Улуу устат, соолубас казына – Токтогул

toktogul_ustat

“Назар манасчы камчынын бүлдүргүсүн эт бышым айткан, Жеңижок акын аккан сууну жети күн ырдаган деген сөздөр” эл ичинде айтылып келет. Мунун өзү кыргыздар сөз өнөрүн жогору баалап: “Өнөр алды кызыл тил” деп баа бергенинен, теги манасчылык, (жомокчулук, эпос айтуучулук) жана акындык (төкмөлүк, ырчылык) өнөрдү бийик тутканынан кабар берет. Эми ошол улуулардан калган баалуу чыгармалардын толук бойдон сакталып калышына улуу элдин байыртан келе жаткан УСТАТ-ШАКИРТ ыкмасынын опол тоодой орду бар экени талашсыз. Элибиз устат күтүүнү өнөр үйрөнүүдөгү мектеп, ал эми шакирт тарбиялоону артына из калтырып, улуудан калган мурасты түбөлүк сактоо, кийинки муунга тапшыруу деп эсептешкен. Учурда XXI кылымда жашаганыбызга карабай бул ыкма дагы да маанилүүлүгүн сактап уланып келе жатат.

Мына ушул жагдайдан алып караганда, Токтогул атабыз Улуу устат экендиги талашсыз. Андан берки акындардын дээрлик баардыгынын чыгармачылыгы устат-шакирттик жолдун негизинде Токтогул менен тыгыз байланышы бар. Жакын шакирттери болушкан Эшмамбет, Калык, Барпы, Алымкул, Коргоол өңдүү залкар таланттардын маданияттагы орду улуу акындын ким экендигинин айкын күбөсү. Токтогулдун акындыктан тышкары комузчулук, эпос айтуучулук өнөрү да биз үчүн баа жеткис мурас. 1928-жылы атактуу фольклорист, музыка изилдөөчү Александр Затаевич Токтогулдун өзүнөн 18 автордук чыгармасын жазып алганга үлгүргөн. Акындын көзү өткөндөн кийин, мурастарын чогултуу ишинде эл ичиндеги куйма кулак карылардан тышкары өзгөчө Алымкул, Калык, Коргоолдор негизги булак болуп чоң эмгек өтөгөн. Биз билгенден Токтогул айткан кенже эпос-дастандардын, элдик поэмалардын жана акындын өздүк (автордук) чыгармаларынын дээрлик баарысы шакирттери Калык менен Алымкулдан жазылып алынса, ал эми күүлөрүнүн көпчүлүгү Коргоолдон, айрымдары Алымкулдан жазылып калган. Мисалга: 1940-жылы Токтогулдун музыкалык мурастарын топтоо максатында атайын чакыруу менен келген белгилүү музыка изилдөөчү Виктор Виноградов башка шакирттерин айтпаганда да, Коргоолдун өзүнөн эле устатынын 30дан ашык күүсүн жаздырып нотага түшүргөн. Мындан тышкары Жоомарт Бөкөнбаев, Жаки Таштемиров өңдүү инсандарыбыздын акын тууралуу эбегейсиз чоң эмгектерин айтсак болот.

Токтогул чыгармалары аркылуу адилеттик, чынчылдык, теңдик, нарктуулук тууралуу бүтүндөй адамзатка таандык терең ойлорун ыр менен ачык билдирген, улуу тоонун уларындай шаңшыган, элдин таламын талашкан демократ акын экени анык. Ошол себептүү канчалаган жыл өтсө дагы эмгеги эл эсинен кетпей, залкар акын болгондугунун куну күн өткөн сайын артып олтурат. Алп акындын улуу устат экенинин айкын мисалы катары акын болом дегендер Ала-Тоонун ар кайсы дубанынан атайын издеп келгенин, ал тургай айрымдары ай-жылдап Кетмен-Төбөдө жашаганын (Эшмамбет, Атай, Калык, Коргоол). Токтогул алардын акындык көрөңгөсүнө калыс баасын берип, устат катары туура жолду көрсөтүп жылуу мамиле көргөзгөнүн айтсак болот. Алымкул эң алгач Токтогулга жолугушуусунда мындай деп ырдаган жери бар:

Бир көрсөм деп жүрчү элем
Токтогул сиздей абамды
Азыр бала башым жаш
Көңүлүм туюк караңгы,
Ээрчитип жүрүп жөнгө сал,
Эселек мендей балаңды.
Тула боюм тер басып,
Турумун айтып саламды.
Кымбатым Токо булбул куш
Кыргыз үчүн жаралды.
Кайрылып Токо кономбу
Калк ырчысы боломбу?
Каргадай болгон бул балаң
Канткенде туруп оңолду?
Айтып кет Токо сонунду,
Акындык көрсөт жолуңду!
Мен деле сиздин балаңыз,
Берип кой Токо, колуңду?– деп акындын колун кармайт. Албетте ошол учурдагы акын болсом дегендердин дээрлик баардыгы үчүн Токоңо учурашып, анын колун кармап, өнөрүн алып калуу баа жеткис бакыт болгон. Ошондо Токтогул Алымкулга минтип ырдаптыр:

Баглан козу этиндей,
Балам, балдан ширин сендеги
Адашсам бир күн таппайсың,
Аккуунун ѳтү мендеги.
Эсен жүрүп жетилсең
Эл ырчысы болосуң,
Өмүр берсе чоңоюп,
Өз ордума коносуң.
Алымкул, сен да баламсың,
Атаңдан үлгү аларсын.
Эскерип атаңды ойлосоң,
Элге сөзүм жаярсың.
Алмадай башың соо болсун,
Ажалдуу өлүм кесирден.
Эки күн ырдап турсаң да,
Эл танбасын сөзүңдөн.
Балам болдуң батамды ал,
Чыгарба мени эсиңден, – деп батасын берет. Ошондон тартып Алымкул чоң өнөргө аралашып, Токтогулдун өнөрүн толук үйрөнөт. Кызыгы, 18 жаштагы Алымкулга жогорудагыдай:

Эсен жүрүп жетилсең
Эл ырчысы болосуң,
Өмүр берсе чоңоюп,
Өз ордума коносуң,– деп кесе айтканынан улам, Токтогул күлүк таптаган саяпкер сыяктуу эле акын болом деп келген шакирттеринин өнөр көрөңгөсүн туура баамдап, бир жолку жолугушууда так, таасын баа бере алган, алысты көрө билген даанышман, чоң сынчы, жана акындыктын саяпкери болгон деп айтууга болот. Мындан тышкары Барпы, Калык, Коргоол акындардын дагы, тоо булбулу Токтогулга эң алгачкы жоолугушуулары өтө кызыктуу окуяларга бай. Токтогул өзүнүн сыноосунан өткөн акындардын айрымдарына үстүндөгү тонун жапса (Калык Акы уулуна), кай бирлерин карызынан куткарса, дагы бирлерин жанында баласындай ээрчитип, үйүндө багып жүрүп өнөр үйрөткөн. Акындардан тышкары кадимки Атай Огонбаев да Токтогулду издеп барып, бир жылча ээрчип таалимин алганын эске алсак, Токтогул ошол замандын өнөр мектебинин ролун аткарган экен деген ойго келесиң. Минтип улуу акынга жолугууга баары ынтызар болгондугунун өзү Токтогулдун адамдык бийик сапаты, даңазалуу атагы, устаттык өзгөчөлүгү бар жана шакирт даярдоодо тоодой иш кылып, артына өчпөс из калтырган улуу инсан экендигин айгинелейт. Токтогул тууралуу шакирттеринин ырларынан жана эскерүүлөрүнөн улам дагы жакшы билебиз. Мисалы, Алымкул устатын минтип эскерип ырдайт:

Оозунан шекер тамгандай,
Карап турсаң түрүнөн.
Токтогул деген атына,
Толкундаймын бүгүн мен.
Адамдан чыккан жорго эле
Айчылык жолго жүгүргөн.
Алтындай сөздөр чыкчу эле,
Ак таңдай кызыл тилинен.
Күрөштөрдө дайыма уткан,
Таң калчу эле адамзат,
Токомдун таңшыткан нечен күүсүнөн, – дейт.

Токтогул тууралуу учурунда жазма адабияттын чыгаанөкүлдөрүда мыкты ырларды жаратышкан. Ал эмес бүгүнкү күндүн дагы акындарынын ушул темадагы жакшы ой толгоолору Токтогулдун улуу устаттык бейнесин терең ачып билүүгө түрткү берет. Токтогул өзү дагы убагында устаты Ниязаалыдан комузчулуктун көп сырларын үйрөнүп, калың элге залкар комузчу жана ак таңдай акын аталып, куштун эки канатындай бул эки улуу өнөрдүн чыныгы устаты катары таанылган. Устаттан шакирт өтүптүр демекчи, кызыгы, эл ичинде Ниязаалы кийин комузда кол ойнотуунун айрым ыкмаларын кайра шакирти Токтогулдан үйрөнгөн экен деген аңыз кептер айтылат. Токтогул учурунда атак- даңктын апогейине, өнөрдүн эң бийик сересине жетсе да, баш айланткан мактоого манчыркап кетпей өтө жөнөкөй, маданияттуу, сылык-сыпайы, чыныгы элдик адам болгон экендигин байкоо кыйын эмес. Анын устатка, деги эле улууга болгон сый-урматын, баасын төмөндөгү эскерүүсүнөн билсек болот:

Ниязаалы бар жерде күү чертпейм, Жеңижок бар жерде ыр ырдабайм, – деп айтканы өнөр адамдары үчүн улуу сабак. Өзү устат туткан Жеңижок, өлөөр алдындагы “Ким айтат менин ырымды” деген чыгармасында Чөп ырчыдан тартып Жаңыбай, Жолой, Көр Жолдош, Эшмамбет, Барпы, Калык ж.б. кыргыздын баардык ырчыларына токтолуп:

Ал да айталбайт ырымды,
Бул да айталбайт ырымды, – деп санап келип, бир гана Токтогулга келгенде:

Аркага колу байланган
Алыска Шыбыр айдалган.
Түрмөдө жатып кутулган
Соолуда мойну жыртылган.
О десем добушу козголгон,
Оо дүйнөлүк дос болгон.
Ким айтат менин ырымды?
Бир билсе, Токтогул билет сырымды,
Көп болбосо да азыраак,
Токто, сен айтып кой ырымды, – деп айтып жатат.

Бул ырдан улам Токтогул атабыз жер таянбас Жеңижоктун өтө бийик баасына арзыган деп айтууга негиз бар. Мындан тышкары, убагында Барпы дагы Токтогулдун кабарын Жеңижоктон уккандан кийин издеп барып шакирттеринин катарын толуктаган. Токтогул атабызды салттуу салыштыруу менен айтканда, ал акындык өнөрдөгү чалкыган көл болсо, шакирттери – тамчысы; чынар терек болсо, калган андан берки акындар бутактары деп түшүнүүгө болот. Албетте, биз үчүн бутактары деп айтууга ооз барбаган алп акындар Алымкул, Калык Коргоолдордун өздөрүнүн Токтогулду улуу устат деп таазим эткен эскерүүлөрүн окуганыбызда, мындан тышкары акын тууралуу жаңыдан ачыкка чыккан маалыматтар менен таанышканда Токтогулдун ким экендиги тууралуу билгенден биле элегибиз көп деген ойго кошулууга аргасызбыз. Демек, учурда сөз менен айтып жеткирүүгө мүмкүн эмес Токтогул атабызды жөн гана залкар эмес, ары сырдуу, соолубас казына, залкарлардын улуу залкары болгон деп таанып билүүбүз абзел. Ал эми шакирт демекчи, биз билген маалыматка таянып Токтогулдан комузчулук жана акындык деген эки чоң бутакты алып, мисал иретинде устаттан шакиртке карай шарттуу түрдө төмөндөгүдөй байланыштырсак болот.

Комузчулук боюнча: Токтогулдан таалим алган шакирти Коргоол, андан соң Болуш, анын шакирти учурдагы мыкты комузчулардын бири Насипа Калмаматова менен байланышса;

Акындык боюнча: Токтогулдан Алымкул, анын шакирти Эстебес, андан Замирбек, Замирбек Үсөнбаевдин шакирти, учурдагы белгилүү жаш төкмө акын Азамат Болгонбаев менен байланышат.

Устат-шакирттик аркылуу азыркы акын-комузчулардын баардыгы залкар талант Токтогул атабызга түз болбосо да кандайдыр бир байланышы бар. Жогорудагыдай кылып баардык кыргыз акындарынын бири-бири менен устат-шакирттик жол аркылуу байланыштарын аныктап, санжыранын ыкмасында схемасын түзүүгө болот.Ушундай ыкма менен акындыктан тышкары кыргыздын баардык элдик өнөрчүлүгүндөгү устат-шакирттик жолду аныктоо учурдун талабы. Анткени өнөр үйрөнүүдө жана мурас калтырууда бул ыкма түбөлүктүү жана натыйжалуу экенине маани беришибиз зарыл. Элдик өнөрчүлүк тууралуу же устат-шакирт темасында болобу сөз козголсо, Токтогулга кайрылбай кетүү мүмкүн эмес. Учурдагы элибизге белгилүү төкмө акындардын баарысынын устат күтүүдөгү тамыры Токтогул атабызга барып такалгандыгы устат-шакирт темасын келечекте дыкат, кенен изилдөөгө алчу абдан маанилүү жана кызыктуу маселе экенин көргөзүп турат. Жогорудагы мисалды келтирүү менен залкарлардын мурасы бизге ушундай жол менен жеткенин айткым келди. Анын үстүнө акындын 150 жылдык маарекесинде четте карап тура албай акындын эң жакын шакирттеринин бири Калык акындын УЛУУ УСТАТ деп берген баасын чын дилден колдоп, дагы бир ирет тастыктап, минтип жалпы журтка жар салгың келет экен…

Самат КӨЧӨРБАЕВ, манасчы, «Көк асаба», 27.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.