Кара Молдо – керемет күүлөрдүн генийи

1928-жылы Кыргызстандын чар тарабынан элге аты угулуп, атүгүл атактуу даражага жеткен төкмө акындар, комузчулар, ырчылар, чоорчулар, кыякчылар дегендей таланты ташкындаган өнөрпоздор кары-жашына карабай Фрунзеге чакыртылып, кароо мелдеш өткөн. Кабар маалында жетпегендиктенби, же жолдун татаалдыгынанбы, айтор, бир-эки күн кечигип, Токтогул да келет кароого. Кечиккенин шылтоолоп, Токоңду кароого катыштырбай коюшкан имиш. Катышпаса да калгандардын баарын угуп-көрүп, калыс баасын айтып кеткен дешет.

Кароону уюштургандардын арасынан эси тайкы бирөө кыйынсынгысы келгенби, же куудулданымыш болгонбу:

– Айтыңызчы, Токо, силер жактын комузчулары кыйын бекен, же быяктагылар  кыйын бекен? – дегенде, Токтогул:

Балдар, антип элди жикке бөлбөгүлө. Ак падышанын деле кыргызды бөлүп-жарып, кармаштырып келгени жетишет. Кыргызда кара күү деген болот, ал кандай жаралса, ошондой өзгөртүүсүз чертилет. Анын мыкчегери Муратаалы экен. Дагы залкар күү деген бар, аны оңдоп-түзөп, кынабына келтирип чертсе болот. Залкар күүнүн ээси Кара Молдо, ага тең келер комузчу араңарда жок экен. Кара күү менен залкар күүнүн мыкчегерлери биз жактагы кол ойнотмо күүнү ийине жеткире черте албайт, ал эми кол ойнотмонун мыкчегери кара күү менен залкар күүнү Муратаалы менен Кара Молдодой черте албайт. Калкка комузчулук өнөрдүн үч түрү болсо, үчөө тең бирдей кымбат – деп, адилет сөзүн айтып эле тим болбой комуз күүлөрүн классификацияга ошондо эле туура ажыратып койгон. Кайсы бир музыка изилдөөчүмүн дегендер эмгиче ушуну айта албай жүргөнүнө таң каласың.

Улуу Токтогулдун эч калетсиз адилет баасын алган Кара Молдонун керемет күүлөрүн угуп отурган кезде кыргыздын байыркылыгы көзгө элестейт; кыргыздын байсалдуу көч сымал кылымдардан кылымдарга сапар тарткан карт тарыхы эске түшөт; көчмөнчүлүк доордон ушул күнгө чейинки татаал тагдыры, үмүт-тилеги эске түшөт.

Ооба, кыргыздар байыркы калкпыз. Жоголуп кетпей азыркы заманга кантип жеттик экен?! Өткөн доорлордогу тынымсыз кырчылдашкан жоокерчилик кыргындардан ар-намысы күчтүү, эр жүрөк, биримдиги бекем эл гана аман чыгышы мүмкүн.

Демек, өткөндөгү кыргыздар өзүн өзү коргой билген намысы күчтүү, биримдиктүү, баатыр эл болгон дейли. Улуттук намысы бөксө, эрдиги тайкы эл кылымдардан кылымдарга өзүн сактап, өмүр сүрө албастыгы бышык. Андай эрдикке, ар-намысы курч аң-сезимдүү биримдикке кыргызды Баатыр Манас баянындай, комуз күүлөрүнүн мукамындай руханий дөөлөттөрүбүз үйрөткөн, ошого такшалтып, чыйралткан.

Руханий дөөлөттөрүбүз – улуттун эн тамгасы, кебете-кешпири, кулк-мүнөз кыял чабытыбызды көркөмдөгөн өзгөчө белги. Андан ажырасак, биз эл болуудан калабыз.

Кыргыздын түбөлүктүү өмүр сүрүүсүн көздөп, манасчылар  «Манас» баянын атадан балага улап келген сыяктуу комузчуларыбыз да кыргыз атын өчүрбөй укумдан тукумга өнөрүн улап келатат. Кара Молдо Орозов ошол ардактуу миссияны бийик деңгээлге көтөргөн улуу гений. Анын генийлиги чыгарган күүлөрүндө. Анын генийлиги өзүнө чейинки айрым күүлөрдү маңызына жеткире иштеп чыкканында. Анын генийлиги үч кыл комузга жан киргизе сүйлөткөн аткаруучулук чеберчилигинде! Анын генийлиги күүлөрүндөгү терең ой, терең философияда!

Кыргызда атактуу комузчулар көп болгон. Дагы болот. Бирок Кара Молдого тең келер комузчуну табуу кыйын. Кара Молдого Кара Молдо гана тең келет.

«Манас» эпопеясы баштаган улуу дас­тандарыбыздан булгаарыга, кийизге, таарга, жыгачка, аска-зоого кыялданта тү­шүргөн оймо-чиймелерибизге чейин, кыяк­-тын, чоордун, сыбызгынын, комуздун мукамына чейинки илгерки дөөлөттөрүбүздө көчмөндөр цивилизациясы деп аталган жыргалынан азабы көп, жылуусунан суугу ызгаар, таттуусунан ачуусу заар улуу да, катаал да бай доор жатат. Ал доорду Кара Молдонун күүлөрүнөн табабыз. Көчмөндөр цивилизациясы өзүнөн өзү жаралган эмес. Аны катаал доордун катаалдыгынан жол издеп, адилеттикти, акыйкаттыкты, калыстыкты, ар-намысты туу тутуп, баладан падышага дейре таза жашоого үндөгөн кеменгер адамдар жараткан. Андайлар кыргызда акылман манасчылардан, дастанчы, төкмө акындардан, сөзмөр чечендерден, Кара Молдодой комузчулардан, көсөм жолбашчылардан чыккан.

Өткөндөгү катаал доорлордон аман чыгып келген кыргыз мындан ары кандай тагдырда болоор экен? Ааламдашуу деп аталган глобализациянын капшабынан кутула алабызбы, жокпу? Же аны сөгүп коюп отура берсек эле кутулуп чыгабызбы? Глобализациядан кача албайбыз, мүмкүн да эмес. Мындан ары улуттук өзгөчөлүгүбүздү, салтыбызды, руханий дөөлөттөрүбүздү дүйнө элинин маданиятына катарлаш эриш-аркак өнүктүрүп, глобализация менен тил табышуунун сырларын ача алабызбы, жокпу? Кеп мына ушунда.

Ааламдашуу доорунда деле кыргыздын түбөлүктүүлүгү, бар болор – жок болору «Манасыбызды», комузубузду, Кара Молдодой улут көркүн ачкан атактууларыбыздын улуу мурасын жер жүзүнө жайылтып, улуттук ар-намысыбызды, биримдигибизди чыңап, мамлекеттик тил деп кастарлаган эне тилибизди өнүктүрүп өркүндөтүүдө экенин унутпайлы! Демек, кыргызды кыргыздын руханий дөөлөттөрү, анын ир алдыларынан болуп Кара Молдонун керемет күүлөрү сактап кала алат, ааламдашуунун катаал процессинен сыртка сүрдүрүп салбай арасына кошуп жүрөт. Бүгүнкү күндөгү ой-санаа, жүрүм-турумубуз бүтүндөй саясатташып кетти. Саясат керек, ыймандуу саясатчы керек. Аларсыз жашоо болбойт. Өлкө камын ойлогон акыйкат саясат, адилет саясатчы жөнүндө айтып атам. Ал эми оозунда отуз эки тиши жок токсондогу кемпирден тили жаңы чыккан балага чейин саясатташуунун балчыгына малынып, руханий дөөлөттөрүбүздү элес албай күн өткөрө берсек, глобализациясыз эле өзүбүздү өзүбүз жалмап салышыбыз мүмкүн. Кыргыздай саны аз, бирок ою терең калкты сактап калаар күч мансапкордук эмес, дүнүйөкорлук эмес,эл камын ойлобогон өзүмчүл жаатташуу эмес, «Манасыбыз», комузубуз, дастанчылар менен төкмө акындардын өнөрү, боз үйүбүз, ат жарыштарыбыз, ыйманыбыз, ак ниет, кенен пейлибиз, кажыбас эмгекчилдигибиз, улуттук ар-намысыбыз!

Бексултан ЖАКИЕВ, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу,
“Кыргыз Туусу”, 18.01.2013

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.