Саламдашуу маданияты…

Кыргыздын тили өтө терең. “Улуу кыргыз” – деген чоң бийиктерге жеткен бай тилдерден деп айтылып, аны менен ар кандай жашоо ыргагын аткарып келген тил. Өзгөчөлүү каада-салтыбыз, нарк-насилибиз, адеп-ыйманыбыз өз тарыхыбызды коштоп келет. Кыргыз элинин ички дүйнөсүнүн бийиктиги да бул тил менен даңазаланып, жомоктон жомокко өтүп, Манастай дастан жаралып, чындыкты айткан жоокер, көчмөн эл экенибиз айтылып келген.

Ошол улуттук нарк-насилдердин бири саламдашуу да эң эле чоң тарбиялык мааниге ээ. Биз сөз кыла турган саламдашуу бүгүнкү күндө улуттун кылым карытып сактап келген таза назик адеби же кыргыз деген улуу жашоонун бизге жеткен мурасы.

Адамга салам узатуу, алик алуу боюнча саламдашуунун жол жоболору бар. Сылык саламдашуу, алик ала билүү бул кыргыз маданиятынын башаты.

Бир адам экинчи адамга “Ассалоому алейкум” – деп араб тилинде салам берген. “Бул тынчтык болсун” – дегенди билдирсе, “Валейкуму ассалам” – “Сизге да тынчтык болсун” – деп колдонулуп келет… бүгүнкү күндө өзгөчө жаштар саламдашууну өзгөртүп кыргыз маданиятына туура келбеген көчмө агымды колдонуп жүрүшөт. Мисалы, эки жигит бири-бирин көргөндө колхоздун кара өгүзүндөй эле сүзүшүп калса, кай бири тайдай тебишип учурашат. Ал эми кыздар болсо өбүшүп (ооздон өбүшүп) саламдашат. Жаштар эле эмес орто муун, жогорку муун ичинде деле өбүшүү өнөкөткө айланууда. Менин жаш муундарды тарбиялоодогу ата-энелерге, мугалимдерге, тарбиячыларга кайрылуум – саламдашуу адебине көңүл бөлсөк. Кыргыз салтыбызда саламдашуунун чоң маани маңызы бар.

Рухубуздан келген ата салты эркектер кол сунуп учурашса, аялдар ыйбаа менен же кол сунуп учурашкан. Мунун себебин жоокер эл экенибизден да издөө керек. Айкөл Манас, Барсбек, кыз Сайкал деги эле түпкү баатырларыбыздын баары кол сунуп учурашуу менен, жоо менен жекече беттешүү адебинде атаандашынын колун кармап, анын ден-соолугун, эр жүрөктүүлүгүн, бекемдигин тамыр кармагандай билип, өзүнө жыйынтык чыгарган.

Бул сапат элибизде кылым карытып келе жатат. Биз бул нарк-насилибизди көчмөн маданиятка аралаштырбообуз керек. Бул үчүн тарбиялык тармакта иштегендер аяр мамиле кылуу менен өз салтыбызды сактоо керек экенин унутпайлы. Бүгүнкү күндө саламдашуу ар кандай типке бөлүнүп кетти.
1. Чоң муштумдун учурашуусу
2. Акчалуунун учурашуусу
3. Чиновниктердин учурашуусу
4. Бийликтегилердин учурашуусу
5. Кийими жакшылардын учурашуусу
6. Тууганы чоңдордун учурашуусу
7. Жөнөкөй карапайым элдин учурашуусу
8. Жаштардын учурашуусу

Деп өзгөчөлөнүп кетти. Бул көрмөксөн, таанымаксан болуу, жийиркенүү, убактысын аёо, мактануу, манчыркоо, төмөнкү кишилерди же улууларды теңине албай өз бийиктигин көрсөтүү менен адамдардын учурашуу салты бузулуп бара жатат. Демек учурашууга да демократиялуу элдик мүнөздө саламдашуунун салтын мүнөзүн-адебин сактоо зарылдыгы турганын эске ала жүрөлү.

Илгери аялдар жүгүнүү, ишарат кылуу менен өзүнүн жүрөктөгү сылыктыгын көрсөткөн. Аялдар дегинкиси келиндин жүгүнүү адеби да ошол саламга жооп иретинде болуп, бүгүнкү күндө бизге жетип отурат. Мунун түрү көп жөн эле ыйбаа-ишарат кылып, колун бооруна алып, башын ийкеп ж.б. түрлөрү менен белги берип келген. Ал эми бүгүнкү аялдар, жат кишинин кандай ден-соолугуна карабай өбүшүп жатат. Мүмкүн ал адам туберкулёз, ВИЧ-СПИД, малярия, тиф, тери, сарык оорусу ж.б. ички аш казан, боор жыт келүүчү оорулар менен оорусачы. Бул жагдайда врачтар, теле-радио, басма сөз беттеринде эскертилип жатпайбы.

Айымкан Жаманкулова, «Фабула» («Кыргыз гезиттер айылы»), 07. 09.2012-ж.

Соц тармактар:

2 thoughts on “Саламдашуу маданияты…

  • 07.04.2013 at 22:51
    Permalink

    maga salamdashuu kerek boltat pojaluista jazyp koigulachy

    Reply
    • 08.04.2013 at 09:26
      Permalink

      Арыбагыла!
      Чынын айтканда, суранычыңызга жакшы түшүнө албадым.

      Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.