Сайма өнөрүнүн саяпкери Гүлмира Кутуева

Борбор Азиялык кол өнөрчүлүктү колдоо Бирикмесинин Кыргызстандагы – “КАКСАРК-кейджи” ресурстук Борбору 2009-жылдан бери Кристенсен фонддун колдоосу менен “Табигат менен үндөш кооздук: кыргыз улуттук буюмдарынын жасалыш ыкмалары жана оймо” деген долбоордун үстүндө кызуу эмгектенип келе жатат. Бул долбоор кыргыз улуттук кол өнөрчүлүк айдыңындагы жоголуп бара жаткан чеберчилик ыкмаларды изилдеп, таап чыгып, келерки муундарга мурас катары калтыруу үчүн чоң салым кошуп жатат. Ушунун негизинде Кыргызстанды түрө кыдырып, илимий изилдөөчүлөр чеберлердин өздөрү менен жолугушуп, улуу муундагы кол өнөрчүлөрдүн сары майдай сактаган ыкмаларын кагазга түшүрүп, илимге айландырып, урпактан-урпакка сактап калган мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Болбосо, чебер чоң энелерибиз менен бүтүндөй бир китепкана, өнөрдүн сыры кошо көмүлүп калып жаткандыгы баарыбызга белгилүү.

Ушул долбоордун алкагында этникалык кыргыздар жашаган Түркиянын Ван, Кытайдын Кызыл-Суу, Тажикстандын Мургап, Жерге-Тал ошондой эле Өзбекстан, Казакстандагы боордошторубуздун чеберчиликтери энеден кызга, атадан балага өтүп келе жаткан өнөрү база катары жыйналууда.

Урматтуу окурман!

Ушул шурудай чогулткан маданий дөөлөтүбүздү басып жатпай сиздер менен да бөлүшүүнү туура таптык. Мындан ары биздин сандан- санга берилүүчү ушундай аталыштагы рубрикабыздан кол өнөрчүлүктүн канча түрү болсо, канча ыкмасы болсо, бардыгы жөнүндө кеңири маалымат бергенге аракет кылабыз.

Эгерде кызыккан чеберлер бул фондуга мүчө болгусу келсе Kyr.craft_batabeis@yahoo.ru. Байланыш тел: 66-24-45, 62-03-85 КАКСАРК-кейджи коомдук фонду. Ар бир кыргыз баласы ата-бабадан келе жаткан чеберчиликтин мурасын билип коюуга, кызыкса үйрөнүп алууга неге болбосун. Анда, сиздерге эң биринчи тааныштыра турган кол өнөрчүбүз, саймачы, КАКСАРК-кейджи коомдук фондунун мүчөсү Гүлмира Кутуева.

Гүлмира сайманы мурун эле балачактан апасынан үйрөнгөнүн айтат. Апасы мугалим болгону менен, колунан көөрү төгүлгөн чебер болгон экен. Түнүндө балдарды жаткырып коюп, бир оокумга чейин олтуруп алып көйнөк тигип, туш кийиздерди сайып, ар бирин балага арнап коюучу. Ошондо кенедей Гүлмира да кээде апасынын жанына олтуруп алып ага жардамдашып, көкүрөгүндө бир кызыгуусу тартып, кол ишинен көп нерсени үлгү кылып үйрөнүп алып калган тура. Ошондон таасир алып, ошентип уз болуп чоңойду. Ошол чебердиктин өтөлүнө чыгып, жан дүйнөсүн төшөп, аны кесип катары өздөш­түрүп алды.

Өз аракети менен Гүлмира “Кеңеш” көркөмдөө чакан ишканасын ачкан. Андан көбүнчө кийизден саймалап, көркөмдөп жасалгаланган буюмдарды чыгарышат. Атап айтканда интерьердик (үй ичин жасалгалоочу) буюмдарды, дивандын үстүнө коюучу жаздыктар, тамдын бооруна илинчү кийиздер (панно), текчелерге илүүчү, тамдын бооруна илүүчү кийиз килемчелер, кийизден жасалган баш кийимдер, кыздар, жаштар көтөрүүчү баштыктар, сумкалар, бут кийимдерди жасашат. Ал эми кийизден кесилген өөндөрдөн эстеликке белекке берилүүчү сувенирлерди, оюнчуктарды жасашат.

Кол өнөрчүлөрдүн өздөрүнүн кесибине жараша технологиясынын түрлөрү көп. Булар жасаган технология боюнча кийиздин бетине кыргыз оймо-чиймелери салынат. Азыркы учурда кол менен сайма сайып иштеген чеберлер жокко эсе болуп калбадыбы. Анткени сайма саюучу машиналар чыгып, ошолор менен көп иштеп калышты. Ал эми Гүлмира кийизге жалаң кол менен сайма саят. Ата-бабалардан келе жаткан саймачылыкты кыздарга үйрөтүп, чебер болуп устат катары да таанылган. Учурда ал өз ишканасындагы кыздарга саймачылыкты үйрөтүүдө.

Базар экономикасынын шартында бул кесип дагы өз ордун алган. Гүлмира көбүнчө чет элдиктер менен иштешет. Алар заказ беришет. “Биз Франция , Германия, Турция Норвегия, Швейцария, Америка, Кытай менен, жакынкы өлкөлөрдөн Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан менен иштешебиз. Алар менен көбүнчө фестивалдарда, чоң майрамдык көргөзмөлөрдө катышабыз. Европалыктар мисалы жаңы жылга карата балатыга иле турган оюнчуктарды, куурчактарды, эстелик буюмдарды саймаларына кызыгып алышат”, – дейт Гүлмира.

Ал “Кеңеш” ишканасында төмөндөгүдөй саймалардын түрлөрү иштелгендигин айтып берди:

1. Басма саймасы. Буюмду жасаганда ичи толтурулуп, жылма, текши сайылып түшөт. Жипти узунунан алып туруп арасынан жип жанаша алынып, улам бир жиптин түбүнөн кийинки жип алынып, бастырылып түшүрүлөт.

2. Жөрмөмө сайма. Турмушта бул сайма көп кездешет. Бирден илинип сызык менен жөрмөлүп сайылат. Жаңы үйрөнчүктөр кийиздин бетине оймосунун сүрөтүн карандаш менен чийип сайып алышып, андан кийин ичин толтурушат. Аны жөрмөмө менен да, басма менен да толтурса болот.

3. Чыраш сайма. Жыш чыраш деп да аталат. Бул сайма менен биздин ыйык баш кийимибиз ак калпактын четтери бекитилет. Андан сырткары, жаздыкты, тамдын бооруна илинчү килемдердин четтерин да чыраш менен бекитсе болот. Сумкалар бышык болуш үчүн да четтери чыраш менен жыш бекитилет.

4. Илме дос сайма. Бул көбүнчө жөрмөмө сыяктуу эле сүрөттөрдүн четтери алынып сайылат. Ичин толтурам десе толугу менен илме дос саймасы менен толтуруп кете бе­рүүгө болот. Андан сырткары эки түстөгү буюмду бириктирүүгө дагы илме дос саймасы пайланылат.

5. Терс кайык. Бул сайма азыр көп пайдаланылбай калды. Балачакта билем, апам жуур­кандын жакасын саймалап кооздочу эле. Эмне себептен унутулуп калганын билбейм, бирок мен муну унуткарбай өз шакирттериме үйрөтүүгө умтулам. Кийиздин бетинен ылдый жактан жогору карай илинип сайылып жүрүп олтурат. Бул түндүк жакта көп пайдаланылган. Түштүк элинде сайылуу ыкмасы башкача. Түштүк жактыкы өтө татаал, оңой менен үйрөнө албайт. Мен муну түштүккө көп каттап жүрүп билдим.

6. Секиртме сайма. Кийиздин ортосунан жорголотуп, бирин алып, экинчисин албай кетет. Бул көбүнчө кийиздин бетиндеги сайма сайылып бүткөндөн кийинки жардамчы сайма, декоративдүү сайма десек болот. Секиртме Кыргызстандын ар кайсы жактарында ар кандай аталат. Мисалы, чычкан изи, коён изи, ит таман ж.б. Илгери апаларыбыз терс кайрык сыяктуу сайманы жууркандардын, төшөктөр­дүн четтерине пайдаланчу.

Секиртме деп аталып калышы, менимче убакыт тар, түнү менен олтуруп, бат бүтүшү­нө карап сайышса керек. Негизинен бул бат сайылат. Муну сирке деп да аташат.

7. Көптүрмө саймасы. Калган саймалардан айырмаланып, кездеменин болобу, кийиздин арткы бетине жеткирбей берки бетине эле көптүрүп аркы терки сайып, ийнени тегеретип кете берет.

8. Аратиш саймасы көбүнчө эки буюмду, кийиздерди бириктирүүдө колдонулат. Бычак учу деп да аташат.

9. Тордомо сайма, бул буюм бүткөндөн кийин четтерин бириктире турган сайма.

Устат катары Гүлмира Кыргызстандын көп жерине барып, чеберлер менен жолугушуп, изилдеп, алардын иштерин сүрөткө тартып, жыйнап жүрөт. Сайманын абдан көп түрлөрү тууралуу бир усулдук китеп чыгаруу максаты бар.

Гүлмира чынында эле сайма өнөрүнүн көп профилдүү жактарын өздөштүргөн. Шырдак, ала кийиз, курак, чий чырмоо, кардарлардын талабына ылайык азыркы учурга ылайыкташкан буюмдарды жасайт. Ошонун негизинде шакирттерди окутат.

Чыгармачылык менен талбай изденүүнүн үстүндө көп жерлерге барып келди. Мисалы, Францияга мамлекеттик деңгээлдеги чоң көргөзмөгө, Венгрияга Орто Азиялык кол өнөр­чүлөрдүн фестивалына барып, көптү көрүп, элдик кол өнөрчүлүктүн өзгөчөлүктөрүн салыштырып, тереңден таанып билди. Монголияга барып, чебер аялдарды окутуп, алардын жасаган буюмдарын көрүп, алардын улуттук кол өнөрүнүн түрлөрүн үйрөнүп, кайрадан аларга кыргыз кол өнө­рүнүн сырларын үйрөтүп, тажрыйба алмашып келди.

Былтыр “Ачык дүйнө” программасы аркылуу Американын үч штатына барып келди. Вашингтонго, Нью-Мехико штатынын Санта Фе шаарына, түндүк Каролина штатындагы Эшвиль шаарларына барып, өз өнөрлөрүн көрсөтүп, алардыкын көрүп, көп музейлерди кыдырып, чеберлер классын өтүштү. Штаттан келгенден соң абдан көп идеялар, ойлор туулуп, ушул тапта өзүнүн жеке көргөзмөсүн ачууга даярданып жаткан учуру. Ага “Америка жөнүндөгү ойлор ” аттуу жалпы аталыштын алдында “Санта Фе жана Эшвилдин күмүш жааны” деп коллекция жасап жатат. Гүлмирага бул эки шаардын эң кооздугу чоң таасир эткенинен ушундай аталышты тандаган. “Биз Эшвилге түн ичинде түштүк аэропортто жамгыр төгүп жаап, күмүштөй көрү­нүп туруптур. Ошон үчүн мага ошондой тема жаралды.”-дейт Гүлмира. Алардын арасында панно коллекциясы да жасалып жатат. Ошол шаарды кийиз менен элестетип оймо-чийме, өңү аркылуу берүүгө аракети зор.

Жакынкы арада, февралда, Эмиратта, Сауд аравиясынан бөлүнүп чыккан чакан мамлекет Оманга барып келди. Маскат деген борборундагы ислам искусствосун изилдөө институту жыл сайын ислам мамлекеттеринин чеберлерин чакырып, чоң деңгээлдеги чеберлердин фестивалын өткөрөт экен. Кыргызстандан биринчи жолу 7 адамдан турган делегация менен Гүлмира да кошулуп барган. Андагы алып келген таасирлер Гүлмиранын чыгармачылык эргүүсүн жаратты.

Анын ишканасы Кыргызстандагы Борбордук Азия боюнча чеберлерди колдоо борбордук ресурсунун мүчөсү. Жасаган буюмдар ЮНЕСКОнун сапат белгисине үч жолу татыктуу болгон.

Көптөгөн долбоорлор менен иштешип, партнердук карым-катнашы уланууда. Кыргыздын улуттук кол өнөрүнүн атын алыска чыгара турган максаттарың ишке аша берсин Гүлмира.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Кыргыз Туусу”, 19.04.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.