Бахтияр ШАМАТОВ. “Барис аке экөөбүз КПСС менен коштошкондо”

(аңгеме)

Советтер Союзунун Коммунисттик Партиясынын Лейлек райкомунда Каримкулов Абдибарис аттуу таманынан как төбөсүнө чейин коммунизмдин идеясына берилген накта коммунист авам менен 90-жылдардын башында чогуу иштешип жүрдүк. Азыр а киши кайда, не иш менен алектенет, өзү жек көргөн капитализмдин тушунда жашоо турмушу кандай болубатат, көптөн бери кабарым жок. Бирок чогуу иштешкен жакшы адамдар эси-көөнүңдөн чыкпайт эмеспи, ар качандан бир качан эсиңе түшүп, элеси жылоолонот да турат.

Барис аке экөөбүздүн кабинеттер да тушташ, кагаздан баш ооруп кеткенде коридорго атып чыгабыз да аркы башына барып алып айда филтири жок кара чылымдан чыласы чыккычакты буркурата үйлөйбүз, аны – муну кеп кылып турабыз да анан Барис акем кокусунан чочуп кеткенсип “ишти кылайык” дегенде кайрадан култ этип каналарыбызга кирип кетебиз. Күндө ошол кайталанма, жадатма партиялык турмуш иши кылса.

Ошентип иштеп коюп жүрө бермекпизби, жанагы шүмшүк Горбачев деген неменин баштаган “кайра куруусу” улам күчөп отуруп, акыры Барис аке экөөбүздү да жайлап тынаарын кайдан билдик. Бул мындайча болду.

Ыраматылык Ельцин бийликке келээри менен КПССтин омурткасын сындырып, кадимки эле коомдук уюмга айланткан жарлыгын чыгарган экен, анысы биздин Лейлекке кечирээк келип калганбы, айтор шептер Барис аке экөөбүздү Кулундудагы сельпону текшерип, бюрого даярдап келгенге айдабаспы. Оо, а кезде бюро дегенден чиновниктер шымына чычып турчу, жей берип курсагы тогуз айлык боюнда бар аялдан бетер салаңдап кеткен раис бавалар бюрого даярдан деген кабарды укканда бир жума алдын ала “жесткий диетага” отуруп, чандайган курсагы ичине тартылгычакты кулкунун тыйышаар эле, арык –торук жетекчи атмайлар болсо ого бетер шылынып, шүмшүйүп кебетелери концлагерден жаңы эле чыккан туткундардай жүдөп кетишчү. Бюро дегендин сүрү ушундай катуу эле, анын бети курусун дегенчелик кеп.

Ошентип Барис акем экөөбүз таң заардан бетибизди атыр самын менен беш сыйрадан айда жышып жууп дегендей, зыңгырап кийинип алып бирден папкени колтукка кыса ылдыйкы зонаны көздөй уруп кеттик. Күн мээ сызгыра кайнап турат, а деген демиң оозуңан алоо болуп чыгып турган маал. Мен го кичине жупунураак, жеңилирээк кийинип алгам, Барис акем кычыраган аба кирбес кастүм шымын кийип, мойнуна кыкыйта галустук да байланып алган, маңдайынан шорголоп аккан терге карабай, сүрдүү да салмактуу, жанында киши чыдап туралгыс.

Кулундуга жеттик да түз эле сельпонун имаратына кирип бардык. Киргенин го кирип бардык, бирок… Райкомдун инструкторлору бюрого даярдап келе жатыптыр деген кабарды угаары менен жетекчи атмайдын кимиси болбосун парткому менен тура чуркап урматтап тосуп алчу да. Сельпонун раиси Маннан акенин кабинетине жакындап барып калсак да, кел деген жан жок, иши кылып чё то шектүү да… Кабинетке кирсек Маннан раис чалкалап отуру көк чайдан ууртап коюп. Дегеле тердеген мурдун балта кеспейт эй, бюрого даярдайлы дегендер кирип келсе да козголуп койбойт. Бул эмнеси, абарзел сапсем, абарзел раис аке… Жо, реакция кылды, жоон мойнун бери буруп, ооз учунан келгиле демиш болду. Барис аке экөөбүз мындай тоготпогон приемго чыдай албай жарыша “бюрого даярдаганы келдик” деп жибердик эле, Маннан аба бүлкүлдөп күлүп жиберсе болобу! Түү атаңгөрү, мунун дени –карды соо эмес ко деген шектүү ой экөөбүзгө тең бирдей келди. “Эй үкаларим, – деди раис жайдары түр менен,- силер информацияны укпай калган окшойсуңар, жок силердин КПССсыңар, аллоху акбар, тамам, пачак! Энди атайын ат арытып келипсиңер майли, силерди жакшылап карап узатып коёюн, капа болбогула, арты бахайыр болсун партиянын… Кеп ушундай”,-деди да жамбашы майланышкан бирөөнү чакырып тапшырма берди. Анысы жорголоп, чай иче турган канага ээрчигиле деди эле башына бирөө муздак суу куюп жибергенсип настраениясы дабдала боло түшкөн Барис акем (өңү да кара көк тартып өзгөрө түшүптүр, аны көрүп, ичимен бу киши непадам приступ болуп калса Исфанага кантип апкетем деп камтама боло түштүм) шарт бурулду да “чайиге искейин, кеттик!” деди. Кетсе кеттик деп артынан баягы орустардын “Белое солнце пустыни” деген киносундагы Петрухага окшоп мен да жөнөдүм. Партиянын жаны чыгып баратканда кайдагы чай да, кайдагы палоо… Тооба, бирок раис Маннан аке абдан кушу курсант  да, чё то шектүү…

Экөөбүз каналдын бою менен берки Оочудан келчү чоң жолго жеттик. Жолдуката унчуккан жокпуз, Барис аке гана анда–санда үшкүрүп коюп келатты. Исфанага кете турган автобустун аялдамасын көздөй бурула бергенде Барис аке шак токтоду. “Чөнтөгүңдө канча пулуң бар?” деди. Ичет экенбиз деген ой кылт эте түшкүчөктү болбой Барис аке мойнундагы кыкыйган галустугун шыпырып, тоголоктоп туруп чөнтөккө урду да “кеттик” деп алып Тажикстан жакка, каналдын аркы жагына жөнөп калды. Түз эле морожный сатып отурган тажик келиндин маңдайына барып токтодук. Барис аке жана экөөбүз “собур” кылган акчанын баарын тигинин колуна карматты да “бизге канча морожныйың калган болсо баарын бир табакка салып бер” деди. Мындай оптом морожный ала тургандарга чексиз кубанган келин уккан кулагына ишенип ишенбей экөөбүздү алмак-салмак (Барис акени көбүрөөк карады) таңыркай тиктеп, булар наавада айнып кетпесин дегенчелик кылып шыпылдата бир чоң табакка болгон морожныйды салды да колубузга кармата койду. Барис аке “ич күйүп баратат кысталак” деп койду. Азыр ойлосом чын эле партиянын кулаганын жүрөгүнө каттык алып, чындап ичи өрттөнгөн окшойт, болбосо бир чара морожныйды бекерге алабы? Мен да компания үчүн дегендей, партиянын күм-жам болгонуна абдан  ичи ачышкан киши болуп, Барис акенин “чексиз кайгысын” бөлүшүп, таттуу морожныйдан чоң алүмүн кашык менен апылдата алып турдум. Морожный түгөндү. Эми муздап калган ичти кызытыш керек болду окшойт, Барис акем чөнтөгүн көпкө чукулап атып дагы акча алып чыкты да арак издеп жөнөдүк. Дүкөнгө кирсек биздин бактысыздыгыбызга арак жок экен. Арактын каатчылыгы күчөп турган кез эле ошондо. Жана эле сельпонун чайканасынан салып албай деп турабыз. Чылымдан буркурата тартып Кулундунун асманын түтөтүп турсак, алдыбыздан зуу өтүп барып бир “Уазик” токтоп калды. Начальник милийсанын Уазиги номурунан тааныдым. Жетип эшигин ачсак, чын эле апасы жаанда төрөгөн болушу керек, уйкусурап ныксырап Жаанбай аке отурган экен алдыда. Лып чыгып отуруп алдык. “Кайдан жүрөсүңөр?” деп күңк эте сурап койду. Таржымакалды айттык. “Жаман абалда калган экенсиңер, настроениеңерди көтөрүп алгыла” деп отургучтун астынан бир шише чети оюлган аракты сууруп чыгып берди, ага кошо закүскөсүн да узатты шоопуру. Тойдон келаткан го. Тос- мосу жок эле Барис акем кырдуу ыстыканды бир эле шыпкап туруп көңтөрүп таштады да “давай, сен да ичиңди ысытып ал” деди. Мен эмне, аракты суудай ичип, айрым мактанчаакатар айткандай, ага нан туурап жеп жүргөн жаш кезим, толтура куюп туруп атып жибердим да, карасам, Барис акем жанатан бери бүркөлгөн кабагы чайыттай ачылып, карс-карс күлүп, баягысындай бакылдап коё берди. Тимеле КПСС кайра тирилип келгендей мен да жетине албай ыраазы болуп турдум. Жаанбай Эмилович уйкусунан чочуп ойгондубу же ошол тушту жытынан билеби, айтор Булак –Башынын чайканасына жеткенде машинесин бурдуруп, кирип бардык. Чай ичип, курсак тойгузалы дегенбиз, эртеден бери бир чара морожныйдан башка эч нерсе жебесек эмне кылалы анан. Эмилович шак дедирте дагы шише таптырып буздуруп жиберди, өзү аз гана алды да калганын дагы экөөбүз жайлап таштадык. Ал анан, ошол уктаган бойдон Исфанага кирип келсек керек. Түшүп эми үйгө кетебиз го деп турсам Барис акем “баш болбой турат Баланча, жүрчү Ай-Көлдөн жүздөн согуп анан кетебиз, болоор иш болду, өлүп да кетсин баарысы” деп түтөгөндөй таклип кылып калды. Чыгып кафеге бардык, астанасын аттар аттабас “Эй Барис акежан, парткомжан, сени көрө турган да бактылуу күн болот экен аа, кудайыма шүгүр!” деп булдурактаган бирөө туруп келип Барис акенин мойнуна асылып, бети башынан чолпулдата өпкүлөп жиберди. Баштапкы партиялык уюмдун эски, кадырдан мүчөлөрүн көргөндө Барис акенин да муун –жүүнү бошошуп кетти шекилди, тиги калпагы кыйшайган неме менен чын дилден кучакташа кетти.

(уландысы кийинки санда)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.