Зайырбек Ажыматов: Кыргызстандан жалгыз мен гана чакырык алдым

Эларалык «Түрксой» маданий уюмунун Генералдык деректири Дюсен Касеинов жолдогон жеке чакыруу менен Тарсус (Турция) шаарында өтүүчү «Караджаоглан шелале» деген аталыштагы Эларалык фестивалга чакыруу алганын «24.kg» агенттигине кыргыздын таланттуу жаш акыны жана журналист Зайырбек Ажыматов өзү маалымдады.

З.Ажыматовдун айтымында, аталган фестиваль ушул жылдын 18инен 21-сентябрына чейин уланат. «Караджаоглан шелале» фестивалына ал Кыргызстандын адабий өкүлү катары жалгыз чакырык алганын кошумчалады. Ошондой эле барып келүүгө кеткен чыгым (Бишкек-Стамбул-Адана-Стамбул-Бишкек) менен бирге баскан турган чыгымдын баары эларалык «Түрксой» уюму тарабынан каржыланат.

Зайырбек Ажыматов буга чейин адабият айдыңында «Жалгыздык» (1996), «Мелмил» (2005), «Нөлү көп жылдар» (2011) аттуу поэтикалык жыйнактары менен таанылган. О.э. ал 2005-жылкы «Алыкулдун ак боз ат» поэзия фестивалынын лауреаты.

Олжобай ШАКИР, «24.kg» MA, 04.09.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.