Кыргыздардын тукумсуздукка каршы ырымдары

Келиндин түшкөн жеринде орун-очок алып, өз ордун таап отуруп калуусунун негизги шарты – бала-чакалуу болуусу саналат. Анын боюна бүтүүсүн кайын журту да, төркүндөрү да чыдамсыздык менен күтүшкөн.

Ымыркай ара төрөлүп калганда…

Кээде келиндин боюна бүткөнү менен, маалына жетпей  ара төрөп койгон  учуру да болгон. Ара төрөп коюу бир нече жолу кайталанса, өнөкөткө айланып кетти деп аябай тынчсызданышкан. Бул, төрөбөстүк менен барабар кырсык катары бааланган. Катары менен боюнан түшкөн келинди ырымдатып көп күчүк тууган  канчыктын үстүнөн  үч жолу ары-бери аттатышкан. Бул, биринчиден, аялдын дарты итке өтүп  кетсин үчүн жасалган. Анын башка себеби да болушу мүмкүн. Анткени кыргыздар өздөрү баккан уй, кой, жылкы сыяктуу малдардын бала салып койгонун көп эле ирет байкаган  менен, иттин анткенин дээрлик көргөн эмес. Ошондон улам, экинчиден, иттин андай касиети келинге жуксун үчүн аткарылышы да ыктымал. Жогоруда сөз  кылган койдун (башка малдын деле) ара тууп салган козусунун этин боюнан көп түшкөн аялга  бышырып беришкен. Айрым жылдары алмалар  күзүндө экинчи ирет гүлдөп, кеч күзгө дейре ал тургай мөмө байлап да калат. Элде аны “алма кенжеледи” деп, түйүлгөн мөмөнү кенже алма дешет. Ара төрөгөн келинге ошондой мөмөнү да жедиришкен. Бул ырым кийинчерээк, кыргыздар багбанчылыкты өздөштүргөндөн кийин гана пайда болгону байкалып турат. Ушул саналган ырымдардын баарында тең бир жалпылык бар – бул дартка дабаа болчу  нерселердин (малдын бала салган төлү, кенже алма) толук жетилбегендиги, бышпагандыгы. Мындан улам «Ачууну ачуу басат» дегендей, аялдын боюнан түшүү, ара төрөө дартын алдын алуудагы ырымдарда жогоркудай заттар колдонулган болуш керек.

Ара төрөлгөнү менен,  бала жашап кете алышы мүмкүн. Кыргыздар так айда төрөлгөн бала жашап кете алат деп ишенишет. Бөбөк өзү да так айда – 9 айда мезгили жетип туулат. Беш айлык, жети айлык  ымыркай торолуп кете алат, алты жана сегиз айда туулгандар адам болбойт деп коюшат. Элде ара туулган баланы калпакка салып баккан ырым бар. Илгери боз үйдө жашагандыктан, ал калпакты керегенин баштарына илип,  күн сайын жылдырып турушчу экен. Дагы бир ырым – катырма нан жасап, ортосун сындырып жеп, пайда болгон оюктан баланы  өткөрүп коет. Мунун: «Бул дүйнөгө атайын келген соң, оюктай жерде болсо да жашап өтсүн» деген мааниси болгон. Ара туулган баланын денесине тегирмендин тозун алып  келип шыбайт, андан бала эт алып, тез  оңолот экен. Бирок ара туулган балдар көп жашап, алардан кыйын адамдар (акылман, баатыр, чечен ж.б.) көп чыгат деген ишеним бар.

Үй-бүлөдө бала токтобогон учурлар

Мөөнөтүнө жетип эле туулган бөбөк узак турбай, чарчап калган ( элибизде жаш баланы өлдү деп айтпайт, «чарчады», «учуп кетти» деп коет) учурлар да кездешет. Бул, албетте, кайгылуу көрүнүш. Андай убактарда кыргыздар ички сезимдерин элге жарыя кыла беришпейт, сабырдуулук кылып, «кудай өзү берип, өзү алды» деп коюшат. Келгендер да ата-энесине «жаш бала периштеге айланып учуп кетиптир да, чоңоюп, көзгө көрүнүп калгандан кийин эмес, ушундайында эле кеткени да ырас, мейли, кудай берерин унутпасын» деп көңүл айтышат. Үй-бүлөнүн жакын адамдары гана наристени бейитке алып барып жашырышат. Балдардын мүрзөсү чоңдордукунан айырмалуу болот, анда казанак оюлбайт. Көрдүн капталын гана казып,  сөөккө ылайык жай даярдайт, элде аны «жарма» деп атайт. Бөбөккө ат коюп көмүү шарт, андайда «жарык дүйнөгө келип, эч нерсени көргөн жок, кур дегенде аты бар кетсин» деп уккулуктуу, жагымдуу, даражалуу ысымдарды энчилешкен. Чарчап калган баланын бир туугандары бар болсо, зыяны тийбесин деп пахтадан билик жасап, алардын колдоруна же моюнуна илип байлап койгон.

Үй-бүлөдө балдар токтобогон учурларда  баланын өмүрүн сактап калуу  үчүн бир катар чараларды көрүшкөн. Алардын ичинен жаңыдан төрөлгөн баланы чоочун аялга эмизүүгө берүү ырымы өзгөчө орунду ээлеген. Бул, балдары чарчай берген аялдын сүтү уу (заар) болот деген ишенимден келип чыккан, андыктан төрөлгөн бөбөктү эмизүүгө энесине бербей, башка аялга эмизишкен. (Сүтү заар деген келин «бул дартым башкага өтүп кетсин» деп, бирөөнүн  баласын билгизбей эмизип да койгон). Белгилүү убакыт өткөндөн кийин баланы кайра алышып, бул «сатып алуу» катары ырымдалган. Кээде бөбөктү  чоочун үй-бүлөгө үч, жети же кырк күнгө беришип, айрым учурларда ал түгүл энесине көрсөтүшкөн эмес. Баланы «сатып алууда» аны эмизген аялга акы катары баланын эркек же кыз экенине жараша тогуз буюм беришкен. Андай балага адатта Тогузак же Сатылган, Сатыбалды, Саткын деген аттар коюлган. Биздин эл оозунан жыйнаган  материалдарыбыздын ичинде байыркы мезгилдерде баланы бир кап тезекке сатып алгандыгы жөнүндө маалымат бар. Бул ырымдын ымыркайдын тезекке да арзыбай тургандыгын көрсөтүп, ажалды иренжитүү максатында иштелгендиги байкалып турат.

Баланын чоочун  үйгө берилишин жогоруда анын энесинин сүтү жөнүндөгү ишеним менен байланышта карадык эле. Аталган  ырымдын бөбөктү ажалдан качыруу максатында же жашыруу үчүн аткарылышын да эске алыш керек. Баланы  негизинен  туугандарына же көп  балалуу болуп, баарын тең аман-эсен чоңойткон адамдарга беришкен. Жакын туугандары ал тургай өздөрү келишип (башка айылдан болсо да), ымыркайды төрөлөр менен  ала качып кетишкен.  Алып кеткенге чейин баланын үстүнө кара казанды көмкөрүп койгон.  Маалымат берүүчүлөр бул ырымдын маанисин эки түрдүүчө түшүндүрүштү: кээлери ажал таппай калсын деп жашыруу үчүн дешсе, айрымдары ажал баланы кара жер алдында, аркы дүйнөдө деп алданып кетип калат деген пикирде. Анан туугандары келип, баланы койнуна катып, эч кимге көрсөтпөй алып кетишкен. Үч күндөн кийин энеси баккан адамдын үйүнө барып, уулунун  өңүн өзүнүн көзү тийип кетпесин үчүн  элек аркылуу көрүп, акысын төлөп, кайра сатып алган.

Балалуу болуу  тууралуу  тилегинин  аткарылышы үчүн ата-эне  ар кандай шартты  аткаруудан да баш тарткан эмес. Балдары удаа-удаа чарчап токтобогондо, күйөөсү аялы экөө тең жаман, эски кийим  кийип, эл аралап кайыр сураса, балдары туруп калат деген ишеним бар. Жогоруда, биз баланы чоочун үйгө качырып, кайра сатып алуу салты болгонун сөз кыла кеттик эле. Айрым маалыматтар боюнча, баланын энеси жети  күн  кайыр сурагандан  кийин гана барып, баласын сатып алган. Дагы бир ырымы – балдары чарчай берген эне төрөгөн соң жети үйдөн  эч сөз айтпай туруп ун  сурап келип, андан май токоч  бышырып берген. Ырымдын «бала эл менен чогуу аралашып, насиптеш болуп жүрсүн» деген мааниси бар. Ун сураган аял көрүнбөй, далдоодо  туруп сурайт, идиши  гана көрүнгөн. Ага  ун бергендер да суратпай, өздөрү билип берүүгө тийиш болгон. Балдары токтосун үчүн  энеси айылдагы  үйлөрдү кыдырып, ар кимден кыйкым сурап келип, аларды кураштырып  көйнөк тигип  кийгизген. Кийин баласы чоңоюп, жети жашка  чыкканга чейин деле кийим алып бербей, көп балалуу үй-бүлөнүн балдарынын эски кийимдерин уулуна сурап алып берип, атын өзгөртүп чакырган.

Жан-жаныбарлар аркылуу ырымдоо

Өткөн мезгилдерде баланын өмүрүнүн коопсуздугу, сакталышы үчүн айрым жаныбарлардын сактоочу күчүнө карата болгон ишеним элде күчтүү болгон. Балдары турбаган аялды эшектин терисинин үстүнө төрөтөт деген маалымат  кызыгууну туудурат. Биздин оюбузча, бул ырымдын эки себеби бар. Биринчиси, эшектин чыдамкайлык, эч кандай ооруга чалдыкпагандык сыяктуу сапаттары менен байланыштуу, башкача айтканда, баланын жаны да ошондой бекем болсун  деген ниетте жасалат. Экинчиси, эшек арам жаныбар деп саналгандыктан, анын терисине түшүп булганган бөбөктөн ажал иренжисин деп аткарылат. Ошондой эле итти да адамды ар кандай жамандыктан коргоочу касиетке ээ деп ишенгендиктен, анын жүнү менен тиштерин тумар катары, айрыкча балдар үчүн пайдаланышкан. Балдары турбай, чарчай берген ата-энелер жаңы төрөлгөн баласынын кулагын көзөп, иттин жүнүнөн өткөрүп коюшкан. Сары иттин жүнү өзгөчө күчкө ээ делген. Иттин тиштерин да бөбөктүн кийим-кечесине тигип коюшкан. Ымыркайга биринчи жолу кийгизерден мурун (эгерде ага чейин төрөлгөндөр чарчап калышса) алгач иттин башына салып кийгизишкен. Бул көйнөк ит көйнөк деп аталган. Узак жашап, көптөгөн небере-чебере көргөн байбиче өлүм алдында ошондой ит көйнөктү көкүрөгүнө коюп жатып үзүлсө, аркы дүйнөдө сурак бербейт деген ишеним бар. Балдары токтобогон аялдар төрөр менен ууз сүтүн  күчүккө эмизип, бала менен күчүк эмчектеш болуп калган. Бизге бул маалыматты берген информаторубуздун айтуусу боюнча, андай балага Туташбек, ал эми күчүккө Уялаш деп ат коюлат экен.

(Уландысы бул жерде)

Абдымиталип Мурзакметов, тарых илимдеринин кандидаты, этнограф,
“Көк Асаба”,
04-17.04.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.