Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» Фондун түзүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду

2012-жылдын 25-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» Фондун түзүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкты ишке ашыруу фундаменталдуу илимий эмгектердин негизинде Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүү боюнча изилдөөлөрдү колдоого жана тарых илимин андан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тарыхы боюнча окуу китептерин жана жаңы муундагы окуу куралдарын даярдоого жана басып чыгарууга шарт түзөт.

Жарлыктын негизинде Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү боюнча бир катар актуалдуу милдеттерди ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Комиссия түзүлөт.

Комиссияга тарых илимин өнүктүрүүнүн мамлекеттик концепциясын иштеп чыгуу, Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын изилдөө жана эл арасына кеңири жайылтуу боюнча приоритеттүү программаларды жана долбоорлорду аныктоо милдеттери жүктөлгөн.

Комиссиянын катары коомчулуктун, илимий чөйрөнүн пикирлери эске алынып жана эксперттик коомчулук менен кеңешип, белгилүү тарыхчылардан, коомдук илимдер боюнча окумуштуулардан куралган.

Жарлык менен Комиссиянын ишмердигин регламенттеген Жобосу бекитилген.

Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын изилдөө жана эл арасына кеңири жайылтуу боюнча долбоорлорду финансылоо боюнча милдеттерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан “Мурас” Фонду түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынбаган булактардын эсебинен Фонддо топтолгон каражаттардын максаттуу пайдаланылышын жана ачык-айкындуулугун камсыз кылуу үчүн Байкоочу Кеңештин жана Фонддун Башкармалыгынын курамдары бекитилген.

Төмөндө Кыргыз Рсепубликасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» Фондун түзүү жөнүндө” Жарлыгы толугу менен берилет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-январындагы “Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын жүзөгө ашыруу, ишенимдүү тарыхый булактардын негизинде Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүү боюнча изилдөөлөрдү колдоо жана тарых илимин андан ары өнүктүрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тарыхы боюнча фундаменталдык илимий эмгектерди, окуу китептерин жана жаңы муундагы окуу куралдарын даярдоо жана басып чыгаруу максатында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» Фонду түзүлсүн.

3. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
– Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссия жөнүндө Жобо; 
– Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» Фондунун Байкоочулар кеңешинин курамы;
– Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» Фондунун Башкармасынын курамы. 

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси бир айлык мөөнөттө Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» Фондунун иштешинин уюштуруу-укуктук жана мамлекеттик каттоо маселелерин чечсин.

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» Фондунун уюштуруу документтерине кол коюуга ыйгарым укуктар берилсин.

6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө  жүктөлсүн. 

7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын 
Президенти А. Атамбаев

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.