Айтурган Темирова: Менден мыкты балерина чыкмак

a_temirova

Жакында айтылуу актриса Казакстан президентинин “Достук” орденин алыптыр.

“Кыргыз керемети” аталган кинотасмаларда мыкты ролдорду жараткан КР эл артисти Айтурган ТЕМИРОВА он жылдан бери Чехияда жолдошу Павел менен жашап жатат. Жакында айтылуу актриса Казакстан президентинин “Достук” орденин алыптыр. Чехиядан Кыргызстанга келгенде маек куруп берди.

– Айтурган айым, сыйлыгыңыз кут болсун, орденди кантип алып калдыңыз?

– 10-декабрда мага Казакстан өкмөтүнүн сыйлык берүүчү бөлүмүнөн телефон чалып, Достук орденин беребиз, 14-декабрда келип калыңыз деп чакырышты. Мындай кыска мөөнөттө Астанага билет табуу да кичине көйгөй жаратты, бирок болжонгон мезгилде Чехиядан учуп келдим. Казакстанда мага орденди берип жатып, СССРдин баатыры, снайпер Алия Молдогулованын образын жаратканымды баса белгилеп, бул баатыр кызы менен сыймыктанаарын жана мени да жакшы көрүшөөрүн айтышты. Буга чейин Алия Молдогулованын юбилейи болгон сайын мага чакыруу жиберишчү. Бирок ар кандай себептерге байланыштуу баралбай калчумун. Бул жолку иш-чарада Алия Молдогулованын 90 жылдык мааракесине сөзсүз келиңиз, сизди эл күтөт, сыйлайт деп чакырышты, мен келем деп убада бердим. Атайын Чехиядан Казакстанга келип, анан кантип ата-журтумду, балдарымды көрбөй кетмек элем.

– Европада жакында Рождество майрамы, ага кандай даярдыктарды көрөсүз?

– Негизи Рождествону алар эң башкы майрам катары абдан даярданып, мыкты деңгээлде өткөрүшөт. Ал эми жаңы жылды анчалык деле майрамдашпайт, ар ким өз үйлөрүндө тынч өткөрүшөт. Биз Рождествону жыл сайын башка шаарларга барып тосчубуз. Быйыл жолдошум Павел экөөбүз үйдө эле өткөрөбүз деп пландадык. Анын балдарын, энесин, бир туугандарын чакырабыз. Бири-бирибизге белек беребиз. Чехтердин хлебушки деген улуттук тамагы бар. Алар конок чакырса да ошол хлебушкасын даярдашат. Ал сендвич сыяктуу, нандын үстүнө салат, колбаса, жумуртка коюп кооздоп, ар бир хлебушка бири-бирине окшобогондой кооздолуп жасалгаланышы керек. Ар бир конокко арналган хлебушканы дасторконго коюп, вино ичишет.

– А сиз кыргыздын улуттук тамактарын жасап чехтерди тамшандыргансызбы?

– Албетте, ансыз болбойт да. Палоону күйөөм жакшы көрөт. Кээде бешбармак жегим келип, этсиреп, шорпону сагынганда мусулмандардын “Халал” деген дүкөнүнөн бир койдун тушун сатып алып эт салып жейбиз. Бул дүкөндөгүлөр койду кан чыгарып адалдап союшат. Ал эми башка дүкөндөгү эттердин такыр даамы жок. Шорпо жасайын десем суусу бозоруп өңү жашыл болуп чыгат. Анткени малы биздикиндей жайлоодо оттобойт, тоо жок токой болгондуктан климаты да нымдуу. Көпчүлүк фермерлер малды короого кармап, жасалма жем беришет, сыртка деле чыгарбайт. Ошондуктан эттеринин даамы жок. Алардын этинен май табууга мүмкүн эмес. Кайындарым биздин улуттук тамактарды жакшы көрүшөт. Лагман чойгонумду көрүп таң калышып, атүгүл бизге үйрөтүп кой деп курбуларым келишет.

– Чехияда жашаганыңызга канча жыл болуп калды?

– 2014-жылы 15-январда он беш жыл толот. Ал эми Павел экөөбүздүн баш кошконубузга 13 жыл болот. Кыргызстанга жыл сайын 2-3 жолу келип кетем. Быйыл кичине көбүрөөк келип калдым, себеби сиңдим инсульт болду, бул жактан доктурлар менен сүйлөшүп дарылатып кеттим. Сиңдимдин жакшы болуп сакайып кеткени кубандырды. Эми Кудайга шүгүр, убагында абдан стресс болум. Сиңдим менин неберелеримди багып берген. Эгер анын жардамы болбосо мен ушундай даражага жетет белем. Анын эмгеги биздин үй-бүлө үчүн абдан зор. Ата-энебизден да эрте ажыраганбыз. Сиңдим менен иним экөөнөн башка атабыз-апабыз жактан да эч бир туугандарыбыз жок. Ошондуктан үй-бүлөдө улуусу болгондуктан эки бир тууганыма жардам берип турам. Алардын атасы да энеси да менмин. Быяктагы балдарым да сиңдимди эне катары көрүшөт.

– Сиздин жолдошуңуз башка динден да, сиз кайсы динди тутунуп жүрөсүз, Рождествону кантип майрамдайсыңар?

– Жолдошумдун дини католик болгону менен ал аны катуу кармабайт, кайненем динди абдан тутунат. Жыл сайын Израилге зыяратка барып, мага икона, кресттерди алып келет. Өзүмдү мусулман деп эсептейм. Мен бир гана Кудайга ишенем, ага сыйынам, андан суранам. Алардын кудайы башка биздики башка эмес. Баарыбызды, ушул дүйнөнү, планетаны жараткан жалгыз Кудай деп эсептейм. Кудай бар, ал көзгө көрүнбөйт, ал баарын жараткан, ар бирибиздин жүрөгүбүздө, акыл эсибизде дейм. Жыт чыгарып, куран окутуп турам. Бул да Кудайга ишенүү деп эсептейм. Мындай сыйынуу европалыктарда деле бар. Эгер мен жыт чыгарып, кан чыгарып куран окутуп койсом кадимкидей жан дүйнөм тынчтанып, тазарып калгандай сезилет. Бирок чиркөөгө чокунуп кирген эмесмин. Пасха сыяктуу майрамдарда дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан католиктер келип чоң майрам болот. Ар бири улуттук кийими менен Христосту мактап ырдап бийлешет. Ошондой ыйык жерде деле көзүмдү жумуп Кудайдан балдарымдын, бир туугандарымдын, элимдин амандыгын тилейм.

– Чехияда иштейсизби, дегеле эмне менен алектенесиз?

– Мен азыр иштебей калдым. Мурда ар кандай иш-чараларга, эл аралык кинофестивалдарга калыстар тобуна чакырып калышчу. Быйыл сиңдимдин оорусуна байланыштуу андай иш-чаралардан баш тарттым. Бул жактагы тартылып жаткан тасмаларды көрүп, сындап, Кыргызстан жөнүндө өзүм да сценарий жазгам. Ал тасманы өзүм тартайын деп пландагам. Бирок аягында балким мен тарткан тасма начар болуп калбасын деп чочулап баш тартып койдум. Бул жактан оператор, режиссер, монтажерлор артисттер менен иштегенди билесиз, чочулабаңыз биз жардам беребиз дешти. Павел да анча колдогон жок. Анткени мен кино тартып калсам бул жакта көбүрөөк болуп калышым мүмкүн экен. Ошондуктан башка эле таланттуу режиссерго тартууга бердим.

– Кыргызстанга келатканда жолдошуңуз кызганбайбы?

– Жок, ал эч качан кызганбайт. Бул жакта балдарым, неберелерим бар экенин түшүнөт. Ал жактан деле күнүгө интернет аркылуу балдарым менен көрүшүп, сүйлөшүп турабыз. Павел айтып калат, сенин денең бул жакта болгону менен жандүйнөң ошол Кыргызстанда эле калган деп. Туура, сен кимге үйлөнгөнүңдү билесиңби, мен эл артистимин, экинчиден энемин, ал жакта балдарым, жакындарым бар деп калам. Азыр техника өнүккөнү жакшы болду, алар менен күнүгө сүйлөшүп, көрүшүп көңүлүм ток, Кыргызстанда эле жүргөндөй болом.

– Сиздин мүчө, келбетиңиз дайыма бир калыпта, семирип кеткениңизди көргөн жокпуз, атайын формаңызды сактап, диета кармайсызбы?

– Мага ушундай суроону бергенде дайыма ыңгайсыз абалда болом. Чехияда да аялдар менин келбетиме тан берип, жактырышат. А мен тескерисинче толук аялдарга суктанам. Себеби, жаш өткөн сайын аял кичине толуш керек деп ойлойм. Албетте, курсагы салаңдап өтө семирбей, кумарадай же гитарадай болуп толуш керек. Ошондой семирейин деп майлуу тамактанам, атүгүл тамак ичээрим менен кыймылдабай жатып алам. Кээде сырага каймак кошуп ичем, бирок майнап чыкпайт. А жолдошум Павел формамды сактайм деп спорт менен машыгат, бирок болбой эле толо берет. Мен эч качан арыктайм деп аракет кылган эмесмин. Кичинемде хореографияда окугам. Мени Ленинградга окууга жиберебиз деп чыгышкан. Ал мектепти 3-классымда таштаганда мугалимим ата-энеме келип бул кыз балет үчүн жаралган, эч качан семирбейт, Айтургандан мыкты балерина чыгат деп айткан эле. Менин эч качан семирбесимди ал мугалим билсе керек. Себеби, балериналар семирип кетпейин, форманы сактайын деп диета кармашат. Ата-энемдин ошол кезде балет боюнча ойлору жакшы эмес эле. Кыска юбка кийип буттарын чоет, бийлеген балдар сандарынан, белинен кармайт деп болбой коюшкан. Балерина Айсулуу Токомбаева экөөбүз кошуна жашап, байланышып турчубуз. Ал да мага мен сага суктанам, биз форманы сактайбыз деп аз тамактанабыз, а сен семирбейсиң дечү.

– Биздин бийчи Атай Өмүрзаков да Чехияга барып, ийгиликке жетишип келди, ага жолуга алдыңызбы?

– Бизде өткөн таланттардын фестивалына Кыргызстандан Атай Өмүрзаков барып бийлегенде телевизордон көрүп мен абдан сүрөп, колдоп жаттым. Аягына чейин, телефон аркылуу СМС добушту эл беришти, өзүм, күйөөм добуш бердик, анан тааныштарга айтып алар өздөрүнүн тааныштарына айтып, колдоо көрсөттүк. “Азаттыктагы” журналисттерге Атай Өмүрзаковду куттуктап бетинен өөп койгула, дагы келсе мени менен байланышсын дегем. Ал кийинчерээк Чехияга келгенде мага телефон чалды. Аларды ресторанга алып барып коноктоп, сүрөткө түштүк. Ресторанда отурганда официанттар Атайды таанып, андан кол тамга алганда мага абдан жагымдуу болду. Жакында ал окуучуларын алып келиптир, мен аларга да добуш бердим. Экинчи турдан өтүп үчүнчүсүнө келишкенде мен биякка кетип калдым.Чехтин калыстар тобу Атай абдан азамат жигит экен, окуучуларын алып келиптир, булар да таланттуу жигиттер экен дешти. Бирок тамаша-чыны аралаш биз эми дайыма эле баш байгени Кыргызстанга бере беребизби деп күлүп коюшту. Аларга биринчисин бербесе да экинчи орунду алышат деп ойлойм.

– Кыргыз элине кандай каалоо-тилектерди айтасыз?

– Кетип жаткан Жылан жылында кимдин ой-максаттары ишке ашпаса, дегеле жамандыктары ушул жыл менен өтүп кетсин. Элиме жаңы жылда ийгилик, тынчтык, ден-соолук, токчулук, бейпилдик, ынтымак каалайм. Мен өзүмдүн элимди, жеримди абдан сүйөм. Кыргызстандын келечеги жаштардын колунда, андыктан аларга иштегенге шарт, мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек. Чет өлкөдө окуган студенттерге жолуксам эле Кыргызстанга барсак ал жактан жумуш таба аламбы деп сурашат. Албетте, барышың керек, Кыргызстанды өнүктүрүүгө салымыңды кошушуң керек деп айтам. Андыктан биздин күнөстүү Кыргызстандын келечеги кең болсун!

Назгүл Калмамбетова, «КАБАР ОРДО», 24.12.13-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.