колхозчулар келип тамактанчу “полевой станга” айландырылган.

1970-жылдардагы негизги археологиялык казуулар бир некрополдо жана Кан-Дөбөгө жакын жердеги Туура-Суунун тектириндеги эрте көчмөндөр көрүстөндөрү казылган. 2008-жылы май айында Кан-Дөбөгө барып, эстелик менен таанышуу ишин уюштурдук. Ошол эле жылы келечектеги иштерди пландоо максатында археологиялык чалгындоо иштери аткарылды. Бир гана күндүк жүрүштө жасалыш чеберчилиги боюнча чанда кездешүүчү айкел казылып алынды. Ушундай эле чеберчиликте жасалган айкелдин башы Туура-Суу айылындагы орто мектептин короосунда катталды.

Кандөбө шаар чалдыбары – 6–12-кылымдарга таандык шаардын калдыгы. Ысыккөл аймагында жайгашкан. Шаар  үч бөлүктөн: айланасы жал менен курчалган борб. бөлүгү (цитадель) жана анын айланасындагы шаардыктардын турак жайлары, курулуш имараттары (шахристан) жайгашкан. Шахристан дубал менен курчалган. Шаар жалпысынан сыртынан кош жал менен курчалып, Тоң  суусуна кошулган. Жалдардын аралыктарындагы аянттарда карапайым калктын, кол өнөрчүлөрдүн жана дыйкандардын турак жайлары, ал эми шаардын борб. бөлүгүндө жана шахристанда шаар башкаруучулардын, дөөлөттүү  адамдардын турак жайлары, чарбактары жайгашкан. Археол. изилдөөлөрдө чарбалык мүнөздөгү курулуш имараттары, темирден жасалган буюмдар, тыйын, карапа, жаргылчактар, бышкан кыштардын калдыктары табылган. Шаар жөнүндө маалыматтар орто кылымдардагы  жазма булактарда кездешип, Улуу жибек жолундагы 8–12-кылымдагы Тоң  ш. менен салыштырылат. Бул шаар тууралуу 19-кылымдын 70-жылында В. В. Герн, Н. В. Сорокин, В. П. Поярков, С. М. Дудиндин маалыматтарында, ошондой эле В. В. Бар-тольддун эмгегинде эскертилет. Археологдор А. Н. Бернштам жана Д. Ф. Винник тарабынан изилденген.

“Кыргыз i” сайтынан алынды

Картаны кароо

Азыр Борбордук Азия археологдору табылган айкелдерди көрүп суктанып жаткан учуру. Чындыгында бул мындан 1200-1300 жыл илгерки эл башчыларынын бирине жана кан айымга арнап тургузулган эстелик болгону шек туудурбайт.

2010-жылы Кан-Дөбөнүн цитаделинде чакан казуу жүргүзүлдү. Жогорку катмардан бышкан кирпич менен курулган бөлмөнүн полунун калдыгы ачылган. Ушул жерге жакын жерде бышырылбаган кирпич менен курулган дубалдын калдыгы тазаланды. Орчундуу иштердин бири бульдозер менен 1972-жылы түртүлгөн топурак атайын сетка менен эленди. Топурак арасында чопо идиштин, айнектин, колонун сыныктары топтолду.

Батыш тарабындагы дубалдын структурасын талдоо үчүн жасалган казууда жана мурда бузулган дубалдын жара кесилишинде таза топурак жана шагылдуу топурак менен кезектештире куюлган катмарлары ачылды. Ушундай тартипте чептерди куруу Орто Азиядагы байыркы курулуш иштерине мүнөздүү көрүнүш. Чептин ички түп тарабында чепке улай курулган курулуштун изи байкалбайт. Ички бетин бойлой кеткен тектирче гана даана баамдалып турат. Келечектеги изилдөөдө чептин дубалында ар бир 25-30 метр аралыкта тургузулган кароол чокуларынын түзүлүшүн аныктоо милдети турат.

Экспедиция учурундагы студенттердин эс алуу күндөрү Туура-Суу айылынын айланасындагы жана Тоңдун ички өрөөнүндөгү археологиялык эстеликтери менен таанышууга жүрүшкө чыгып турдук. Жергиликтүү элден маалымат топтоо көп натыйжаларды берди. Биз жергиликтүү край таануучу, мураскер Олжобай Сагынбаев аркылуу көп жаңы маалыматтарды алдык. Ал илим чөйрөсүнө белгисиз орто кылымдагы чептер, айкелдер, таштагы жазууларды каттоого көмөкчү болду.

Кан-Дөбө жайгашкан өрөөндүн батыш тарабында Кош-Дөбө аттуу жер өзгөчө көңүлдү бурат. Байыркы мезгилдерде бул жер да диний ишенимдер аткарылган жер болгонун ал жерден табылган археологиялык эстеликтер аныктап турат.

Ушул эле батыш аймакта орто кылымдагы түрк айкелдери кездешет. Жакын жерде сак мезгилине таандык көлөмдүү көрүстөндөр жайгашкан. Өрөөндүн батыш учун курчаган аска таштарда кеминде 2 миң жыл илгери тартылган бугу, эчки-текелердин сүрөттөрү кездешет. Кош-Дөбөнүн күн батыш тарабындагы казууларда таш дооруна таандык таш курал табылды. Ал табылга азырынча өрөөндөгү эң байыркы адам изи болуп саналат.

Өрөөндүн түндүк тарабында, Туура-Суу суусунун чыгыш жагында 1970-жылдары сак-усундар мезгилине таандык көлөмдүү кургандар изилденген. Көрүстөндөр илгерки эле мезгилде көркоолор тарабынан уурдалганы менен маанилүү маалыматтар алынган. Эң көрүнүктүү табылга алтындан куюп жасалган узундугу болгону 1,5 см келген жейрендин скульптурасы. Бул сыяктуу бугу же башка жаныбардын скульптурасы б.з.ч. V-III сак маданиятына тиешелүү болгону Жети-Суудагы археологиялык изилдөөлөрдө далилденген. Скульптура сактардын кийизден жасалган баш кийиминин дал төбөсүнө орноштурулган. Баш кийимге жана териден ийлеп жасалган сырткы кийимге дагы алтындан же колодон жасалган бастырмалар бекитилген. Бул сыяктуу жасалгалуу кийимдер уруу башчыларынын салтанатка кийүүчү кийими болуп саналат. Ошону менен бирге бул кийимдер балакаттан өтүп жоокер катарына кабыл алынуучу салтанатта да кийилген. Ушул жагынан алганда Туура-Суудагы сак көрүстөндөрү сактар коомунун төбөлдөрү көмүлгөн ыйык жер болгонун аныктап турат.

Мына ошентип, жалпы Кан-Дөбө жайгашкан жер, аны курчаган өрөөн байыртадан бери адамзатты өзүнө тарткан жер болгонун археологиялык табылгалар тастыктап турат.

Тарыхый булактар боюнча талдай келгенде орто кылымда ушул аймакта Тоң шаары жайгашкан. Биздин бул аймактар боюнча топтогон маалыматтарыбызга караганда Тоң шаарынын аймагы Кан-Дөбө менен чектелген эмес. Түндүктү – Ысык-Көлдү карай созулган. Азыркы Бөкөнбаев айылынын күн батышында орто кылымдарга таандык дубал калдыгы сакталып калган. Ушул жергеден караханийлер дооруна таандык маркум бейитине орнотулуучу жазуусу бар мүрзө ташы (кайрак) табылган. Ошону менен бирге Тоң суусунун бассейнинде араб графикасы менен жазылган таш эстеликтер кездешет. Жергиликтүү элдин айтымында Туура-Суу менен Бөкөнбаев айылдарынын ортосунда илгери узун дубал болгон. Жерди өздөштүрүү, жол курууда алар бузулган. Ушул жердеги эл оозунда сакталып, кийин төмөндөгү айыл аттарына айланган Туура-Там, Төрт-Күл түшүнүктөрү орто кылымдардагы чептердин калдыгы менен байланыштуу болгону талаш туудурбайт.

Тоң тууралуу так маалымат автору белгисиз X кылымда жазылган “Худуд ал-алам” (“Чыгыштан батышка карай дүйнөнүн бөлүнүшү” деген китепте мындай жазылат: “Тоң жана Талхиза – тоолордун ортосунда, Ысык-Көлгө жакын жердеги чигилдер менен халлухтардын дал чек арасында жайгашкан эки кыштак. Эли согушчан эр жүрөк жана баатыр” (Худуд ал-Алам // Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары. – Б. 2002. 65-66-б.). Тоо арасында жайгашкан деген маалыматы Кан-Дөбөнүн жайгашкан жерине туура келет.

Ушул жазма булакта удаа эле “Барсхан – көлдүн жээгиндеги бай, жайлуу шаар. Анын башкаруучусу халлухтардан, бирок калк тогузгуздарга ыктайт” (аталган китеп, 57-б.). Ушул эле Худуд-ал аламда “Барсхан шаары ушул көлдүн жээгинде” (57-б.) деп эскерилет. Жогорудагы маалыматтар Ысык-Көлдүн түштүк-чыгыш тарабындагы көрүнүнкүү археологиялык эстелик болгон, кийин көл каптап, кайра кургакка чыккан Кой-Сары шаар урандысына туура келет.

Ушул пикирди Махмуд Кашгаринин картасы да далилдеп турат. Ал карта боюнча Ысык-Көлдүн түштүк тарабында беш калк жашаган шаарчалар түшүрүлгөн. Демек, биз изилдөө жүргүзүп жаткан Кан-Дөбө шаарчасы картада белгиленген шаарчалардын бири.

Тоң шаарчасына жакынкы аймактагы биздин табылга Кайнар аттуу жердеги археологиялык комплекс менен байланыштуу. Бул тоо арасындагы орто кылымдарга таандык курулуштун орду азыр бузулган, жергиликтүү калк курулуш иштери үчүн топурак алышкан. Топуракты трактор менен казып алуу учурунда көп санда чопо идиштин калдыктары табылып, талкаланган. Кайнар аймагы Караханийлер мезгилинде жер иштетүү, мал багуу чарбасы өнүккөн кыштак болгон. Табылган чопо идиштин калдыктарына караганда карапа өндүрүшү жакшы жолго коюлган. Карапачылар текши бышырылган ар кандай көлөмдөгү чопо идиштерди даярдашкан. Болжолу бир канча карапачылардын өндүрүшү болсо керек. Бири-биринен айырмаланган мөөр басылган карапа идиш сыныктары табылды.

Кайнардан араб арибинде жазуусу бар таш мамыча табылган. Ал маркум мүрзөсүнө коюлуучу таш азыр Тоң айылында жашаган адамдын үйүндө сакталып турат. Кайнарда жашаган адамдардын айтымында тоо этектеринде темирдин шлагы учурайт. Бул маалымат аркылуу темир иштетүү же өндүрүү ишканасынын болгонун баамдоого болот. Кайнар азыркы учурда орто кылымдагы тектирлерде жер иштетүүнүн мүнөзүн изилдөөгө маалымат берүүчү Тескей-Ала тоодогу бирден-бир маанилүү объект. Байыркы, орто кылымдардагы, тектирди түздөтүү, жер кыртышын сактоо, өсүмдүк эгүү боюнча көөнөргүс булак. Ал тектирлерди мөңгү, жаан-сууларын топтоп сугаруу ыкмаларын да изилдөө келечектүү. Ошондуктан, бул жердеги эстеликтерди коргоо боюнча жергиктүү эл жана Тоң акимчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк.

Болбосо ал кыштактан кол жууйбуз. Себеп дегенде – кечээ жакында эле ушул жерге жакын сарай салгандар орто кылымдагы эң көлөмдүү курулушун бузуп топурагын сарай курууга жүктөп кетишкен. Жергиликтүү калкты сурамжылоодо трактордун жер казгычы чапчыган сайын түркүн чопо идиш талкаланып жаткан. Ушуну көрүп туруп, кайра терең казып топурак алгандар деле жергиликтүү кыргыздар, ушул жер ээлери, ушул Ата-Мурас ээлери. Көрүп туруп казууну уланткандар адамдар Чыңгыз Айтматовдун “манкурт” деген сыпаттоосуна дал келеби же жокпу? Окурман өзүңүз жооп издеңиз.

Маңкурттукту жоюу үчүн атайын окуу окуп кереги жок. Улуу-кичүү, азыркы жана эртеңки чоңдор, депутаттар Тоңдо, тоңдук Сагымбаев Олжобай атага окшогон көсөмдөрдүн бир сааттык насыятын угуп койсо эле дээринде барлар көзүн ачып алат. Археологиялык изилдөөнүн методуна ылайык жергиликтүү элден алган ар бир маалымат текшерилип, Кан-Дөбөнүн цитаделинин айланасында дайыма көзөмөл жүргүзүп турду. Биз үчүн Олжобай агайдан алган Кайнар тууралуу маалыматтар, дегеле Тоң жергесиндеги мурастар тууралуу маалыматтары зор илимий пикирдин жаралышына себепкер болду. Биз экспедиция учурунда дайыма жергиликтүү эл менен байланышып, казууларыбыз тууралуу айтып беребиз. Жооп кылып алар дагы бизге көп кызыктуу маалыматтарды айтып беришет.

2011-жылдагы Кан-Дөбөдөгү изилдөөлөр негизинен цитаделде жана анын айланасында жүргүзүлдү. Цитаделдин түндүк тарабында казуу илгерилетилди. Үч таштанды төгүлүүчү чуңкур тазаланды. Биринин тереңдиги 3 метрге чукул. Ичин тазалоодо аз санда чопо идиш сыныктары табылды. Чуңкурда күл калдыгы алынды. Экинчи чуңкурду казуу учурундагы табылгалар цитаделди казуудагы негизги табылгалар болуп калды. 0,40-0,60 см тереңдикте бир аз жерлери сынган чайнек өңдүү идиштер жана жарылган идиштердин калдыктары табылды.

Биздин келечектеги 2012-жылы уланта турган ишибизди совет мезгилинде курулган чөп тоютун сактоо үчүн курулган чуңкурларды (сенаж, силос чуңкуру) изилдөө аныктады. Узундугу 40 м келген эки удаа чуңкурдун ортосундагы аралчада чопо идиштердин калдыгы, сокмо дубалдын калдыгы, чарбылык чуңкур ордулары табылып изилденди. Үстүңкү катмарлары текши бузулган. Алдыңкы катмарларында айлантма жаргылчак, шимек өңдүү чанда кездешүүчү табылгалар бар. Ушул аралчада казуунун улантылышы зарыл. Себеби жер ээлери курулуш ишин баштоону максат кылып коюшкан. Мыйзам боюнча археологиялык эстелик жайгашкан жер менчикке берилбеши керек. Ошондуктан аралчадагы казуу “жапырт казуу” методу менен жүргүзүлүүгө тийиш. Узундугу 40 метр, туурасы 7 метр болгон аралчаны казууда үй курулуштары ачылат. Бир эмес эки-үч мезгилди камтыган археологиялык маданий катмар ачыларын 2011-жылдагы алгачкы казуулар көргөздү.

Азыркы күндө Кыргыз-Түрк “Манас” университетибиздин тарых бөлүмүнүн башчысы, экспедициянын насаатчысы профессор Ремзи Атаоглы менен бирдикте биз келечектеги казуу иштерине даярдык көрүүдөбүз.

Кубатбек Табалдиев, Кыргыз-ТүркМанасуниверситетинин археологу, профессор,
«Zaman-Кыргызстан» («Кыргыз гезиттер айылы»), 03.02.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.