Жакшы ээрдин баасы 3 миң доллардан кем болбойт

Жакшы ээрдин баасы 3 миң доллардан кем болбойт

Posted by kmb3 on 4th Июль 2012

Бишкектеги №92 С.Чокморов атындагы элдик көркөм колөнөрчүлүк кесиптик лицейдин мугалими Бакыт Байызов окуучуларга элдик көркөм өнөрчүлүк боюнча сабак берет. Ал окуучуларга ат жабдыктарынан тартып, булгары иштетүү, андан ар кандай буюмдарды жасоону үйрөтөт.

Толугу менен

Posted in ИскусствоЭлдик жасалга өнөр | No Comments »

“Чымындуулар” конкурсу улантылат!

Posted by kmb3 on 4th Июль 2012

Мен киммин? 
Мен бир акын жаман сары,
Колумда койкоңдогон калем сабы…
(Б.Сарногоев)

Урматтуу окурман, көркөм чыгарма окуп жан дүйнөнү бир кубантып, тазарып алганга кандай дейсиз? Сагындыңызбы? Биз да сагындык. Отуруп алып жакшы бир аңгеме окуганга же бир ыр окуп жан дүйнөң толкуп, делдеңдеп алганга не жетсин?! Акындар, төкмөлөр ж.б. чымындуулар болсо, жазган чыгармасын жарыялаганга жай таппай, китеп чыгарганга шарты жок жүргөнү жүргөн. Ыр жандуу кыргыз ойдон кырга чейин, жылдан кылымга, таанышкандан “жабышканга”, ынкылаптан ынкылапка чейин ыр жазганын калтырган жок. Ылайым ошентип ыр бүтпөсүн. Биздин гезит дирилдеген ырларды сан сайын берип, көкүрөктөргө көктөм алып келели деп бир ырдын конкурсун жарыялап атабыз. Ошондой эле махабат, сүйүү, ажырашуу, сагыныч, жалгыздык жана кусалыкты камтыган чакан аңгеменин конкурсу да жарыяланат.

Толугу менен

Posted in АдабиятСынак | No Comments »

Айла жок, айла жок…

Posted by kmb3 on 4th Июль 2012

Окурмандардын табити өзгөрдү. Өзгөчө жаштардыкы. Жеңил-желпи нерселерге качыра баштады. Массалык маданият деген жүрөктүн үшүн алат. Эч нерсе дей албайсың. Колго калем тиет. Айла жок…

Верлен, Малларме, Рембо

Толугу менен

Posted in Адабият | No Comments »

“Манас урпактарынан” “Таттууларга” белек

Posted by kmb3 on 4th Июль 2012

Дүйнөлүк Балдарды коргоо күнүнө карата Кулжа айында “Манастын Урпактары” тобунда “Таттуулар” сынагы болуп өттү. Мында жаш балдардын сүрөттөрү сынакка коюлду жана эң көп жактырылган сынак катышуучулары жеңишке ээ болду. Биринчи орунга 69 упай менен АКШнын Чикаго шаарында жашаган жети айлык бөбөгүбүз Сардар Саматов, экинчи орунга 55 упай менен Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын жашоочусу, эки жарым жаштагы Сатывалды кызы Сайкал жана үчүнчү орунга 34 упай менен Бишкектин Көк-Жар айылынан Атай Токоев ээ болду!

Балдардын белегин Италиядан Гүлсана Сарногоева, АКШдан Жаңылай Мавлянбек кызы жана Бишкектен Венера Мавлян даярдады. Сынакты даярдап өткөргөн — АКШда жашаган кыргыздын патриот кызы Өмүргүл Нуркамил болду.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.