Айкөл Манас атайын Академияга муктаж!

ManasАдамзат тарыхында, жандүйнөсү жабыркаган, ата-бабалардан кеткен ишениминен, элдик баатырлардын элес-эстеликтеринен ажыраган руханий жана жан азабы кулчулугунан өткөн кулчулук жок. Ушул экөө айкалышын келип, бүтүндөй калктын маданияты, салт-санаасы, үрп-адаты, жалпы ой-жүгүртүү деңгээлине, жашоо тиричилигине, өткөн-кеткен турмушу менен этнографиясына орду толгус зыяндарды алып келет. Бир сөз менен айтканда, мунун баардыгы улуттун эс-тутумун, тилин талкалап, өзүн жок кылууга аракеттенет. Мындай көрүнүштөрдүн бири катары түрк тилдүү элдеринин, анын ичинде кыргыз элинин ишенимине, жазмасына, маданиятына, “Манасына”, тарыхына ж.б. руханий дөөлөттөрүнө VII-XX кылымдарда ишке ашырылган басып алуучулук, чапкынчылык, кыйратуучулук саясаттарды эстесек болот. Буга улуу тарых күбө. Ошол мезгил кыйдамдарында диндердин: Азиянын Түштүк-Чыгышынан Будда, Түштүк-Батыштан Ислам, Батыштан христиан (алардын 8 жолку кресть жортуулдарынын кыргындары өзүнчө кепке татыйт) диндеринин ошондой эле XIX кылымдын экинчи жарымынан XX кылымдын аягына чейин Орус империясынын колонизациялоо жана коммунисттердин батыштын жат идеологиясын жайылтуу саясатынан запкы тартты. Бул өзү узун тарых. Бирок бир-эки мисал келтирейин. Чынгыз Айтматов мындай дейт: “715-жылы Туркестан өлкөлөрүнө арабдар үстөмдүгүн орното баштады. Кутайба аттуу кол башчысынын ырайымсыздыгын тарыхчы Наршахи “Бухара тарыхы” аттуу китебинде: “Согушка ким жарактуу болсо барын түгөлдөй өлтүрдү. Тирүү калгандарын туткунга алды….. Кутайба мечиттер орнотуп, каапырлык менен отко табынуучулук рухундагы чыгармаларды да жойду”, -деп жазды.

Аму дарьясын бойлой салынган үч жүздөн ашуун шаар менен элди, мекенден арабдар жер менен жексен кылганын, жергиликтүү калктын ишенимин, тилин, динин, жазуусун, үрп-адатын орду-түбү менен жоюуга күч жумшаганын улуу аалым Бируни ызага буулугуп эске алат. Алар илимий трактаттарды, астрономия менен философиянын негиздерин изилдеген китептерди, тарыхый жазмаларды отко жаккан. Көрүстөндөгү жазуулар, эстеликтин бетиндеги тамгалар сүртүлүп өчүрүлгөн. Булардын баарынан улуттар запкы тарткан, элдик баатыр -лидерлер жөнүндөгү маалыматтар жок болгон. Батышташкан саясаттардын залакасы жергиликтүү элдик баатырларды жана алар жөнүндөгү маалыматтарды жок кылып, өздөрүнүн жетекчилерин гана даңазалоо аракети болгон. Мындай саясый жүрүм-турум Адам Манас баатыр тагдырына да терс таасирин түздөн-түз тийгизгенине тарых күбө.

Акыркы 1,5-2 кылымдын аралыгында Азиядан чыккан атактуу баатырлардын баары баскынчы, жырткыч (варвар) катары, Европадан чыккандын баары улуу колбашчы, чыгаан саясый ишмер катары көргөзүлүп келгенин бүгүн анчалык деле сыр болбой калды. Себеби, батышташкан советтик Кремль жүргүзгөн “силер ортоазиялыктар кечээ эле революциядан кийин адам катары кошулдуңар” деген саясатташкан идеологияга каршы келип калмак. Ошентип, колониялык абалдагы улуттардын баатыры жөнүндөгү маалыматтар болбош керек, анткени жеңген, үстөмдүк эткен элдердин гана баатырлары жөнүндөгү жомокторго, маалыматтарга кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылган. Адам Манас баатыр жөнүндөгү маалыматтар атайылап эле басмырланып, элге анын анык баатырлыгы эркиндик, азаттык үчүн күрөшү жашырылып келгендиги ойлоштурулуп, расачылык теориянын негизинде жүргүзүлгөн колониялык саясаттардын жемиши болгон!

“Манас” ааламын маданият таануу жана философиялык көз карашта кеңири изилдегендердин бири Шайлоо Бородоевна Акмолдоеванын пикири боюнча “миңдеген жылдар бою “Манас эпосу” кыргыздын маданий энциклопедиясы”- жөн гана поэтикалык чыгармачылыктын байыркы үлгүсү же поэтикалык дастандардын жыйнагы гана эмес, элдик кеменгерликтин казынасы, утурумдук турмуштагы жол көрсөткүч, байыркы кыргыз элинин биримдигинин негизи , ошондой эле анын этикалык -укуктук кодекиси болуп да келген. “Манас эпосу” – адам жашоосунун ар түрдүү мезгилдеги катмарданган окуялардын бир бүтүнгө бириктирилген ширетмеси, кыргыздардын миң жылдардын элегинен өткөн көркөм поэтикалык ой жүгүртүүсүнүн жыйынтыгы катары калыптанган”.

Айкөл Манастын эрдиги менен шердиги толугу менен Манас эпосунда камтылган. Демек, адам Манастын өмүр баяны өзүнчө болуш керек да. Бул өзгөчө Манас сабагын мектептерде жана окуу жайларда окутканга байланыштуу маанилүү. Эмне үчүн андай болбой келгенин жогоруда кыскача баяндалды.

Калыстык үчүн белгилейлик, кийинки кездерде, өзгөчө СССР тарап, Орто Азия, Балтика жээгиндеги, Түштүк Кавказ элдери сыяктуу кыргыз эли да азаттык алып, өз алдынча мамлекеттүүлүктүн тутунуп булаткандан баштап, “кыргыз ким болгон, ким болуп калды”, “эми ким болуш керек?” деген суроолордун аймагында Манас маселеси күн тартибине коюлуп, “пенде Манас кантип Айкөл Манаска айланды? – деген атайын собол пайда болду. Бул суроолорду чыгармачылык илими татаал маселе катары күн тартибине коюп, изилдеген замандаш жарандарыбыздын бири Бектур Исаков атайын “Манас сабагы” аттуу китеп жарыялаган, кийин Ормошбек Чоюнбаев менен бирге “Айкөл Манастын калыптанышы” деген (китеп 2009-жылы жарыяланган) терең мазмундуу, таалим уюткусу, тарбия казынасы катары Манастын өмүр баянын биздин пикирибизге баштапкы орто жана атайын мектептерде окутуунун алиппесин жараткан. “Манастагы” алтын уюткунун, алтын түрөөчтүн түптөлүшүн, Манастын Айкөл Манас болмогуна даярдашкан тарыхый инсандардын татаал эмгектери жеткиликтүү сүрөттөлгөн. Алар: Чыйырды эне, Акбалта ата; Ошпур койчу-башчы; Бакай “капилетте сөз тапкан, караңгыда көз тапкан” адам, колбашчы, кан; Кошой- “батасы журтту байыткан, бекип жаткан бейиштин эшигин ачкан” инсандын, Бөлөкбай- чоң Жиндинин Манастык сапаттарынын калыптанышына өзгөчөлөнгөн салым кошкон, алтын, күмүш, темир ж.б. кен байлыктарын иштетүүчү, “асмандан түшкөн алты курч” деп мүнөздөлгөн, VI-VIII кылымдардан баштап XX кылымга чейин сакталган курал-жарактарды жараткан улуу устадагы Бөлөкбайдын “Өзөк” жана “кырчоо” программаларына мүнөдөө берүү менен мектепте окутуунун методикасы кошо сүрөттөлгөн. Бул эмгек “Манас таануу” билимине жана окутуусуна ишенимдүү лабороториялык жана усулдук негиздике жарайт.

“Манас” улуу нуска, демек, өмүр сүрүүнүн улуу наркын аныктаган турмуштук үлгү. “Манас” бул миңдеген жылдарга саймаланып калган кыргыз өмүрү. Ал өмүр агым катары муундан муунга мезгилден мезгилге , эскирди дегенди, унутулду дегенди билбей кайра утуру жаңыланып көчө берет, көчө берет. “Манастын өзгөчөлүктөрүнүн бири ушунда эмеспи.

Эгерде жогоруда аталган Бектур Исаков менен Ормошбек Чоюнбаевдин эмгектери Манас жөнүндөгү жана манасчылардын жарыяланган китептеринин негизинде жазылган болсо, Темирбек Токтогазиевдин “Айкөл Манас- тарыхый инсан” деген негиздүү, энциклопедиялык эмгегин изилдөөчүлүк саякаттардын, жарыяланган китептерди талдоонун, илимпоздор менен дидарлашуунун натыйжасында пайда болгон. Манас тарыхый Инсан, ал Алтайда – туулган жер Манас тоосу, Манас жайыты, Манас көлү, Манас суусу, XXI -кылымда да аталып турат, географиялык карталарда белгиленген.

2010-жылдын август айында кыргыздын 40 жигити, азыркы республиканын чоролору өз көздөрү көрүп, ишенип келишти. Манас ата Алтайдан Ала-Тоого көчүү мезгили Кытайдын Тан империясынын тушунда болгондугун карт тарых аныктаган. Таластагы, Ат-Башыдагы, Кочкордогу, азыркы Кытай эл Республикасынын кең аймагындагы Манастын ысымы менен байланышкан жайлар, тоолор, чокулар, суулар- баардыгы тарыхый чындык экендигин Темирбек Токтогазиев өзү кыдырып көргөн, Манастын эң алгачкы согуштарынан баштап, изилдеп, алардын чындыгына көзү жетип, акыл-эс менен ишенген. Айкөл Манас атабыз Улуу түрк каганатын түптөгөн Куту Улук Эл төрөсүн өзү-деп өтө ишенимдүү далилдегени “Манас таануу” илиминдеги чоң ачылыш. Байыркы Түрк Каганаты – “Куралып жыйылган Эл болгонун” тарых өзү тастыктап турат – деп Темирбек Токтогазиев жыйынтыктаган. Демек, Айкөл Манас атабыз тарыхы улуу Инсан “чексиз ойдун чепсиз күчү” катары дагы далай изилденет эмеспи.

“Манас” эпосунун мүнөздүү өзгөчөлүктөрүнүн бири, ар бир эле Манасчынын же бир эле адамдын тагдырына таандык болбостон, ал ооз эки түрүндө улам кийинки муундарына өтүп, салт катары сакталып келген далай доорлорду камтыган Манасчылардын плеядасына таандык элдик чыгарма болгондугу. Болбосо бир чоң маданий көөнөрбөс имараттын пайдубалынан тартып, бирден кынап ыш коюп, укмуштуудай түбөлүктүү архитектуралык мурас кургап сыяктуу, ыр сабынан тургузулган монименталдуу чыгарма мезгил мерчеминде улам реставрацияланып тургандай, улам кеңейип, жаңыланып, баштапкы калыбына өзөк кылып, толукталып, түбөлүк жашап туруу касиетине ээ экендиги менен мүнөздөлөт.

“Үйрөнүп манасчы боло албайсың”- деп келген кыргыз элинде. XXI-кылымдын башталышында “Манас” эпосунун алтымыштан ашуун варианты бар. Мына ушулардын баары Манасчылар аркылуу бүгүнкү күндө биздин колубузга жетип олтурат. Тилекке каршы, азыркы күнгө чейин манасчылык феномени атайын илимий маселе катары олуттуу изилдөөгө алына элек. Азыркы расмий илим манасчысынын айткан кебине, көз карашына, дүйнө таламына ниетин бурбай келет. Атүгүл “материалисттик илимге жат, реалдуу эмес” деген тантыгандыктын айынан иликтенбестен четке кагып, мыйыгынан күлүп, маскарапоз-шоумен катары кабылдаган материалисттердин жапайы салтынан толук кутула элекпиз.

Кыргыз мамлекети тарабынан Айкөл Манаска жана “Манас” эпосуна мамиле солгундап бараткандай. Жогорку Кеңеш кабыл алган “Манас” эпосу жөнүндөгү мыйзамдагы “республикалык бюджеттен” каржылансын деген жобону “өз каражаттарынан” деп өзгөртүп, ал мыйзам мурункудай эле көнүмүш боюнча кагазда гана калууда. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынан “Манас” бөлүмдөр, секторлор ж.б. такыр жоюлган. “Манас” деп жашап, “Манас” деп өмүрү өткөн белгилүү окумуштуулар: Самар Мусаев, Кеңеш Кырбашев, Эсенали Абдылдаев, Райкул Сарыпбекоа -20-25 жаштагы мөлтүрүлгөн жаштык курагынан ашып 70-85 ден ашып, өмүр соңуна чыкканча “Манастын” Манастай жүгүн бирге көтөрүп, “Манас” эпосун жаңылануу, жарыялоо жана изилдөө багытында өтө маанилүү, зор иштерди аткарышкан эле. “Бир жылдын ары-бери жагында алар “уу ичкендей” кырылып кетишпедиби. Ошондо Манас таануу илими кадимкидей эңшерилип, түндүгү кулап түшкөн… Азыр деле, алардын орду толбой, аңгырап бош турат… Манаска жан-дили менен күйүп, аны изилдөөгө чындап бел байлаган жаңы муундун өкүлдөрү келип калаар”… деген санааркагандык Улуттук илимдер Академиясында өкүм сүрүп турганы бүгүнкү Кыргызстан мамлекетиндеги Айкөл Манаска жана “Манас” эпосуна болгон мамилени күзгүдөгүдөй көргөзүп тургансыйт….

Демек, “Манаска” атына жараша заты болгон мамиле мамлекеттен, коомдук жана жарандык уюмдардан өтө зарыл. Мамлекеттик “Манас Академиясын” уюштуруп, “чексиз ойдун, чепсиз күчтүн” булагы болгон Манас эпосунун негизинде социал-гуманитарлык; тарыхый, географиялык, этно-педагогикалык илимдер ж.б. боюнча изилдөө иштерин колго алуу азыркы кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүнүн талабы экенин түшүнүүгө жана кыймыл-аракеттин маңыздуу негизине айлантууга мезгил жетти!

Кусеин Исаев, философия доктору, социология профессору,
Кыргыз эл мугалими, мударис,
“Учур” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 24.01.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.