“Мажарстан-Туран” курултай таасирлери

Мажарстандын (Венгрия) Будапешт шаарында эки жума бою бүткүл дүйнөлүк көчмөн түрк тилдүү улуттарды руханий жана  маданий жактан ынтымакка бириктирүү максатында «Мажарстан-Туран»  деген аталышта курултай өткөрүлдү.

Курултайдын тарыхы

Курултайды биринчи жолу Мажарстан антропологу Андраш Биро Жолта Венгриядагы мадярлар уруусунун демөөрчүлөрүнүн эсебинен 2008-жылы уюштурган. Бул мадярлар уруулар жыйынына жалгыз гана Казакстандын түндүк-батыш аймактарында жашаган мадярлар чакырылган эле. Курултайга Евразиянын ар кайсы аймактарынан келген конок мамлекеттер улам көбөйүп, быйыл өткөрүлүүчү курултайды Мажарстан өкмөтү толук демөөрчүлүктү жана уюштуруу маселелерин колдоруна алышкан. Эки жылда бир жолу өткөрүлүүчү быйылкы курултайга дүйнөнүн 22 мамлекети чакырылып, бул жыйынга Монголия, Саха (Якутия), Туба, Бурятия, Хакасия, Алтай, Казакстан, Кыргызстан, Казакстанда жашаган уйгурлар, Каракалпакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Түркия, Башкырстан, Татарстан, Түндүк Кипр республикасы, Дагыстандагы (Дагестан) аварлар жана мажарлар өздөрү катышты. Жалпы чыкырылган коноктордун саны 250дөн ашып, курултай  Будапешт шаарында 8-августтан 10-августка чейин жогорку уюшкандыкта  өттү.

Хунндардан калган ат чабыш, боз үй

Андан кийин 11-августтан 14-августка чейин Будапештен 170 км. аралыкта жайгашкан Мажарстандын борбордук облусу болгон Бач-Кишкундун Бугац районунун Кескемет жана Иссак айылдарынын жанында атайы уюштурулган элдик оюн өткөрүлүүчү аянтта байыркы хунндардан калган ат чабыш, жаа атмай, ат үстүнөн жамбы атмай, кылыч чабыш, жайдак аттын үстүндө эр эңиш, ат араба менен байыркы согуш ыкмалары, найза согуш ыкмалары, канжар сайыш, кошоктолгон аттын үстүндө ат чабыш ж.б. толуп жаткан  өнөрлөрүн чакырылган конокторго көргөзүштү.

Оюн өткөрүлүүчү жерлерге айланта 150дөн ашык ар кандай байыркы хунндардын боз үйлөрүнөн баштап, азыркы жакшы кооздолгон түрдүү боз үйлөр тигилген.

Кыргызстандан барган өкүлдөр

Кыргызстандан барган делегация курамын белгилүү түрколог, филология илимдеринин доктору, профессор, көп жылдардан бери Андраш Биро менен жеке мамиледе болгон Кадыралы Коңкобаев жетектеп барды. Делегациянын курамына жазуучулар Асыкбек Оморов, Жамила Жапарова, сүрөтчү Асан Раимкулов, кол өнөрчүлөр Насирдин Айсаев, Халил Момунов, Каныбек Коңкобаев, комузчулардан Замира Батырканова, Бактыбек кызы Бурулча, жаш комузчу Кылымдар Асыкбеков өздөрүнүн өнөрлөрүн курултай катышуучуларына көргөзүшүп жана комуз, чопо чоор, темир комуз, жыгач ооз комуздарда ойноп беришти. Айрыкча12 жаштагы Кылымдар Асыкбеков кол ойнотуп, комуз черткенде көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, аябай кызуу кол чабуу менен кабыл алышты.

Мадярлардын улуттук ар түрдүү оюндары бүткөндөн кийин жалпы курултайга катышуучулардын бардыгы ал Кескемет айылынан 180 км.аралыкта жайгашкан Балатон көлүнүн түңдүк жагында эс алуучу курорттук аймакка 15-августтан 20-августка чейин атайы туристтик автобустар менен бардык. Балатон көлү тогуз дайранын куймасынан пайда болгон узундугу 70 км, туурасы 10 км.ден 17 км.ге  чейин, тереңдиги 15 м. келген көл экен. Ал жакта туризмдин ушунчалык өнүккөнүн өз көзүбүз менен көрүп таң калдык, эмне үчүн бизде атайы туризмге көңүл бурбайбыз деген ой пайда болот, эгер пансионаттарды коңшу мамлекеттерге саткандын ордуна ушундай кылып ар бир 100 метрде бирден беш жылдыздуу евростандарттагы конок үйлөрү өзүбүздүн көл  жээктеринде жыл бою иштеп турса гана атаганат деп ичиңен сызып тим болосуң.

Андраш Биронун бул идеясын 2008-жылы Казакстан Республикасынын маданият министрлиги колдоп, дүйнөдө улам ааламдаштыруу саясаты күчөп бара жаткан заманда, жалпы түрк тилдүү элдер сөзсүз түрдө руханий жана маданий жактан биригишибиз керек деп аны мамлекеттик сыйлыктар  менен сыйлаган.

Мадярлар деген ким?

Окурмандарга билдирип ке-түүчү нерсе, деги мадярлар ким деген суроо туулушу мүмкүн. Мадярларга “мадяр” деп айтсаң, ичтеринен биздин тарыхыбызды билбеген эл экен дешип айткан адамдарга капа болушат, ошондуктан аларды “мажарлар” деп айтсаң  алар дагы ыраазы болушуп, биздин тарыхты билет экен деген ойдо болушат. Мажарстанда каалаган адамга кайрылсаң өңдөрүнөн дайыма жылмаюуну көрүп, өз ара сыйлашууну байкап турасың. Ал эми мажарлардын өздөрү байыркы замандарда Азиядан көчүп барышкан хунн элдери менен Чыгыш Европадагы кыпчактардын ортосунан чыккан элди “мажарлар” деп аташат. Ошондуктан Мажарстан Республикасы же Хунгария деп аташат. Жалгыз гана орус эли булардын тарыхын тааныгысы келбейби, Венгрия деген термин менен алмаштырып койгон.

Географиялык жактан Европанын так ортосунда жайгашып туруп, туш тарабынан башка европалык мамлекеттер курчап турса дагы өздөрүнүн ата-бабаларынан бери калган улуттук оюндарынын түрлөрүн, байыркы согуш ыкмаларын, кийиз жасоону, улуттук тери кийимдерин тигүүнү, боз үйдүн жыгач жана кийиз жабдыктарын ушул убакка чейин жакшы сактап калган жалгыз гана ушул мажарлар болуп эсептелет. Ал эми Азиядан көчүп барып Европага жайгашып жашап калган финдердин 12 уруулары жана карел элдери мурунку көчмөн элдердин жашоо шарттарын такыр унутуп калышкан. Финдер болсо боз үйгө окшош таштан үй курууну түңдүк аймактарында сактап калышкан.

Курултайдан кийинки ой

Биз  барганда Будапешт шаа­рынын “Будапешт” конок үйүнө тосуп алышып жайгаштырышты. Эртеси курултай башталды. Парламенттин президенти 60 жаш курактагы Шандор Лежак деген адам экен.  Анын эң жөнөкөй адам экендигин жан сакчысы жок келип, сүйлөгөн сөзүнөн баамдап турдук. Себеби,  шаарда күндүзү, түнү болобу көчөлөрдө автотранспорт көп болгондугуна байланыштуу “курултайга катышуучулар келип калышты дегенинен үйдөн велосипед менен келдим”, – деген сөзү бизди таң калтырды. Мындай бийлик башындагы эли үчүн таза иштеген адамдар эч убакта элден коркпой эл менен аралашып жашай берет. Ушул жерден аргасыздан ой пайда болот, баары бир Азия менен Европанын элдеринин психологиясы эки башка. Азиянын эл башкаруучулары бийликке келгенде өз керт баштары үчүн материалдык байлыкты биринчи коюшат эмеспи.

Эми ушул Будапешт шаарындагы парламенттер имаратынын курулуш тарыхына бир аз кайрыла кетелик. Парламенттер имаратынын курулушу 1882-жылы башталып, толук курулуш иштери 1901-жылы бүткөн. Парламенттин ичине кирсең кооздугуна ушунчалык таң каласың, ичиндеги архитектуралык колонналары капителдери менен ички карниздери бүт алтындын буусуна карматылып, Дунай дайрасынын жээгине курулган. Жалпы курулушка 44 тонна алтын кеткен. Ушул жерден айласыздан дагы ойлонбой койбойсуң, эмне үчүн биздин бийликтегилер ушул европа элдеринин бийлигиндеги адамдарындай болушуп эл үчүн таза иштешип, эл арасында жөнөкөй боло алышпайт, бийлик бутагындагы кандай адамдар болсо да эл үчүн таза иштешпей эл байлыктарын өздөрүнө уурдаганга үлгүрүшөт.

Курултайдын экинчи бөлүгү башталаардан бир күн мурун мажарлар байыркы тарыхын эскерүү катары ушул эле Бугац районуна диаметри 50 метр болгон бетондон жасашкан чоң боз үй музейинде болдук. Музейдин ичине киргенде спираль аянтча түрүндө көтөрүлө баштап, түндүккө жакын калганда музей боз үйдүн уук бооруна байыркы хунндардын көчмөн жашоо турмушун элестеткен сүрөт көрүнүшүн көрүп таң калдык. Ал музейдин ичине кирген адам өзүн сөзсүз түрдө байыркы хунндардын тарыхы менен аралашып жүргөндөй сезет.

Курултайдын экинчи бөлүгү болгон ат оюндары башталаардын алдында Кескемет айылынын паркында Мажарстан парламентинин Президенти өзү келип ачып, баарыбыз менен чогуу дасторкондо отуруп, эл менен кошо бийлеп, ырдап жүрдү. Ал адамды биз катардагы жөнөкөй эле адам катары сездик. Кыргыздарга эң жакшы шарт түзүш үчүн Андраш Биро бизге атайы айылдардын четиндеги токойдун арасындагы мергенчилердин үйүнө алып барып жайгаштырыш үчүн көрсөтмө бериптир. Ал үйлөр азыркы биздин евростандарт деген конок үйдөн артык салынып, мергенчилик убакта гана мергенчилер атайы барып жайгашкан жай экен. Эртең менен турсак үйдүн жанында жапайы эликтер жайылып оттоп жүрүштү.

Кыскасы бул мажарлар уюштурган “Мажарстан-Туран” курултайы баарыбыздын ички дүйнөбүзгө чоң таасир калтырды. Жалпы курултайдын жүрүшүндө Европанын чордонунда жашашса дагы өз байыркы тарыхын сактап калганга аракет кылышкан мажарлардын тарыхый музейлерин, ат ойнотуучу жерлерин, Балатон көлүнүн эс алуучу пансионаттарын көрүп, шаар жерлери эмес, айыл жерлеринде күзгүдөй төшөлгөн асфальт жолдорун көрүп, элдин социалдык абалына алардын бийлиги ушунчалык жогорку маани берээрине, бир көргөн кишиге айттырбай түшүнүктүү болооруна күбө болдук.

Асыкбек ОМОРОВ (ЧынТемир-Алтай),
«Кыргыз Туусу», 04.09.2012-ж.,
сүрөттөр автордуку

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.