Далай Лама суктанган оймолор

Бурул ЖАКЕЕВА кесиби боюнча – физик. Оюу өнөрү менен көптөн бери алектенет. Көптөгөн чет өлкөлөргө барып, көргөзмөлөргө катышкан. Мындан тышкары ыр жазат, обон чыгарат. Комузда кол ойнотот.

– Бурул, сиз эл арасында оймочу катары белгилүү болуп калдыңыз. Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев сизди оюу өнөрүнүн ренессансын баштаган дептир. Оймочулуктун мааниси тууралуу айтып берсеңиз.
– Илгертен белгилүү болгондой, кыргыздарда эл арасына кеңири тараган негизги үч улуу өнөр болгон. Биринчиси – “Манас” сыяктуу эпосторубуз башында турган көркөм сөз өнөрү, экинчиси – комуз күүлөрү негизин түзгөн кыргыз музыкасы, үчүнчүсү – ар бир үйдөгү баардык буюмдардагы кыргыз оюулары.

Мен муну 1990-жылдан бери улам кайталап келатам. Октябрь революциясына чейинки ырлардан дээрлик ар бир кыргыз комуз чертип, ырдап айтыша алгандыгы жөнүндө укканбыз. Азыр деле “Манастан” эки сап билбеген кыргыз жок болуш керек. Илгери кыргыз эл сүрөтчүсү деген болгонбу же жокпу – белгисиз, бирок ар бир кыргыз айылында элден чыккан көп оймочулар болгонун баарыбыз билебиз. 1960-жылдарга чейин ар бир кыргыз оюу оё алган деп ойлойм. Менимче, байыркы кыргыздар алгачкы оюуларды жаратканда, кооздугу турмушубузга көркүн кошсун деген максат менен эле эмес, оюулар белги болгон түшүнүктөрдүн терең мааниси да адамга таасир этсин дешкен. Анткени биздин эң жөнөкөй оюуларда олуттуу асыл ой, жакшы тилек, ийгилик каалоо, жаратылыш мыйзамдарынын чегинде табият менен таттуу мамиледе болууга, бири-бирибиз менен ынтымакта жашоого чакырган маалыматты билдирген белгилер бар. Бирок Союз убагында оймочулук эл чыгармачылыгы делип, ага көп көңүл бурулбай, өнүктүрүлгөн эмес. “Манас” цензурадан кыскартылып басылса, комузубуз “примитив” делип, профессионалдык статус берилбей келген. Союз ыдырагандан бери экономикабызда башаламандык күчөгөнү менен, басылып келген байыркы баалуулуктарыбызга көңүл бурула баштады. Кудайга шүгүр, оймочулук да баш көтөрүп келатат. Чынында оюу – кыргыздын визиткасы сыяктуу.

– Анан оймонун ренессансы кандайча башталды?
– Мен адегенде апамдын оюуларына суктанып жүрүп баштагам, кийин аябай берилип кеттим. Өңүмдө да, түшүмдө да эси-дартымдын баары оюу болуп, эки-үч суткалап оюу оюп отура берчүмүн. Балам да кичинесинде оюуларга сүйүнүп шыктандырып жатып, оюулар көбөйүп кеткен. Жаңы стиль пайда болду. Илгери кыргыздар шырдак, туш кийиз, идиш, ат-жабдык ж.б. буюмдарга ылайыктап жөнөкөй оюуларды оюшчу. Мен болсо каалагандай татаалдыктагы оюуларды жасап көрдүм. Бир жолу түшүмдө бири-бирине чексиз уланган ар түрдүү оюуларды көрдүм. Тим эле жомоктогудай кооздук! Ойгонгондо эсимде калган үзүмдөрүн өңүмдө оюп көрдүм. Албетте, түшүмдөгүдөй так өзүн алигиче толук жасап бүтө элекмин. Колуман келишинче улам оюп же тартып коюп келатам.

– Түштөн көргөнүңүз кызык экен.
– Ооба, адегенде мен да таң калгам, аябай толкунданып жүрдүм. Бирок кийин түшүндүм. Ал кездерде мен эмне көрсөм да оюуларга окшотуп, көрүнгөн неменин баарынан оюу издей берчүмүн. Киши менен сүйлөшүп атсам да кашын, эриндерин, чачтарын оюу кылып элестете берчүмүн. Эси-дартымдын баары оюу болчу, ошончолук аны жакшы көрчү экемин. Сүйгөнүңдү көргүң келе берсе түшүңө кире баштагандай эле экен. Гениалдуу физик Никола Тесла да жолдогу бактарды, тепкичтин баскычтарын, өзү баскан кадамдарына чейин эсептеп санай берчү экен. Кечке эле тынбай бир нерсени болгон күчүң менен ойлой берсең уктаганда мээ да ошол багытта иштей берет турбайбы. Д.И.Менделеев деле мезгилдик системасынын таблицасын түзүп жүргөндө акыркы вариантын түшүндө даяр көргөн. Илим менен искусствонун тарыхында мындай окуя­лар көп. А.С.Пушкин дагы “Пророк” деген ырын түшүндө даяр алган. Менин көргөзмөмдөн кийин бир нече аял да өңүндө улам көзүнө оюулар элестеп, анан түшүнөн көрүшкөнүн айтышкан. Илимдин бир доктору да түшүндө көргөн. Кээ бир берилип кеткендер үчүн ошондой “жугуштуу” абал болот окшойт. Балким бул шыктануудур.

– Индияда да оюуларыңыз көрсөтүлгөн турбайбы, ошо жөнүндө айтсаңыз.
– Илимий ачылышыма байланыштуу Индия өкмөтү тарабынан Нью-Делиге эл аралык конференцияга чакырылгам. 47 мамлекеттен 1800 делегат келиптир. Оймочулугумду билген делегаттардын өтүнүчү боюнча көрсөтүп айтып бердим. Далай Лама да келиптир, ага бир оюумду белек кылдым.

– Кандай кабыл алышты?
– Адегенде ачылышка сүйүнүп, аябай ыраазы болуп кабыл алышты. Дүйнө элдерин социалдык адилеттүүлүккө, биримдикке апкелет деген баа беришти. Чынында мындай бааны күткөн эмесмин. Өз Мекенимде кыргыздарда мамиле салкын болуп жаткан. “Алыстан көрүнөт” деген чын экен. Оюуларымды болсо бияктагы эл биринчи көргөндөгүдөй эле “укмуш” деп жатышты. Индустар болсо: “Байыркы маданиятыбыз, музыкабыз, бийлерибиз, индиялык кинолорубуз баардык элдерди суктандырат деп биз сыймыктанып жүрсөк, бизди да суктандырчу сиздин искусствоңуз Кыргызстанда жаткан турбайбы” – деп кубантып коюшту. Андан кийин Варанаси, Ниланда, Сарнатх деген шаарларына алып барып, ыйык жерлерин көрсөтүп келишти.

– Ачылыш жөнүндө айтсаңыз.
– Менин кесибим – физик-окутуучу. Бирдиктүү талаа теориясын, анын социалдык жана маданий кубулуштарга тийгизген таасирин өз алдымча изилдеп жүргөм. Биринчи жолу 2001-жылы кыргыздар байыркы билимдерин пайдаланса деп, “Теңир-0рдо” фондунда батанын мисалында айтып бергем. Ошондон кийин эл арасында батага көңүл бурулуп, “Ак бата” ж.б. бата тууралуу китептер чыкты, ал түгүл “БАТА” деген академия да ачылды. Бирок ал кезде изилдөөлөр бүтө элек болчу. Анан Ош окуя­сынан кийинки ызы-чууларды токтотуу үчүн Бишкекте И.Арабаев атындагы университетке жапон буддист кечил Дзюнсей Терасаванын демилгеси менен уюштурулган талкууга чакырышты. Бишкектик башка улуттун өкүлдөрү кыргыздарды аябай күнөөлөп, өтө эле буркан-шаркан түшүп жатыптыр. Ал кезде бүт дүйнөгө чет элдик ЖМК дагы бизди каралап салбадыбы. Ошондо түшүндүрүп бердим. Жек көрүү токтоп, дароо союз убагындагыдай интернационалдык достук маанайга кайра келе калышты. Ызылдап жаткандар өзүлөрү: “Муну жазбайсызбы, элдин баары билиши керек” дешкенинен гезитке макала жазгам. Ал гезитти тынчтык болсун деп жөнөкөй адамдар Ошко алып барып таратыптыр. Интернетке жарыялашып, Россиянын бир нече сайтына “дүйнөгө батыраак таратыш керек” деп чыгып кетиптир.

– Бирдиктүү талаанын ызы-чууга кандай байланышы бар?
– Менин изилдөөлөрүм боюнча, Табияттын негизги сапаты – биримдик, бирдиктүүлүк. Ошол сапатына жараша мыйзамдары бар. Биз да ошол негизги табигый сапатыбызга баш ийип, илгертен “Ырыс алды – ынтымак”, “Күч – бирдикте” деп келгенбиз. Жаратылыш – өзүн өзү жөндөөчү механизм. Кичинекей магнит Жердин магнит талаасына баш ийгендей эле, коомчулуктун электромагниттик талаасы да жаратылыш мыйзамдарына баш иет. Адамзат жаратылыштын мыйзамдарын этибарга албай жашаганда кырсыктарга кабылат. Табияттын мыйзамдарын бузгандыктан, ал бизди табигый жана социалдык кырсыктар, эки чыккынчы президент, чагымчылардын бузукулугунан чыккан кайгылуу окуялар, туруксуз саясий абал менен “тарбиялап” жатат. Табигый мыйзамдарды элди түзгөн адамдар өзүлөрү бузбай жашаганда гана абал өзгөрөт. Андыктан маселелерди мүмкүн болушунча тынчтык жолу менен чечкенге аракет кылышыбыз керек.

– Ошентип, саясатка аралашып жатасызбы?
– Аралашпай оюуларым менен жүрө бермекмин, бирок саясат өзү суроо-сопкутсуз эле менин турмушума да кийлигишип, аябай оорлотуп жибергенде табият таануучу катары ойлонуп көрсөм мыйзамченемдүү келип чыкты. Ал түгүл саясий ырлар да чыга баштады.

– Саясий ырлар?
– Ооба. Мурда сүйүү, турмуш, гүлдөр жөнүндө ырдачумун. Эми элди биригүүгө, ынтымакка үндөгөн, козголоң кыла бербей ойлонуп иш кылууга чакырган ырлар пайда болду. Азыр тынчтык, биримдик баарыбызга абадай керек.

– Эмесе, ошол биримдикке чакырган ырыңызды окурмандарга тартуулабайлыбы?
– Жакшы болот.

Маектешкен Догдурбек Юсупов, «Кыргыз Туусу», 12.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.