Баткенден Майкрософтко барган Акжол

Кыргызстандык Акжол Абдухалиев Microsoft корпорациясынын АКШнын Сиэтл шаарындагы кеңсесинде иштейт. Баткендик карапайым үй-бүлөнүн уулу атактуу корпорацияга кантип барып калды?

– Биз сиздин “Майкрософтто” иштегениңизди угуп интернеттен өмүр баяныңызга кызыгып көрсөк, алыскы Баткен облусундагы карапайым үй-бүлөнүн уулу экенсиз. Эң кирешелүү жана атактуу корпорацияга кантип жумушка орношуп калдыңыз?
– Кичинекей кезимен эле ушундай корпорацияда иштесем деп максат койгом. Анан ошол планымды ишке ашыруу үчүн окуучу кезимен эле кам көрө баштадым. Компьютердик гимназияда, түрк лицейинде, андан соң университетте билим алдым. Максатымды ар бир кадамга бөлүп, ошону аткарып отуруп жыйынтыгында көздөгөнүм ишке ашты десем болот. “Майкрософтто” иштегениме азыр эки жылдай болуп калды.

– “Майкрософтто” эмне жумуш аткарасыз?
– Программист-инженермин. Онлайн жарнама департаментинде иштейм.

– “Майкрософтко” билим базасы мыкты адистерди гана жумушка алат. Жогорку окуу жайды кайдан бүткөнсүз?
– Компьютердик инженердик адистикти Түркиянын борбору Анкара шаарындагы Орто Чыгыш техникалык университетинде алгам. Окуумду бүтүп, Канаданын Торонто шаарында IBM компаниясында иштеп келдим. Азыр магистратураны АКШда окуп жатам.

– Канча тилде сүйлөйсүз?
– Төрт тилди билем: эне тилим, анан орус, түрк, англис тилдеринде сүйлөйм.

– Сиз “Майкрософтто” иштеген жалгыз кыргыз болсоңуз керек?
– Башында жалгыз болчумун. Кыргыздардын тобу деп бир тор жайып коюп отургам. Анан жакында эле бир жигит келди, Казакстандын жараны экен, бирок Кыргызстанда төрөлүп өсүптүр. Мындан сырткары Булат деген кыргызстандык жигит иштеп жатат, ал мурда Америкага көчүп келген экен.

– Бул корпорацияда 90 миңдей адам иштейт экен, иш учурунда Билл Гейтсти көрүп калдыңызбы? Балким учурашкан чыгаарсыз?
– Билл Гейтс бул жакка келбейт деле, иштебейт. Аны көрбөйм деле. Буга чейин кыргызстандык бир басылма “Акжол Билл Гейтс менен күндө учурашат экен” деп жазып жибериптир, ал чындыкка коошпойт.

– Жакында эле “Кыргыз көчү”, “Ашар” деп аталган уюмдар “Майкрософттун” жетекчилигине кайрылып, кыргызча ариптер жайгаштырылган эмес, кошуна өлкөлөрдө мындай көйгөй жок деп жазышкан экен. Мындан маалыматыңыз барбы?
– Ооба, маалыматым бар. Биринчиден, алар кайрылууну кыргыз тилдүү маалымат каражаттарына, анан акыйкатчыга жазышыптыр. Кыргыз тилиндеги кайрылуу “Майкрософттун” жетекчилигине жеттиби, же жокпу билбейм.

Мындай ишти алып баруунун туура жолдору бар да. Маалымат каражаттарына жаза берген менен маселе чечилбейт.

Мен демилгечилер менен байланышып, Windows системасынын тил департаментине кайрылууну сунуштагам. Мен өзүм да алардын сунуштаган вариантын, Бишкек мэриясында иштеген Нурмухаммед деген жигиттин вариантын алып “Майкрософтко” кайрылып, азыркы жайгаштыруу туура эмес, кыргыз эли колдонбойт дедим. Бирок алар “макул, биз өзгөртүп бере алабыз, бирок биз ар ким эле сунуштаган нерсени кабыл ала бербейбиз”, – дешти.

“Майкрософттун” саясаты боюнча мамлекеттик стандартка киргизилген жайгаштырууну, же де-факто көп адам колдонгон жайгаштырууну киргизебиз дешти. Менимче булардын айтканында да негиз бар, себеби ар ким айта берсе кабыл ала берген туура эмес.

– Ошондо “Майкрософтко” кыргызстандык колдонуучулар жактырган ариптерди жайгаштыруу үчүн эмне кылыш керек экен?
– Иштин ток этери – мамлекеттик стандартка киргизишибиз керек. Кыргызстандын өзүнүн стандарты бар да. Эгер бул иш узак убакытты алат десек анда де-факто көп колдонгон, мисалы мамлекеттик ишканалардан “ушул жайгаштырууну колдонобуз” деген билдирүү керек. Бир чечим болсо, анан мен калган ишти алып кетем.

– Маегиңиз үчүн рахмат. Ишиңизге ийгилик!

«Фабула» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 31.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.