Айтматовдун акыркы адашуусу же түбөлүктүүлүк фонундагы портретке штрихтер

Ошентип, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайтышы менен бирге кыргыз улуттук адабиятынын тарыхындагы «кыргыз совет адабияты» деп аталган (ал эгемендик доорунда да жашагандыгына, соңку эки романын: «Тавро Кассандры», (1994), «Вечная невеста» (2006) жаңы социалдык-саясий шарттарда жаратканына карабастан) артта зор из калтырган бир глобалдуу доор аяктап, адабияттын өнүгүү тарыхындагы жаңы барак ачылды.  Жазуучунун чыгармачылыгы мурдатан эле дайыма коомдук пикирлердин чордонунда болуп, адабий-сындын туруктуу объектисине айланып келсе да, эми анын чыгармачылыгын толугу менен бир көркөм туунду-бүтүндүк катары баалоо, анын мурастарына толук жыйынтыктоочу көз караш менен кароо мүмкүндүгү пайда болду.

Албетте, ар бир улуу жазуучунун чыгармалары көзү өткөн соң гана, мезгил өткөн сайын бардык параметрлер боюнча кайра баалоодон өтөрү анык. Ошол эле учурда жазуучунун өзүнүн инсандык сапаттары, граждандык, атуулдук позициялары да ар кайсыл өңүттөн өзүнчө кароолго илинип, иликтөөгө алынып чыгары турган иш. Бул адамзат турмушунда эбактан бери эле кийинки муундардын өз доорунун бардык ири инсандарына (жеке эле адабиятта эмес, – бардык коомдук-саясий тармактарда) карата сөзсүз жасай турган милдети сыяктуу кабылданып калган, эреже-тартиптердин бирине айланып калган көрүнүш. Демек, инсандын дүйнөтаанымын (мировоззрениесин) ар кандай критерий-сапаттар боюнча бөлүп кароого дагы көнүмүш талаптардын бири катары гана караганыбыз туура болор… Асыресе, залкар жазуучубузду «Айтматов – жазуучу», «Айтматов – философ», «Айтматов – коомдук-саясий ишмер», «Айтматов – инсан» (личность), «Айтматов – атуул» ж.б. сыяктуу башка көптөгөн аспекттерден тереңден карап, бардык ракурстардан калыс баалоо келечектин иши.

Азырынча анын чыгармачылыгында ар кайсыл себептерден улам ушул кезге чейин азыраак көңүл бурулуп келген бир жагдайга көңүл бургубуз келет. Анан калса, бул тема заманыбыздын залкар сүрөткеринин коомдук-саясий позициясына, инсандык дүйнөтаанымына түздөн-түз байланышып турат. Демейде жазуучунун көркөм чыгармачылыгына обьективдүү баа берүүгө келсек, алардын дээрлик бардыгы (баштапкы үйрөнчүк мезгилинен башкалары) кынтыксыз экендиги, жогорку деңгээлде жазылгандыгы белгиленип келет. Бул адилет баа. Өз учурунда жазуучунун журналисттик-публицисттик чыгармалары дагы атайын изилденип (В.Левченко, «Айтматов – «Правдист»), жогорку баага татыганы маалым. Чынында да ошондой. Буга анын совет доорунда жазылган «В соавторстве с землею и водою» аттуу жыйнагындагы жана кайра куруу доорундагы, соңку эгемендик жылдардагы жарыяланган публицистикалык макалаларынын алиге чейин актуалдуулугун жоготпой, эскирбестен, ошол кездеги коомдук турмуш маселесине арналган чыңалган күчүн сактап келе жатканы дагы күбө… Ошентсе да, айтматовдук публицистикада адатта коомдук-саясий турмуштагы эң курч маселелер коюлбай, алар көтөрүлсө да ошол кездеги саясий агымдын нугунда гана болуп келгендиги (маселен, патриархалдык эски салттарга каршы жазылган «Это ваша вина, земляки!» аталган макаладагыдай) айкын. Коомдо резонанс жаратып, практикалык жыйынтык чыгарылган маселелерди эстеш кыйын. Болсо да аз жана майда. Мисалы, тээ 80-жылдарга чейин эле кыргызча басма сөздө министрликтерди «министерство» деп орусча суффикс менен жазуу калыптанып калган болчу. Айтматов тил маселеси козголгондо ушуну айтып калчу. Акыры бара-бара министрлик деген сөз элге сиңип кетти!.. Андан сырткары, көбүнесе Москвада «Черемушки» району пайда болору менен эле союздун бардык шаарларында «өздөрүнүн Черемушкилери» пайда болгонун нааразы боло белгилеп, же айылдык балдар менен шаардык балдардын ортосундагы тарбия, турмушка болгон көз караштардын айрымачылыктары (өзүнүн уулунун торгой менен көгүчкөндүн жумурткаларын айрымалай албай тургандыгын!) сыяктуу, конкреттүү кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыктарына эч кайчы келбей турган «актуалдуу чындыктарды» козгогонду жакшы көрө турган…

Арийне, калыстык үчүн белгилеп кете турган болсок, айтматовдук публицистикада эң чабал, ал тургай кескин түрдө терс пикирлерди жаратуучу фактылар дагы жетишерлик табылат. Мындай баа биринчи иретте – азыркы адабиятка, анын өзүнүн калемдештерине карата болгон субьективдүү мамилесинен улам жаралат десек да болот. Бул ойго кечээ жакында Чыңгыз Айтматовдун көзү өтөрүнө туура бир жыл убакыт калганда «Дружба народов» журналына жарыяланган эң соңку баш сөзү дагы түртөт жана бул айтматовдук баш сөз «жанрына» жаңы жагдайда жаңыча көз караш менен кароого мажбур кылат.

«В конце позапрошлого года впервые вручалась Русская премия. Напомню, что эта премия присуждается за лучшее произведение литературы, написанное на русском языке писателями из Закавказья, Средней Азии и Казахстана. Мне выпала честь возглавлять жюри премии, тогда же я познакомился с замечательной повестью совершенно нового для меня автора из Казахстана Николая Веревочкина «Человек без имени». Эта представленная в рукописи повесть (ее журнальный вариант позже был напечатан в «Дружбе народов») произвела на меня столь сильное впечатление, что никаким колебаниям насчет премии просто не оставалось места. И, вручая ее тем декабрьским вечером в «Президент-отеле» лауреату, я подумал, что завидую тем любителям настоящей литературы, которым еще предстоит открыть для себя этого писателя. Сейчас «Дружба народов» печатает новое сочинение Николая Веревочкина. Я его еще не читал, прочту, прочту уже в журнале — как рядовой читатель «ДН», но почти уверен, что оно не обманет моих ожиданий — столь крепкой, уверенной и оригинальной рукой было написано прежнее. И если это именно так, мне станет некому завидовать, разве что самому себе. Очень на это надеюсь. Чингиз Айтматов». («Дружба народов», №-6, 2007. Баш сөздүн мазмундук пафосун, интонациясын так берүү үчүн, атайылап котормосуз бердик, – М.А.).

Калыстык үчүн белгилей кетелик, мындай көтөрө чалып, ашыра мактоого Николай Веревочкиндин Айтматов али окуй элек «Белая дыра» аттуу романы татыктуу болуп олтурат. Ал эми анын Айтматов «восхищаться» эткен («Человек без имени» – «ДН», № 11, 2006) чыгармасы жөнүндө айта турган болсок, айрым эпизоддорунун солгундугуна, сюжеттик-тематикалык байланыштардын жасалмалуулугуна карабастан, алгач азыркы адабият фонунда чынында эле бир кыйла чыйрак жазылган чыгармадай сезимди жаратат. Чыгарманын кыскача идеялык-сюжеттик мазмуну төмөнкүдөй: кудай чыгармачылык талант жагынан такыр куру койгон, бирок, шылуун сүрөтчү Удищев «Мерседеси» менен аялы экөө чогуу кышка «заготовка» кылабыз деп базарга келе жатышып, жолдон бир бомжду тебелетип алат да, аны особнягына алып барып, жакшы болуп кеткенче деп, дарылап, бага баштайт. Удищев өзү ошол особнякта жатып алып, заказ боюнча сүрөт тартат. Аялы шаардагы үйүндө жашайт. Бир күнү эртең менен ойгонуп, ал оңолуп калган бомждун өзүнүн мольбертине олтуруп алып, сүрөт тартып жатканын көрүп жини кайнап чыгып, жанына учуп жетип барат да, оозу ачылып эле туруп калат! Көрсө, баягы көчөдө калган бомж кайталангыс чоң талант, мыкты сүрөтчү экен… Дароо ал жазып бүткөн картиналардын этегине «М.Удищев» (жада калса автордун каармандарынын аты-жөндөрү да аллюзиялуу болуп, кошумча бир ассоциацияларды жаратпай койбойт: «Мудище», «мудак» деген сыяктуу!) деп өзүнүн колун коюп, аларды сатып, заказчиктер менен мурда жетпей жүргөн контракт-келишимдерди түзүп, делец-«сүрөтчү» ага өзү эле асмандан түшкөн мындай олжонун түшүмүн опсуз «оруп-жыйнай» баштайт. Анын жалпы чөйрөсү да, жада калса чиркөөнү кооздоп-оформление жасатууга заказ берген (Удищевдин амалдуу кайрымагына илинип, анын «зернистая икрасын» закуска кылып, арагын ичип, мончодо чогуу бууланган) поп дагы – баары бирдей өңчөй кара боек менен гана тартылган. Аягында алар өз ара бөлүнүшүп, дагы бир ошол чөйрөдө ортомчу болуп, эптеп оокат кылып жүргөн Шамара аттуу аялдын башкы каарман Удищевдин чыныгы жүзүн «Би-Би-Би» радиосу аркылуу ачууга болгон аракети кайра анын өзүнүн бети-башын тамтыгын чыгарып сабап кетүү менен аяктайт…

Майдалап чечмелеп жатканыбыздын себеби, анча чоң эмес повесть азыркы учурдун чыгармачыл адамынын көйгөйүн чагылдырууга далалат кылса да, кээ бир эпизоддордо артыкбаш, ыксыз пайдаланылган гротесктик стилден улам (чыгарма өзү баштан аяк нукура реалисттик, баяндоочулук манерада жазылганына карабастан), эмнегедир кайсыл бир чыгармага жазылган пародиядай кабылдана баштайт. Көркөмдүк-эстетикалык, философиялык мазмуну чукак. Айтматов айткандай терең таасир деле калтырбайт. Психологиялык планда гана айрым таамай шилтенген штрихтер (мүнөздөр эмес!) бар. Анда ал залкар жазуучубузга эмнеси менен жакты экен?.. Кызык… Бул суроонун жообу деле Николай Веревочкиндин аталган эки чыгармасын көңүл коюп окуп чыккан адамга дароо эле табылат. Казакстандык орус авторунун чыгармасынан бир кыска үзүндү келтире кетелик: «Озябшая, беспризорная душа, гонимая осенними вирусными ветрами, зацепилась за куст шиповника. Неряшливо проросший из-под останков брошенной сеялки, торчал он безобразно, как скандал. Прозрачная, трепыхалась душа на краю чудом уцелевшего, многажды оскверненного человеком леска вблизи трассы, ведущей в большой, мрачный город. В истоптанном вдоль и поперек придорожном уголке не было тайны, ворожбы, а была лишь скука. Но в этот вечер красная листва осин и желтая береза, просвеченная холодным северным закатом, делала ее пронзительно красивой. Такая печальная, шокирующая красота всегда присутствует в смерти, точнее, в ее приграничной зоне, в момент прощания души с телом, когда труп уже тих, светел, но еще не остыл…»

Бир эле караган адамга Веревочкиндин тили, баяндоо ыкмасы, жазуу стили (описательный), интонациясы дароо эле Айтматовдун «И дольше века длится день», «Плаха» аттуу романдарын эске салары шексиз. Демек, жюри төрагасы да андан өзүнүн окуучу-шакирттеринин бирин көрүп, балким, анын келечектеги чыгармачылыгына колдоо иретинде гана «аванс» берип, көтөрө чалып мактап койгондур деп боолголоого болот. Же, ким билет, ХХ кылымдагы совет доорундагы гүлдөгөн адабиятка болгон (ушул азыркы темп менен кете берсек, дагы 20-30 жылдан соң совет доорундагы адабият «Алтын кылым» катары бааланып калышы да толук ыктымал!) ностальгия, кусалык-сагынычы жеңип кеттиби?.. Башкача, эң жөнөкөй жооп болушу дагы мүмкүн. Эч кандай метафорасыз эле, азыркы кризистеги адабий деңгээлди эске алуу менен ой жүгүртө турган болсок, – ошол конкурста чынында эле Николай Веревочкин «эң мыктылардын» бири болушу деле мүмкүн экендиги да шек туудурбайт.

Ал эми «Белая дыра» романы («Я его еще не читал, прочту, прочту уже в журнале — как рядовой читатель «ДН», но почти уверен, что оно не обманет моих ожиданий — столь крепкой, уверенной и оригинальной рукой было написано прежнее», – деп Айтматов алдын ала болжолдоп, үмүт эткен чыгарма) мурдагы биз чабал деген повестке салыштырмалуу дагы бир кыйла начар, андан да тагыраак айтсак: көркөм чыгарма деп атоого да такыр болбой турган чыгармачылык тажрыйбадай элес калтырат. Эгерде романдын аталышын азыркы тапта астрономдор, физиктер арасында абдан чоң кызыгууларды, талаш-тартыштарды жараткан «Черная дыра» (ааламдагы чексиздиктеги жашоо белгиси жок жана ага жакын жологонду «жутуп» алып турган түпсүз туңгуюк) маселесине карата антитеза катары кабылдасак, анда «Белая дыра» – бул азыркы адамзат жашоосун чагылдыруу деп түшүнүшүбүз керек го?! А бирок, чалды-куйду, эч бир идеялык да, сюжеттик-композициялык да биримдик жок чыгармадан үзүк-үзүк гана айрым бир оңунан чыккан сүртүм-элестерди жолуктурууга болбосо, жалпысынан алганда, роман аталыштагы туундудан кичинекей бир аңгемечелик дагы таасир калбайт. Приватизация доорунда өз айылындагы китепкананы бир китептин баасында менчиктештирип алган каарман, ал китепкананы ыйлактаган китепканачыга кайра белек кылып кайтарып берип, андан аркы «саякат-приключениелерин» улантат… «Крысобака» деп аталган тулку-бою иттики, башы келемиштикиндей болгон жаңы жаныбарлардын пайда болушу, «Крысулечка моя!» – деп өз итин жоготуп алып, издеп таппай жүргөн, акылынан айныган аял сыяктуу абстракттуу каармандардан баш адашат. А бирок, бүткөн бир көркөм образ сыяктуу элес калбайт. Автордун ар түркүн адабий агымдарды (мистиканы, сатираны, реализмди, сюрреализмди) синтездөөгө болгон аракети текке кетип, романда оңунан чыккан метафоралар, айрым образ сымал штрихтер жана эпизоддор бар экенине карабастан, чыгарма чабал эксперименталдык тажрыйба деңгээлине да жетпей кала берген. Башкача айтканда, бул роман турган турпаты менен Айтматовдун акыркы изги үмүтү акталбай калгандыгын ачык далилдеп турат!

Туура, залкар жазуучунун бул эң соңку адашуусун анын ак дилден болгон (благородное заблуждение!) жаңылыштыгы деп атаганыбыз адилеттик болор. Ошол эле учурда бул баш сөз жазуучунун ысымы (дал ушул баш сөз «жанрына», адабий пикир айтуусуна карата болгон мамиледен улам) менен байланышкан түрдүү ассоциацияоарды да жаратпай койбойт. Ушундан улам, эриксизден тээ кайра куруу доорунда, Айтматов жөнүндө сөз боло калганда, күйдүргү тилдүү калемдештеринин биринин анын инсандык сапаттарын образдуу салыштырганы эске түшөт: «Эмне эле Айтматовду идеализациялайсыңар?! Мыкты талант болгону менен – ал деле жөнөкөй эле адам да! Булбул деле бакка чыгып шаңшып, кулак моокумун кандыра сайрайт. Андан соң, курсагы ачканда кайра жерге түшөт да, кык чокуйт, дал ошол сыяктуу эле да?!..» – деп…

Чынында эле март революциясына чукул Чыңгыз Айтматовдун Майрам Акаеванын «Үмүттүн шооласы үзүлбөйт» аттуу китебин Лев Толстойдун деңгээлине салыштырганы залкар жазуучубуздун биографиясындагы өтө эле пас, уят фактылардын бири болуп калды. Ошондо жазуучунун ашкан күйөрмандары да ичтери тызылдап, өкүнүп калышкан эле: эми башкалар кошомат кылса да, ушул Айтматов жөн эле койсо болмок, деги ага эмне жетишпейт?! – дегенсип… Чынын айтканда, мен ошону Айтматов өзү жазганынан деле шегим бар. Ким билет, балким «канайымдын» (Майрам Акаеванын ага ошол кездеги кошоматчылар тарабынан ыйгарылган расмий эмес «титулу») кошоматчыларынын бири эле анын атынан жаза салып, Айтматовго кол койдуруп алгандыр?.. Эмне болгон күндө да, бул факт болуп калды. Орустар айтмакчы, «что написано пером, то не вырубишь топором!..»

Ал эми Айтматовдун адабий чыгармаларга жазылган баш сөздөрүнө келсек, албетте, анын Узакбай Абдукаимовдун «Майдан» романынын орусча которомсуна (котормочу – Василий Росляков) жана таланттуу жазуучу, драматург Мар Байжиевдин китебине («Моя золотая рыбка», М., «Молодая гвардия», 1976) жазган пикирлери азыркы адабият таануубузда классикага айлангандыгын эч ким тана албайт. Өзгөчө Абдукаимовдун чыгармачылыгына байланыштуу айтылган чыныгы адабияттын табияты жана таланттуу адамдын чыгармачыл өмүр-тагдырындагы оош-кыйыштар жөнүндөгү ой-толгоолору адабият, чыгармачылык жашап турган кезде эч качан эскирбес мураска айланып калды.

Ал эми Мар Байжиев жөнүндө «анын пьесалары Европа өлкөлөрүндө коюлуп» жатканына, чет жактардан анын пьесаларынын афишаларын көрүп, жаш жердеш калемдеши үчүн сыймыктанганына байланыштуу азыноолак гана ак дил каалоосун билдирген. Балким Мар Байжиевдин аты алыска жете электе, али жаш жазуучу кезинде эле баш сөз жазып (бир кезде – 1959-жылы, – Айтматов өзү жаңыдан гана чыга баштаганда Мухтар Ауэзов «Литературная Газетага» «В добрый путь!» деп баш сөз жазып, ак жол каалап, жаш жазуучунун атын дароо союзга таанымал кылгандай), ага чоң моралдык колдоо көрсөтсө, ким билет, ал азыркыдан да бийик деңгээлге жетишине зор стимул болуп бермектир!?

Айтматов алгачкы адабиятка кирген жылдарда халтурага келишпес мамиле жасай турган, принципиалдуугун далилдегенсиген кадамдарга барып эле жүргөн… Маселен, ал «Дружба народов» журналынын редколлегия мүчөсү кезинде бул журнал Шүкүрбек Бейшеналиевдин кайсыл бир чабал чыгармасын жарыяламакчы болуп калат. Ошондо Айтматов бул чыгарманын начар экендигин айтып, кыргыз адабиятынын проза жанрында андан мыкты чыгармалар көп экендигин белгилеп, каршы чыгат. Сөзү өтпөй калган соң, протест катары редакциянын эшигин «тарс» жаап чыгып кетип, редколлегия мүчөлүгүнөн баш тартат. Ошондон тартып, ал узак жылдар бою өз чыгармаларын такай жарыялап келген «Новый мир» журналынын редколлегия мүчөсү болуп калат…

Баса, Айтматов ааламга аты чыгып, даңкы таш жарып турган кезде биртоп эле жаш авторлорго ак жол каалап, ал эми таанымалдарынын китептерине баш сөз жазды. Арасында ортосаарлары да, чабалдары да бар, же ачык эле халтураларына да «айкөлдүк» кылган учурлары да болду. Айрымдарын атап айта турган болсок, ошол эле өзүнүн чыгармаларын такай басып келген «Новый мир» журналынын жооптуу катчысы Георгий Пряхиндин (кийин ал алгач СССРдин президенти Михаил Горбачевдун жардамчысы болуп, андан соң, Борис Ельциндин администрациясында иштеп калып, жазуучулуктан биротоло кол үзүп, майда эле бир чиновникке айланып кетти!) «Интернат» аттуу повестине, Мырзабек Тойбаевдин «Советский писатель» басмасынан чыккан «Моя звезда» аттуу жыйнагына, ыраматылык Медетбек Сейталиевдин Москвадагы «Юность» журналына которулуп жарыяланган «Дочь мельника» («Тегирменчинин кызы») аттуу повестине, балкардын таланттуу акыны Кайсын Кулиевдин Москвадагы «Художественная литература» басмасынан чыккан тандалган чыгармаларынын үч томдук жыйнагына…

(Уландысы бар)

Мамасалы АПЫШЕВ, «24.kg» MA, 14.09.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.