Чонду ырчы (Сары ырчы): Жакшысыз калса эл карып, /Аялсыз калса эр карып

Кара Таластын Беш-Таш менен Калбанын ашташкан жеринде 1826-жылы жарык дүйнөгө келген Чонду комузун колго алып эл аралап ырдаган ырчы болгон. Ал төкмө ырчы катары адам, жаратылыш, жашоо-турмуш, кедей-дыйкан, жалчы-жакыр, жокчулук менен токчулукту кошуп ырдаган көптөгөн ырлары менен элге жакын болгон.

Жамгырсыз калса жер карып,
Жакшысыз калса эл карып,
Аялсыз калса эр карып,
Соолуп калса көл карып,
Суу жетпесе чөл карып,
Ак мөңгүсүз төр карып,
Ачылып калса көр карып,
Тумансыз калса жел карып,
Мөндүрсүз болсо сел карып,
Мөңгүсүз калса бел карып,
Балалуу туруп мен карып,
Келиндүү туруп сен карып,
Кагылайын Күсөйүм,
Кайрылар бекен тил алып, – деп жашоонун өзү турмуш чындыгында кандай болорун башынан өткөргөн Чонду жаратылыштын байланышы адам менен ажырагыс экенин философиялык ой менен сүрөттөйт.

Улуу замандаштары Арстанбек, Эсенаман, Калмырзалар Чондунун ырчылыгын өтө жогору баалашып, анын таамай айткан сөздөрүнө баа беришип, ойчул, маданияттуу, сөздү өтө катуу кадырлаган, төрө пейилдүү, жумшак мүнөздүү, өзүн беттеген ырчыга татыктуу катыгын берген, чебер сөзмөр, ой-учуктуу инсан катары терең урматтап сыйлашканы бекер эмес. Чондунун устаты, жумгалдык айтылуу төкмө ырчы Айтыке каза боорун көтөрө албай катуу кейип, жанында атадай болуп калган жан жолдошуна өпкөлөп ыйлайт.

Алгач Чонду Айтыкени манасчы катары Жумгалга издеп келген. Айтыке да Чондунун манасчылыгына катуу таң берип, кадырлап, сыйлап жанынан калтырбай каякка барса ээрчите ала жүрөт. Өз баласындай көргөн Айтыке эркек баласы токтобой жүргөнүнөн улам, Чондунун дилгир жөн билгилигине карай баласындай мамиле кылып, жанынан чыгарбай, ага эл-жер таанытып, барган жерде манас айттырып, ырдатып, тарбиялап, такшалтып чоң таасирин тийгизген. Чонду өмүрүнүн көбүн Жумгал жеринде өткөрөт. Нарын, Көл жерлеринде экөө эл аралай көп жүргөндүктөн, андан ажырап калуу, атадан ажыроо менен барабар эле. Чонду “Кош, Айтыке” деген ырында:
Айрылып калдым улуудан,
Ак туйгун учтуу туурдан.
Теңдеши жок ырчы эле,
Айтылуу саруу уруудан.
Көк туйгун учту туурдан,
Көп кеңеш укту улуудан.
Туяксыз кетти кайран эр,
Тутуму саяк уруудан.
Чыдай албайм буулугуп,
Ыйлабай карап туруудан.
Бүт сөзү шекер-бал эле,
Жаманга уусу бар эле.
Айта электе түшүнгөн,
Көкүрөгү шар эле, – деп буулуга кошуп ич күптүсүнүн чыгарган.

Айтыке менен Чонду Ысык-Көлгө барганда, Көл мыктылары Балбай, Кыдыр аке, Боромбай, Тилекматтарга жолугуп, кыйла убакыт алар менен насиптеш болуп кадырман сый көргөнүн “Кез-кези келгенде” деген ырында айтат:
Кез-кези келгенде,
Балбайына барганбыз.
Кез кези келгенде,
Андан алик алганбыз.
Кыдыр аке, Боромбай,
Мындан алик алганбыз,
Көл кыласын кыдырып
Тамашага канганбыз.
Калыгулдан кеп укпай,
Арманда болуп калганбыз.
Жылкайдардын Тилекмат,
Жилигин колдон алганбыз, – дейт. Ошентсе да Чонду өзү туулуп-өскөн Талас жергесине кайтып келбеген жайын жашырбастан төмөнкүчө ырдайт:
Балдай ырды чуурутуп,
Балкытып жорго салганбыз.
Көп жашаган карыдан,
Далай бата алганбыз.
Кези-кези келгенде,
Алды, артым төр болгон.
Касиеттүү Таласка,
Кайрылбай Чокең кор болгон.
Оозеки айтпастан,
Баргым келет Манаска.
Укумумдан тукумум,
Кайрылар бекен Таласка.
Кези-кези келгенде,
Дарт чалдыгып кор болдум.
Кези-кези келгенде,
Күсөй кетти Мекеге.
Кези кези келгенде,
Сыйбай кетти чекеге. – Бул анын ачуу чындыгы. Себеби Күсөй деген баласы ырчылыка жан дүйнөсү менен катуу берилип кеткендиктен, дербиштик кылып, ажылыкка кеткен бойдон кайтпай калып, Чонду катуу кайгыда калат.

Чонду бөлөк төкмө ырчылардай болуп өзүнүн каршылаштарын басынтып же маани-маңызы жок сөздөрдү айтып айтышкан эмес. Дайыма каршылашын сыйлай билген ырчы катары кадыр – баркка татыктуу болгон,бирөөлөрдүн эч убакта кемсинтип, абийирин ачып, начар жактарын ашкерелеп, келекелеген эмес. Ал эми бирөөлөр өзүн кемсинтип ырдаган болсо, ошол замат катыгын берген, сөзгө бай, кеменгер, сылык сөздүү ырчы болот. Ырдалган сөздүн таамайлыгын, курчтугун баалаган. Калмырза менен болгон айтышта ага моюн сунуп, айтышпай жол бергени мисал. А.Огомбаев Чондудан бир канча жыл кийин жашаса да, Чондунун жеке өзүнө таандык болгон ыргактуу, уккулуктуу обондоруна баа берип: “Өзүнчө бир казынага бай, адамдын ички дүйнөсүн укканда ээлеп ала турган жактарын жактырам” деп айтканы бар.Тилекке каршы ал обондор эмнегедир кезегинде жазылбай калып кеткенби, белгисиз.

Кээ бир булактарда Чонду Жеңижок төкмө ырчынын небереси деген сөз кездешет. Бул албетте туура эмес кеп. Жеңижок 1860-1918-жылдары жашап өткөн болсо, Чондунун мезгили 1826-1912-жылдар аралыгында өтөт. Айрым бир угарман жазмакерлер мезгилдин жыл аралыгын карабай туруп, бирөөлөрдөн уккандарын чала сабаттыкка сала шашып кагаз бетине түшүрө коймолордон улам туура эмес жарыяланып кетмейлер көп. Чонду Жеңижоктун небереси эмес, андан 32 жаш улуу болгон, өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн Жумгал жеринде кечирген. Тагдыр жашоолорунун таржымалы окшошуп кеткен жерлери бар экени талашсыз.

Таласта берен элинин мыктысы Жанкороз дегенге атактуу инсан Төлөбай аш берип, ашта Токтогул келип ырдап, Таластык ырчыларды узун тизме кылып баа берип айтып кеткен жери бар. Ошондо:
Таласта Сартбай, Чонду дейт,
Эсенаман, Конокбай,
Булар да кыйын болду дейт,
Айдаралы, Аттокур,
Ошолордун орду дейт.
Анжианда Нурудин,
Башынан ырчы элдеги,
Бу дагы жорго ырчыдан,
Бир далайдын жөндөмү
Кытайдан чыккан Жеңижок,
Кырк күн айтса түгөнбөйт,
Бар эле сөздүн кең жери, – дейт.

Чонду 86 жаш курагында дүйнө салат. Өнөрлүү өлбөйт дегендей, өзү өлсө да убагында элине ырдап кеткен ырлары “Чондунун ыры” делип, түбөлүк атын өчүрбөй ырчылардын өчпөс казына корунун катарында толук болбосо да айтыла жүрөр аты менен изи калды.

Кайнарбек БИЙЛИБАЕВ, комузчу, жазуучу, Көк Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 25.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.