Гүлзада Рыскулова: “Датканын урпагы болгонума сыймыктанам”

Көмөкөйдөн чыккан бир өзгөчө үнү менен, кыргыз элинин дастандарын ийине жеткире аткарган ырчы кызыбыз Гүлзада Рыскулова менен болгон маек.

– Каныкей экөөңөрдүн стилиңер бир караган адамга окшош болуп кетет, бири-бириңерди туурагандык эмеспи?
– Жок, бул нерсе бири-бирибизди туурагандык деле эмес го. Анткени, ички жан дүйнөң эмнени кааласа, үнүң да ошого жараша чыгат. Негизи эле кыргыздар үнүн бууп, же кысып ырдаган эмес. Үнүн кенен ачып, жаратылышына жараша ырдашкан. Мындай ырдоо стилин жаңы деп айта албайм, анткени, бул биздин каныбызда бар. Ошол эле нерсе менде да, Каныкейде да, башкаларда да болушу мүмкүн.

– “Смарт Медиа Групп” компания менен иштеше баштаганыңызга канча болду жана келишим канча мөөнөткө түзүлдү?
– “Смарт Медиа Групп” компаниясы менен иштешкениме аз гана убакыт болду, бирок олуттуу өзгөрүүлөрдү байкап жатам. Бул аралыкта биз келишимге кол коё элекпиз. Азыркы учурда ушул келишим тууралуу сүйлөшүүлөр болуп жатат. Мен буга чейин өзүңүздөр билгендей фольклордук багытта иштеп жүргөм, дагы да чыгармачылыгым “Ордо сахна” тобу менен улана берет. Көптөн бери “Ордо сахнада” солистка болуп келем. Мындан да чыгармачылыгымды өнүктүрүүгө “Смарт Медиа” группасынын салымы бар. Чыгармачылыкта колдон келишинче башкача бир багыттарды көрөлүк деп турабыз. Ошондуктан, мындан ары мени такыр башка багытта, стилде көрүп каласыздар, бирок менин фольклорго болгон табитимди “Смарт Медиа Групп” колдоп келет, ошондуктан “Ордо сахнада” ырдоону улантышыма каршылыгы такыр жок. Талантымды ар тараптан ишке ашырууга эми толук шарт түзүлдү десем болот.

– Көпчүлүк сиздин ырдаганыңызды якуттардын обонундагы ыргактарга окшоштурушат.
– себеп дегенде, биз бир элбиз да, кыргыздар Алтайдан келген деп бекеринен айтылбайт. Якуттар,балким, кыргыз болушу мүмкүн, аларда биздин каныбыздын болушу да ыктымал. Бирок мен таза кандуу кыргыздын кызымын. Менин төртүнчү атам Жапаң датка болгон. Датканын урпактары экениме өтө сыймыктанам .

– “Кара кыз, кара кыз, качан тойго барабыз” деген сөзгө көпчүлүк кыздар чычалашат, а сиз чычалабайсызбы?
– Бул нерсеге мен чычалабайм (күлүп), менин кара торулугум өзүмө аябай жагат. Сиңдим да кара торулугунан “эмнеге мени аппак кылып төрөбөдүңүз” деп апама наалып калмайы бар, бирок апам ага аппак баланы өзүң төрөп аласың деп айтып калчу. Апам да, атам да кара тору, мен экөөнө тең окшошмун.

– “Евразия” сынагына нааразы болгонуңуздун себеби эмнеде?
– Жок , мен нааразычылык билдирген эмесмин. Болгону кээ бир техникалык жетишпестиктер болду. Балким, бул техникалык жактары долбоордо каралбай калгандыр. Жалпысынан сынакка ыраазы элемин, анткени, сонун тажрыйба алдым.

– Тез аранын ичинде эле калың элге таанылып кеткениңиздин сыры эмнеде деп ойлойсуз?
– Чыгармачылык күчүмдү ичиме топтоп, бышып-жетилтип, ички көрөңгөмдү да байытып чыгайын дедим. Менин оюмча, ушул себеп болуш керек. Бардык нерсенин өзүнүн учуру, мезгили келгенде каалайсыңбы,каалабайсыңбы баары бир ташкындап чыгат. Ошол учурда максаттарыңдын көбү ишке ашат экен.

– Алгач чыкканда эле ушундай этностилде чыктыңыз беле?
– Эң алгач чыкканда эле Жеңижок атанын “Дүнүйө” аттуу дастанын этностилде ырдап чыккам. Бирок бул дастан өтө узак болгондуктан, анын баарын эфирден кетирүү мүмкүн эмес эле. Ошого карабастан жети мүнөткө ылайыктап даярдап, ырдап чыктым. Бир-эки телеканалдардан кетти, бирок узактыгына байланыштуу көбүрөөк кетпей калды.

– Көпчүлүк учурда ат менен сүрөткө түшүп, клиптериңизде ат үстүндө тартылып каласыз, өзүңүз ат мине аласызбы?
– Негизи, ат адамдын канаты деп коёт го, чындыгында эле катуу күүлөнүп чапканда канат бүткөн сыяктуу болуп, кандайдыр бир көкөлөп учуп бара жаткандай сезимдер болот экен. Ат үстүндө адам ички аруу дүйнөсүнөн да арууланат деп эсептейм. Бирок бир жолу кайсы бир мааракеде күчтүү ат минип алган экенмин, ал ат мени ала качып бир аз коркуу сезимин жаратып койгон. Ошондо катуу чаба коюп, чочуп калгам, бирок азыр деле атты жакшы көрөм.

– Алдыда дагы кандай максаттар бар?
– Алдыда көптөгөн максаттар бар,жакында “Белги”аттуу альбомумдун бет ачары болот. Анда жаңы ырларыбыз жазылат. “Jaz” аттуу ырга жаңы клип да тарттык. Ушул ырга улай дагы бир чыгарма жаралган, ошол ырдын үстүндө иштеп жатабыз

– Жеке иштөө менен компания менен биргеликте иштөөнүн өзгөчөлүгү барбы?
– Өзгөчөлүгү, буга чейин чыгармачылык менен иштегенге убактым аз болчу. Чыгармачылыкты ишке ашыруу үчүн башка дагы иштер менен алек болууга туура келчү. Учурда убактымдын көбү чыгармачылыкка бурулуп жатат. Жаңы өңүттө иштөөгө мага шарт түзүлдү десем жаңылышпайм. Жан дүйнөң бир аз болсо да тынчтанат экен. Эми азыркы учурда мыкты адистер менен иштешип жатканымдан улам ушундай жеңилдиктер болуп жатат деп ойлойм.

Мунара Шопокова, «Обон» («Кыргыз гезиттер айылы»), 25.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.