…Райкан да өткөн дүйнөдөн

r_shukurbekov

Акын, сатирик жана драматург Райкан Шүкүрбековдун 100 жылдык мааракеси 12-октябрда Таластын Суулуу-Маймагында өттү.

Райкан Шүкүрбеков 1913-жылы Талас  өрөөнүндөгү Ак-Чий, азыркы Суулуу-Маймак айылында жарык дүйнөгө келген. Ал жөнүндө кийин эрезеге жеткенде “Биздин үй” деген ырында: “Ай, күнүн өзүм түгүл атам билбей, келипмин бул дүйнөгө ушундайда”,- деп эскерет.

Ал тестиер кезинде Октябрь революциясы жеңип, карапайым айылдык балдарга билим алууга шарт түзүлгөндө, окууга ынтызар Райкан ата-энесине эч нерсе айтпастан, жөө жалаңдап Олуя-Ата (азыркы Тараз) шаарына барып интернатка кирет.

Ал тууралуу акын:

Күн батты, жылдыз чыкты, түштүм жолго,
Солкулдак, узун чыбык алып колго.
Ит үнү алыстады бара-бара,
Тоо калды ойлонгондой карап мага.
Мен тоодон келген эликке окшоп,
Элеңдеп, коркуп-үркүп басам токтоп.
“Кайда интернат, кайда?”- деп сурай, сурай,
Таап алдым, акыры койгонум жок.
Кыргызча так сүйлөдү чоочун орус,
Оюмдан такыр кетпей ошол добуш.
Коелу Чолпонкулов муну жазып,
Келиптир Маймак жактан өзү качып.

Шык даарыган он жаштагы бала ал жерде үч жыл окуп, билим алган. Андан кийин жаңы ачылган Маймак айылдык мектебинде окуусун улантып, он төрт жашында “Жаркынай” деген алгачкы аңгемесин жазып, анысы республикалык “Жаңы маданият жолунда” деген журналга басылган.

Алыкул менен Мидиндин досу….

Шүкүрбеков 1929-жылы Фрунзеге келип педтехникумга окууга кирет. Ал жерде Алыкул Осмонов, Мидин Алыбаев менен мамилеси келишип, кийин жаны бирге кыйышпас достордон болушат. Алыкул экөө 21 жылдан ашуун дили сырдаш, жаны бирге курдаш болуп эле тим болбостон, башына мүшкүл түшкөн оор учурда дагы бири-бирине жөлөк-тирек болушкан экен.

Ал педтехникумдагы күндөрү тууралуу:  “Алыкул, Мидин болуп, 1930-жылдары педтехникумда окуп жүргөн кезибизде, бизди эки нерсе аябай таң калтырчу. Анын бири театр, экинчиси адабият жөнүндөгү өтө кызык жыйналыштар болор эле. Ошол кезде кадимки Токтогул, Мураталыны техникумга келип-кетип турчу. Анан агайларыбыз: Жоомарт Бөкөнбаев, Кубанычбек Маликов, Мукай Элебаевдин ырлары газетага чыгып, Касымалы Жантөшевдин бир актылуу пьесалары мектептерде коюлуп жүрчү”,- деп эскерет.

Анын жан кыйбас курдашы Алыкул Осмонов каза болгондо ага арнап жазган ырларынын биринде:

Тирүү адам жашында жоголбосун,
Жан кеткен соң жалынуу болбой жоосун.
Алыкул сени эстеген чындыгында,
Өз эмгегиң, баягы жалгыз досуң, – деп эскерет.

Райкан Шүкүрбеков педтехникумду бүткөндөн кийин театрда чыгармачылык чыйырын баштайт. 1936-жылы филармония театрдан бөлүнгөндө Токтогул, Мураталы, Калык, Алымкул, Осмонкул, Саякбай, Атай, Карамолдо, Ыбырай, Токтоналы, Ысмайыл өңдүү залкарлар менен өмүрүнүн соңуна чейин насиптеш, табакташ болуп, театрдын адабий бөлүмүн жетектейт.

Акын, сатирик Мидин Алыбаев 1959-жылы дүйнө салганда Райкан Шүкүрбеков каңырыгы түтөп досуна ыр саптарынан эстелик тургузат.

Өмүрдө, өлүмдө да миң-миң себеп,
Алмашып адам чиркин келет, кетет.
Өкүнүч арман менен турмуштагы,
Ар кимге өмүр суусу койгон ченеп,
Ошентип капыс ажал туура келип,
Мидин да сайрай-сайрай кетти жөнөп.

Улуу акын Аалы Токомбаев жөнүндө калемдештеринин арасында ар түрдүү айың кептер айтылып, аны каралагысы келгендер ойдон чыгарылган кептерди чыгарып, көө жапкысы келгенде Райкан Шүкүрбеков Токомбаев жөнүндө калыс сөзүн айтат.

Ар кимдин орду бар го турмушта алган,
Эч качан чынга айланбай түбү жалган.
Чындыктын бир булбулу биздин Аалы,
Ташка тамга баскандай изин салган.

Райкан Шүкүрбеков Улуу Ата Мекендик согушка катышып, эки жолу жарадар болуп, Кыргызстанга кайтып келгенден кийин филармонияда ишин улантып, элдик чыгармага айланган “Жер жөнүндө терме”, “Жинди суу”, “Кыз-жигит”  деген термелерди, сатира, тамсил, интермедияларды  жазат. Анын “Айдар”, “Бейит арасында”, “Акындын үмүтү” деген драмалары, “Жашыл токой”, “ Унута электер уялбайт”, “Жакшынын шарапаты”, “Жапалак Жатпасов” комедиялары кезинде кыргыз драмтеатрынын репертуарынан түшчү эмес.

Райкан Шүкүрбеков казактын даңазалуу жазуучусу Мухтар Ауэзов менен дагы жакшы мамиледе, чыгармачылык тыгыз байланышта болот.

Ал Грибоедовдун “Акылдан азап” комедиясын, Крыловдун тамсилдерин, Горькийдин “Бороон кабарчысы жөнүндө ырын”, Фирдоусинин “Шах-Наме” жана “Үрүстөм – Дастанын” кыргызчалаган. Акындын чыгармалары поляк, орус тилдерине которулган.

Райкандын изи калган Маймакта

Кыргыз адабиятына жана маданиятына тоодой эмгек калтырган улуу акын, сатирик, драматург Райкан Шүкүрбековдун 100 жылдык мааракеси Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Суулуу-Маймак айылында 12-октябрда белгиленди. Мааракеге келген Жоон-Төбө айылынын тургуну Шүкүрбековдун жек-жааты Курал Усубалиев кудасы тууралуу буларды эскерди.

– 1952-жыл бекен же 53-жыл бекен Суулуу-Маймакка чоң апамдыкына келип калды. Чачы тармал, көзү бадырайган, чап жаак келген адам отурганын көргөм. Ошонун бир сөздөрү бар:
Ким сүйбөйт бул дүйнөгө келген жерин,
Ким унутат өмүрдө көргөндөрүн.
Жактырам тоолоруңду досум сенин,
Сагынам бир өзгөчө Талас жерин.
Райкан кайда?-десе бирөө сурап,
Баягы өзүң көргөн Маймак дегин, –
деген сөзү бар.

Акындын бир кылымдык мааракесин өткөрүү демилгесин жергиликтүү тургундар көтөрүп, аларга Талас өрөөнүнөн чыккан ишкерлер, коомдук ишмерлер, саясатчылар, мамлекеттик кызматтагылар каржылык колдоо көрсөтүшкөнүн, жалпы байгеге 1 миллион сом каралганын Кара-Буура райондук кеңешинин төрагасы Кубанычбек Жээнчороев белгиледи.

– Бул тойго көп адамдардын салымы бар. Кыргыздын намыскөй жигиттери, улан-кыздары көмөк берип маараке мамлекеттик деңгээлде өтүп жатат. Кара-Буура району эле эмес, жалпы Талас өрөөнүнүн эли жапа тырмак кол кабыш кылышты. Болбосо улуу акын Райкан атабыз таптакыр эле унутулуп бараткан.

Жээнчороев ошондой эле бул мааракени өткөрүүдө “Учкун” акционердик коомунун генералдык директору Рыскелди Момбековдун салымы зор экенин, Бишкектеги “Талас” фонду материалдык колдоо көрсөткөнүн кошумчалады.

Маймак айылында Райкан Шүкүрбековдун айкели тургузулуп, ал окуган мектепте музейи ачылды. Ат майданында жорго салынып, күлүк чабылып, көкбөрү тартылды.

Суулуу-Маймак айылында отуздан ашуун боз үй тигилип, сахна тургузулуп төкмө акындардын республикалык кароо-сынагы өткөрүлдү. Биринчи орунду алган акын Элмирбек Иманалиевге 150 миң сом байге тапшырылып, Кыргыз эл артисти Бакыт Тилегенов жетектеген Бишкек шаардык кыргыз эл аспаптар оркестри, эстрада ырчылары чоң программадагы концерт тартуулашты.

Бул иш-чараларды өткөрүүгө Маданият, маалымат жана туризм министрлиги да колдоо көрсөткөнүн аталган министрликтин статс-катчысы Аким Текешов белгиледи.

– Ар кандай жүйөөлүү дагы, жүйөөсүз дагы себептер менен буга чейин Шүкүрбековдун чыгармачылыгы унутулуп калганын моюнга алышыбыз керек. Былтыркы жылдан бери Талас облустук администрациясы, Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясы, “Талас” фонду менен Маданият, маалымат жана туризм министрлиги биргеликте иш алып барып, Шүкүрбековдун чыгармачылыгына байланышкан илимий-практикалык конференция өткөрүлүп, чыгармалар жыйнагынын 2 томдугу чыгарылды.  Мектептерде эскерүү кечелери уюштурулду. 

Акын, нары драматург, нары чебер котормочу Райкан Шүкүрбеков 1962-жылы 22-майда Бишкек ( мурдагы Фрунзе) шаарында узакка созулган оорудан соң дүйнө салган.  Анын аза күтүү зыйнатында Ч. Айтматов, Т. Абдымомунов өңдүү залкарлар катышып, табытын көтөрүп акыркы сапарга узатышкан.

Ошондо шакирти Байдылда Сарногоев:

Ак калпак кийген кыргыз ук,
Асманда жанган жылдыз ук!
Аркырап аккан Нарын ук,
Ага-ини, достор баарың ук!
Ыр жазган өткүр тил менен
Райкан да өттү дүйнөдөн!
Таланттан кыйын айрылуу,
Дал кылды бизди кайгыруу.
Канаттар отко чалдыгып,
Кантебиз эми кайгырып.
Бар кезде алтын энелер,
Райкандар дагы төрөлөр!,
– деп жоктогон.

Суулуу-Маймак айылында өткөрүлгөн Райкан Шүкүрбековдун 100  жылдык мааракесине акындын кыздары, небере-чөбүрөлөрү дагы катышты.

Аманбек Жапаров, «Азаттык», 14.10.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.