Караколдогу тарыхый музейге байыркы жазуулар бар эки таш тапшырылды

Таштардын бири. Сүрөт http://vsvkyrg.kloop.kg блогунан алынды

“Немного обо всем” блогу маалымдагандай, 17-апрелде Ысык-Көл мамлекеттик университетинин “Жалпы тарых” кафедрасынын окутуучусу Акыл Исмаев бир катар тарыхый буюмдар менен кошо байыркы жазуулар бар эки ташты Караколдогу тарыхый музейге белекке берген.

Эки таштын бири жакында Караколго жакын Кашка-Суу капчыгайынын түндүк капталынан табылган, ал эми экинчи ташты 2003-жылы Некрасов орто мектебинин жанында жүргүзүлгөн археологиялык практика учурунда табышкан.

Жаңы табылган таштын фотосүрөтүнө караганда, анын бетине руникалык жазуулар түшүрүлгөн. «Жазуулар качан жасалганын жана анда эмне айтылганын аныкташ үчүн ташты жакында окумуштууларга беребиз”, – дейт музейдин директору Айымкүл Карабекова.

Ошол эле таш өлчөмүн билиш үчун сызгыч менен. Сүрөт http://vsvkyrg.kloop.kg блогунан алынды.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.