Залкар

Устатка ийбадат

Залкар деп ушу кишини айтып, сыймыктансак куп жарашат. Улуттун рухий жоокери жөнүндө ой-куту уютулган шамдай күйгөн ыйык сөздөр менен кагазга жазып да, ташка чегип да, жүрөккө жымырсак болор эле.

Ал өз элинин алдында адамдык да, жазуучулук да, атуулдук да парзын намыс менен кеменгерликте аткарып, бу жалган дүйнөдөн акылмандыкта жашап өттү. Заман алдында, келечек муундун алдында дидары жарык, карызы жок. Бабалардын санжыра-тарыхын, накыл сөзүн, рухий маданиятын ыйык тутунуунун, кыска өмүрдө эрдик менен астейдил жашоонун, Ата Журтка адил кызмат өтөөнүн, ата уулу деген кандай болоорунун чын үлгүсүн көрсөттү. Эгерде биз элди, жерди Түкөм тилегендей, жашагандай, Түкөм айткандай сүйүп, ардактай алсак, аземдеп, ак кызмат аткара алсак, анда жумурай журт, заман алдында, улуу муундардын арбагы алдында карызыбыздан, парзыбыздан кутулган болор элек.

Устаттын балалыгы

Түкөм атасынан эрте айрылып, жашынан көрбөгөн кордугу калган жок. Ал шордуу балалыгы, көргөн азап-тозогу жөнүндө 1982-жылы чыккан “Жол” деген таржымал романында кеңири чечмелеп айткан: “…Көрсө, мындан он алты, он жети жыл мурда ата-энемдин башынан аябагандай оор кайгы өтүптүр. Ошо журтту улуу тумоо каптаган жылдары аз убакыттын аралыгында жети уул, төрт кызды удаа-удаа жерге бериптир. Ошол 1915-жылдын жарык жазында ачык тийип турган ошо жаз күнүнүн биринен баштап биздин үйгө ый, муң кирди”.

Жыйырманчы кылым башындагы кыргыз элинин башына түшкөн оор кайгы, азап-тозокту, Улуу Үркүндүн учурун Т.Сыдыкбеков сезип, көрүп калган. Наристе баланын жүрөгүндө өмүр бою так калганын мындайча эскерет: “Төрт жаштагы кезимде мени катуу уйкудан түнкү капсалаңдуу көч ойготту. Ошондон бери мына бир жыл өттү. Ушу бир жыл бою мен эч уктай элекмин. Аруу, тозуу, ый, муң, ачкачылык, коркунуч – баары көз алдымда. Ал тургай ушул бир жыл ичинде мен далай жашты жашап койгон кичине кишимин. Он жыл өткөндөн кийин да, кырк жыл өткөндөн кийин да, азыр көз жуумп туруп ошондогу биздин Кең-Суунун Ашуу-Төрүнүн жонунда турган кезибизди эстегенде: ошондогу Ата Журтка суктана карап турган биздин элес – жол күзөтүп селейген эне-бала, жаш-кары али күнгө чейин көз алдымда дапдаана”.

Жазуучу өзүнүн кайгылуу бала чагына аңгеме, повесть, романдарында жана эскерүүлөрүндө нечен жолу кайрылган.

Чыгармачылык тушоо кесүү 

Адам болуш үчүн өзүңдү кандайча тарбиялоо жөнүндө жана чыгармачылык сыр боюнча акыл-насаат айткан алгачкы устатыбыз Түгөлбай Сыдыкбеков болду. А кишини биринчи жолу көргөндө аябай сүрдөгөнмүн. Бу заманда даңазасы Ала-Тоого жаңырган, аппак чачы тикчийген болумдуу адам жүзүнөн нуру чачырап, сынай карап турду.

Залкар менен кийин нечен ирет жолуктук. Биз, 60-жылдары кыргыз адабиятына кошулган жаш жазуучулар, Бишкектин Биринчи май көчөсүндөгү бийик дарбазалуу, эки кабат, келишимдүү үйгө барганды дайыма эңсеп тураар элек. Бул тамдын башкаларды өзүнө тарткан касиет күчү, зардеси бар эле. Барган сайын короо ичинен иттин үргөнү угулуп, анан Асылгүл эже же бала-бакыра дарбазадан көрүнчү. Асылгүл эже үйгө келген жаштардын ар биринин аты-жөнүнөн бери жатка билчү, алтургай чыгармаларын окуй турган, пейли-кую кенен, колундагысын аянбаган, жылдыздуу, аялзаттын мыктысы, тектүү жердин кызы экен. Эже төтөн Түкөмдүн күлкүлүү жоруктарынан айтканды жакшы көрчү.Түкөмдүн аялуу убактысына карабай, анын сөөмөтүн укканга беймаал барчу элек. Жарыктык шагыбызды сындырбай, машинка басканын токтотуп, отуз чакырым алыстагы айылдан келген казактардын өлчөлүү кымызын биз менен бөлүп ичишип, анан сөзгө кирип, өз балдарындай мамиле кылаар эле.

Биз аны Түкө дечүбүз. Ал жалгыз эле менин насаатчым эмес болчу. Устат далай шакирттерди адабиятка, маданиятка үндөдү, нечен жаш таланттарды ачты. Ачык айтып, ак сүйлөп, жаш калемгерлердин кемчилигин бетине айтаар эле.

Кыргыз адабиятында Т. Сыдыкбековдун өзүнчө мектеби болгон. Аны нускоочу десе болоор. Мындай нускоочулар кыргыздарда эзелтен боло келген. Бардык эле жазуучу кийинки муун жөнүндө, адабияттын абалына күйүп-жанып, кам көрө бербеши чындык. Андай аракет жазуучунун ички рухий дүйнөсүнүн байлыгына, тазалыгына, билим-маданиятына жараша болчу кеп тура.

Мен устатым жөнүндө көзү барда да, жокто да нускоолорун жыйнап, басма сөздө жарыялаган элем. Бу жолу Түкөнү кайрадан эстедим.

Мээнеткеч

Т. Сыдыкбековдун чыгармачылыгындагы артыкчылык – дайыма калемин мокотпой, эргүүнү күтпөй, “күнүгө бир сап болсо да”, бирдей маалда отуруп, кыял-ой жүргүзүп, демин суутпай иштегени. Ушу жерден анын момундай айткан эн сонун сөзүн эскере кетсек жарашчудай: “Таланттуулук дегениң бир процент эргүүдөн жана токсон тогуз пайыз кара эмгектен турат”. Анткени жазуучу атагы ааламга жайылган улуу чеберлердин тажрыйбасынан жакшы кабардар эле. Гете “Вертерди” төрт жумада, Стендаль “Парм турагы” романын эки айда, Жорж Симеон романдарын эки-үч жумада жазып бүтүрүшчү эмес беле.

Т. Сыдыкбеков жаш кезинен көксөгөнүн ишке ашырган өжөр, жедеп эмгекчил болгон. Ал бери дегенде 60 жыл бою күнүгө тынбай, чаалыкпай-чарчабай иштеди. 1938-жылы “Түн жарчысынан кабар” деген миң саптан турган поэманы бир дем менен шыдыр жазып салган. 1938-жылы Койсарыда жүрүп миң жолдон турган “Ачкөз ата” жомогун бир айда аяктаган. 1939-жылы “Темир” романын Москва шаарына жамакташ Малеевкадагы жазуучулар үйүндө эки ай саргара отуруп, акыркы бөлүмүнөн башкасын бүтүп кеткен. Калем учту сыяга малып жазган кезде да кээде күнүнө 18-20 баракты бүтүп койгон күндөрү болгон.

Залкар жазуучу 1955-жылдан тарта көзү өткөнгө чейин машинке басып, тирмие отурду. Жазгандарын бир эле сапар эмес, кээде эки-үч жолдон, жок дегенде эки сыйрадан оңдоду – кандай эмгек да, канча мээнет.

Жазуучунун 1960-90-жылдардагы иштегенине кайрылалы. “Батышта” романын бир жылда, “Ыманбайдын пейили” романын төрт айда, “Сыр ачуу” романын төрт айда, “Курбулар” романын төрт айда бүткөн. 1975-76-жылдары аңгемелерди биринин артынан бирин жазды. Кайсы бир күндөрдө экиден аңгеме жазган учурлары кездешет.

Иштермандыгы жагынан аны кыргыз сынчылары, замандаштары : “Кыргыз адабиятынын дыйканы”, “романдын устаты”, “элдик жазуучу” деп бир ооздон баалап келишти.

Түкө 40-жылдары Сталиндик сыйлыкты алганда, эл аралап, сый-урматка бөлөнүп кетип, кубаныч-ырахаттын шарапатында жүрүп, “үч-төрт жылды бошко кетирипмин” деп өкүнөр эле.

Жыйырманчы кылым – кыргыздардын тагдырындагы касиеттүү доор. Мына ошол кылымдын тарыхын көркөм сөз, бейне менен шайкештирген адамдардын бейпай турмушун, өз ара мамилесин, кыял-мүнөзүн, акыл-эс, оюн, маданиятын, салтын, эмгегин жана күрөшүн кемелине келтире ак баракта калтырган жазуучу Т. Сыдыкбеков болуп, Ата Журтуна опол тоодой көркөм дөөлөт мурастарды рухий казнага энчилеп калтырды. Теңир берген чыгармачылыкты ыйык тутуп, өмүрүн эргүү менен ийбарат жашап кетти кайран киши…

Рухий жоокер

Түкөмдүн саябанында чет элдик меймандары да, айылдаштары да, окумуштуулар да, калемдештер да, Президент да болгон. Мындагы айтылган сөздөрү “Азаттык” радиосуна да, Үрүмчүдөгү, Түркиядагы кыргыздарга да, ал тургай КГБга да заматта жетип турган. Кандай заман, каардуу күндөр баштан өтсө да Түкөм дайыма ачуу чындыкты, ажайып акылмандыкты сүйлөчү. Балким устаттын мээрбан сабагы ушудур. Анткени бүгүнкү күндө ажылдаган ызы-чуу сөздөр көп айтылат, адилет, акылман, калыс төл сөз азайып, ага астейдил көңүл буруп ынангандар сейректеп баратат.

Түкөм элдик депутат да, академик да, лауреат да болду. Бир гана компартиянын мүчөлүгүнө көгөрүп өтпөй койду. Көрсө ал биз мазар туткан компартиянын жаңылыштыгын, түркөйлүгүн алдын ала туйган жана көрө алган экен. Ал советтик идеологиянын кысымын, жексурдугун, калыссыздыгын коркпой-үркпөй ашкереледи, Ата Журтту бийлеген компартиянын катчыларынын, акимдеринин күнөөсүн, ыплас жоруктарын бетке айтты. Түкөмдү сестентмекке далай жолу Борбордук Комитетке чакырышты. Жазуучу көгөрүп, патриоттуулугунан, күрөшчүлдүгүнөн кайткан жок.

Т. Сыдыкбековдон окурманга үлгү

“Байыркы атам – кыргыз урпагы, келкелиң келгенде сен желдей сыздың, куштай учтуң, агымы катуу дарыядан ат сугардың… Отко күйбөс, сууга чөкпөс, жерде чирибес сөз бермети – жараткан дастаның күбө баарына!..”

“Кеменгер бир айтат – төп айтат. Кеменгердин курбусу көп, теңи жок, ачуусу бар, кеги жок. Ал карыга, жашка бирдей курбалдаш. Билимин элге берет. Билбегенин элден үйрөнөт. Ошондуктан курбусу көп. Билгени кенен, ага теңдеш болбойт”.

“Эмгек – өмүргө эм”.

“Адал тер сөөгүңдөгү дартты кетирет”.

“Ушакчыны көрсөм сөккүм келет, эмгекчини көрсөм өпкүм келет”.

“Он жылдан кийин мөмө жегиң келсе, көчөтүңдү бүгүн сай”.

“Чыгармачылык берген жыргал – дүйнөдөгү жыргалдын эң сонуну, айкын бийиги, кызыктуусу дээр элем. Ошондуктан чыгармачылыктын сага берген жыргалын башка эч нерсе бере албайт”.

Ыза

Эсимде, Т. Сыдыкбеков “Эл Баатыры” деген наам алган күнү Салижан Жигитов экөөбүз “Ак шумкарын” куттуктайлы, үйүндө эл көп болсо да мейли, топтон калбайлы” деп гүл-пүл алып, ээрчишкен тейде үйүнө бардык. Үйдө биз боолгологондой топураган киши деле көрүнбөдү, юрист жээни, балдары эле бар экен. Баягы Түкөмдүн айтылуу замандаштары да, жакшылыгын көрүп, залкардын этегин кармап жүргөндөр да келбептир. Жети түнгө чейин, биз кеткиче Түкөмдүн тынчын алып телефон чалгандар деле болбоду.

Шайыр кезде Салижан сөз кезегин бербейт эмеспи, каткыра күлдүрүп, отургандар тамаша-азилдешип, шампан ичтик. Түкөмдүн көңүлү көтөрүлүп, уулу Сабырдын орусча жазган ырларын окутту. Эми Түкөмдүн көңүлү кушубак болду деп үйгө кайттык. Жолдо катар кыргыздын улуу инсанын тирүү кезинде баалай албаганыбызга, түркөйлүгүбүзгө ыза болуп, жерге түкүрүнүп келаттык…

Андан бери далай жылдар өтүптүр.

Түкөмдүн Бишкектеги Биринчи май көчөсүндөгү үйүнө баратып дагы бир нерсе эске түштү. Өткөндө Ысык-Көлдүн бир айтылуу мектебине барып “А. Токомбаевди, Т.Сыдыкбековду билесиңерби?” деп 10-11-класстардын окуучуларынан сураштырсам жетимиштей бала жооп бере албады. Ушу жорукту эстегенде арманымды айтып келемин. Алигиче кимибиз: жазуучубу, мектеппи же коомбу, айтор күнөөкөр экенибизди тактай албайм.

Түкөм жашаган көчөгө эми башкача ат коюлуп калыптыр. Түкөмдүн короосун курчаган керегеден дүкөнгө чыгат. Эми бул үйдө Түкөмдүн үч уулу бой жашайт, алар чет жерден келген туристтердин эсебинен жан багышат дешет бирөөлөр. Угушума караганда, алар тамды музей кылганга уруксат бербей коюшуптур.

Жакында, май айында Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун туулганына 100 жыл толот. Алигиче эли сүйгөн улуу жазуучуну барктай албай жатабыз. Анын кыргыздар үчүн кан-жанын аянбай жазган китептерин маарекеге карата чыгарып кое албадык. Залкардын үй-музейин ачпадык. Ысмын окуу жайларга, институтка же көчөгө кое элекпиз. Айкели эмдигиче тургузулбады.

Аттиң, асыл Түкөмө мындай шаң, барк, эскерүү, эстелик коюу дегендин азыр кереги деле жок. Буга биз, тирүүлөр, муктажбыз.

Кеңеш Жусупов, Кыргыз эл жазуучусу, “De-факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 11.05.2012-ж. 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.