Бишкек баатырдын 310 жашы

Быйыл айтылуу Бишкек баатырдын 310 жылдыгы белгиленүүдө. Андыктан, бул мааракени 2012-жылы өкмөттүк деңгээлде Бишкек шаарына  баатырдын айкелин тургузуу жана анын урпактары менен биргеликте чоң салтанат уюштуруу иш-чаралары белгиленген. Мындан улам салтанатты утурлай айтылуу баатырдын өмүр таржымалын окурмандарга кыскача баяндап берүүнү чечтик.

Он жетинчи кылымдын орто ченинде кыргыздын Ала-Тоосунун айрым өрөөндөрү Жуңгар хандыгынын баскынчылыгынын кучагында турган кезде, кыргыздын нечендеген баатырлары калмактар менен кармашка чыгып, набыт кетишкен экен. Бирок, каршылашуудан майнап чыкпай, кыргыз-казак эли анда Түркмөндөрдүн өрөөнү Кысарга чейин сүрүлүп калгандыгы тарых барактарында жазылып калган. Ошондо баатырларынан айрылган алатоолуктар Чаа аттуу бийдин колунда калып, Ала-Тоодон алыс бир кылымдан ашык күн кечирип калышкан.

Ошентип, кыргыз жеринен алыс аймакта жүргөн кезде Чаа бийдин үчүнчү аялынан болжолу 1624-30ж.ж Жоочалыш деген баатыр уул төрөлөт. Ошол заманда солто, сарыбагыш урууларынын ата конушу Чүй, Көл, Теңир-Тоону таштап, Жуңгар калмактардан качып, түштүктө башкача айтканда, Наманган, Аксы, Ала-Бука, Таш-Көмүр тарапта кыштагандыктан, кийинчерээк ошол чөлкөмдө Жоочалыштан Кене аттуу баатыр төрөлөт. Ал бой жеткенде Ала-Бука, Аксыны жердеген Тагай бийдин Койлон уулунан тараган Кудаке баатырга ирегелеш жашап, үзөнгүлөш жүрүп калат. Кене баатыр да ошентип төрт уулдуу болот. Бирок, анын балдары өзүндөй баатыр чыкпай, муун-жүүнү бош чыгат тура. Анда Кенеге эл жакшылары баатыр өткөн Кудакенин кенже кызы Көпуулду алып беришет. Андан 1702-жылы уул төрөлөт. Уулду Бишкек деп ысым коёт. Ал Ала-Бука, Аксы аймагында жарык дүйнөгө келет.

Кызыр жылоологон баатыр
Бишкек бешиктен бели чыкпай жатып, шамдагай, өтө тырышчаак бала болгон. Анын бала кезинен элпек болуп, эч кимден жардамын аябагандыгы элди көп нерседен үмүттөндүрөт. Бир жолу кайдадыр бир жакка бара жатып, кең суудан өтө албай жаткан карыяны көрүп калат. “Ата, сени суудан өткөрөйүн атка мин, артыңдан мен учкашайын” – деп, суудан өткөрөт. Карыя адам анын жардамына ыраазы болуп, аттан түшүп, бата берет. Алда бир нерсеге алагды болгон Бишкек батага анча маани бербейт. Болгону ракматын айтканы бурулуп караса, жанында турган карыя заматта жок болуп кеткенин көрүп, айран таң калат. Мына ошол батадан кийин Бишкек “туу жыгаар баатыр” атанып, далай эрдиктерди жасай баштайт. Дагы бир уламыштарда, Бишкек баатыр туулганда анын атасына Курманбек хан келип камчы берип, атын Бишкек койгула деп ат койгону айтылып жүрөт. Ошол камчынын сыйкыры аны баатыр даңазалантып, эрдиктерди жасаткан дешет.

Күмбөзү бузулуп, ордуна Ысык-Көл кино театры салынган
Кандай болгон күндө да жаштайынан баатыр атанган Бишкек кийин өз жеринен куулган элин баштап Чүйгө келет. Ал окуя 1760-жылы болот. Бишкек Чүйгө келээри менен азыркы Аламүдүн суусу менен Ала-Арча суусунун ортосундагы ээн жайык Кең-Аралды жердейт. Ал аймакта Бишкек дың жерди бузуп, Ала-Букадагы таякелеринен үйрөнүп келген дыйканчылыкты кыла баштайт. Адамдын колу тийбеген дың жерге эгилген дарбыз, коон, жашылча-жемиш түшүмүн төгүп берет. Бир доорлордо ушул азыркы борбор калаабыздын жака белинде Жол деген шаар болгон экен, ошол Жол шаарынын нугуна Бишкек баатыр кербен сарай курдурат. Сары-Өзөндөн өткөн Улуу Жибек-Жолунун линиясы дал ушул кербен сарайды басып өтүп, Чыгыштан, Батышка кербенчилер чубалып, тынчу эмес экен. Бишкек баатырдын Кербен сарайына кербенчилер күндөп-түндөп келип, ал жерде соода-сатык иштери да өрүш ала баштай. А түгүл айрымдары ушул Кербен сарайдын тегерегине отурукташып, оокат кыла баштаган. Бишкек баатырдын 40 баатыры кербенчилерди алыстан тосуп келип, Кербен сарайга жайгаштырышып, кайра алыска чейин коопсуздук үчүн узатып коюшкандыгын айтышкан тарыхчылар азыр Бишкек баатырды дыйканчылык менен баатырдыкты, көчмөндүк менен отурукташууну, соодагерчилик менен алаканы айкалыштырган көсөм инсан болгон деп белгилешет.

Чүй өрөөнүнө келип отурукташаары менен ээн жаткан жерди гүлдөткөн көсөм Бишкек баатырдын чеби 10 жыл аралыгында атагы алыска кетет. Ал жерден соода кылгандар чеп-шаарды өздөрүнчө эле “Бишкек” деп атап алышкан экен. Алар соодасын бүтүп, башка аймакка барганда, Бишкектен келдик деп айтышчу тура. Анын аркасы менен 1770-жылдары бул чөлкөм эл оозунда “Бишкек” деп аталып калат. Кийинчерээк коом орусташып олтуруп, бул ат Пишпек деген аталыш менен алмаштырылган. Бирок, кыргыз эгемендүүлүк жылдарында тарыхчылардын изилдөөлөрү Пишпекти Бишкекке алмаштырууга мажбур кылышты. Себеби, борбор калаабызды Фрунзе деген аталыштан Бишкекке которууда бул баатырдан чыныгы инсан болгон, болбогондугу тууралуу суроолор туулуп, аны тарыхчылар, орус жана кытай тарых булактарынан издешкен. Кытай булактарында 18-кылымдын 60-жылдарында Чүй өрөөнүндө Бишкек деген өрөөн жайгашкандыгы жана ал чоң соода борбор болгондугу тууралуу так жазылгандыгы аныкталган. Дагы бир далил, азыркы борбор калаабыздын Ысык-Көл кинотеатрынын ордунан архиологдор Бишкек баатырдын урматына тургузулган күмбөздү табышкан. Күмбөз бара-бара мазарга айланып, эл сыйынган жерге айланган. Өткөн кылымдын башында Россиядан келген архитектор Күмбөздү реставрациялаган. Бирок, ал 1959-жылы бузулуп, түздөтүлүп, ордуна Ысык-Көл кинотеатры салынганы шаар тарыхында жазылуу.

Уучу узарган урпактар
Тарыхчылар 1991-жылдан кийин Бишкектин тарыхын изилдөө менен бирге анын урпактарын изилдөөгө киришишкен. Аксы, Ала-Бука, Сары-Челек, Токтогул, Кара-Көл, Ысык-Көл, Бишкекте 300 түтүндөй, Жумгалда 60, Сокулукта 60, Чапаев айылында 15ке чамалуу, ал эми Таластын Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө, Өзгөрүш айылдарында 200 түтүндүн тегерегинде үй-бүлө батырдын урпагы экендиги такталган. Мына ушул баатыр урпактары 2011-жылы Бишкек баатырга эстелик тургузуу боюнча демилге көтөрүп, бийлик төбөлдөрүнө кайрылышкан. Ал тургай быйыл 310 жылдык мааракени майрамдоо сунушун айтышкан. Анда Кыргыз өкмөтү сунушту колдоп, Бишкектин 310 жылдыгы ушул жылы белгиленмей болгон. Мааракени башта Жогорку Кеңештин депутаттары колдоого алып, элге марафон өткөрүү менен каражат чогултуп, ага борбор калаабызга чоң эстелик тургузууну сунушташкан.

Натыйжада, үстүбүздөгү жылдын 28-майында Кыргыз өкмөтү атайын чечим кабыл алып, 2012-жылы Бишкек баатырдын 310 жылдыгын майрамдоо боюнча атайын чечим кабыл алган. Ага ылайык 25 адамдан турган жумушчу топ да түзүлгөн. Жалпы иш-чара үчүн канча акча кетээри да азырынча тактала элек. Бирок, эстеликтин кайсыл аймакка орнотулушу тууралуу айрым иш пландар бар. Эстелик шаар мэриясынын жанына, же Манас аба майданынан шаарга кире бериш жайга жайгаштырылышы мүмкүн дешүүдө. 310 жылдыктын алкагында мындан тышкары баатырдын өмүр таржымалын изилдөө жана тактоо боюнча тарыхый изилдөөлөр жүргүзүлүп, маалыматтар жазылышы керек. Негизи, эгемендүүлүк жылдарына чейин Бишкек баатырды А. Токомбаев, А. Осмонов, Т. Сыдыкбеков, А. Куттубаев, Ш. Үмөталиев, Ч. Валиханов, М. Тынышпаев, С. Абрамзон, Б. Солтоноев, Н. Пантусов, Э. Төрөканов, өзгөчө А. Стамов терең изилдешкен.

Андан кийин бул көрүнүктүү тарыхый инсандын таржымалы тарыхчылардын көңүлүн тиешелүү деңгээлде өзүнө бура элек.

Даярдаган Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА, «Эркин-Тоо», 06.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.