Абдылдажан Акматалиев, академик: “Иксроддордон кудай сактасын…”

Ысык-Көл форумунун катышуучулары Зулфу Ливанели – түркиялык обончу-ырчы (солдо), Чыңгыз Айтматов жана Федерико Майор (оңдо). Сүрөт “Ысык-Көл форуму” деген китептен алынды. Сүрөттү тарткан А.Токбаев, 1986-жыл. Сүрөт “Азаттыктан” алынды.

– Чыңгыз Айтматов 1986- жылы атагы бар улуу инсандарды чогултуп, дүйнөгө болгон көз карашты өзгөртүүгө кадам таштады эле… Ысык- Көл форумун кайрадан чакыруу жөнүндө Өкмөт жана ЮНЕСКО тарабынан маселе көтөрүлүп жатты эле?
 Ооба. Бул кайра куруу мезгилинин өтө орчундуу жаңылыгы болгон. Чыңгыз агайдын “Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт” – деген сөзү бар. Ушул чоң абройлуу, жоопкерчиликтүү, дүйнөлүк мааниси бар форумду өткөрүү миссиясы кыргыздын инсанынын бактысына буйруп отурганы албетте, тарыхый окуя. Горбачевдик заман Айтматовдун кадыр- баркына, атагына, талантына таянгысы келген. Ошол мезгилде дүйнөдө терең курчуп бараткан карама- каршылыкты жоюуга, кандайдыр бир консенсуска келүү сөзү салмактуу дүйнөлүк интеллектуалдардын колдоосуна ээ болуу үчүн бир гана Айтматовдун ысмы жарай тургандыгын Горбачевдун командасы түшүнүшкөн. Зор мамлекет СССР менен дүйнөлүк инсандардын ортосунда Айтматов көпүрө, элчи болгон. Анын чакыруусу менен Артур Миллер, Авери Текле, Федерико Майор, Клод Симон, Питер Устинов, Александр Кинг, Болдуин, Зульфия Ливанели ж.б. келишкен. Дүйнө Кыргызстанга көңүл бурду. Чыңгыз агайдын туулганынын 85 жылдыгына карата 2013- жылы Ысык- Көл форумун чакыруу мамлекеттик деңгээлде каралып жатат.

– Дүйнөлүк залкарлар менен жолугушуу бактысына ээ болсоңуз керек…
 Чыңгыз агайдын Токтогул көчөсү менен Дзержинский бульварынын кесилишиндеги квартирасында аларды тосуп, беш- алты саат чогуу болгом. Меймандарга арналган шведский стол деген дасторконду ошондо биринчи көргөм. Көрсө, столдо жайнап турган тамактардан, жер- жемиштерден ар ким өзү каалаганын алып, ичимдиктерди өзү куюп, ээн- эркин басып, каалаган адамы менен сүйлөшүп жүрө беришет экен. Көз алдымда атактуулардын элеси турат, ошондо кол тамга алып калбаганыма өкүнөм. Меймандардын ар биринин жанында котормочулар жүрүштү. Ысык- Көл форумунун катышуучулары Жазуучулар союзунда да болушуп, борбор шаарыбыздын Ардактуу атуулдары болушкан. Кийин чет жерлерде форум уланган.

– “Ысык- Көл форуму” Айтматовго, Кыргызстанга эмне бере алды деген ойдосуз?
 Албетте, бардык нерседен жекече пландагы, жеке кызыкчылыктагы пайда издөө, табуу мүмкүн эмес. Чакырылгандардын бардыгы Айтматовдун чакыруусун кабыл алышты. Ошону менен бирге көз караштары далма- дал келип, дүйнөгө жаңыча ой жүгүртүү концепциясын иштеп чыгышты. “Ысык- Көл”, “Кыргызстан” деген сөздөр дүйнөдө жаңырып жатты. Эң башкысы, Чыңгыз агайдын “Кассандра тамгасы” романынын жазылышына себепкер болду. Америкадан келген бир тууган футурологдор Болдуиндер кыргыз жазуучусунун көз карашына катуу таасир эткен. Натыйжада, Айтматов романдагы каарман футуролог Роберт Борк болуп чыга келди. “Кассандра тамгасында” Ысык- Көл форумунун элеси тартылып өтөт эмеспи. Роберт Борктун аялы Жесси 1986- жылды, Кремлдеги жолугушууну, жыйынды башкарып турган Горбачевди эскерип отурбайбы!

– Жазуучу, демек, өзү аралашкан окуяны чыгармага киргизген экен да…
 “Кассандра тамгасы” Айтматовдун башка чыгармаларынан түп тамырынан бери айырмаланып турат. Романдын ички мазмундук да, маанилик да жана сюжеттик структурасында да мындай окуялар, көркөм деталдар өзүнчө бир түркүн болуп турат. Жазуучу 1989- жылы СССР Президентинин Кеңешчиси катары официалдуу делегация менен Кытайга барган, өз көзү менен Пекиндеги Тяньаньмэнь аянтын көргөн, мына ошол мезгилде студенттик толкундоо болгон эле. Жазуучунун көз алдында калган аянттагы жык- жыйма эл да романдан орун алган. Москвадагы 90- жылдардагы окуялар да.

“Кассандра тамгасы” романында Горбачевден тышкары Сталин, Мао, Гитлер, Саддам, Каддафи, Фидель сыяктуу тарыхый инсандардын ысымдары да жолугат.

Айтматов эки арбак аркылуу социализм идеяларынын тыптыйпыл болгонун, анын ордуна капысынан келген жапайы демократиянын башаламандыгын коомдук түзүлүштүн кыйрашын, дегеле адамзат өз жашоосунун бүтүшүнүн трагедиялуу мүмкүнчүлүгүн сезүүнү, аман калуунун, өнүгүүнүн жаңы жолдорун табууну көрсөтөйүн деген. Ошондо арбактар бири- бири менен жакалашып, кызыл- чеке болуп жатканда Кремлде мавзолей пайда болгондон бери жай таап жашап келе жаткан жапалак үкү түнкүсүн учуп чыгып, баарын угуп, баарын көрүп жүрөт эмеспи.

– Анда эмне чыгарма тарыхый болуп саналабы?
 Жок, “Кассандра тамгасы” тарыхый роман эмес. Тарыхый ысымдар, окуялар катышса эле тарыхый чыгарма болуп калбайт. Көркөм адабиятта, асыресе реалисттик адабиятта “историзм принциби” жана “көркөм шарттуулук” деген түшүнүктөр бар. Муну жөнөкөйлөштүрүп түшүндүрө турган болсок, жазуучу идеяны турмуштан алат жана аны окурмандарга элестүү, таасирдүү, ишенчиликтүү кылып жеткирүү үчүн типтүү кырдаалдарга ылайык келүүчү типтүү образдар аркылуу сюжет жаратат. Бирок ал көргөн, билгенин дал ошол турмуштагыдай эле эч өзгөрүүсүз кайталап айтып бербестен, өзүнүн идеялык концепциясына ылайык алымчалап, кошумчалап, пландаштырган имаратты кургандай кайра башынан куруп чыгат. Ошентип, реалдуу турмуштан алынган же реалдуу турмуштук көрүнүштөрдөн улам ойго келген нерсе тарыхый жактан шартталгандык да, ошол эле учурда шарттуу түрдө (условно) алынгандык да мүнөзгө ээ болот.

“Кассандра тамгасына” келе турган болсок, анда 90- жылдардан кийинки коомдук абал, турмуш чындыгы чагылган. Бирок башкы каармандар Андрей Крыльцов – Филофей, Роберт Борк, Энтони Юнгер жазуучунун фантазиясы менен жаратылган шарттуу образдар. Айтматовдук идеянын өзөгүн түзгөн кассандро- эмбрион, иксрод түшүнүктөрү да шарттуу алынган түшүнүк – образдар. Бир убакта советтик- мамлекеттик идеология саясий кызыкчылык үчүн Таңсыкбаев, Сабитжандар сыяктуу “иксроддорду” тарбиялоону максат кылган болсо, азыр социалдык кыйынчылыктан, нравалык деградациядан улам канчалаган “иксроддор” пайда болуп жатат, канчалаган кыргыз ымыркай наристелер “иксрод” болуп Кыргызстандын, Россиянын жетимканаларында жатат. Экологиянын бузулушунан, ядролук куралдарды жашыруун сыноолордун кесепетинен адамзат генине, тукумуна доо кетип, канчалаган “кассандро- эмбрион” наристелер тубаса оорукчан болуп төрөлүп жатат. Айтматов мына ушул глобалдык проблеманы көрө билип, өз романында: “Эсибиз барда этегибизди жабалы, саясий, экономикалык, диний тирешүүлөрдү, жеке атакты көксөгөн амбициялуу кызыкчылыктарды токтотуп, адамзат тукумунун келечегин ойлойлу, дүйнөнүн акыл- эстүү атуулдары чогулуп, биргеликте келечек урпактарга кам көрөлү”, – деп чакырык таштаган, окурмандарды ойлонууга чакырган.

– Жакшы, Айтматов адам каармандары менен катар дайыма жаныбарлардын образын да укмуш сонун берет эмеспи. Гүлсарат, Каранар, Акбара, Жаабарс, “Кассандрада…” киттер, үкү дегендей. Ушулар жөнүндө да кыскача айта кетсеңиз.
 Биринчиден, алар кадыресе эле биздин жан- жаныбар жөнүндөгү түшүнүгүбүздү кеңейте турган образдар. Айбанга, малга адамча мамиле кылуу керек экен. Айбан менен малдын да кайгыруу, кубануу сезимдери болот экен, адамдын адамдыгы айлана- чөйрөгө, жан- жаныбар жаратылышка карата мамилесинен да көрүнөт экен деген сыяктуу… Экинчиден, албетте, шарттуу каймана символдук мааниде.

– “Кассандра романында” да жазуучу символикалуу образдарды кеңири колдонгон турбайбы?
 Чыгармада жапалак үкү менен кошо толкундарды тоодой денелери менен жиреген киттер да бар. Футуролог самолёттон киттерди биринчи көргөндө эле сырдуу окуя дүйнөнү күтүп жатканын баамдаган, киттерге арбалып, алар менен кошо сүзүп бараткандай сезген. Ал гана эмес баш каармандын түшүнө киттер бекеринен кирген эмес. Киттер – ачык океандагы радарлар сыяктуу дүйнө жүзүндө боло турган коогалуу жаман окуяларды алдын- ала туюп- билип, адамдарга алдын- ала эскертип, өздөрүн жээкке алып барып, бойлорун таштап, өлүмгө кириптер болушат. Эмне үчүн? Анткени, окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча, киттер эң трагедиялуу жандыктар, адамдын жүрүм- турумундагы бузукулуктарды, карасанатайлыктарды, ыпыластыктарды, каргашалуу жосундарды көтөрүүгө дармансыз экен. Тирүүлүктүн гармониясы ыдыраганда, космос, жер кырсыкка учураганда, адамдан акыл- эс кеткенде киттер ушундай протестке барып, адамды ойлонууга, акыл- эске чакырат экен. Ч.Айтматов адамзат баласына дагы бир жолу “Канткенде адам уулу Адам болот?”. – деген коңгуроону кагып жатат. Адеп- ахлактын, руханий башаттын бузулушу – эң башкы трагедия экендигин Айтматов да эскертип кетет. Жапалак үкүнүн, киттердин трагедиясы – жаратылыштын трагедиясы, бирок алар адам турмушу, жашоосу менен эң тыгыз болгон трагедия. Жазуучу үчүн трагедия өз алдынча эмес, жалпы, бардыгы бири- бири менен байланышкан, адам менен жаратылышты ажырым кароого болбойт. Ошол себептен бир эле романда Филофей, Роберт Борк, Руна Лопатина, жапалак үкү, киттер ички туюу- сезим менен байланышып, чыгармадагы трагедиянын чордонун түзүп турат. Трагедия – романдын мазмундук жыйынтыгы.

– Чыңгыз Айтматов эмне үчүн чыгармачылыгын трагедия менен бүтүрөт? Сыры эмнеде?
 Айтматовдун чыгармачылыгында бул мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп калгандай. Айтматовдун ой- жүгүртүү масштабын билесиңер. Андагы трагедиялуулук мелодрамалык жеңил- желпи ыйлактоо, жеке баштын кайгысы, катачылыгы менен чектелбейт. Айтматовдогу трагедиялуулук доордун, коомдун тарыхый- социалдык, философиялык түйүндүү проблемалары менен ажырагыс байланышкан. Филофейдин трагедиясыбы же Жаабарстын трагедиясыбы – ал коомго, бүткүл адамзатка тиешеси бар трагедия. Искусстводогу трагедияны Аристотель бекеринен руханий катарсистик (тазартуучу) зор күчү бар көрүнүш катары баалаган эмес. Турмуштагы трагедиялардан кудай сактасын, бирок, окурман, Танабайдын, Момундун, Саманчиндин, Роберт Борктун трагедиясынан турмуштук сабак алуулары керек.

Маектешкен Мирлан Алымбаев, “Фабула” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 25.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.