Сейит Жетимишев, жазуучу: “Ырбы, же пырбы, аны эл бааласын”

“Менин атам”, “Ички кайрыктар”, “Мезгил закымдары”, “Тоо булагы” “Эл арасында” аттуу эки томдон турган эпикалык мүнөздөгү жана башка көптөгөн чыгармаларды жаратып айрым повесттери орус, кытай, латыш, украин тилдерине которулган чыгармалардын авторунун бүгүнкү күндөгү чыгармачылык эргүүсү кандай болду экен деп Сейит Жетимишевге кайрылып, баарлаштык.

Сейит аксакал, кайсыл гана тармак болбосун, саясатта болобу, же маданияттабы “Мен эл үчүн иштеп жатам”-деген сөздөр чыгып калат. Деги эле өмүрүңүздү бүт бойдон калем кармап, чыгарма жазуу менен өткөрдүңүз. Ушул иштерди ким үчүн жазадыңыз?
Сурооң кызык экен. Чыгармаларымды өзүм үчүн, же эл үчүн жазып жатканымды билбейм. Муну окурмандар айтаар, турмуш көрсөтөр. Эми Кудай, табият-тарых чындык үчүн жаралган таланттарды жаратат. Ал эми чындык болсо элге кызмат кылат. Азырынча мунун ар кыл жактарын илим тереңдеп толук ача элек. Кудай, табият-тарых чындык үчүн жараткан таланттар эл менен эл, жер менен жер болуп, эл ыйласа ыйлап, күлсө күлүп, өмүрүн, чыгармасын эл-жерине арнайт. Эл үчүн жазуу дегенди мен ушундай түшүнөм. Мисалы, улуу манасчы Сагынбай Орозбаков Манасты баштаганда мындайча баштайт. “Жарымы жалган жарымы чын, Жанында турган киши жок. Жарандардын көөнү үчүн, Көбү жалган көбү чын, Көрүп турган киши жок. Көпчүлүктүн көөнү үчүн, Атаңардын жомогу, айтпай койсок болобу”-дейт. Манас кыргыздын жалпыланган тарыхы. Керек болсо реалисттик маанайда жазылган дүйнөлүк чыгармалар менен ат салыша алат. Маселен, Манасты окуганда Лев Толстойдун “Согуш жана Тынчтык” эпопеясын окугандай эле болом. Бул эки чыгармада турмуштук деталдарды чагылдырууда кандайдыр бир үндөштүк бар. Улуу Сагынбай Манас чындыгын өзү үчүн эмес, жарандар үчүн, көпчүлүк үчүн, айтып жатпайбы. “Манастын” кылымдан-кылымга жашап жаткандыгын бирден-бир себеби ушул.

Мурун сизди жазуучу катары жакшы билчүбүз. Акыркы убактарда поэзияга ыктап бара жаткан экенсиз. Буга эмне себеп болду?
Бул жерде поэзияга өтөйүн деп өткөн жерим жок. Повест, романдарды жазып жүрдүм. Бирок, кийинки убактарда ыр жазгым келип, ыр жаза баштадым. Эмне себептен мындай болгонун өзүм деле билбейм. Айтор ыр жазып жатамбы, же пыр жазып жатамбы иши кылып эмгектенүүдөмүн. Алардын ыр экенин, же пыр экенин окурмандар айтаар.

Сиздин чыгармаларда Ата-Мекенди сүйүү күчтүү экендиги байкалат. Сиз үчүн туулган жер эмне?
Туулган жерди өзүмдөн ажырата албайм. Туулуп өскөн жерим Кичи-Кемин. Мына ошол жерде бактылуу балалыгым өттү.

“Жашадым орден-темирсиз,
Жашабайм кыргыз элимсиз.
Жанымдын сынат канаты,
Жаралган жерим Кеминсиз”
– деп айтып жүрөм. Адам баласында кайсы бир убакта Мекенге болгон сүйүүсү күч алат экен. Бир кезде Алыкул Осмоновдун ырындагы “Сен ооруба, мен ооруйун Ата-Журт”-деген саптарын окуп алып калп эле анткорлонуп жазыптыр. “Ушундай кантип болсун”- деген көз карашта элем. Бирок, кийинчерээк көз карашым өзгөрүп, чын эле эл-журт үчүн берилген адамдардын болоорун, Алыкул акын жүрөгү менен сезип жазганына ынандым. Көрсө жашоодо чын эле Ата-Журтка болгон сүйүү барынан күчтүү болот экен.

Турмуштун балын көп таттыңызбы, же уусунбу?
Турмуштун балын да, уусун да көп таттым. Анткени жашоонун өзү ошондой.

Назгүл ЭСЕНГУЛОВА, «Кереге» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.