Аруу махабатты баяндаган “Тобокел”

Жаштык менен тунук махабатты даңазалаган “Тобокел” тасмасы өз учурунда жаштардын сүйүктүү фильмине айланган. Аталган тасманын режиссеру Жали Соданбек актерлорду кантип тандагандыгы жана съемка учурунда болгон кызыктуу окуяларды баяндап берди.

“Кыргызфильмдин” Союз убагында тартылган эң акыркы тасмасы
Бул фильм “Будь что будет” деген орусча ат менен эки сериялуу болуп чыккан. Аны 1990-жылы СССРдин убагынан баштап, 1992-жылы Советтер Союзу тараганда бүткөнбүз. Ал Союз убагында Борбордук Телекөрсөтүүнүн заказы боюнча тартылган. “Кыргызфильмдин” тарыхында ал Советтер Союзунун каражатына тартылган акыркы фильм болуп калды. Тасма даяр болгондон кийин кимге тапшырарыбызды билбей калдык. Себеби, ал кезде мурунку улуу держава толугу менен жоюлуп кеткен эле. Анан ойлонуп олтуруп, Москвадагы Останкиного “Тобокелдин” тагдыры эмне болот?” деп кат жаздык. Ал жактан “өзүбүз да билбей турабыз, бизде бүт каржы маселеси токтоп калды. Ошондой болсо да, бул биздин заказ болгондуктан алып келгиле, көрөлү” деген жооп келди. Аны Москвага алып бардык, алар чогулуп көрүштү. Негизинен “Тобокел” тасмасы бир сериялуу эле болмок болчу, бирок биз эки сериялуу кылып чыгарганбыз. “Фильм бир сериялуу эле болмок эмес беле, эмне үчүн эки сериялуу кылгансыңар, кыскарткыла” деп айтышабы деп чочуланганбыз. Бирок, көрүп жактырышты. Болгону силер эки сериянын гонорарын сурабагыла дешти. Макул болдук. Бир айдан кийин эле Борбордук Телекөрсөтүүдөн “Тобокелди” эки жолу көрсөтүштү. Андан кийин Кыргызстанда да да көрсөтө баштады. Аталган тасманын сценарийи жазуучу Эркин Борбиевдин “Дождь после четверга” деген повестинин мотивинде жазылган. Бирок чыгарманын көп жерин кино тилине өзгөрттүк жана биртоп жаңы эпизоддорду коштук. Укмуштуудай сонун адабий чыгарма болсо да, аны киносценарий кылып кайра оңдоп-түстөп жазмайынча фильм жаралбайт. Мисалы, чыгармада тик учак, негр учкучу сыяктуу көптөгөн эпизоддор жок болчу, аларды режиссерлук сценарий кылып жазып жаткан баскычта кошкомун. Ал орус тилинде тартылган. Анткени СССРдин Борбордук Телекөрсөтүүсү орус тилинде болгондуктан, аны кыргызча дубляж жасаганга үлгүрбөй калдык. Себеби, ошол убакта “Кыргызфильм” такыр эле иштебей калган.

Тасмага тартылган актерлор туурасында
“Тобокел” тасмасына көбүнчө кесипкөй эмес актерлор тартылды. Башкы каарман Айшанын ролуна Бишкектеги педагогикалык музыкалык окуу жайда окуп жаткан Чолпон Касымбекова деген кызды чакырдык. Ал кыз мурда менин “Дүрбөлөң” (“Переполох”) фильмимдин бир эпизодунда ойногон эле. Анын ийкемдүү жана жакшы аткараарын байкап калгам. Башкы каарманды тандоодо жаңылган жокмун. Чолпон Айшанын ролун эң жакшы ойноп берди. Ал эми Айшанын жигити Адамдын ролуна актёрду абдан көпкө издедик. Бул ролго ылайыктуу актерлорду Казакстандан да чакырдык. Анан караштырып жүрүп, Жаш Көрүүчүлөр Театрында (ТЮЗ) иштеп жүргөн Бакыт Жунушевди киносынакка чакырдык. Андан башка кыргыз, казах актерлор да сынактан өтө башташты. Кинопроба бүткөндөн кийин баары кимибиз өттүк деп чыдамсыздык менен күтүп атышты. Көркөм Кеңештин актерлорду тандап бекитүү чечиминде, акыркы сөз режиссердо болот. Мага Бакыт Жунушев жагып, ошону башкы эркек каармандын ролуна бекиттик. Көркөм Кеңештин отурумунан жаңыдан эле чыгып келатсам, алдыман ал бала кокусунан эле чыга калса болобу! Эмне болдук деген мааниде мени суроолуу түрдө карап калды. Актерлорду сен өттүң, сен өтпөй калдың деп айтыш – режиссер үчүн абдан эле оор маселе. Бакыт, жүрчү деп киностудиянын узун коридору менен унчукпай басып отуруп терезенин жанына келип токтодук. Карасам, өңү суз. “Бакыт сенин жүрөгүң жакшы элеби, оорукчан эмессиңби? – деп сурасам, бир үшкүрүнүп алды да, айта бериңиз дегенсип өзүн-өзү сооротуп терезе жакты карап калды. “Анда иш мындай, сен башкы ролго бекитилдиң, – деп кыска айтып басып кеттим. Ал эмне деп жооп берерин билбей терезенин жанында селдейип калып калды. Адамдын ролуна бекитилген актерду психологиялык жактан да сынап көрөйүн дегем. Андан башка Луис деген Кубалык негр учкуч жигиттин ролун ошол убакта биздин учкучтарды даярдаган окуу жайында окуган Мозамбиктен келген Имануэль Мерседес деген курсант эң жакшы аткарды. Ал адам катары да мыкты инсан эле. Кыргызча сүйлөп, ооз комузда да ойноочу. Аны баарыбыз жакшы көрчүбүз.

Фильм кайда тартылган?
Аталган тасманы Бишкекте, Чүйдө, Ысык-Көлдө, Жалал-Абад дубанында, финалы Арстанбапта тартылды. “Тобокелди” павильондо тарткан жокпуз. Ошол учурда “Бишкек” мейманканасы иштебей токтоп турган болчу. Ал жерде фильмдин көптөгөн эпизоддордун интерьер катары колдонуп тарттык. Мисалы, Айшанын ата-энесинин, Адамдын үйү ошол жерден тартылган.

“Эки жаштын махабатына эч нерсе тоскоол боло албайт”
Тасманын негизги максаты таза сүйүү махабатын баяндайт. Башкы каарман Адам катуу ооруп калып, аны убактылуу учкучтуктан четтетип коюшат. Себеби дарыгерлер анын мээсинде шишик пайда болгонун аныкташып, ал жөнүндө Адамга ачык эле билгизишет. Бирок сөзсүз түрдө операция жасалаарын айтышып, сабырдуулукка чакырышат. Аны уккан Адам сүйлөшкөн кызы студент Айшанын келечегин, тагдырын бузбайын, тоскоол болбоюн деп кыздан алыстай баштайт. Ал эми кыз тескерисинче ” эмне болсо да тагдырыңды сени менен кошо бөлүшөм” деп чечкиндүүлүгүн көрсөтөт. Бирок жигит жанындай сүйгөн Айшаны аяп, тагдырын өзүнүн кыска өмүрү менен байланыштыргысы келбей ичинен сыздап операция алдында ата-энеси менен көрүшүп алайын деп Арстанбапка кетмекчи болот. “Балким, бул акыркы жолу баратканымдыр деп да ойлойт. Адамдын чөнтөгүндө жана машинасында ар дайым чүкө болор эле. Ал муну ырым кылып алып жүрөт. Чүкөсүн өкчөп көрсө айкүр болуп түшөт. Аа, анда жакшылыктын жышааны деп ата-энесине кете берет. Кыз болсо Адамды Бишкектен издеп таппай кыйналат, алсызданып ыйлайт. Адамдын досторуна телефон чалып, тапкыла деп аларды да кыйнайт. Акыры Адамдын учкуч достору тик учак менен Айшаны Арстанбапка жеткизишет. “Балким биздин үнүбүз Кудайга угулар” деп ала барган үйлөнүү той көйнөгүн сумкасынан алып чыгып Адамга көрсөтөт. Адам кызына таң кала кубанып, эмне деп ыраазычылыгын билгизе албай Айшаны кучактап, мукактанат. Кыз анын кучагына батып ыйлап жиберет. Бул таза сезимге, фильмдин финалына көп чекит коюлат. Тасманы көргөн ар бир көрүүчү операция натыйжалуу өтүп, бул эки жаш дайыма бирге бактылуу болуусун Кудайдан чын жүрөктөн суранат.

Асмандан гүлдесте түшүргөндө
Арстанбапта Айша менен Адам жолугушканына сүйүнүшүп ыйлап турушкан кезде, алардын үстүнөн учкуч достору тик учактан аларга чоң корзина толгон гүлдү түшүрүшөт. Гүлдүн арасында “баардыгы жакшы болот, силердин бактылуу болушуңарга биз ишенебиз!!!” деген жазуусу бар открытка да бар эле. Аны окуп алышып Адам менен Айша ого бетер сүйүнүч көз жаштарын токтото албай ыйлашат…

“Түштү тартуу кыйынга турду”
Тасманы тартууда Адамдын Айша жөнүндө көргөн түшүн тартуу кыйыныраак болду. Негизи эле фильмди тартууда кыйынчылык болбой койбойт. Анын үстүнө тик учакты тартып жатпайбызбы, аны да атайын уруксат менен алышыбыз керек болду, бир жагынан баасы да кымбат эле. Тик учак менен Ысык-Көлдө бир күн, Арстанбапта эки күн тарттык. Тик учакты “айдап” жүргөн Адамды учкучтун кабинасында эле аэропортто токтоп турганда асмандын фонунда тартканбыз. Мына ушундай кино ыкмаларын колдондук. Адамдын түшүндө Айша аэропортто пианино ойнойт эмеспи. Аны да тартуу абдан кыйын болду. Себеби, аэропорттун жетекчилеринен расмий түрдө уруксат алуу керек болду. Техникалык коопсуздук деген эреже бар да. Башкы каарманыбыз Айша учууга камданып жүрүп бараткан чоң жүргүнчү учагынын канатынын алдында пианино ойнош керек эле. Чын эле учардын алдында күүлөнүп алып жүрүп бараткан чоң учактын калдайган канатынын алдында актриса пианино ойноп атты. Албетте, биз баарыбыз, артыкча актриса Чолпон Касымбекова коркту. Кудай жалгап тажрыйбалуу учкуч эч бир зыян келтирбей ойноп аткан актрисанын үстүнөн так учуп кетти.

Бетти даярдаган Самара Кабылбекова,
“Заман-Кыргызстан” («Кыргыз гезиттер айылы»), 13.04.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.