Искусствонун географиялык чеги болбойт

27-апрель күнү Нью-Йорк шаарындагы ЛА МАМА эксперименталдык театрында «Түш Көпүрөсү»  (Dream Bridge) аттуу пьесасы көрсөтүлө баштады. Аталган пьеса Яра Артс тобунун негиздөөчүсү Вирлана Ткачтын жетектөөсүндө Кыргызстандын, Украинанын жана АКШнын актерлору тарабынан даярдалган. Катышуучулары: Кенжегүл Сатыбалдиева, Айнура Качкынбек кызы жана Эндрю Колтекс, Брайан Дельфин, Кристофер Игнасио, Кэт Ю. Сахнада Нурбек Серкебаевдин аткаруусунда кыргыздын улуттук инструменттери жандуу түрдө жаңырды. Ошондой эле Киевден келген Алла Захайкевичтин электрондук музыкасы жаңырды.

Яра Артс тобу 1990-ж. Вирлана Ткач тарабынан негизделген жана дүйнөдөгү эӊ белгилүү болгон ЛА МАМА эксперименталдык театрынын резиденттик компаниясы болуп эсептелет. Яра Артс тобунун 1990-жылдан бери коюлган пьесалардын саны 24кө жетет. Алардын ичине Кыргызстандын актерлору менен бирге коюлган «Жаӊыл Мырза» (2007-ж.), «Эр Төштүк» (2009-ж.), «Скиф Таштары» (2010-ж.), «Түш Көпүрөсү» (2012-ж.) аттуу пьесалары кирет.

«Мен Кыргызстанга 2005-ж. бери барып турам. «Жаӊыл Мырза» пьесасын Яра Артс тобу Бишкектеги «Сахна» театры менен биригип койгонбуз. Ал жакта Кенжегүл Сатыбалдиева ойногон, музыкасы болсо Нурбек Серкебаевдики. «Эр Төштүк» пьесасын Кенжегүл менен жана өзүмдүн студенттерим менен бирге койгом. «Түш Көпүрөсүндөгү» Айнура Качкынбек кызы дагы студенттеримдин бирөөсү», –  дейт Вирлана Ткач.

Нью-Йорктон Бегимай Жумашева, “Кыргызсалам”

Соц тармактар:

One thought on “Искусствонун географиялык чеги болбойт

  • 22.11.2012 at 21:37
    Permalink

    Молодец Вирлана! Бегимай тоже! Нью-Йорктогу кыргыздарга салам! Очень хочу с вами пообщаться. Пишите на мой е-мейл.Жду ответа.Чон саламым менен А.Т.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.