“Агымдын” антологиясы

Сүрөт http://etea.ua сайтынан алынды

“Жылт” эткен ойлорду иликтеп көрөлү дедик. Суурулуп чыккан саптарды санадык. Оо, сөз деген кенч – кемибес дүйнө. Ошонун тамчысын алдык. Ойкуп-кайкып оңдуу жүрүшкө түшпөгөн тирукмуш саптар жаралып кетет тура. Так ошолорун да тандап көрдүк. Табитке талаш жүргүзалбайт эмеспизби. Андыктан ак-кара дебей, жөн гана жандүйнөнүн эс алуусу үчүн көз жүгүртүп койсоңуздар болот.

ЧЫНДЫК
Сөгүлсө сөздөрдү да сөгүш керек.
Чыркырап чындыкка да көнүш керек.
Бороонго артты тосуп туруп албай,
Чуркабай калган жерде өлүш керек.
Тургунбай Эргешов

ЖАЛГЫЗДЫК
Жар көчкөн өңдүү бүт жерде,
Жан кишиң калбай күткөнгө.
Жаралбай койбой не дедим,
Жалгыздык башка түшкөндө.
Шайлообек Дүйшеев

АЙЫП
Энелери жоолуктарын тарталбай,
Кайсыл элде жүдөө күтсө зайыпты,
Бул да кырсык бирге жүргөн байкалбай,
Ошол элдин уулуна кой айыпты.
Майрамкан Абылкасымова

БУЗУКУ
Капканыма түшөбү деп ким эрте
Жалаңдаган көзүң суук, сөзүң шок.
Үч түлкүгө кошуп ийип жиберсе
Сен биринчи келээриңе шегим жок.
Бактыгүл Чотурова

СЫР
Кудай урган шуркуянын айынан,
Көңүл калып көчкөн журттай үч ирээт.
Жүрөгүмдү тырмап күйүт, өкүнүч,
Жүрөгүмдүн түпкүрүнөн ит үрөт.
Атакул Жакупов

КӨРҮШҮҮ
Көйгөй, санаа, көр түйшүктүн көбүн көр!
Бирок эгер эңсеп атса көңүлдөр,
Көрүшкүлө! Ансыз деле күн келет –
Көрүшпөскө “күм-жам” болчу өмүрлөр.
Жыпара Исабаева

КЕЙИШ
Ырымды элим окуп жактырабы?
Болбосо насбай ороп мат кылабы?
Деген ой орун алып жүрөгүмдөн,
Сарсанаа огу мени аткылады.
Ташмат Арыков

КОЛОМТО
Мейли кышта, бурганактын шаңында,
Мейли күздө, мейли жаздын таңында
Коломтону элестетсем, энекем –
Күйпөлөктөп олтургансыйт жанымда.
Казан шуулдап, түбү көөлүү карарган,
От күчөөчү коломтого таралган.
Эмнегедир от бир буюм сезилчү,
Апакемдин колдорунан жаралган.
Турар Кожомбердиев

ӨКҮТ
Мен сүйүүнүн туз жагын алыптырмын,
Мен сүйүүнүн муз жолун салыптырмын.
Тузун жалап күнү-түнү суусай берип
Тайгаланып музунда калыптырмын.
Насирдин Байтемиров

КӨРДҮЙНӨ
Жазылган дастандарда канча кылым,
Генийлер өткөн экен кыйын-кыйын.
Дайыма береседен башы чыкпай,
Аларда тартыш болот акча-тыйын
Омор Султанов

УРААН
Баянын айтсам эң бийик,
Баштатан кыргыз эл бийик.
Жүрөгүм – кыргыз жүрөгү,
Жүралбайм башты жерге ийип!
Какен Алмазбеков

ЖАҢЫЛУУ
Көз салсам көз нурумду өчүрөсүз,
Сөз салсам сиз каршы алып өчүрөсүз.
Бир сулуу кыз экен деп мен ойлосом,
Ах, келин турбайсызбы? Кечиресиз?!
Алик Акималиев

НАМЫС
Жетишет, же өзүбүз оңолобуз,
Же оңойт мезгил бизди муштум менен.
Жолон Мамытов

СҮРӨТ
Күйүп турган калемпирдей кезимде,
Көп жигиттин карегине капталгам.
Сурабачы канча жашка чыктың деп,
Паспортума эки сүрөт чапталган.
Бурулкан Карагулова

ИЗДӨӨ
Жамгырдан соң жалгыз бассам көчөдө,
Көздөр мага жеңе болот капырай.
Ал экөөбүз селкилерди издейбиз,
Бирине мен, бири мага татыбай.
Шайырбек Абдрахман уулу

«Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 07.09.2007-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.