Боз үй жана Айтыш өнөрү ЮНЕСКОго казактар менен биргеликте катталабы?

Өткөн жуманын ортосунда Маданият жана туризм министрлигинде Боз үй жана Айтыш өнөрүн ЮНЕСКОнун маданият мурастар тизмесине Кыргызстан менен Казакстан Республикаларынын атынан каттатуу боюнча талкуу болду. Ага Кыргызстандын белгилүү окумуштуулары, жазуучулары, артисттери, ырчылары катышты. ЮНЕСКОго тиешелүү даярдык чараларын көрүү үчүн жумушчу топ түзүлдү. “Айтыш” номинациясы боюнча (тогуз адамдан турган) жумушчу топтун төрагасы болуп КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Садык Шер-Нияз, “Боз үй жана боз үй жабдууларын жасоо салттары” номинациясы боюнча (12 адамдан турган) жумушчу топтун төрайымы болуп Динара Чочунбаева дайындалды. Боз үй менен айтыш талкууга түштү. Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев: “Боз үй, айтыш биздики да. Эмнеге казактар менен биргеликте катталабыз? Катталуу боюнча ЮНЕСКОнун принциптерин түшүндүрүп бергилечи?” – деп собол таштады. Кыргызстандагы ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын эксперти Сабира Солтонгелдиева: “ЮНЕСКОнун талаптарын жакшы билесиздер. Ар бир улут өздөрүнүн өзгөчөлүктөрүн көрсөтөт. Мисалы, боз үйдүн жасалгалоо өзгөчөлүктөрүн биз өзүбүзчө, казактар өзүнчө белгилейт. Биз ошон үчүн боз үйдү жакшы билген эксперттерди чакырып, аларга берип жатабыз”,- десе Кыргыз эл артисти Замирбек Үсөнбаев: “Айтыш өнөрү боюнча казактардан өзгөчөлүгүбүз – казактар жаттап айтат, биздикилер турган жерден эле төгүп салат. Казактарда алым-сабак деген жок. Ал бизде эле бар”,- деди. “Боз үй жана аны жасалгалоо боюнча да өзгөчөлүгүбүз бар. Алардыкы такыр башкача. Кыргызстан боюнча боз үйдү эл аралык стандартка ылайыктап жасоо бир облусубуздун эки эле жеринде бар. Алар менен байланышып, зарыл, ыкчам түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек… Иштин көзүн биргеликте, ынтымак менен азыр чечип, убакытты уттурбай, казактар менен чогуу каттала берели. Талашып-тартышып отура берсек, четте калабыз. Нооруз майрамын ЮНЕСКОго киргизүүдө да жети мамлекет менен чогуу баралы деген сунушту четке кагып, сыртта калдык эле го. Азыр ошондой учурга туш болуп турабыз”,- деди “КАКСА-kg” коомдук фондунун төрайымы Динара Чочунбаева. “Бардык чыгымды депутат Карганбек Самаков көтөрүп берем деп жатат. Каражат жагы чечилгенден кийин алдыга коюлган тапшырманы жумушчу топ аткара бергиле да”,- деди министр.

Талаш-тартыш менен акыры бир пикирге келишип, Казакстан менен биргеликте катталуу сунушун колдоп беришти. 2-отурум 5-сентябрда Көлдө боло турган болду. Ага чейин министр жумушчу топторго ЮНЕСКОнун талабына ылайык номинациялык файлдарды даярдоо жана 10 мүнөттүк фильмдерди тартуу милдеттерин жүктөдү. Көзөмөлдөө жагын министр өз мойнуна алды. ЮНЕСКОго кете турган чыгымдын баарын Маданият жана туризм алдындагы материалдык эмес маданий мурастар жаатындагы эксперттик кеңештин төрагасы, ЖК депутаты Карганбек Самаков көтөрүп бере турган болду. Чыгым 3 миң долларды чапчыйт экен…

Назира СААЛИЕВА, «Де-Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 23.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.