КТРКдагы музей жана ачылган алтын казына

lЖылдын акырында Коомдук телерадио корпорациясында кылымдарды камтый турган эки бирдей иш-чара өттү. Биринчиден, КТРКнын музейи ачылып, анда 81 жылдык тарыхы бар мекемеде иштеген залкар таланттарга тиешелүү буюмдар, кол жазмалар, сүрөттөр, дегеле өткөн кылымдын өтө баалуу мурастары орун алган. Кыргыз маданиятындагы экинчи бир чоң жаңылык: музейдин ачылышы менен кошо КТРК тарабынан дардалган “Залкарлар күүлөрү” аталышындагы жыйнактын бетачары болду. Бул жыйнакка Карамолдо Орозов, Ыбырай Туманов, Самара Токтакунова, Чалагыз Иманкулов, Токтогул Сатылганов, Атай Огомбаев жана Болуш Мадазимовдун чертүүсүндөгү жана автордук күүлөрү кирди. Аталган күүлөр жыйнагы жакында сатыкка чыгарылат.

Абдыбек КАЗИЕВ, КТРК музейин уюштуруу комиссиясынын жетекчиси

– Музейдин ачуу демилгеси, аракеттери кимдер тарабынан, кантип ишке ашты?
– КТРК башкы директору Кубат Оторбаев демилге көтөрүп, башкы директордун орунбасары Кайрат Иманалиев музейди уюштуруу комиссиясынын башында турду. Каржы маселесин дагы толугу менен корпорация мойнуна алган. Ал эми толук кандуу музей статусун алуу үчүн атайын талаптарды, стандарттарды эске алуу менен мамлекеттик тарых музейинин кызматкерлери илимий концепциясын да иштеп чыгышты.

– Өздүк музей ачуунун башкы максаты эмнеде?
– КТРК бүгүнкү күндө мекенибиздеги эң чоң жана көп эмгек жамааты иштеген мекемелердин бири. Ал эми тарыхы да өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Музей дал ошол тарыхтын жарчысы катары кызмат кылат. Маселен, Кыргызстанда 20-жылдардын соңунда радио толкундары аркылуу маалымат таркатуу аракеттери көрүлгөндүгү, 1931-жылы алгачкы радио комитет уюшулгандыгы чындап эле кыргыз коомчулугу үчүн бурулуш, зор жаңылык катары кабылданган. Дал ошол алгачкы аракеттерден бүгүнкү күнгө чейинки басып өткөн жолун хронологиялык ырааттуулукта чагылдырып, атайын делегация болобу, каалоочулар болобу – КТРКнын тарыхынан кабар берүү. Ал эми ЖОЖдордогу журналистика бөлүмүндө окугандар үчүн алмаштыргыс маалымат булагы. Алардын угуп гана тим болбостон көрүп, түшүнүп алганы чоң олжо. Бул жерде фото, архивдик баалуу материалдар, биз үчүн “жомок” болуп бараткан эң алгачкы колдонулган техниканын үлгүлөрү да арбын. Мисалы, азыр диктофонду, камераны чөнтөгүбүзгө салып жүрсөк, кезегинде 10-15 килограммдык диктофондор, өтө зор көлөмдөгү телекамералар болгондугун музейден көрүүгө болот.

– Кайсы бир инсандардын да жеке буюм-тайымдарын көрүп турабыз, аларды кантип топтодуңуздар?
– Ооба, топтоо маселесинде жакындары, уул-кыздарында деле саналуу буюм-тайымдар калгандыктан жоготуп алуудан катуу чочулап дароо эле берип жиберишкен жок. Кайра-кайра макулдашып атып аягында алдык. Музейде телерадиодон анын чыгаандарын, чыгаандардан радио-телени бөлүп кароого мүмкүн болбогон ишмерлердин буюмдарын, кол жазмадан тарта китептерине, атургай микрофон менен экрандын жылдызы болгон инсандардын кийген кийим, тагынган баалуу кооздук буюмдарына чейин камтууга аракет көрдүк.

– Мисалы, эң кызыктуу кандай экспонатты айта аласыз?
– Атап айтсак, радионун алгачкы музыкалык редакторлорунун бири, залкар талант Ж.Шералиевдин комузу, кол жазмалары, көз айнеги, 1931-жылы жазылган дептерлери, Кыргыз Республикасынын Баатырлары А.Жумакматов менен Д.Садырбаевдин кийимдери, нота дептери, тасмасынын сценарийлери, ж.б. Баса белгилеп кетчү нерсе, кезегинде Д.Садырбаев Ленин, Сталиндин замандашы, тарапташы Григорий Константинович Орджоникидзеге таасирленип жүргөн мезгили болгон экен. Ошондон улам издеп жүрүп, кымбат баага анын 1930- жылдарда колдонгон телефон аппаратын сатып алып келип өзү колдонуптур. Кызыктуусу, эскилигине карабай ал аппарат азыркы учурда да иштеген абалда. Аны байбичеси менен макулдашып, кепилдик беребиз деп жатып музейге өткөрүп алдык. Эми музейдин фондун байытуу үчүн дагы да тынымсыз аракеттерди көрүп, ал эми колубузда барын көздүн карегиндей сактоо башкы маселе.

– Музей башка музейлерден эмнеси менен өзгөчөлөнө алат?
– Албетте, өзүнүн спецификасы менен. Жакынкы убакытта, аудио-видео материалдарды заманбап технологиянын жардамы менен көрүү, угуу жагы жолго коюлса сурооңузга толук кандуу жооп табылат. Бардык кызыккандар үчүн музейдин эшиги ачык.

Эргиткен 16 жаштагы элестер

Саамалыкка ардагерлер, бийлик өкүлдөрү жана корпорациянын учурдагы кызматкерлери катышты. Айрыкча мындагы эски сүрөттөр, эски техникалар анда иштеген ардагерлердин жаштык учурун, талыкпаган эмгек менен өткөргөн күндөрүн эске салды. Саамалыкта корпорациянын башкы директору Кубат Оторбаев сөз сүйлөп, көпчүлүктү жаңы ачылып жаткан музейдин мындан аркы өнүгүүсүнө салым кошууга чакырды.

– Бул музей келечек муунга биздин басып өткөн жолду тастыктап туруш үчүн керек. Мында өлкөбүздүн бирден-бир маданий очогу болуп келген КТРКнын түптөлүшү, өнүгүшү этап-этап болуп бөлүнүп коюлду. Буга чейин иштеп кеткен ардагерлерибиз колдонгон буюмдарын, сүрөттөрүн бизге ишенип өткөрүп беришкенине ырахмат айтам. Биз алардан алган буюмдарды жана архивдик материалдарды пайдаланып музейди ачтык, анын эми мындан аркы өнүгүүсүнө сиздер тараптан да жардам болот деп ишенебиз, – деди.

Ал эми Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов өткөрүлүп жаткан иш-чараны жогору баалап, теле менен радиодогу берүүлөрдүн маданияттагы орду опол тоодой экенине токтолду. “КТРКнын жетекчилигинин демилгеси менен аткарылып жаткан бул саамалык өзгөчө мактоого арзыйт. Бул кичи муундарга болгон мурас. Телерадио берүүлөрдүн биздин маданиятыбызга чоң таасири тийип жатат”, – деди ал.

Иш үстүндө түшкөн фото сүрөттөр, иш сапарлардан көз ирмемдер, буюм-тайымдар жана мамлекет тарабынан ыйгарылган сыйлыктар корпорациянын улуу муун өкүлдөрүнө талыкпай эмгектенген жаштыгын эске салды. Телеге өмүрүн арнаган ардагер, корпорациянын байкоочу кеңешине мүчө болуп, мекеменин өнүгүшүнө азыр да салым кошуп жаткан КР эл артисти Тамара Жаманбаева: “Музейдеги экспонаттарды көрүп жаш кезди эстеп жатам. Мен ал кезде 16 жашта элем. Телерадиодо эмне деген гана залкар инсандар иштеди. Булардын баарын сыймыктануу менен эскерсек болот” – дейт.

Замандарга катылган “Залкарлар күүлөрү” жарыкка чыкты

Чындыгында музей өз жолу менен. Телерадионун тарыхын чагылдырган буюмдарды кайсы учур болсо да тапса же ага окшоштуруп жасап алса болот. Бул күндөгү КТРКнын эң мыкты эмгеги деп улуу комузчулардын аткаруусундагы салттуу музыка камтылган “Залкарлар күүлөрү” аттуу антологиясын түзүп, тыпыйтып заманбап технологияга түшүрүп койгонун баса белгилесе болот. Себеби корпорациянын “Алтын фондунда” сакталган улуу өнөрпоздорубуздун улутту улут кылып кылган улуу искусствосу: Манасы, күүлөрү, ырлары, акындык өнөрү жазылган пленкалар жылдан жылга сапаттык жактан начарлап баратканы айтпаса да түшүнүктүү. Аны учурдагы технологияга ылайыктап жазып чыгуу мезгил талабы. Ошол эле учурда аларды жаштарыбыз укпайт деп эле басып жата бербей элге таратыш керек. Таратылбаса кайдан укмак эле. Кулактан кирип бойду алган улуттук мурастарыбыз кийинчерек акырындап канында жок кайрыктардан тажаган угармандардын таберигине айланып баратканы байкалат. Корпорациянын алтын казынасынан алынган күүлөрдүн бул топтому 8 дисктен турат жана тиешелүү мыйзамдарга ылайык “Кыргызпатент” кызматы менен жетишилген келишимдер да бар. КТРК жетекчиси Кубат Оторбаевдин айтуусу боюнча, бул дисктер жакында сатыкка чыга баштайт.

Албетте, корпорациянын алтын казынасынан алынган күүлөр – бул биздин улуттук казынабыздын бир эле уугу. Бул казынада дагы отуз тогуз уук байлык бар. Тактап айтканда, жогоруда айтып кеткендей залкар акындардын, залкар манасчылардын, обончулардын чыгармалары же кыргыз адабиятынын баштоочулары Аалы, Түгөлбай баштаган көркөм сөз чеберлеринин керемет маектери сакталуу. Алардын маектери аркылуу кыргыз тилинин бай, уккулуктуу, ширин экенин туюуга болот. Эмнеге аларды элге таратканга болбосун? Мисалы, Аалы Токомбаевдин чыгармачылыгы тууралуу сабак өтүлүп жатканда окуучу же студент үчүн анын өз үнүн угуу эң мыкты таасир этет. Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун, Омор Султановдун өзүнүн окуусундагы чыгармаларды угууну көздөп, бирок жетпей жүргөндөр бар. Айтор, бул мекеме бай казынасын акырындап элге чачып, эң башкысы кыргыз маданиятын мындан да кенен жайылтып, угармандарына каалаган учурда каалаган мурасын угууга шарт түзүп, ошол эле мезгилде кеткен чыгымды актап алса болот деген ой бар.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, «Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 11.01.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.